Исамидин уулу Бектурали: Жүрөгү түшкөн эшек

Жүрөгү түшкөн эшек Ал учурда мен кичинекей бала элем. Атам менен ар күнү талаага жумушка барам. Бизде машина жок болчу, бирок элдин көбү темир тулпарга ээ болгон. Күрөңүнөн келген эшегибиз бар, кээ бир машинага караганда жакшы жумуш аткарат. Моюн тарабында өзгөчө белги жайгашкан, ошол жерге колуңду тийгизип эле койсоң болду, алдында эмне экенине карабай кубалап тиштей берет, бирок анын пайдасы көп тийди. Талаага уйларды айдап жөнөгөн учурда колуңа таяктын кажети жок, болгону эшектин мойнуна кол тийгизсең эле болду, баарын өзү жайгарат. Бала экениме карабай: “Эшектин да акылдуусу болобу?”- деп таң толугу менен…..