Исамидин уулу Бектурали: Жүрөгү түшкөн эшек

Жүрөгү түшкөн эшек

Ал учурда мен кичинекей бала элем. Атам менен ар күнү талаага жумушка барам. Бизде машина жок болчу, бирок элдин көбү темир тулпарга ээ болгон. Күрөңүнөн келген эшегибиз бар, кээ бир машинага караганда жакшы жумуш аткарат. Моюн тарабында өзгөчө белги жайгашкан, ошол жерге колуңду тийгизип эле койсоң болду, алдында эмне экенине карабай кубалап тиштей берет, бирок анын пайдасы көп тийди. Талаага уйларды айдап жөнөгөн учурда колуңа таяктын кажети жок, болгону эшектин мойнуна кол тийгизсең эле болду, баарын өзү жайгарат. Бала экениме карабай: “Эшектин да акылдуусу болобу?”- деп таң кала берчүмүн.

Кашайгыр, анын дагы бир жиндилигин айтпа. Жерге байлап болбойт, кайсы эшек ушундай жорук кылсын? Кагылган казыгын тиштеп жатып чыгарып алат, андан соң аалам тегиз, төрт тарабы кыбыла, каалаган тарапка багыт алат. Ушундай жоруктарды жасап, кааласа байлоого көнүп, каалабаса казыгын жулуп, башы ийилген, кулагы делдейген, жүндөрү сербейген бойдон жарыша чапкылап жүргөн акылдуу эшегим өзгөрүп кетсе болобу. Үч күндөн бери оозуна наар алган жок, а түгүл бир тамчы суу иче элек. Таза дилим, чын жүрөгүм менен кайгырдым, ар бир өспүрүм наристенин пикири, көңүлү, каалоосу, пейили мухиттей чалкыган, деңиздей балкыган, акактай аруу болот окшойт. Болбосо бир эшек үчүн мынчалык, балким менчелик эч ким кайгырбаган чыгар. Кантейин, машина ордуна кызмат кылса, айдаган тарабыңа кыңк этпей басып берсе, элдин эшегиндей жаш балдарды жыгылткан өнөрү  болбосо, күчүнө деле кеп жок “бутум сынбаса болду, каалаган нерсеңди көтөрүп берем” дегендей ишарат берип, үстүнө жүк салсаң, эзели жалкоолук кылбаса, айбан болгону менен жакын досум болсо, анан кимге боорум ачымак, албетте эшегиме да. Айылдагы эшектердин экиден ашык адам менен баратканына көзүм түшпөдү. Бирок менин эшегимде кеминде экиден, болбосо төрттөн бала жүрчү. Байкуш эшегим, ошондо да кыйналдым, кысталдым дебестен көтөрүп берет. Анан кантип эле эшектин минтип түнөрүп калганына акылым жетпеди. Оозуна чөп салам, алма берем, сабиз сунам, бирок бирин да каалабады. Апамдан жашырып алган момпосуйду бердим, андан да пайда болбоду, үчүнчү күн дегенде атам жайлоодон келди.

Атама бар дитим, бүт күчүмдү жумшап чуркадым, бир эле ойлогонум эшегибиз эмне болот, өлөбү же кайрадан төрт жүргүнчү балдарын көтөрүп, ойнотуу үчүн аман калабы? Атам да таң калды, казына тапкан адамдай чуркабадымбы. Акыры жеттим, төкпөй-чачпай баарын айтып бердим. Атам баары бир мугалим да, баланын таза жүрөгүн оорутуу жаман жорук экенин түшүндү.

– Аа балам, туура! Ар бир адам досу үчүн күйүмдүү болуусу абзел, достук адамдар ортосунда эле болбойт, менин да сендей кезимде “Мойнок” деген досум болгон, керек болсо анын үстүнө минет элем, себеби өтө чоң ит болчу. Ал бөрү менен алышкан айылдын жалгыз ити болду, убагында канча адамдар кызыгып, сатып алабыз дешти, бирок чоң атаң: “Досту эч качан сатпайт”- деп сатпай койгон. Ал эми сенин эшегиндин эч нерсе жебегенин айтайын, сен аны азыр түшүнбөйсүң, бирок чындыкты билген дурус, сен деле жигит болуп калбадыңбы.

Биздин эшек күчтүү, анан калса жоош эмеспи. Кошунабыз Айбек агаң жайлоодон арчага барып келейин, сарайга устун керек дегенинен бердим эле. “Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик  жолугат” болуп, жайлоодон келе жатса жогору жактан Темир мергенчи карышкыр атып алган экен.

Айбек менен Темир бир багытка барат турбайбы?

Ошентип, алар сенин акылдуу эшегиңе оозунда каңырсыган жыты бар, башынан кан куюлган карышкырды жүктөп келишет. Ал деген өтө жырткыч айбан болот, анын үстүнө эшектин этине карышкыр абдан өч келет. Жайлоодон айылга алты саатта араң жетебиз го. Ошондой алыс аралыкта мындай жырткычты жонуна көтөрүп, аны териси менен туюп, кыңк дебей  келүүнүн өзү таң калыштуу. Ал эми сенин эшегиң эр экен, кантсе да аларды жолго таштабады, өз кызматын мыкты аткарды. Бирок эшегиң  коркуп, жүрөгү түшүп калыптыр, сен ага кам санаба, азыр кайнатма сууга шекер кошуп беребиз, кайра өзүнө келе түшөт – деди.

Атамдын айтканы калп болбоду, эшегим кайрадан эшек, тагыраагы “төрт баланы жонунан түшүрбөгөн, карышкыр көтөргөн эшек”-деген лакапка татыктуу, кайраттуу эшек бойдон жашады. Бир нече күндөн кийин Айбек кошунабыз карышкырдын чоң азуу тишин, бир бутунун тырмагын алып келди, эшекти себептүү ишке сурап, башка ишке колдонгону үчүн атамдын алдында айыпкер экенин айтты, бирок атам жинденбеди.

Мынча эле “эшегим, эшегим”- деген акмак болбосоң дейсизби? Чын эле, ушунча жакшы жаныбарлар турса, сайрашы менен жүрөктү элжиреткен куштар жүрсө, дагы башка далай темалар толуп жатса, келип-келип эшекти жазганымды карабайсызбы…

Менин бала кезимдеги эшектин кадыры, анын жасаган кызматы, далай жолу ооруп калганымда айылдагы догдурдун үйүнө ташыганы, атамдын артына учкашып, бекем кучактап олтуруума себеп болгондугу (машинада атамды кантип кучактайм), жайлоодон айылга карай жалгыз чыкканымда кадимки аттай жорголоп келгендиги, балдар арасында жарышка түшкөндө, даражама даңк кошуп, бир да эшекти алдыга чыгарбай чапкандыгы, тегирменден баарыбыз эңсеп жеген буудай унун дайыма ташып келгендиги, кышында муз тоңуп, суу айылдан бир топ алыстап кетсе да, күн сайын үйгө суу жеткирип тургандыгы, мага баш бербей нечен жолу кууратса болмок, бирок андай кыянаттыкты жасабагандыгы, таттуу балалыгымдын шаңдуу болуусуна тиешеси бар үчүн  бул жаныбар мага  кымбат болуп кала берди.

Жылдардын бир мезгилинде бул эшегибиз жагымдуу, жүндөрү тим эле мамыктай жумшак коделектүү болду, маңдайында гана ак жери болгон үчүн аны “Акбаш” деп атап алдым, бирок менден башка эч ким аны ысымы менен чакырчу эмес. Акбаштын өмүрү кыска экен, анын набыт болуусуна да карышкыр себепчи.

Жайлоодо эс алууга эмне жетсин, абанын тазалыгы, каз-катар тизилген  арчалар, асман тиреген аскалар, кесе толо каймак, көздү бурган курут, сактасаң да сапатын жоготпогон сары май, ээнбаш жүрүп эркелеген улактар, байлоо маалында баш бербей качкан торпоктор, топ-тобу менен кишенеп, жер чапчыган үйүр жылкылар, дабышы кулакты жарчудай аваз салган дарыялар, кубалашып ойногон достор, булардын баары бакыт эмей эмине?

Таң заардан тартып, жер көрүнүп  көрүнбөй  турган маалдан биздин тиричилик башталат. Апам уйларды саап бүткөн соң, музоолорунан бөлүп берет, тоюту мол тарапка айдап салуу, ал менин күнүмдүк милдетим. Аз уктасам да уйкум жакшы канчу, бул албетте жайлоонун кайталангыс, башка тараптан табылгыс керемети болсо керек.

Короз кыйкырбаса да таң атарын жайлоодо жүрүп билдим, а жайлоодо корозго эмне бар, чон энемден уккан жомокторго ишенип, ушул таажы баш короз  кыйкырганда гана жерге жарык түшөт  деп ойлочумун, чынында ансыз да таң атат турбайбы.

Ушундай бактылуу күндөрдүн  биринде жакшы эмес иш болду. Бирөөлөр музоосунан, эчки-улагынан, козусунан кол жууп калды, мен болсо Акбаштан айрылдым.

Түндө карышкыр келиптир, кой деген кожо, ай деген ажо жок жыргаптыр, анын үстүнө бирөөсүн да толук жеген эмес, баарын тамагынан же курсагынан жарып коюп кете берген. Эшегибиз баласын аман алып калууга чамасынын жетишинче аракет жасаптыр, буттары канга боёлгон, тамагына жырткычтын тиши бир ирет кирип чыккан, сыягы биринчи эшекке чабуул койгон, күчү жетпеген соң, Акбаштын жумшак этине азуусун матырган.

Жаратылгандардын ичинен мейли адам, мейли жаныбар, мейли канаттуу болсун,  баары  бир  эне баласы үчүн жан берүүдөн кайра тартпашы анык экен.  Болбосо жалгыз маалында жан алы калбай иттен качкан тоок, жөжө н кезде иттин сазайын далай жолу бергенин көрүп эле жүрөбүз.

Эшегибиз абдан кыйналды, баласынын каны тамган жерге барып, ошол жердин топурагын теше тиктеп турганын көргөндө бир боорум ооруса, карышкырдын жоругуна бир муштум түйдүм. Көрсө, алар деле адам сыяктуу кайгырышат турбайбы.

Андан бери далай суулар акты, нечен ирет жамгыр жаап, нөшөр куйду. Канча жолу карышкыр келди, бирок биздин сапар карыды.

Жайлоонун  убагы бүттү, айылга жол тарттык, албетте эң оор жүктү менин эшегим артып баратат. Баласынын каны тамган тарапты жалт-жалт карап коёт.

Ошентип ал эшек балалыгымдын кызыктуу окуяларына күбө болду, көп кызмат өтөдү, өзүбүз эмес өзгөлөргө да бар күчүн арнады. Эшек экендиги эле болбосо, жакшы досум болду, элдин эшеги кандай билбейм, бирок  биздин эшек эч качан таза чөп жебеди, кышында уйга салынган чөптүн калганын гана жейт, ошондой болсо да  капаланбайт, топук кылганды билет жаныбарым. Ал мезгилдеги эшектердин кадыры, элдерге керектүүлүгү, азыркы кашаң эшектердей болгон эмес.

Мына ошол үчүн да  ошондогу эшек туурасында жаздым, азыр мындай эшек бар бекен, же замандын агымына, элдин пейлине жараша жаныбарлар да өзгөрө береби? Болбосо эски адамдар айтчу:  “Мал ээсин тартат” –  деп,  андай болсо биздин эшек кимди тартты экен?..