Калемим азап- кайгымды көбүрөөк козгоп туруп алат

Акын деген алты ооз сөздү курап койбостон турмуш чындыгын чагылдырат эмеспи. Аны сыңары көкүрөгүнө көөнөрбөс ырларды камтыган акын Эрлан Жумагазиев менен болгон маек. — Акын акын болуш үчүн сөзсүз эле бирөөнө ашык болуш керекпи же ыр жазууга башка нерселер да түрткү бере алабы? — Жүрөктө сүйүү болбосо, ырдын жаралуусу да кыйын. Жаралса да ал — жасалма. Бул жердеги айтайын деген маселе сүйүү — ириде чыгармачылык жолун сүйүү. Ансыз акындын атылып чыгышы кыйын. Ошондой эле башка нерселерди да, (айталы, жаратылышты, Мекенди, эне- атаны деген сыяктуу) сүйө билүү кажет. Экинчиден, сезим кылдарын толугу менен…..