Бейшенбай Усубалиев: “Мен балалыгымды жазып бүтө элекмин, анан…”

Уучу кур эмес улуттук адабият Жазуучу Бейшенбай Усубалиев: “Мен балалыгымды жазып бүтө элекмин, анан…” -Агай, жакында эле мамлекеттик тарых музейинде “Зоока” аттуу китебиңиздин бет ачары өттү. Кандай таасирлер болду? -Китеп чыгарам деген ниет болгондо эле, менде негедир китептин бет ачарын дагы өткөрүшүм керек деген ой жаралган. Ырас, мурда деле китептерим чыгып жүргөн, бирок мындай ой келген эмес. Негедир бул жолу “сөзсүз өткөрөм” деген бир эңсөө, көксөө пайда болду. Бул окурмандар менен, эл менен жолугушуу кусалыгынан жаралган ой болсо керек. Уюштуруу иштери да жакшы болду, жыйын да жандуу, кызыктуу өттү. Келген меймандардын толугу менен…..