Бейшенбай Усубалиев: “Мен балалыгымды жазып бүтө элекмин, анан…”

Уучу кур эмес улуттук адабият

Жазуучу Бейшенбай Усубалиев: “Мен балалыгымды жазып бүтө элекмин, анан…”

-Агай, жакында эле мамлекеттик тарых музейинде “Зоока” аттуу китебиңиздин бет ачары өттү. Кандай таасирлер болду?

-Китеп чыгарам деген ниет болгондо эле, менде негедир китептин бет ачарын дагы өткөрүшүм керек деген ой жаралган. Ырас, мурда деле китептерим чыгып жүргөн, бирок мындай ой келген эмес. Негедир бул жолу “сөзсүз өткөрөм” деген бир эңсөө, көксөө пайда болду. Бул окурмандар менен, эл менен жолугушуу кусалыгынан жаралган ой болсо керек. Уюштуруу иштери да жакшы болду, жыйын да жандуу, кызыктуу өттү. Келген меймандардын көксөөлөрү сууп, ыраазы болуп кетишти го деген ойдомун. (күлүп).

-Эң биринчи  чыгармаңыз кантип жаралганы эсиңиздеби? Мага аябай кызык болуп турат... 

-8-класста “Мен келечекте ким болом?” деген темада дилбаян жаздык. Мен: “Келечекте республикага атагы чыккан Ахунбаев, Эгембердиевдей врач болгонду эңсеймин”,- деп жазганмын. А чынында, мектепте көркөм чыгармаларды көп окудум. Тек гана айылдагы китепканалардагы адабий китептерди эле эмес, гезиттеги макалаларга, техникалык китептерге чейин окуй берчүмүн. Алигиче эсимде турат: “Трактирлердин тетиктерин кандай туташтыруу керек?” деген кеңеш берген китепти да окуп чыккам. Сыягы, китепканадагы көркөм чыгармаларды окуп болсом керек ал учурда. Ошондой болсо да врач болууну эңсеп, врач болсом деп тилек кылчумун. Анан эле 9-класстан эмне болуп бурулуп кеттим, эмнеден келип чыкты – буга өзүм ачык жооп бере албайм. Үйдүн жанында жалгыз бир терек болор эле. Бир күнү эле, ошол теректин таасириненби, “Мырза терек” деген төрт сап ыр жазып салдым.

-Ал убакта мектеп окуучуларына арналган гезит-журналдар чыкчу дешет. Сиз да окуп калдыңызбы?

-Окубай анан… “Кыргызстан пионери” гезитин, “Жаш ленинчил” журналын үзбөй окучубуз. Терекке арнаган ырымды “Кыргыз пионерине” жиберип ийсем, жооп келиптир: “Окудук, көркөмдүк жагын жогорулатсаңыз, биз менен үзбөй кабарлашып туруңуз” деп. Ошол дем берди. Анан кийин макала жаза баштадым. “Кыргызстан пионери” гезитине жазып, көбү жарык көрдү, көптөр менен кат алыштык. Анда биз кат алышчубуз. Тажикстан, Өзбекстандан бери окуучулар менен кат алышчу элек, ошол кат алышуулар да өзүнчө бир мектеп болдубу деп ойлойм. Кат жазууда биз көп нерсени үйрөндүк. Текст түзүүгө, ойду жыйынтыктуу, логикалуу берүүгө, катасыз жазууга өзгөчө көңүл бурчубуз. Ошентип кат алышып, кат жазышып жүрүп эле мектепти бүттүк, кадыресе жетилип калдык, мектепти бүтүп жатып кабарчы катары таанылып калдык республиканын деңгээлинде. Азыр ошол кат алышкандардын айрымдары академик болду, кээ бирөө мүчө-корреспондент болду илим жагына кетишип. Кат алышып жүргөндүн баары эле журналист же жазуучу болуп чыккан жок. Кээ бирөө политехке кетти. Кээ бирөө айыл чарба тармагына кетти дегендей.

-Сиз филология факультетине тапшырдыңыз да?

-Филологияга тапшырып, конкурстан өтпөй калдым. Бир орунга 12 кишиден болчу. “Нарын правдасында” иштеп калдым. Жаңы уюшулган, кабарчылар жок: Айрымдары тияк-быяктан сүрүлүп баргандар, кызматынан ар кандай себептер менен жыдып калгандар эле, бирок мыкты, чебер журналисттер болчу, алар менен чогуу иштештим. Ошондогу жазган кабарларымды азыр окуп көрсөм, көбү эле көркөм чыгармага жакын экен. Көркөм чыгарманын учкундары сезилет. Ал убакта ыр жазчумун. Күн сайын болбосо да, күн ара ыр жазчу элем. Кийин “менден акын чыкпайт окшойт” деп, “Чал жана дарак” деген аңгеме жаздым. Азыр элес-булас билем эмне жөнүндө экенин. Бир чал баласынан айрылып калып, базарга барып, кайыр суроону адатка айлантып алат. Бир нерсе бергендердин баарына чал: “Балаң аман болсун!”-деп бата берет да, анан келип дарак менен сүйлөшөт. Мен ал аңгемемди кайрылып окуй элекмин, кийинки чыгармам – “Ак жаан көптө басылат” деген аңгеме. Азыр менде турат. Окуп көрдүм. Көркөмдүк деңгээли жагынан азыркы аңгемелер менен тең тайлаша турган эле аңгеме экен. Анан эмне үчүн берген эмесмин – билбеймин. Кийин окуучулук, балалык кезден деп бир жыйнактын аягына чыгар. Андан кийин жарык көргөн аңгеме – “Өрт”. Андан кийин ” Чал, Макаренко, аял” көлөмдүү аңгемем “Ала-Тоо” журналына чыгып, ошол аркылуу элге жазуучу катары таанылдым. Ошентип уланып кетти, билинбей ушул күнгө жеттик.

-Алгачкы калем акыңызды алган күн эсиңиздеби? Эмнеге короттуңуз эле?

-“Кыргызстан пионери” калем акы берчү эмес. А райондук гезиттен, “Ленинчил жаштан” кадимкидей эле акча жиберишчү, кээде бир сом, кээде 3 сом, канча экени эсимде жок, калем акыны апкелип апама берсем керек да. Эсимде жок, чынын айтайын.

-Эгерде жазуучу өз чыгармасындагы жазган ар бир эпизод, сүрөттөөнү, ар бир диалогду жон териси менен сезбесе же өзүнүн башынан кечиргендей жазбаса, окурмандын жүрөгүнө жеткире турган чыгарма жарата алабы?

-Чыгарма жазуу – белгилүү бир деңгээлде өзүңдөн ажыроо деген сөз. А өзүңдөн ажыроо – бир башка дүйнөгө кездешүү, ошол дүйнөдөгү адамдар менен чогуу жашоо дегендик. Анан ошондо төгүлөсүң, ошол демиң менен жашайсың, ыйласа ыйлап, күлсө күлгөнүн беришиң керек, жаратышың керек. Кадимкидей эле төкмө акындай төгүлөсүң анда. Анан ошол учурда өзүңдүн жаныңдын кыйналып жатканын сезбейсиң. Андан кийин анан чыгарма бүтөт, бүткөндөн кийин кайра окуйсуң. Мурдагы акыл-эсиңе келип дегендей. Бул жери тигиндей болуп калыптыр, мындай болуп калыптыр деген өзүңө баа берүү, бул оо кийинки, канчанчы бир этап. Чыгарма түйүлдүк болуп түйүлүп, мөмө болуп жетилгенче, жазуучу далай азапты тартат, ортодо далай суу агат, далай күн батат. Чыгармага оңдоо киргизген учурлар – ал өзүнчө жумуш. Чыгарманы жаратуу учуру – бул өзүнчө жумуш. Оңдоо учурунда да өзгөчө бир төгүлүшүң керек, болбосо карандай акыл менен артык кылам деп, тыртык кылып алышың ыктымал. Өзүң жон териң менен сезбей туруп чыгарма жазып салышың деле мүмкүн. Антип бир отуруп бир романды шилтеп салгандар болуп атпайбы. Бирок андай чыгарма баары бир жүрөккө жетпейт.

Чыгармадагы ар бир сөз, ар бир деталь жүрөккө сайылып турушу керек окуганда. Сөздөр кан-жаныңдан сызылып чыгышы керек. Жасалма эмес, кургак эмес, табигый сызылып чыкканы дурус. Жасалмалуулук дароо көзгө оркоюп көрүнүп калат. Чыныгы чыгарма жүрөгүңөн чыкканы сезилип турат. Мына ушул эң жакшы, менимче. Кээ бир чыгармалар болот: бул жагынан кемийт да, ой жагынан күчтүү болуп калышы мүмкүн.

Чехов “Адамда баары жакшы болушу керек” дегендей, чыгармада да бардыгы шайкеш болгону оң. Формасы дагы, мазмуну дагы, чын жүрөктөн чыккандыгы дагы бири бирине жуурулушуп, баары бир учурда кыймылга келген чыгармалар бул, менимче, сейрек жаралат. Чыгарманын баары эле башынан аягына чейин бирдей таасир эте бербейт. Кээ бир чыгарманы окуганда, өөдүк-сөөдүк болуп, окуп келатканда анча деле көңүл бурбайсың, анан кайсы бир жерден бир сокку берет. Анан селт этип кайра окууга аргасыз болосуң, ошондо баягы өөдүк-сөөдүк жерлер башкача түскө ээ болуп, ажарына чыга түшкөндөй болот. Кээ бир чыгармаларда сокку аягында урулат да, шалдайып отуруп каласың, чыгарманы кайра баштан окуп чыгууга мажбур болосуң. Ошондуктан мен чыгармаларды аягына чейин окуп чыгууну сунуш кылар элем.

-Окурмандар да ар кандай эмеспи?..

-Көркөм чыгарманы бирөөлөр эстетикалык рахат үчүн окуйт, башкалар эрмек үчүн окушат. Бирөөлөр анализдеп, анча-мынчаны жутуп алып окуйт. Көркөм чыгарманы көп окуса эле акылдуу, ыймандуу болуп кетет деген пикир илгертен бар эле, азыр деле жашап келе атат. Чындыгында, чыгарма механикалык түрдө сенин акылыңа акыл деле кошуп ийбейт. Бирок чыныгы көркөм чыгарма сенин өзүңдүн ичиңде бугуп жаткан, келечекте сенин жашооңду өзгөртүүгө өбөлгө түзчү нерсени сууруп чыгат; ичиңде эмне жаткандыгын көрүүгө жардам берет. Ушул бугуп жаткан нерсе өзүң болсоң керек деп ойлойм. Ошентип, өзүбүздүн ичибизде өзүбүз бугуп жаткан болобуз, чыныгы чыгарма ошону сууруп чыгып айыбыбызды ачып салат. Анан кичине мээң болсо ойлоно баштайсың да, деги мен киммин, бул жарыкчылыкта эмне үчүн жашап жүрөм деп… Мына, күчү ушунда жатат көркөм чыгарманын .

-Кайсы авторлордун чыгармаларын, кандай жанрларды көп окуйсуз?

-Кийинчерээк негедир жомок уккум келе берчү болду. Кадимкидей көксөйм да эңсейм. Азыр уксам деле бала кездегидей ишенмекмин. Мага психологиялык, философиялык маанайдагы чыгармалар өзгөчө жакын. А.Чеховдун “Чиновниктин өлүмү” деген аңгемесин мектепте окуган элек. Абдан күлкүлүү туюлган. Баш каарманды шылдыңдап күлгөн элек. Ушу чыгарманы үстүртөн эле талдап жүргөндөйбүз. Терең талдай келсек, бул эч кандай кошоматчылыкты деле билдирбейт. Мындагы каарман – абдан карама-каршылыктуу адам, аялуу адам, эч кимдин көңүлүн сындыргысы келбейт, бул жагынан жакшы да адам, байкуш да адам, айтор өтө жөнөкөй татаал адам. Мектепте деле, жогорку окуу жайында деле көп эле чыгарма окудум окшойт, акылдуу сөздөрүнүн алдын сызып, же көчүрүп алып, өзгөчө М.Горькийдин каармандарынын жалындуу сөздөрүн. Менин чыгырмаларымдагы өтө эмоцианалдуу, романтикалуу жерлер Горькийдин таасириненби деп ойлоп калам.

-Орус жазуучуларынан дагы кимдерге жогору баа бересиз?

-Бирөөнү бөлүп баа берүү өтө кыйын, биринен бири өтөт. Деги эле 19-кылымды орустардын кылымы десек болот, бүгүн да дүйнөнү титиретип турат. Мени өзгөчө кызыктырган жери – бул кылымдардагы залкарлардын чыгармаларынын аяктарын кандайча бүтүрүшкөнү. Бул жагынан мага Ф.Достоевскийдин “Кылмыш жана жаза”, “Бир тууган Карамазовдор” романдарынын, С.Тургеневдин “Ася” повестинин аягы негедир кургак бүтүп калгандай туюла берет. Л.Толстойдун “Согуш жана тынчтыгынын” аягы эмне үчун философиялык чегинүү менен бүткөнү да мен үчүн түшүнүксүз. Баса, мен деле “мындайча бүтүрсөң болмок”, “тигиндейче бүтүрсөң болмок”, “аягы ашыкча болуп калыптыр, алып салсаң болмок экен” деген өңдүү сөздөрдү көп эле угуп жүрөм. Чайналып, чайналып отуруп, балким, алардыкы деле туурадыр деп ойлоп калам. Бирок алар айткандай кылууга негедир колум барбайт.

ягын мындай кылып бүтүрсө болмок деп ойлоп көрдүңүз беле ?

Жок, антип деле ойлобоптурмун. Чындыгында, чыгармаңдын баары бир тең да, аягы бир тең. Аягын жазуу абдан оор; кичине эле жаза бассаң, жазгандарыңдын баары кыйрап калышы мүмкүн. Менимче, Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу”, Э.Хемингуэйдин “Чал жана деңиз”, Ги де Мопассандын “Дүйнө-өмүр” (“Жизнь”) повесттеринин аягы суктанарлыктай бүткөн. Эмнесин айтайын, бул көркөм чыгарма дегениң турушу менен бир балакет керемет экен да: өзүң ойлобогон нерсе өзүңдүн эле жазган көркөм текстте жашырынып жаткан болот, ал көрүнбөй кайдан-жайдан кантип кирип кеткенин билбей, аң-таңсың. Бир эле мисал: текст боюнча биринчи адис, илим доктору, профессор маркум Сүйүмкан Өмүралиева деген эжебиз мындан он беш жыл мурун менин “Паспорт” аттуу чакан аңгемемди талдоого алыптыр. Мен жакында эле окуп отуруп, ушунчалык таңдандым. Анткени жазып жатканда оюма келбеген, а түгүл кийин окуганда деле ойлобогон нерселерди сууруп чыгыптыр, илимпоздун ойлоруна макул болууга аргасыз болуп отурам. Ал эми Москвада орусча чыккан жыйнакчага “Паспорттун” “Родной очаг” деп которулушу, текстте жашырынып жаткан дагы бир ойду таап чыккандай болду.

-Ошондо, агай, бир эле чыгармада бир нече ой, идея болобу?

-Адатта, “бул чыгармада мындай ой, идея айтылыптыр же автор өз чыгармасында мындай идеяны айткысы келген” деген өңдүү жалпылоолорго көнүп калганбыз. Мына, Айданек, өзүң деле катышкансың, биз дүйнөлүк адабият сабагынан Г.Мопассандын “Кечирүү” (“Прощение”) деген 4-5 беттик аңгемесин үч саатка жакын талдап, аягына чыга албай койбодук беле, мунун өзү эле ар бир чыгармада бир эмес, бир нече чокмороктошкон ой, идея болорун тастыктап турбайбы. Чындап келгенде, көркөм чыгармадагы сүйлөмдөрдүн ар-бири – өзүнчө бир ой, идея, өзүнчө бир тагдыр, өзүнчө бир чыгарма. Ошондуктан чыгарманы окуп жатканда анын ар сүйлөмүнө, а түгүл үтүр-чекитине чейин назар буруу керек. Ал эми жалпы идея, ой – бул өзүнчө кеп.

-Жазуучулукка жаңы кадам таштагандарга кандай кеңеш бересиз?

-Эгерде жазуучунун кудай берген шыгы болсо, жаза бериши керек, көп жазышы керек. Ошону менен жашашы керек. Көңүл калуулар көп болот. Кээде туруп эле өзүңдүн жазып аткан чыгармаң өзүңө жакпай калышы мүмкүн. Таштабаш керек, коркпош керек. Кээ бирөөлөр “бул чыгармаң болбой калыптыр”-деп айта берет. Аны туура болсо кабыл алыш керек, алардын чындыгы менен дагы эсептешиш керек. Бирок чыгармаң мындай болуп калыптыр десе эле мөгдөп калбаш керек. Катуу тийбей койбойт, тиет. Бирок ошол эле чыгармаңды кимдир бирөө асмандатып макташы да мүмкүн. Мисалы, менин “Түркүк” деген аңгемем чыкты. Басмадан келе жатсам, бирөө оңунан терсирээги көбүрөөк пикир айтты. Көңүлүм чөгө түштү, чынында. Андан кийин бирөө жолугуп: “Кайдагы бир балакет нерсени жазгансың. Эжеме бере койсом окуп алып ыйлап атат, укмуш чыгарма экен”,-деп айтты. Ушундай, бирөөгө жагат, бирөөнө жакпайт, ушунусу менен ал – көркөм чыгарма. Анан улам-улам кайталап айткым келет: ар бир чыгармаңды ушул чыгармам менин эң мыкты чыгармам болот деген ниет менен жазгының.

Экинчиден, үзбөй окуп, өзүӊдү өзүӊ дүрмөттөп турушуң абзел. Үзбөй окуунун да түрлөрү бар: ылгап окуу, талдап окуу, кайталап окуу. Көрүнгөн китепти эле окуй бергенге болбойт, өзүӊдүн жүрөгүӊ сүйгөн, табитиӊ тарткан китептерди окуу керек. Кеп канча китепти окуганыӊда эмес, кандай китепти окуганыӊда. Ошол китепти да окуя кубалап жөн эле окуп койбой, талдап окуу керек, ушундай деӊгээлге жетишиӊ шарт. Чыныгы чыгармаларды кайталап окуганга не жетсин, мыкты чыгарманы он жолу окусаң, он башка чыгарма окугандай болосуӊ; улам жаӊы өңүрү ачыла берет. Дагы бир нерсе, сенин эмнеге, кандай теманы жазууга жөндөмдүү экениӊди жазган чыгармаларыӊдын өздөрү эле айтып турат. Муну көӊүлгө бекем түйүү менен, көрүнгөн темага эле чарпыла бербеш керек, минте берсеӊ, ара жолдо каласыӊ да, өзүӊдүн жаныӊды да кыйнайсың, сезимтал окурмандарыңдын нервин жеп, кууратасың. Көркөм чыгарманын илимий негизин да эстен чыгарбоо керек, илимпозго эмоция канчалык зарыл болсо (эмоциясыз мыкты илимий чыгарма жаралышы мүмкүн эмес), жазуучу үчүн илимий ой жүгүртө билүү да ошончолук зарыл. Чоң талант, кара сөздүн булбулу Орозбек Айтымбетов бир жолу мага мындай деген эле: «Бейшебай, сен жакшы жазасыӊ, профессионально жазасыӊ. Бирок турмушту анча билбейсиң. Билиш үчүн мендей болуш керек: жакшысы менен да, жаманы менен да, алкашы менен да, сопусу менен да аралаш жашаш керек». Демек, телмирип китеп тиктеп отура бербей, жандуу турмуш менен аралаш жашап, аны тереӊ таанып билүүгө умтулуу зарыл. Деги эле чыгармачылык дегениӊ – бул кызык, табышмактуу нерсе: кээде өтө майдаланып, сүрөттөөгө ашкере берилип кеткениңди өзүӊ деле сезесиӊ, бирок билип туруп эле ошого атайы барасың. Антпесеӊ ичиңдеги бугуң чыкпай калчудай туюла берет; жазуучу окурмандар үчүн эле жазбайт да, ичиндеги букту чыгаруу үчүн жазат, анан ушул букту чыгарам деп отуруп, өзүӊө өзүң ээ болбой, өзүӊдү өзүӊ ооздуктай албай каласыӊ. Дегинкиси, майдалануунун эки түрү бар окшойт: 1) образды терең ачып берүү үчүн майдалануу; 2) кандайдыр бир себептерден, мисалы көлөм үчүн майдалануу, ички букту чыгаруу үчүн майдалануу ж.б. Мен болсо бул экөөнүн ортосунда тургансыйм. Ошондуктан жаш жазуучулар азыртан өзүн ооздуктай билүүгө да үйрөнүшү керек деп ойлойм.

Акырында атайы айта кетейин дегеним: талантыӊ болуп туруп, аны бапестеп өстүрө албасаӊ, карабай таштап салсаӊ –бул, менимче – чоң күнөө. Бул үчүн талант сенден өч албай койбойт. Өч алганы ушул – сыртыӊдан тымпыйып билдирбегениң менен, ичиңден буктанып, арманда өтүп кетесиң…

-Анда менде да соңку суроо: Сиз эмне үчүн бүгүнкү кайнаган турмуш жөнүндө жазбайсыз?

-Мен кан-жаныма сиңип калган бала чактагы окуяларды (балалыгымды деп коеюнчу) да алигиче жазып бүтө элекмин, анан бүгүнкү “кайнаган турмушка” кантип батынып кол сала аламын.

Маектешкен: Айданек

“Кыргыз Туусунун” практиканты