Стефан Цвейг: Шахмат новелласы

Шахмат новелласы Нью-Йорктон Буэнос-Айреске каттоочу чоң пароход түн ортосунда жөнөй турган болуп, эл опур-топур. Топ ичинде аркы-терки жөөлөшүп, узатып чыккандар жүрөт. Каскеткаларын чекеге кыйшайта кийген телеграф чабармандары жүргүнчүлөрдү фамилияларынан чакырышып, гүл кармап, жүк көтөрүп өтүп жатышат. Кызыга карашкан балдар трапта өйдө-төмөн чуркашат. Кеменин оркестри тынымсыз күү чалат. Досум экөөбүз опур-топурдан оолак, үстүңкү палубада турган элек. Аңгыча жаныбыздан магнийдин нуру эки-үч жолу жарк-журк этип калды. Кыязы жүргүнчүлөрдүн арасында атактуу бирөө бар окшойт, кетер алдында берген интервьюсу менен кошо сүрөтү да керек болуп калган го деп ойлодум. Досум ошол жакты карап: — толугу менен…..