Стефан Цвейг: Шахмат новелласы

Шахмат новелласы Нью-Йорктон Буэнос-Айреске каттоочу чоң пароход түн ортосунда жөнөй турган болуп, эл опур-топур. Топ ичинде аркы-терки жөөлөшүп, узатып чыккандар жүрөт. Каскеткаларын чекеге кыйшайта кийген телеграф чабармандары жүргүнчүлөрдү фамилияларынан чакырышып, гүл кармап, жүк көтөрүп өтүп жатышат. Кызыга карашкан балдар трапта өйдө-төмөн чуркашат. Кеменин оркестри тынымсыз күү чалат. Досум экөөбүз опур-топурдан оолак, үстүңкү палубада турган элек. Аңгыча жаныбыздан магнийдин нуру эки-үч жолу жарк-журк этип калды. Кыязы жүргүнчүлөрдүн арасында атактуу бирөө бар окшойт, кетер алдында берген интервьюсу менен кошо сүрөтү да керек болуп калган го деп ойлодум. Досум ошол жакты карап: — толугу менен…..

Өмүрбек Караев: Шахмат (новелла)

Өмүрбек Караев 1954-жылы Чүй районундагы Кегети кыштагында туулган. Кегети орто мектебин аяктаган соң, Кыргыз улуттук университетинин филология жана экономика факультеттерин бүтүргөн. Кийин Варшава шаарында саясат таануу боюнча атайын курста окуган. 1975-жылы студент кезинде “Ыйык Көл” аттуу алгачкы аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. Өмүрбек Караев прозалык 10 китептин автору. Альманахтарга адабий жана публицистикалык көптөгөн чыгармалары жарык көргөн. 2003-жылы “Жалгыз болгум келбейт” деген прозалар жыйнагы жылдын мыкты китеби болуп таанылган. Ошондой эле аталган китеп Германиянын Мюнхен шаарында өткөн китеп көргөзмөсүнө коюлган. 2005-жылы Айтыш коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубу жарыялаган жылдын мыкты аңгемелери деген толугу менен…..