Стефан Цвейг: Шахмат новелласы

Шахмат новелласы

Нью-Йорктон Буэнос-Айреске каттоочу чоң пароход түн ортосунда жөнөй турган болуп, эл опур-топур. Топ ичинде аркы-терки жөөлөшүп, узатып чыккандар жүрөт. Каскеткаларын чекеге кыйшайта кийген телеграф чабармандары жүргүнчүлөрдү фамилияларынан чакырышып, гүл кармап, жүк көтөрүп өтүп жатышат. Кызыга карашкан балдар трапта өйдө-төмөн чуркашат. Кеменин оркестри тынымсыз күү чалат.

Досум экөөбүз опур-топурдан оолак, үстүңкү палубада турган элек. Аңгыча жаныбыздан магнийдин нуру эки-үч жолу жарк-журк этип калды. Кыязы жүргүнчүлөрдүн арасында атактуу бирөө бар окшойт, кетер алдында берген интервьюсу менен кошо сүрөтү да керек болуп калган го деп ойлодум. Досум ошол жакты карап:

— Пароходдо сиз менен кошо табияттын керемети — Чентович баратат, — деп күлүмсүрөп койду.

Бул ысымдан мен эчтеме түшүнбөгөнүмдү өңүмдөн көрүп, досум мындайчалап кошумчалады:

— Шахмат боюнча дүйнөнүн чемпиону Мирко Чентович. Шахмат турнирлерине катышып, ал жакында бүткүл Америкага дүңгүрөбөдүбү. Эми жаңы жеңиштердин артынан түшүп. Аргентинага баратат.

Муну укканда жаш чемпиондун ысымы гана эмес, анын чагылгандай тез көтөрүлгөн мартабасынын да кай бир кырдаалдары эсиме түштү. Досум мага караганда дүйнөлүк прессадан кабарды көбүрөөк билүүчү, бул чемпион тууралу мен билбеген бир далай анекдотторду айтып берди.

Чентович былтыр бир эле сокку менен шахматтын үркөрү болгон Алехин, Капабланка, Тартаковер, Ласкер, Боголюбовдордун тобуна барып кошулду. 1922-жылы Нью-Йоркто болгон турнирде жети жашар вундеркинд[1] Решевскийдин көзгө көрүнгөнүнөн бери шахматчы лөктөрдүн тобу мынчалык тамшандырган бир да жаңы шахматчыны биле элек болчу. Акыл-эсинин жөндөмү Чентовичтин келечеги мындай сонун болоруна үмүттөндүргөн эмес эле. Анан бат эле дагы бир сыры ачылды: дүйнөнүн чемпиону жеке турмушунда эч бир тилде катасыз эки-сөздүн башын курап жаза албайт экен. Ошол үчүн ичи күйгөн бир шахматчы уу сөз менен «анын түркөйлүгү караңгы түндөй» деп, туура байкаган экен.

Бир түнү Дунайдын жүк ташуучу пароходу югославдык кайыкчыны кайык-пайыгы менен чөгөрүп жиберет. Ал Мирконун атасы эле. Жетим калган он эки жашар баланы ошол айылдын пастору боорукерлик кылып асырап алат. Тилин араң күрмөп, булдуруктап сүйлөгөн кууш маңдай, маңыроо балага мектептин түшүнүксүз сабагын түшүндүрүү үчүн кең пейил киши колунан келген аракетин аябайт.

Бирок бардык аракети бекерге кетти. Мирко тамгаларды жалдырап жүз жолу тиктесе да, бирөөн эсине түйүп кала албайт. Анын кем акылы жөпжөнөкөй нерселерди да түшүнбөйт. Он төрткө чыкканда да ал колу менен санак жүргүзүп, китептен же газеттен кичинекей эле үзүндүнү да ыйынып-ычкынып жатып араң окуй турган болду. Бирок, Мирко баресетсиз болбоду, кыйыктыгы жок эле. Айткандардын баарын аткарат: суу апкелет; отун жарат; талаага чыгып иштейт, ашкананы тартипке келтирип шыпырып тазалап турат. Ага ар кандай ишти ишенип тапшырса болот. Зериктиргендей жай кыймылдаганы менен тапшырылган жумушту акыры аткарбай койбойт. Ак көңүл пасторду баарынан кейиткени бул түнт баланын кайдыгерлиги эле. Бирөө айтпаса, өзү билип эчтеме кылчу эмес, балдар менен да ойнобойт; сөөмөйүң менен көрсөтмөйүнчө өзүнө ылайыктуу эч иш таап ала албайт. Үй жумуштарын бүтүп, Мирко жалдырап: айланасында эмне болуп жатканы менен түк иши жок, кепшеп жаткан койдон бетер үлүрөйүп карап отура берет. Дыйкандардын узун канжасын дембе-дем соруп, пастор кечкисин ар дайым жандармдын вахмистри менен үч партия шахмат ойнойт. Ошондо сары чачтуу маң баш бала оюнчулардын жанына келип, чарчы-чарчы чиймеленген тактаны кайдыгер тиктеп, уйкусу келгендей үлүрөйүп карап турчу.

Кыштын бир кечинде эки дос адатынча оюнга катуу берилип ойноп отурушканда терезеден жакындап келаткан жылаажын коңгуроонун үнү угулду. Чана катуу келип токтоду. Тумагы кар болгон дыйкан үйгө жүгүрүп кирип, энем көр оозунда жатат, тезирээк барып, ыйман окуп берсеңиз экен деп пасторго жалбарып калды. Пастор буйдалбастан жөнөп кетти. Кружкадагы пивосун ичип бүтө элек вахмистр кетүүгө камынып, канжасый күйгүздү да, мех өтүгүнүн бийик кончун көтөрүп жатып, тиги бүтпөй калган оюнду дале телмирип тиктеп турган Миркону көрдү.

— Пастордун ордуна сен ойногуң келип турабы? — деди вахмистр тамашалап. Бул кеңкелес чалыш бала шахматтын фигураларын кандай жылдырууну деле билбейт деп ойлогон эле. Мирко жүрөксүнгөндөй бир карап алды да, макул дегендей башын ийкеп, пастордун ордуна отурду. Он төртүнчү жүрүштө вахмистр жеңилип калды. Жеңилиши кокустуктан болбогонуна көзү жетти. Экинчи партияны да уттуруп койду. Пастор кайтып келгенде бул укмушту көрүп, оозун ачып калды:

— Ого, Вааламдын эшеги!..

Вахмистр библияны анча жакшы билчү эмес, Эки миң жыл илгери айбан эшекке тил кирип, акылдуу сөз сүйлөгөн экен, — пастор ошону түшүндүрдү. Түн бир оокум: болуп калганына карабастан пастор чала сабат асырандысы менен шахмат ойномок болду. Мирко кыйналбастан аны да утуп алды. Ойноп жатканда ал түк шашпайт, кууш маңдай башын тактадан көтөрбөй отура берет. Оюнунда өз күчүнө ошончолук ишенгендик бар. Кийинки күндөрү пастор да, вахмистр да аны ута албай коюшту.

Асыранды баласынын мээси анча толук эместигин башкалардан жакшы билген пастор катуу ойго батты: бул бир жактуу, укмуш таланты бар, бул мындай катуу сыңоого чыдай алар беле?.. Айылдык чач тарачка Мирконун чачын кырктырып, тегиздетип, анан чанага салып, пастор аны коңшулаш бир шаарчага алып жөнөдү. Ал шаардын.борбордук аянтындагы кафесине жергиликтүү шахматчылар көп чогулар эле. Тигинден мыкты ойношорун пастор өз тажрыйбасынан билет.

Пастор он беш чамасындагы бети кызыл сары баланы ээрчитип келип калышы бардыгынын назарын бурду. Баланын үстүндө аңтарасынан тигилген тон, бутунда койчунун чокою. Шахмат столуна чакырышмайынча ал жатыркагансып четте тура берди. Мирко биринчи партияны уттуруп койду, анткени, пастор эч качан сицилиялык башталыш менен ойночу эмес. Шаардагы мыкты наабайчы менен экинчи партияны ойногондо тең чыгуу менен бүттү. Бирок, үчүнчү, төртүнчү жана андан кийинки партиялардын баарын Мирко биринен сала экинчисин утуп ала берди.

Югославиянын чет жакадагы шаарчаларында кабары катуу чыккан окуялар сейрек болот. Ошол себептүү айылдык чемпиондун алгачкы эле оюндары беделдүү граждандардын чөйрөсүндө катуу чуу түшүрдү. Эртеси шахмат клубунун атайы чогулушу чакырылат, анын үстүнө шахмат оюнун жанындай көргөн жакын жердеги замоктун ээси граф Зимчиц ойноп көрсүн, ошондуктан бала эртеңки күнгө да шаарда калсын деген бүтүмгө баары бир добуштан макул болушту. Пастор тарбиялап өстүргөн уулуна сыймыктанып да турду, бирок эртеңки жекшембинин намазынан калбай кетүүгө чыйпыйы чыгып турду. Акыры ал өз ишине кетүүгө аргасыз болду, бирок, баланы эртеңки сыноодон өтсүн деп шаарга таштап кетти. Шахматчылар жаш Чентовичти мейманканага жайгарышты, Мирко өмүрүндө биринчи жолу ошондо азыркы замандагы даараткананы көрдү.

Жекшемби күнү түштөн кийин шахмат бөлмөсү элге жык толду. Мирко төрт саат катары менен столдон турбай, үн да катпай, башын да көтөрбөй отуруп, оюнчуларды биринин артынан экинчисин ута берди. Акырында бир нече тактада бир маалда ойноону сунуш кылышты. Оюндун бул түрүн Миркого араңдан-зорго түшүндүрүштү. Жалгыз өзү сегиз киши менен ойной турганын түшүнөр замат Мирко камырабастан ойной баштады. Оор өтүгү баскан сайын кычырайт, бутун жай шилтеп, столдон столго кыдырып жүрдү. Акырында ал сегиз партиянын жетөөн утуп алды.

Мындан кийин олуттуу кеңешме болду. Ырасын айтканда, жаңы чемпион бул шаардык эмес эле, бирок шаардыктар намысты өздөрүнө тартты. Акыры картада бар-жогу белгисиз кичинекей шаарча атагы чыккан жандын ата мекени делинип калды.

Жергиликтүү гарнизондук кабареге шансонетка менен певичкаларды сахнага чыгарып жүргөн Коллер детен водевилдик импрессарионун[2] Венада шахмат оюнун мыкты билген таанышы бар экен, баланы ошого шакирт кылып, бир жыл бою өзү бакмак болду, бирок, бир шарт менен: кийин анын чыгашалары кайтарылсын деди. Бул шартка граф Зимчиц кол койду. Шахмат ойнобой күнү өтпөгөн ушул алтымыш жыл ичинде ал мындай мыкты оюнчу менен эч беттешкен эмес экен. Ошентип, дунайлык кайыкчынын уулунун мартабасы ушул күнү башталды.

Мирко алты айдын эле ичинде шахмат техникасынын бардык сырларын билип чыкты. Ырас, бир кемчилиги жоюлбай калды, кийин шахматчылар анысын билип алышып, күлүп жүрүшчү: Чентович бир оюнду да эске тутуп кала алчу эмес, адистердин тили менен айтканда, көзүн жуумп ойной алчу эмес.

Ал кыялында шахмат тактасын таптакыр элестете албайт. Алтымыш төрт ак-кара чарчылуу такта, отуз эки фигура алдында болбосо, колу артына байланган туткун да бир, а да бир. Даңкы дүйнөгө дүңгүрөгөн чатында да, бүктөлмө чөнтөк тактаны ала жүрүп, керек болгон позицияны, же талаш жүрүштү алдына жайып карап жүрчү.

Зээнинин начарлыгын билдирген бул кемчилиги анчалык деле маанилүү болбогону менен, шахматка ышкыбоздордун арасында көп талашты чыгарган. Мындай талаш, мисалы, музыкалык чөйрөдө чыгат: эгер көрүнүктүү чебер өнөрпоз, же дирижер нотаны көрбөй туруп ойной албаса, же дирижерлук кыла албаса, анткени менен бул кемчилиги эң сонун ийгиликтерине жолто болгон жок. Он жети жашында эле нечен байге алып, он сегизинде Венгриянын, анан жыйырмасында дүйнөнүн чемпиону болду. Наполеон кыраакы Кутузовго, Ганнибал Фабий Кунктаторго (Ливийдин айтуусуна караганда ал жаш чагында эле сабыры суз, кем акыл неме болгон экен) жеңдирген сыяктуу акылы, ой-кыялынын учкулдугу, жүрөктүүлүгү жагынан төөлүк өөдө нечен мыкты оюнчулар Мирконун темирдей бекем, эрибес муздак логикасына бөгөт боло алышпады — философтору да, математиктери да, көркөмдүк сезими күч, же ойлоп чыгаруучулук жөндөмү бар, атүгүл, чыгармачылык таланттуулары аз болбогон маданияттын ар түрдүү тармактарынан чогулган шахмат чеберлеринин мыкты тобуна таптакыр ылайыгы жок, жат адам, салыңкы кабак, сүйлөбөс, кем акыл айылдык бир бала кыпчылды. Чуулгандуу бир макала жаза коёюн деген не бир эпчил журналисттер да анын оозунан бир сөз чыгара алышпай койгон. Бирок, газеталар андай мүмкүнчүлүккө жетпегени менен, Мирко жөнүндө тарап кеткен нечен анекдоттор анык эселеп койгон: Шахмат ойноп отурганда Чентович теңдеши жок чебер, бирок столдон турары менен кебетеси күлкү келтирерлик болуп калат. Үстүндө асемдүү костюм, мойнуна бермети чоң галстук тагынып, тырмактарын аябай кооздоп боёп жүргөнү менен, башта кандай болсо, так ошондой, кече эле пастордун ашканасын шыпырып жүргөн кем акыл, копол жигит бойдон кала берди. Анын бар аракети өзүнүн шыгынан, даңкынан көбүрөөк акча сыгып алууда болуп, майдачыл, айылдыктарча такымына басма сараң эле. Көз көрүнөө ушинткенден уялчу да эмес. Анысын көрүп, кесиптештери кыжырлана шылдыңдап күлүшчү. Шаардан шаарды кыдырып Жүрүп, ал эң арзан отелдерге конот. Гонорар төлөсө болду, көрүнгөн клубдун таламы үчүн ойной берет. Самын чыгаруучу фабриканын ээси сүрөтүңү рекламалык кулактандырууларга пайдаланайын десе, ага да акы алган экен. Анысы аз келгенсип, кайсы бир эпчил басманын заказы галицийлик бир ач курсак студент «Шахмат оюнунун философиясы» деген китеп жазып келсе, теңтайлашкан үзөнгүлөштөрүнүн кыжырлуу шылдыңына карабастан, чала сабаты жоюлса да, Мирко ал китепти да өз наамына чыгарыптыр. Мындай адамдар азил-тамаша дегенди билбейт эмеспи, Чентович да ошондой. Дүйнөнүн чемпиону болгон соң өзүн жер үстүндөгү эң мыкты кишимин деп ойлой баштады. Акылдуу, маданияттуу адамдарды, тилинен бал тамган чечен жазуучуларды жеңдим, акчаны алардан көп табам деген оюна көөп, ал баштагы жер карама жалтактыгын таштап, керсейген текеберчил болуп кетти,

— Албетте, ойлогондой эле, жеңил-желпи жетишкен атак мындай маңги башты дароо эле көптүрүп салды да, — деди досум. Анан Чентовичтин балалык көйрөңдүк менен журт ичинде кадыр-баркка жетишкиси келгени тууралу бир нече сонун мисал келтирди.Бир айыл эл жыл бою арып-азып токой кыйып араң табар каражаттты тактанын үстүндөгү фигураларды нары-бери жылдыруу менен гана бир жуманын ичинде таап отурса, жыйырмадагы боз бала көппөгөндө ким көбөт.

Качандыр бир кезде Рембрандт, Бетховен, Данте, Наполеон сыяктуу адамдар дүйнөдөн өткөнүн билбеген немеге өзүн улуу адам деш опоңой иш. Мунун жаман акылында бир топ айдан бери бир да партияны уттурган жокмун дегенден башка ой барбы. Шахмат менен акчадан башка да дүйнөдө не бир баа жеткис нерселер бар экенин билбеген неме, албетте, өзүнө өзү суктанып, өпкөсү көөдөнүнө батпай калат.

Досумдун аңгемеси бүйрүмү кызытты. Мономаниянын кайсы гана түрү болбосун — жалгыз гана бир идея башын айландырган адамдар мени өмүр бою кызыктырчу. Анткени, адам өз пейлин канчалык тарытса, белгилүү бир мааниде ал чексиздикке ошончолук жакындашат. Сыртынан дүйнөдөгү бардык нерсеге кайдыгер мындай адамдар кумурскадай тырышып, өзгөчө бир материалдан өз дүйнөсүн тургузушат. Ал дүйнөсү алар үчүн ааламдын кичирейтилген түрү сыяктуу. Ошондуктан, Риого чейинки он эки күндүк жолубузда мен бул бир жактуу интеллектин өкүлү менен жакыныраак таанышып алгым келди, бул ниетимди досумдан да жашырбадым.

— Ай ким билет, тааныша албайсыз го, — деди ал. — Билишимче, ушул убакка чейин эч ким анын психологиясына жылчык ачар бир сөздү да, майда нерсени да Чентовичтен сууруп ала алышкан эмес. Акылы канчалык тайкы болгону менен бул митаам дыйкан өзүнүн начар жерин жашыргыдай куу. Анын амалы жөпжөнөкөй — өзүнүн жердештери, арзан баалуу мейманканаларда жолуккан өзүнө окшогондордон башка бир да киши менен сүйлөшпөйт. Жанында маданияттуу адам турганын сезер замат үлүл кабыгына кирип жашынган сыяктуу ал да бөлмөсүнө кирип отуруп алат. Ошондуктан андан бир маанисиз сөз уктум, же кем акылдыгына көзүм жетти деп эч ким мактана албайт.

Кыязы, досумун айтканы туура болсо керек. Сапарыбыздын алгачкы күндөрүндө таанышууга канчалык аракет кылсам да тааныша албадым. Ырас, артынан калбай жабыша бербедим, башынан эле андайга шыгым жок болучу. Кээде ал үстүнкү палубага чыгып, куду атактуу портреттеги Наполеон сыяктанып, катуу ойго баткан адамча эки колун артына алып басып калат. Стюарддан сурасам, ал убактысынын көбүн каютасында өткөрүп, чоң шахмат тактасын жазып алат да, ойнолгон партияларды текшерип, же шахмат маселесин ойноп отура берет деди.

Кантсе да жакындайын деген ниетимен Чентовичтин коргонуу тактикасы күчтүү болгонуна үч күн өткөндөн кийин ачуум келе баштады. Буга чейин мен эч качан көрүнүктүү шахматчылар менен жолугушкан эмес элем. Буга окшогон адамдарды билсем деген сайын алтымыш төрт ак-кара чарчыларга бөлүнгөн кичинекей аянтчага кадалган мээге ошончолук укмуштанып сезилет. Өз тажрыйбамда мага «король оюнунун» сырдуу кумары тааныш. Адам ойлоп чыгарган ал оюн кокустук дегенди эч билбейт, тагыраак айтканда, акылдын таланттуулугунун өзгөчө бир түрү гана жеңишке жетет. Бирок «оюн» деген тар мааниде түшүнүү шахмат үчүн баалабагандык эмеспи? Анткенн менен илим да, искусство да эмес. Мухамбет пайгамбардын табыты асман менен жердин-ортосунда илинип-калкып турган сыңары шахмат да алиги эки түшүнүктүн ортосунда калкыган нерсе. Бул оюнда карама-каршы түшүнүктөр бирге ширетилген. Бул эң байыркы оюн, ошону менен бирге түбөлүк жаш; негизинде механический болуп көрүнөт, бирок фантазиялуу баш гана жеңишке жетишет; геометриялык тар аянтчага кысылгансыганы менен комбинацияларынын чеги жок; тынымсыз өсүп-өзгөрүлүп турат, бирок эч натыйжа бербейт; жыйынтыгы жок ой, эсеп чыгарбаган математика, чыгармасы жок искусство, курулуш материалы жок архитектуралык курулуш. Бирок, не бир сонун кнтептер, адам ойлоп тапкан нерселер унутулуп калса да, бул оюн ушул кезде да күнү бүгүнкүдөй. Ушул оюн гана бардык элдерге, бардык доорлорго таандык. Эриккенге эрмек кылып, сезимдерди дүүлүктүрүп, көңүлдү көтөргөн бул оюнду жер үстүнө апкелген теңир ким экени эч жанга белгисиз. Мунун башталышы кайда, бүтөр жери каер? Мунун жөнөкөй жол-жобосун балдар да үйрөнө алат, мунун кызыгына не бир кудай ургандар да кумарланат. Бирок, сырдуу чарчысында жалаң шахматтык жөндөмү артык, теңдешсиз бөтөнчө чеберлер гана бөлүнүп чыгат. Математиктерге, акындарга жана композиторлорго башкача багыттагы башкача жөндөм кандай мүнөздүү болсо, шахматчы генийлерге учкул кыял, зерикпес тырышчактык, так техника ошондой эле мүнөздүү.

Мына эми өмүрүмдө биринчи жолу жанымда, бир кораблде, бар болгону алты каютадан кийинки каютада ошол кереметтердин бири — жеткен гений же мүмкүн табышмактуу акмак пайда болду. Психологиялык табышмактарды жандыруу башымы байлап, адат болуп алган мен шордуу аны менен таанышуунун амалын таппай кайсалайм. Ар түркүн амал-айланы ойлодум: кээде таасирдүү бир газета үчүн интервью сурамыш болуп, көөдөктүгүн кытыгылагым келди; кээде Шотландия боюнча акча көп түшөр турнеге чакырып, дүнүйөкор ач көздүгүн козгогум келди.

Акыры глухардын эркеги ургаачысын кантип чакырарын туурап, алдап колго түшүргөн аңчылардын амалы оюма келди: шахмат мастеринин көңүлүн буруш үчүн өзүмдү шахматчы кылып көрсөтүү ийгиликтүү болор деп ойлодум.

Мен шахматты эч качан чындап ойнобойм, бул оюн мен үчүн көңүл сергитүү гана. Эгер шахмат ойноп калсам, катуу ойлонуп, мээ чарчатуу үчүн эмес, оор жумуштан кийин эс алуу үчүн ойнойм. Чыныгы шахматчылар сыйкырын агытып ойнойт, мен ойлобой «ойнойм». Сүйүү сыңары шахмат деле түгөй издейт эмеспи. Пароходдо бул оюнга ышкылуу жан бар-жогун алигиче биле албай жүрдүм. Эгер бар болсо, аларды кызыктырып ийининен чыгарып алуу үчүн чылым тарткыч бөлмөгө жөнөкөй торумду жайдым. Татканткыч жем кылып, өзүмөн да начар ойногон аялымы каршыма отургузуп алдым. Анан ойлогондой эле, биз эки-үч жүрүш жасагыча оюнду карап турууга уруксат сурап, обол бир жүргүнчү, анан дагы бирөө келди. Көп өтпөй мени менен ойноону каалаган түгөй да өзү келип кабылды.

Ал Мак Коннор деген неме болуп чыкты, өзү жер алдындагы курулуштар боюнча инженер, мекени — Шотландия. Калифорнияда нефть скважиналарын буртулап, чоң байлык жыйганын уктум. Алибеттүү, балжагай бет, күрөк тиш неме экен. Вискини көп ичкендигин айгинелеп, өңү бышала; оюнга отурганы олдоксон, балбан көкүрөк, кең далы. Ал ташы өргө тоголонуп, менменсинген адамдардан экен. Андай адамдар болбогон эле эрегиштен жеңилип калса, намысына заг кеткендей болушат. Эч кимдин көзүн карабай, өз ишин өзү билген, максатына тайсалдабай тике барган бул лөкүйгөн адам өзүн ушунчалык мыктымын деп ойлойт экен, жолуна турган ар кандай бөгөт жинин келтирбесе да, намысын тепсегендей болот. Алгачкы эки партияны уткузуп коюп, Мак Коннор түнөрө түштү, эгер менин кокусунан жиберген байкоостугум болбосо мындай болмок эмес деп, өкүмдөнө түшүндүрө баштады. Үчүнчү жолу утулуп калганда тиги мейманканадагы чууга шылтады. Уттурган бир да партиясын реванисиз калтыргысы жок. Обол анын ала көөдөктүгүн, ызакорлугун мен тим эле шакаба чегип отурдум. Бирок дүйнөнүн чемпионун столго алдап келтирсем деген негизги максатыма жеткирер жалгыз жол ушул экенин ойлоп, тынчып калдым.

Үчүнчү күнү менин ойлогонум жарым-жартылай болсо да ишке ашты. Чентович биздин шахмат ойноп отурганыбызды үстүңкү палубага караган аллюминатордон көргөнбү же чылым тарткыч салонго да бир кирип, улуу урматын жугузуп кетейин дегенби, эмнеси болсо да, тиешеси жок адамдар анын оюнуна кийлигишип жатканын көрөр замат эриксизден жаныбызга келди, бирок өтө жакындабай сыпаалана оолагыраак туруп, тактабызды сынай карады. Мак Коннордун жүрүшү эле. Ал жүрдү. Биздин чала кокуй аракетибизде кызыгар эчтеме жоктугун Чентович ошол замат билди. Магазинде жаман детектив роман сунса, барактап көрбөстөн кол силккендей ал да бизден зериккенсип тескери бурулду да, салондон чыгып кетти.

«Көрдү да, арзыбаган иш экенине көзү жЖетти» —деп ойлоп калдым мен. Анын теңсинбегендей суз карашы менин да кабыргама батты. Ага кыжырланганымды бирөөгө чыгаргым келди да, Мак Коннорго:

— Сиздин жүрүшүңүз чемпиондун көңүлүн бура албады окшойт, — дедим.

— Кайсы чемпион?

Азыр салонго кирип, биздин оюнду жактырбай карап кеткен киши шахмат боюнча дүйнөнүн чемпиону Чентович экенин айттым. Намыстанып кембагалдарга келишпес асем, анын теңине албай кеткенине капаланбаңыз деп дагы кошумчаладым. Бул жөн эле айтылган сөздөрүм Мак Коннорго таптакыр башкача таасир бергенине таң калдым. Ал заматта делөөрүп, атактуу адам менен жакындашып калууну ойлодубу, алдыбыздагы оюнду таптакыр унутуп койду. Чентович жүргүнчүлөрдүй арасында келатканын ал билген эмес экен. Эми чемпион мени менен ойноор. Чемпион менен бир гана жолу, анда да, бир маалдагы кырк тактанын бири болуп ойногом. Антсе да ошол оюн абдан кызык болуп, аз жерден утуп ала жаздагам деп мактана баштады. Анан менден чемпион менен таанышсызбы деп сурады. Жок, тааныш эмесмин. Биз менен ойной аласызбы деп, сурасаңыз кантёт? Чентович таанышууну көп каалабайт экен дегенге шылтап, мен макул болбодум. Анын үстүнө, дүйнөнүн чемпиону үчүн бизге окшогон үчүнчү разряддагы оюнчулар менен ойноонун кайсы кызыгы болсун.

Мак Коннор сыяктуу өзүн жогору баалаган кишилерди үчүнчү разрядга кошууга болбойт экен. Ал ачуулана, чалкалап турду да, Чентович кантип джентльмендик чакырыктан качсын деп кызаңдады. Чентовичти өзү чакырмак болду. Суроосу боюнча мен эки-үч ооз сөз менен чемпиондун мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүн белгилеп бердим. Мак Коннор бүтпөй калган партияны ошол бойдон таштап, Чентовичти табыш үчүн үстүңкү палубага чыгып кетти. Эгер ушундай кең далы адам бир нерсени көздөп алса, жолунан кайтаруу таптакыр мүмкүн эмес экенин дагы бир жолу сездим.

Мен чыдамсыздана күтүп отурдум. Он мүнөт өткөндө Мак Коннор кайра келди. Байкашымда көңүлү чак эмес…

— Кандай? — деп сурадым.

— Сиздин айтканыңыз туура экен, — деди ал ызалана.Кишичилиги жок господин окшойт. Мен саламдашып, аты-жөнүмдү айтсам, ал колун сунуп да койгон жок. Эгер ал бир маалдагы оюн сеансына кичи пейилдик кылып ойноого макул болсо биз жүргүнчүлөр баарыбыз үчүн чоң сыймык, бактылуу болор элек деп түшүндүрүүгө аракеттендим. Бирок, ал кумсара мостоюп турду, дагы тилекке каршы, бул кыдырып жүргөн турнемин уюштуруучулары менен түзүлгөн келишим боюнча мен акысыз ойнобойм жана гонорарымдын эң азы ар бир партияга эки жүз элүү доллар дейт.

Мен күлүп жибердим.

— Тобо, фигураны ак чарчыдан карага жылдырыш мынчалык кирешелүү экенин ойлобопмун да. Анда сиз да сыпаа гана коштошуп жүрө берген чыгарсыз?

Бирок Мак Коннордун түрү сестүү.

— Матч эртең күндүзгү саат үчтө ушул тамеки тартуучу салондо болот. Ал бизди оңой эле талкалап жибере албас дейм.

— Кантип? Сиз анын эки жүз элүү долларына макул болдуңузбу? — деп таң калдым.

— Эмне үчүн макул болбоско? Бул анын кесиби да. Эгер менин тишим ооруп, пароходдун портунан дантист табылып калса, тишими ал бекер жулуп бермекпи? Бааны каалагандай көтөрүү анын иши эмеспи. Бул бардык жерде бирдей да. Кайсы кесиптеги мыкты адис болбосун, каныккан коммерсант келет. Мага болсо, сөздүн ачыгы жакшы. Чентовичиңизди бир оюнга кичи пейилдик кылып, бизди арзытып койсоңуз экен деп суранып, анан ыракмат айтууга да милдеткер болуп отургуча, шагыраган акчаны санап берсем табам канат. Биздин клубда бир кечте эки жүз элүү доллардан да көптү уттурган күнүм болгон. Бирок, дүйнөнүн чемпиону менен ойной элек болчумун. «Үчүнчү разряддагы» оюнчу үчүн Чентовичке уттуруу уят эмес.

«Үчүнчү разряддагы оюнчулар» деп жөн эле айтылган сөздөр Мак Коннордун намысына катуу тийгенине күлкүм келди. Антсе да, кымбатка түшкөн оюн мен кызыккан адам менен таанышууга шарт түзүп, тигил төлөп жаткан соң, унчукпадым.

Алдыда боло турган окуя тууралуу биз шахматка ынтызар дагы төрт-беш кишини кабардар кылдык да, матч үчүн өз столубузду гана эмес, башка жүргүнчүлөр оюнга жолтоо болбосун үчүн тегерегиндегилерди да бизге бошотууну талап кылдык.

Эртесн белгиленген саатта биздин топ бүт чогулду. Чемпиондун каршысындагы ортодогу орунга албетте, Мак Коннор отурду. Ал ачуу сигаретаны биринин артынан бирин тартып, улам-улам саатын карап, тынчы кетип отурду.

Чемпион бизди он мүнөт күттүрдү. (Досумдун аңгемесин эстеп, мен ушундай бирдеме болоруна көзүм жеткен эле). Кечиккени анын келишин ого бетер бараандатты. Ал камаарабастан калбаат басып, столдун жанына келди, биз менен учурашкан да жок. Бул адепсиздиги: «Менин ким экенимди билесиңер, а силердин ким экениңерди билүүгө мен кызыкпайм» — дегенин билдирип турду. Ошол замат ал ишкердүү түрдө шартын түшүндүрө баштады. Бир маалда бир топ тактада сеанс өткөрүүгө пароходдо шахмат аз болгондуктан силер бир жак болуп баарыңар кеңешип ойногула деди. Жүрүшүн жүрүп коюп, ал биздин кеңешибизге жолто болбос үчүн бөлмөнүн тиги бурчуна барып турмак болду. Биз анын жүрүшүнө жооп жүрүштү жүргөн соң, коңгуроо жок болгондуктан чай кашык менен стаканды шыңгыратабыз. Эгер каршылык болбосо, ар бир жүрүштү ойлоого көп болгону он мүнөт убакыт белгиленсин деди. Калтаарыган окуучулар сыяктанып, биз баарыбыз анын шарттарын бүт кабыл алдык. Чентович кара фигура менен ойномок болду. Ал тике туруп, биздин жүрүшүбүзгө жооп жүрүш жүрдү да, убадалашкан жерге барып, эриккендей стулга жайлана отуруп, сүрөттүү бир журналды карай баштады.

Бул партиянын кандай өткөнүн жазып отуруунун кажаты жок. Жыйырма төрт эле жүрүштө бизди таптаза утуп алды. Деги ушундай бүтөрү шексиз эле. Сол колу менен дегендей ойноп, дүйнөнүн чемпиону шахматты орточо, же таптакыр начар билген беш-алтообузду биротоло талкалаганында таң каларлык эчтеме жок. Бирок, силерди оңой-олтоң эле утуп аламын дегенсиген текеберлүү түрү баарыбыздын кыжырыбызды келтирди. Столго келген сайын атайылап манчыркай тактаны бир карайт, бизди тиги жыгач фигурадай көрүп деги көзүнө илип койбойт. Кылчайып карабастан жолбун итке сөөктү ушинтип ыргытат. Кичине сылыктыгы, адеби болсо, биздин жаңылыштыгыбызды көрсөтүп, жолдоштук сөзү менен көңүлүбүздү көтөрүп турат го деп ойлодум эле. Бирок ал оюн бүткөндөп кийин да шахматтын роботу сыяктанып ооз ачып сүйлөбөдү. «Мат» деди да, кыймылдабастан столдун жанында тура берди, дагы ойнойбузбу жокпу, ошону билейин деди окшойт. Адатымча мен бул адепсиз оройлукка каршы чыкпадым, акысын алары менен бул чемпион менен таанышканымдын бүткөнү болсун деп кубанганымды жаңсап билдирүүгө даярданып тура бермекчи болдум эле. Ушул учурда, кудай уруп, жанымда отурган Мак Коннор үн катып калды: «Реванш» — деп калса болобу.

Мак Коннордун үнүнөн чоочудум. Ал сыпаа джентльмен эмес, күч менен сокку урар боксерго окшоп турду. Чентовичтин теңсинбегенине жини келдиби же ызакор намысы чыдабадыбы, айтор, сырт кебетеси катуу өзгөрүп кетти: Чачынын түбүнө чейин кызарып, таноосу дердейип, чекесине тер чыбырчыктады, эрдин кесе тиштеп, урушчак короздой ээгин алга созгондо ортосу бырыша түштү. Рулетка ойноочу кумарчылар улам эселеп сайса да болбой жети-сегиз жолу катары менен утулуп калганда көздөрү алачакмактанып туталанар эле. Мунун түрү да ошондой болуп баратканын көрүп, тынчым кетти. Бул кумарга ууккан неме да жок дегенде бир партияны утмайынча же жөн, же эселеп сайып отуруп, бүт байлыгын уттуруудан кайра тартпастай жиндене баштаганын билип турдум. Эгер Чентович чындап ойносо Мак Коннор ал үчүн чын алтындын казынасы болуп бермек, Горизонттон Буэнос-Айрес көрүнгүнчө анын чөнтөгүнө нечен миң доллар түшмөк.

Чентович жанагысындай эле кыймылдабай турду.

— Ойносоңуз. мейлиңиз, — деди ал сылык гана. — Эми, мырзалар, кара менен силер ойнойсуңар.

Биздин топко улам кызыгып келгендер көбөйүп, уу-дуу күчөгөнү болбосо, экинчи партиянын биринчиден айырмасы деле болгон жок. Шахматтын фигураларын сыйкырдап, өз эркине багындырып алгысы келгендей, Мак Коннор тактага тигилди да калды. Тиги суз кабак кебелбеген душманыбыздын бетине «мат» деп бир эле кыйкырыш үчүн миңдеген долларын желге чачарын сезип турдум. Мына кызык, анын түнөрүп, ичинен күйүп-бышып жатканы баарыбызды кызытты. Ар бир жүрүштү баштагыдан да кызуулана талкуулап, Чентовичке сигнал бергиче талаша беребиз. Он жети жүрүштөн кийин биздин позиция укмуштай сонун боло түшкөнүн көрүп таң калдык: «с» пешкабыз четки катарга жетерине бир эле жүрүш калды… Азыр «с1» ге жылдырсак эле ферздүү болгону турабыз. Бирок, ишене албай тайсалдадык, анткени утууга ушундай ыңгайлуу шарт түзүлүп калганына көзүбүз жетпеди. Биздин бул артыкчылыгыбыз чынында оюндун өнүгүшүн нечен жүрүш алдын ала көрүп турган Чентовичтин тымызын жайган тору го деп шектенип турдук. Бирок, канчалык талкууласак да, абалды ар жагынан канчалык такырата карасак да арамзалык каеринде экенин таба албадык. Акыры он мүнөт убактыбыз бүтүп бараткан соң жанагы жүрүштү эле жүрүүгө тобокел кылдык. Мак Коннор пешканы кармап, акыркы чарчыга жылганы калды эле, аңгыча арттан бирөө анын колун акырын токтотту да:

— Кудай акы, анте көрбөңүз, — деген үн кадала чыкты.

Баарыбыз эриксизден артыбызга бурулдук. Бети чүтүрөйгөн, субагай, кырк бештер чамасындагы адам артыбызда турат. Бу кишинин бөтөнчө купкуу өңү мурун сейилде жүргөндө эле назарымды бурду эле. Кыязы ал азыр гана артыбыздан келип топко кошулган көрүнөт, мындай-тигиндей жүрөлү деп талашып отуруп, келгенин байкабаган экенбиз. Жабыла карап калганыбызды көрүп, ал шашкалактай сүйлөдү:

— Эгер пешканы ферзге чыгарсаңыздар, ал аны слон менен алат, слонду силер ат менен аласыңар, Анда ал пешкасын 47ге жылдырат да, ладьяңарга коркунуч туудурат. Ал менен шах бергениңерде деле баары бир партияны уттурасыңар, тогуз-он жүрүштөн кийин мат болосуңар. 1922-жылы Пистианда болгон турнирде Алехин Боголюбовго каршы ушуга окшош комбинацияны колдонгон.

Аң-таң калган Мак Коннор колунан пешкасын түшүрүп, бизге асмандан түшкөн периштени аңырайып карап калды. Тогуз жүрүштөн кийинки болор матты билүү эл аралык мелдештерге катышып жүргөн, эң жогорку жласстагы оюнчунун гана колунан келер иш эмеспн. Же бул адам да дүйнөлүк биринчилик үчүн күрөшкө белсенип, Чентович бараткан турнирге бет алган немеби? Эмнеси болсо да, капилеттен чыга калып, кыйын учурда кийлигишкени бизге укмуш эле көрүндү.

Биринчи болуп Мак Коннор эсине келди.

— Сиз кандай кеңеш бересиз? — деп антаңдап шыбырай сурады.

— Азырынча пешканы алдыга жылдырбагыла. Антпей коё тургула, адегенде королду q8 ден h7 ге жүрүп, коркунучтуу зонадан алып кеткиле. Ошондо каршы ойногон кишиңер чабуулун башка флангадан баштаары абдан ыктымал. Бирок анын чабуулуна силер ладьяны с8-с4 жылдырып жооп бересинер. Ошондо ал эки бирдей темпин, бир пешкасын, демек, артыкчылыгын жоготот. Ошентип, ойноп жаткан эки жакта ачык пешка пайда болуп. туура коргоно алсаңар, партияны тең чыгуу менен бүтүрүүгө жетише аласыңар. Ушул абалыңарда тең чыгуу силер үчүн эң сонун эмеспи.

Биз дагы селее каттык, Ушундай тез ой жүгүртүшү жана тактыгы таң калтырды. Ал жүрүштөрдү китептен окуп жаткансыды.

Ошентип, оюн анын кийлигишүүсүнүн натыйжасында ойдо жок багытка бурулду. Дүйнөнүн чемпиону менен тең чыгуу бизди делөөрүтүп салды. Тактаны көрүүгө бул кишиге тоскоол кылбоо үчүн сүйлөшүп алгандай баарыбыз тең кетенчиктей бердик.

— Демек, королду q8 ден h7 ге жүр дедиңби? — деп Мак Коннор кайра сурады.

— Сөзсүз. Азыр буйтап кетүү керек, бул эң башкы нерсе.

Мак Коннор анын айтканындай жүрдү, биз стакан шыңгыраттык. Чентович адатынча маалката жай басып келди да, биздин жүрүштү карап калды. Анан һ2 деги пешканы һ4 кө король флангасына жүрдү — биздин сырдуу жардамчыбыз так ушундай болорун билген эле,

Ал шыбырап турду:

— Ладьяны алдыга, с8 ден с4 кө. Ошондо ал эң обол пешкасын коргоого аргасыз болот. Бирок, анысы курулай далбас. Жолу ачык анын пешкасына көңүл бурбагыла, ат менен с3: c5 ти алгыла. Мына ошондо тең салмакташып каласыңар. Коргонгуча чабуулга өткүлө.

Ал эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнө албай турдук. Бул сөздөрүн кытайча айткандай эле болду. Мак Коннор башы байланып калгандай анын айтканын ойлонбостон аткарып жатты. Чентовичти чакырып, биз дагы стакан какгык. Мына ушул жолу ал жүрүш жасоодон мурун тактаны кадала тиктеп, ойлонуп калды. Акыры бейтааныш адамыбыз айткан жүрүштү жүрдү. Анан кетүүгө артына бурулду, бирок бир укмуш болду: Чентович биздин катарды бир сыйра көз жүгүртүп карап алды. Албетте, биздин арабыздан капилеттен ага мынчалык жигердүү каршылык көрсөткөн кишини билгиси келди окшойт.

Жүрөгүбүз дүкүлдөп, кабын жарып кетчүдөй болуп баратты. Мурун утууга көзүбүз жетпей үмүтсүз ойносок, эми Чентовичтин менменсиген суздугун майыштыра алабыз деген ойго делөөрүп алдык. Бир мүнөттү бекер өткөрбөй биздин дос жаңы жүрүштү айтты, Чентовичти чакыруу гана керек. Мен колум калтырап жатып, стаканды кактым. Мына ушунда биздин салтанат курар маалыбыз келген экен: Баятан бери тике туруп гана жүрүшүн жүрүп коюп кетип жаткан Чентович эми тез жүрө албай токтоп калды да, анан столго отура кетти. Ал столго акырын, бирок салмагын сала отурду. Мына ушундан улам биз бир деңгелдеги оюнчулар болуп калдык. Сырткы түрүнөн болсо да аны менменсинтпей бизди өзүнө тең көрүүгө аргасыз кылдык. Тактаны теше тиктеп, жүрүшүн ойлонуп, ал кыймылдабай отурду. Салмактуу кабагы көзүн жаап калгансыды. Катуу ойлонуп, оозун кичине ачып турганга өңү келесоо чалыш болуп көрүнөт. Ал беш-алты мүнөт ойлонуп отурду да, анан жүрүп, ордунан турду.

Ошол замат биздин дос күбүрөдү:

— Пат, Сонун ойлонулган. Бирок, силер анын ойлогонундай жүрбөгүлө. Алмашууга аргасыз кылгыла, Сөзсүз алмашуу керек. Ошондон кийин тең чыгуу камсыз болот, анын башка жүрүшү жок.

Мак Коннор анын айтканын жүрдү, Биз оюн ойнобой эле карап турган кишилерден болуп калдык. Фигураларды нары-бери жылдырышып жатышканын гана ажыратып турганыбыз болбосо, эки оюнчунун мындан кийинки айла-амалдарын түшүнө албадык. Чамасы жети жүрүштөн кийин Чентович саал ойлонуп туруп, бизди карады да: «Тең чыктык» — деди.

Бир тынымга тунжурай түштүк. Деңиздин шуулдаганы-күрүлдөгөнү да, коңшу мейманкана бөлмөсүндөгү раднонун үнү да, үстүңкү палубада басып жүргөндөрдүн шыбырты да, терезелерден шамалдын шуулдаганы да даана угулду. Биз кыймылдай албай селее катып, заматта ушундай укмуш болуп кеткенине калтаарыгандай болуп турдук. Партия утулуш жагына айланып калганда кайдандыр белгисиз жактан пайда болгон адам дүйнөнүн чемпнонун өз эркине баш ийдирип алат деген эмне! Бир гана Мак Коннор шуулдата дем чыгарып, чалкалай берди да, табасы кангандай «ырас болду» деген сөз оозунан чыгып кетти. Мен Чентовичти кайрадан кадала карап турдум. Оюндун аяк ченинде өңү кумсарып кеткенсиди эле. Бирок өзүн кармай билет экен. Баштагысындай кайдыгер түрүн жоготпой, тактанын бетинен колдойгон колу менен фигураларды шыпырып салды да:

— Үчүнчү партияны ойноону каалайсыздарбы, мырзалар? — деп сурады.

Үнү жөн-жай, иштиктүү чыкты. Бирок ал Мак Коннорду көзүнө илбей, бизди уттуруудан сактап калган алиги адамды карап турганы таң калтырды, Тажрыйбалуу чабендес үстүнө мичгенин ээрге отурушунан эле ат сезе койгон сымал, Чентович да чыныгы, жападанжалгыз каршы кишиси экенин билип койду. Биз да жабыла белгисиз адамды карап кглдык. Бирок, ал жооп бергиче болбой, өпкөсү көөдөнүнө батпай көөп турган Мак Коннор озунуп бакылдап жиберди:

— Албетте Сөзсүз. Бирок, эми бул господин ойнойт, Чентовичке каршы ал өзү жалгыз ойнойт.

Мына ошондо ойдо жок нерсе болду. Үстүндө эчтемеси калбаган тактаны алиге чейин кадала тиктеп турган чоочун адам бул чечкиндүү чыккан үндү угуп селт этип кетти. Баарыбыз аны карап турганыбызды көрүп, оңтойсуздана түштү.

— Жок, мырзалар, эч качан… мүмкүн эмес…деди ал мукактана алактап. — Менсиз эле ойной бериңиздер… Шахматка кол тийгизбегениме жыйырма, жок, жыйырма беш жыл өттү… Сиздердин оюңуздарга уруксатсыз кийлигишкеним, канчалык адепсиздик кылганымы эми гана түшүндүм. Бул осолдугум үчүн кечирип коюңуздар. Эми мен сиздерге жолтоо болбойм.

Ал ушинтти да, биз эсибизди жыйгыча артына бурулуп, бөлмөдөн чыгып кетти.

— Кантип, мүмкүн эмес! — деп кызууланган Мак Коннор столду муштагылап бакылдап калды. — Жыйырма беш жылдан бери ойнобогону таптакыр мүмкүн эмес. Ал ар бир абалды, ар бир маневрди, аз болгондо беш-алты жүрүштү мурда көрүп турбадыбы. Муну жоктон ойлоп чыгара албайт да адам. Укмуш го бул өзү, чынбы ыя?

Акыркы суроосун Мак Коннор эриксизден дале мостоюп турган Чентовичке карап айтып калды.

— Ал жөнүндө мен эчтеме дей албайм. Эмнеси болсо да, бул господиндин ойношунда адаттагыдан тышкары кызыктуулук бар экен, Ошондуктан мен атайы оюндун өнүгүшүн анын эркине койдум, — деди да ордунан ныксырай туруп, супсак сүйлөдү: — Бул господин, же сиздер, мырзалар, эртең дагы бир партия ойноону кааласаңыздар, саат үчтөн тартып мен сиздердин карамагыңыздарда болом,

Биз эриксизден тымызын жылмайдык. Чентович алиги биздин бейтааныш жардамчыбызга айкөлдүгүнөн эмес, чындап эле уттуруп коё жаздаганы баарыбызга түшүнүктүү. Анын азыркы шылтоосу жеңилишин жаба албай балача кылган далбасы экени ачык эле билинип турду. Биз эми кебелбеген текеберчилиги биротоло жоголуп, анын уят болушун көргүбүз келип турдү.

Биз, бекерчи саякатчылар, эми намыздана ээлигип алдык, Океандын ачык бетинде биздин пароходдо чемпиондон биринчилик тайып, телеграф агентстволору бүт дүйнөгө жаярын ойлоп, өпкөбүз көөп турдук. Ал аз келгенсип, алиги периштенин жок жерден пайда боло калтаны, башыбызга кыйынчылык түшүп турганда оюнубузга кийлигишкени, анан корунчактыгы менен тиги профессионалдын кебелбеген текеберлиги ортосундагы карама-каршылык бизди ого бетер ээлентип кызыктырды, Бул белгисиз адам ким болду экен? Балким, алиге чейин белгисиз келген шахмат генийи биздин көз алдыбызга капилеттен чыга калгандыр? Же кандайдыр бир себеп менен ушул убакка чейин атын жашырып келген атактуу мастерби?.. Улам бир божомолго такалып, кызуу сөз кылып жаттык. Анын түшүнүксүз тартынчактыгын, көп жылдан бери ойногон эмес элем деп күтпөгөн жерден айткан сөзүн эстегенде бизге не бир божомолдор да укмуш көрүнбөй калды. Анын баарын ачык көрүнгөн чеберлигине салыштырып жаттык. Акырында баарыбыз турнирдин дагы уланышын каалап, ошого макул болдук. Бар аракетибизди жумшап, алиги чоочун адамды эртең Чентовичке каршы ойноого көндүрүш керек деген бүтүмгө келдик. Мак Коннор чыгаша болор каражаттарды бүт төлөмөй болду. Стюарддан алиги киши австриялык экенин уккан элек, ошол үчүн мени мекендеши катары, тобубуздун суроосун ага жеткирүүгө элчи кылышты.

Аны табууга мен көп убара болбодум, Үстүңкү палубадагы шезлонгго чалкасынан түшүп алып, китеп окуп жаткан экен. Ушунусунан пайдаланып, кебетесин жакшылап карадым. Жаздыкка чыканактап жаткан калыбында өңү мага аябай чарчагандай көрүндү. Али жаш сыяктанган жүзүндө кызылы жоктугуна таң калдым. Саамай чачы чүпүрөктөй купкуу. Эмнеден экенин билбейм, бирок убагынан мурда картайып кеткенсиди. Жакын бардым эле, ордунан сылык тура калып, ысымын атады. Бул ысым эски Австрияда чоң кадырга ээ болгон үй-бүлөгө таандык эле. Ошол үй-бүлөнүн бир мүчөсү Шуберттин жакын досу болгону, дагы бири эски императордун ордолук врачы болгону эсиме түштү. Чентович менен ойноңуз деп суранып, мен баарыбыздын өтүнүчүбүздү айтканымда доктор Б. аң-таң калды. Ал дүйнөнүн чемпиону менен жанагыдай сонун ойногонун билген эмес экен. Менин кабарым ага эмнегедир катуу таасир этти. Азыркы ойногон адам эл аралык мелдештерден чыгып жүргөн атактуу шахматчы экенине көзүңүз жетеби жокпу, деп ал менден кайра сурап жатты. Ошондон улам, бул абал менин жумушумду да жеңилдетерин билдим, анткени абдан сыпаа, тарбия көргөн киши менен сүйлөшүп отурганымы ойлоп, эгер ал уттуруп койсо, акчаны Мак Коннор төлөөрүн айтпадым. Кичине тарткынчыктап туруп, доктор Б, матчка катышууга макулдугун берди. Бирок, утат деп мага көп эле ишене беришпесин, жолдошторуңузга айта барыңыз деп сурады.

— Анткенимин себеби, — деди ал,кандайдыр укмуштуу күлүмсүрөп, бардык эрежелери менен ойной аламбы, жокпу, аны билбейм. Жана мен гимназиялык чагыман бери, башкача айтканда, жыйырма жылдан ашуун убакыт шахматка колум тийбегенин калп сыпаалыктан айтпадым, ишенип коюңуз. Атүгүл ал кезде мен шахматчы катары анчалык деле көрүнүктүү неме эмес болчумун

Бул сөздөрү эч кылыктануусуз жөпжөнөкөй айтылып, чындыгына шек коё албадым. Анткен менен, жана ар кандай мастерлердин оюндарындагы эң майда нерселерге чейин эскерип, укмуштай так ойногонуна таң калганыбызды айтып, кыязы, сиз шахмат оюнунун теориясын көп убакыт үйрөнгөнсүз го десем, доктор Б. дагы жанагысындай кызык күлүмсүрөп койду.

— Көп убакыт дейсизби? Ал чын. Мен шахматка абдан көп убактымы зарп кылдым. Бирок, ал өзгөчө, таптакыр башка шартта болгон деп айтар элем. Ал өзү абдан чаташкан иш, азыркы сонун доорубузга иллюстрациялуу повесть боло алар эле. Балким, жарым саатка чыдап уга аларсыз?..

Орун алыңыз дегендей жанындагы шезлонгду көрсөттү. Мен ынтаам менен макул болдум. Жакын жерде эч ким жок эле. Доктор Б. көз айнегин алып жанына коюп, сөзүн баштады:

— Веналык турбайсызбы. Менин фамилиямы билгениңиз жакшы экен. Бирок, обол атам экөөбүз, анан жалгыз өзүм башкарып турган юридикалык мекемени билбестирсиз. Биз газетага чуу салар ишке киришчү эмеспиз. Жаңы клиенттерден оолак жүрчүбүз. Чынын айтканда, хадимки юридикалык иштерди иштебей, бай монастырлардын байлыгын башкарып, юридикалык кеңешибизди гана берип турчубуз. Башка клеринкалык партиянын депутаты болуп келген атам, монастырлар менен тыгыз байланышта эле. Анан башка да, — муну эми ачык айта берсе болот, монархия тарыхтын энчисине кетпедиби, император үйүнүн кай бир мүчөлөрүнүн капиталдарын башкаруу да бизге ишенилген.

Бир таякем императордун өз доктору, экинчиси Зейтенштат менен болгон байланышы ата-бабаларыбыздан башталган экен. Биз эми ошол байланышты гана сактап, колдоп туруучубуз. Клиенттердин бизге ишеними илгеркиден калып, аны менен бирге татаалдыгы жок, тынч милдет да ата-бабадан калган мурас эле. Бизден сактык, ишенимдүүлүк талап кылынчу, ал касиет атамда толук бар болчу. Инфляция жылдары жана өтмө мезгилинде биздин клиенттердин көп байлыктары атамын сактыгынан гана аман калган. Анан Германиядагы бийликти Гитлер басып алып, чиркөөлөр менен монастырлардын байлыктарын тартып алуу башталды. Чек арадан нары жакта жок дегенде козголмо мүлктү конфискациядан аман алып калуунун кай бир аракети болду. Сүйлөшүүлөр биз аркылуу жүрүп, императордун үйү менен Ватикандын ортосундагы келишимдер атам экөөбүзгө гана белгилүү болучу. Эми ал эч качан жарыя кылынбайт, Биздин мекеме аты-жөнү белгисиз жашыруун, эшигибиздин үстүндө көрнөк да жок болучу. Монархиялык чөйрөдөн чет экенибизди атайы билдире жүрчүбүз, ошонубуз бизди жадаткан көп суроолордон калкалап турчу. Ушул жылдары императордун үйүнөн төртүнчү карапайым мекемебизге артыкча маанилүү далай каттар келип, жооп кетип турганын Австриянын өкмөтү билген эмес.

Нацисттер бүт дүйнөгө курал көтөрүп чыгардан мурун эле бардык коңшулаш өлкөлөрдө сандан чыккан, четте калган, ыза көргөн адамдардын башын курап, өз армиясындай машыктырып, коркунучтуу аскерлешкен уюшмаларды түзө баштаганы белгилүү эмеспи. Алардын бул ийрим деген немелери ар бир мекемеде, ар бир ишканада болуп, Шушниг менен Дольфустун жеке резиденциясынан баштап, бардык жерде шпиондору, тыңчылары жүргөн, Алардын агенти биздин мекемеде да бар экен, курган жаным аны кийин билип калбадымбы. Ал оңбогур колунан эчтеме келбеген бир шордуу кызматчы сөрөй эле. Мекемебиз чыныгы ишкердүү кейпте болсун деп, бир поптун көрсөтүүсү боюнча алган элем. Биз ага эң жөнөкөй иштерди тапшырчубуз: телефон чалгандарга жооп берет, папка-папкага кагаздарды бөлүштүрүп салып турат. Албетте, ал кагаздарда маанилүү эчтеме жок боло турган. Келген почтаны ачууга анын акысы жок. Айрыкча маанилүү каттарды өзүм бечеттеп, копиясын калтырбайм. Бардык негизги документтерди өз үйүмө бекитип, жашыруун сүйлөшүүлөрдү монастырда, же таякемдин врачтык кабинетинде гана жүргүзөм. Ушундай сактыгыбыздан алиги бизге коюлган шпион эчтемени биле албады. Бирок, байкоостон кеткен бир кокустук бул мансапкор неменин көзүн ачканбы, иши кылып, биз ага ишенбегенибизди, андан көмүскө не бир кызыктуу иштер болуп жатканынан шек алып калган экен. Же мен жокто келген чабарман убадалашкан «барон Берн» дегендин ордуна «таксыр» деп байкоостон оозунан чыгып кеткенби. Же ал оңбогур бизге көрсөтпөй каттарды ачыл окуп жүргөнбү. Эмнеси болсо да, мен шектенгиче ал биздин артыбыздан аңдууга тапшырма алып, Берлиндегилерби, же Мюнхендегилерби, ага мандат бериптир. Башта ныксыраган жалкоо неме, кийинки айларда аябаган дилгир иштерман болуп кеткен, мен муну кийин камалганымда ойлоп жүрөм. Ал ар качан каттарды жөнөтүүгө дилгирленип калчу болгон. Анча-мынча байкабастыктан алдырып койдум. Бирок, андай болгондо, Гитлер мен эмес, биздин доордун нечен генералдары менен дипломаттарын алдап башынан аттап кеткени жалганбы. Гестапо менин артыман катуу аңдып калган экен. Анысы мындан эле ачык көрүндү: Шушниг тактан баш тарткан күнү кечинде, Гитлер Венага киргенден бир күн мурун эсэсчилер мени камакка алышты. Кудай жалгап, радиодон Шушнигдин коштошуп жаткан сөзүн угарым менен артыкча баалуу документтерди өрттөп, монастырлар менен эки эрцгерцогго тиешелүү чет мамлекеттеги баалуу кагаздарга берилген тил каттарды кошуп, бир топторун кир-гок салынган себетке салып, ишенимдүү экономкам таякемдикине жеткире койгон эле. Ушунун баарын гитлерчилер каалгамды талкалап кирип келатышкан акыркы мүнөттө бүтүрө салдым.

Доктор Б. аңгемесин токтото коюп, сигара тартты. Күкүрттүн жарыгында оң уурту диртилдеп турганын көрдүм. Бул көз илешпес дирт эте калганын жана эле байкаган элем. Анысы ар бир эки үч мүнөттө бир кайталанып, өңүн ого бетер гынчсыздандырып көрсөтөт.

— Эски Австрияны жактоочулардын бардыгын концентрациялык лагерлерге айдап, аерде кыйнап, кордоп жатышпадыбы. Ошону айтат деп тургандырсыз. Мени антишпеди. Мен өзгөчө категорияга кошулдум. Гитлерчилер ар түрдүү жолдор менен кыйнап байкуштардан жинин чыгарышты го. Мени аларга кошпой үркөрдөй болгон топко кошту, нацисттер алардан акча, же башка маанилүү нерселерди сыгып алмакчы. Жеке өзүм, албетте, гестапо үчүн кызыгарлык жан эмес элем, Бирок, атам экөөбүз алардын каардуу душмандарынын ишенимдүү кишилери болуп, мүлктөрүнө опекун экенибизди туюп калышса керек. Бет ачар документтерди берсем, капиталдарды бекиткен деп, алар монастырларды айыпка жыкмакчы,мени ошого аргасыз кылмакчы болушту. Император үйүнө жана монархияны жактаган башка адамдарга каршы жазылган материалдарды да алар менден алгысы келди. Биздин карамагыбыздагы фондунун көп бөлүгү бекем бекитилип, алардын колу жетер жерде эмес эле,ушуну туюп калышты. Ошол үчүн мени биринчи эле күнү камакка алып отурушпайбы. Көрсө, сыналган амалдары менен менден керектүү маалыматтарды алууга үмүттөнүшкөн экен.

Ушул себеп менен акча, же маанилүү документтер чыга турган менин тобумдагы адамдар концлагерлерге айдалбады. Балким, эсиңиздедир, биздин канцлер менен барон Ротшильд да тикендүү зымдын ичиндеги лагерде отурган эмес, анткени нацисттер алардын туугандарынан миллиондогон акча алууну ойлошкон, кайра аларга артыкча шарт түзүлүп, «Метрополь» отелинен ар кимисине өзүнчө бөлмө беришкен. (Ошол эле отелде гестапонун штабы бар болучу). Аларга караганда мен кичинекей адам болсом да, ошондой эле «сыйга» туш болдум.

Отелде жекече бөлмө алуу деген чынында гумандуу угулат го? Бирок, ишенип коюңуз, алар бизге адамдык шарт түзүүдөн алыс экен. «Көрүнүктүү аламдар» болгон бизди бөлмөсүндө жыйырмадан адам сыгылышкан суук баракка тыгып таштоонун ордуна мейманканадагы жылуу бөлмөлөргө жайгаштырышты, Бирок, мунусу тымызын митаамдык экен. Керектүү маалыматтарды алыш үчүн бизди уруп-сокподу, кыйнабады, жарык дүйнөдөн биротоло бөлүп салып, кылдат-куу амал колдонушту. Бизге тийбеди. Жалгыздык адамдын дилине катуу таасир этерин билип, баарыбызды жалгыз-жалгыздан камап салышты. Бизди сырткы дүйнөдөн биротоло ажыратып таштасак, аяз менен таяксыз эле жалгыздыкка ичи кайнап бук болгондо өздөрү тезирээк айтып берет деп ойлоптур алар.

Бир караганга мен жаткан бөлмө анчалык жаман көрүнчү эмес; каалга, стол, керебет, жуунгуч, темир тордуу терезе. Бирок, каалгасы күндүр-түндүр кулптануу: стол үстүндө китеп, газета, карандаш, кагаз дегенден эчтеке жок; терезеден кирпич дубал гана көрүнөт. Өзүм жападан жалгызмын. Жаныман баарын алып коюшкан: убакытты билбесин деп саатымды, жазбасын деп карандашымды, кан тамырын кыркып өлбөсүн деп калем учтагыч макимди, атүгүл, эрмек болор бейкүнөө сигареттерими да алып коюшкан. Адам затынан көргөнүм жалгыз надзиратель гана. Бирок мени менен сүйлөшүүгө, менин суроомо жооп берүүгө ага тыюу салынган. Мен адам жүзүн көрбөйм, адамдын үнүн укпайм, таң аткандан кеч киргиче көзүм көрөр, кулагым угар, сезимим сезер эчтеме жок. Жападан жалгызмын, жанымда стол, керебет, терезе, жуунгуч болуп, төрт-беш жансыз нерселер бар. Скафандра кийип, океандын түбүнө түшкөн суучул кокус кайра тартып алар арканы үзүлүп, кулак-мурун кескендей ың-жың тумчуктурган түпкүрдөн эч качан кайра чыкпасына көзү жеткендей мен да жалгыздыкта тумчугуп жаттым.

Эчтеме кылбайм, эчтеме укпайм, эчтеме көрбөйм. Айрыкча түнкүсүн кайсы убак экени белгисиз бир ээндикте тумчугам. Нары басам, бери басам, ой-кыялым артыман калбай ээрчип жүрөт… Нары-бери, нары-бери. Бирок, ойго да кандайдыр таяныч керек го, болбосо өзүн өзү тегеренип айлан көчөк боло берет. Курулай ой жүгүртө берүү да болбойт.

Эртеден керели кечке бирдеме болот дегенсип күтө бересиң, бирок, эчтеме болбойт. Кайра күтөсүң, дагы күтөсүң — эчтеме жок. Ошентип күтө бересиң, күтө бересиң, күтө бересиң..‚ ойлой бересиң, ойлой бересиң, ойлой бересиң. Акырында мээң зыңкылдап ооруп чыгат. Эчтеме жок, жалгыз өзүң, жалгыз…

Ушинтип эки жума өттү, Мен убакыттан, турмуштан четте жашап жаттым. Эгер согуш башталган болсо, аны да эч качан билмек эмесмин: менин дүйнөм — стол, керебет, терезе, жуунгуч, төрт дубал гана. Дубалдын бетине капталган кагазды караган сайын бирөө болот кескич менен мээме оймо-чийме сүрөттөрдү кесип-сызып жаткансыйт.

Акыры сурак башталды. Күтүүсүз жерден чакырып алышат, күнбү, түнбү — билбейсиң. Далистен далиске өтүп, каякка баратканың белгисиз. Анан бир жерде күтүп турасың. Акырында формачан адамдар отурган столдун алдына барып туруп каласың. Стол үстүндө кат-кат кагаз, документтер жатат, аларга эмне жазылганы да белгисиз. Анан суроо жаадырышат: керектүүсү да, кереги жогу да, түз да, анткор да, арамза да, жайкаган жакшы суроолор да, арт жагында жайган тору бар суроолор да берилет. Жооп берип турасың, а тигинде караниет чоочун колдор кагаздарды барактап жатат, аларда эмне жазылганын да билбейсиң, оозуңан чыккандарды тиги кара ниет чоочун кол жазып жатат, бирок, эмне жазып жатканын да билбейсиң. Менин мекемемде жүргүзүлгөн иштерден гестапого кайсылары белгилүү, эми кайсыларын билгиси келип жатат — мен ушуну билбей кыйналам. Таякеме эң маанилүу документтерди так камалар алдында экономкаман берип жибергем деп жача айттым эле го. Таякем ошол документтерди алды бекен? Алиги мендеги тыңчы кызматчым эмнелерди билип жүрдү экен? Кайсы каттарды кармап алды экен? Биз ишин жүргүзгөн монастырлардын кайсынысындагы келесоо чалыш попту суракка алганда булар эмнени билип алышты экен?

Алар сурай беришет, сурай беришет. Тиги монастырь үчүн мен кандай баалуу кагаздарды сатып алдым эле? Кайсы банктар менен иш байланышым бар эле? Баланчаны билемби, жокпу? Швейцария менен, же дагы кайсы жер менен кат алышып турчу элем?.. Булар эмнеден кабардар, мен өз жообум менен өз башыма кандай балээни үйүп жатам — ушуну билбей куруйм. Кокус булар биле элек бирдемени мойнума алсам, байкоостон дагы кимди чеңгелине салып берем?.. Же баарын тана берип, өзүмө эле зыян кылып жатамбы?

Бирок, сурак да анча эмес. Баарынан жаманы — сурактан кийин баягы стол, баягы керебет, баягы эле обойлору бар, баягы эле жуунгучу бар ээн бөлмөгө кайра баруу. Жалгыз каларым менен суракта болгондорду кайтадан ойлой баштайм. Алардын суроосуна жанагыдан дурусураак кандай жооп бериш керек эле, азыр суракта байкоостон оозуман чыгып кеткен баландай сөздү оңдош үчүн эмки суракта кандай жоопту берсем — ушуларды ойлоно берем.

Баарын оюмда кайрадан тизмектеп өтөм, текшерем, тергөөчүгө айткан ар бир сөзүмдү салмактайм, анын суроолорун өзүмүн жоопторуму кайрадан эске түшүрөм. Биле албасыма көзүм жетип турса да, айткандарымдын кайсылары протоколго жазылды экен деп ойлой берем. Иши кылып, жалгыз каларым менен ойлорум түрлүү божомолдорду таап, башкача такат албай тегерене баштайт, уйкуму да ууктурат.

Ар дайым гестаподогу сурактан кийин андагы азап менен тозокту кайра жаңыртып, өз ойлорум аёосуз ишке киришет. Тергөөдөн да ушул жаман болучу, анткени — тергөө канткен менен кандайдыр бир убакыттын ичинде бүтөт, ал эми ырайымсыз жалгыздыкка камалган мээде анын кайра-кайра кайталанышы түк бүтпөйт, Тегерегимде баягы эле стол, комод, керебет, обой, терезе. Алаксытар эчтеме жок. Же китеп, же журнал, же бир жаңы адам, же чиймелөөгө калем, же салаамда тегеретип эрмектөөгө ширеңке болсочу… Эчтеме жок, эчтеме.

Отелге жалгыздап камоонун бул ыгы адамдын психологиясын билген кандай мыкаачылык менен курулганын мен ошондо толук түшүндүм. Концлагерде колуңан кан чыгып, буттарың батинкенин ичинде тоңуп калгыча таш ташууга, сасык, суук, тар бөлмөдө өзүңө окшогон шордуулар менен тыгылышып жатууга туура келет. Бирок тегерегиңде адамдар, мейкиндик, көз токтотор кол араба, дарактар, жылдыздар болор эле… Мындачы… айланаңда эч өзгөрүү жок. Ошондой эле, булаңгыр элес-кыялдарым да, көк мээ неменикиндей ойлорум да эч өзгөрбөйт. Өз ойлору өзүн муунтсун деп, алардын аракети ушул тура, Ошондо керек деген нерселердин баарын, документтерди да, адамдарды да айтып бергенден башка аргам калмак эмес.

Жалгыздыктын кысымына чыдабай нервим күчтөн тайып баратканын акырындап сезе баштадым. Антсе жаман болорун билип, күчүмүн барынча кармандым, акылдан ажырабаска тырыштым. Эмне менен болсо да көңүлүмдү алаксыткым келди. Ырларды жатка айтып, качандыр бир кезде билгендеримдин баарын кайра эстөөгө далбас урдум. Элдик ырларды, бала чакта үйрөнгөн ырларды, мектептеги чагымдагы Гомерди, Граждандык закондор жыйнагын эске түшүрүүгө аракеттендим. Анан арифметикалык эсептерди чыгара баштадым, оюмда ар түрдүү сандарды кошом, бөлөм, бирок бул жерде сезимим жармашар эч нерсе жок. Мен эми эчтемеге көңүл токтото албай турган болдум. Мээме баягы эле ой кирет да, чарк айлана баштайт: Алар эмнени билип калышты экен? Кече эмне дедим, эмки жолу эмне айтышым керек?..

Жазып жеткире албас ушундай абалда төрт ай жаттым. Төрт ай деп жаза коюш оңой, бар болгону алты тамга, айтуу да оңой, бар болгону эки муун. Эки секундада ооздон ыргып чыгат: төрт ай! Бирок, убакты-чеги жок бул мезгилдин түбөлүктөй узак созулганын ким өлчөп, ким камтып бере алат? Муну айтып да, жазып да бере албайсың, жалгыздык кантип адамдын түбүнө жетерин түшүндүрүп бериш колдон келбес иш.

Кай бир майда-чуйда белгилерден улам мээм кадимкисиндей болбой баратканын байкап, эсим чыгат. Алгачкы күндөрү суракка оюм дапдаана болуп барар элем. Жоопту шашпай, сактанып берип, эмнени айтып, эмнени айтпоо керек экенин билип турчу элем. Эми болсо, эки көзүм тиги айткандарымды кагаз бетине түшүрүп чуркаган учка байланып, жөнөкөй сөздөрдүн башын курай албай мукактана берем, өз сөздөрүмүн артынан жүгүргүм келет. Эс-акылымды жоготуп баратканымды сездим, Жанымды аман сактап калыш үчүн билгенимди бүт, балким, андан да көп нерселерди айтып берер кез жакындап келатканын билип жүрдүм. Ушул тумчуктурган жалгыздыктан кутулуш үчүн он эки кишини бирдей, алардын жашырын сырларын кошо айтып беремби, анда табар пайдам кайсы? Көп болсо, бир аз убакка эркиндик алармын…

Бир күнү кечинде коркуп жүргөнүмдөй иш болду. Надзиратель оокат апкелди эле, жаным кашайып турган мен артынан кыйкырдым:

— Мени тергөөчүгө алпарыңыз! Баарын мойнума алам! Кагаз менен акчалар каерде экенин бүт айтып берем! Аларга баарын айтам! Баарын!..

Бирок, бактым бар экен,ал укпады, же уккусу келбеди окшойт.

Мына ушинтип, чыдамым майышып, үмүтүм үзүлүп турган чагымда таптакыр ойдо жок иш болду. Убактылуу болсо да, бул кыйноодон алаксытар окуя болду. Июлдун аяк чени эле. Күн каарына алып түнөрүп, жамгырын төгүп турат. Мунун баары эсимде. Анткени суракка алып бараткан далистин терезелерин жамгыр черткилеп турган. Наркы бөлүмдүн оозгу бөлмөсүндө көпкө күтүп туруп калдым. Сурак алдында ар дайым көпкө зарыктырып күттүрө турган амал таап алышкан. Түн ортосу ченде капысынан ойготуп, эсиңи чыгарат, анан эсиңи жыйып, боюңу токтотуп, сыноого бел байлап, эркиң менен акылың каршылашууга даяр болуп калганда каалга ачпай күттүрүп, эки-үч саат зарыктырат. Минтип тунжураган ээн тамга тургузуп коюп, алар дениңи да, дилиңи да чарчатууну ойлошчу. Ошол бейшемби күнү, 27-июлда — бул күндү айрыкча эстеп калганыма бөтөнчө себептер бар — мени аябай көп күттүрүштү. Саат эки жолу какты, мен оозгу тамда какыйып тура бердим. Отурууга түк уруксат беришпейт — бул айтпаса да белгилүү; эки саат ичинде буттарым тим эле жыгач болуп зыңкыйып катып калды. Бөлмөнүн дубалында илинүү календарь бар экен. Басмага басылган, же кол менен жазылган нерсени ушунчалык сагынып калыпмын, тим эле айтуу кыйын. «27-июль» деген сан менен тамгаларды кадала тиктеп тура берипмин. Мен аларды көзүм менен жеп жаткансыдым. Анан каалганы тиктеп, качан ачылат деп күтүп калдым, дагы күттүм, көпкө күттүм. Инквизиторум бул жолу кандай суроолорду беришерин божомолдойм, жооп даярдайм, бирок алар таптакыр башкача суроолорду берерин билип да турам. Мейли, кандай болсо андай болсун, жаным кейисе да, чарчасам да өз бөлмөмдө эмес, башка бөлмөдө турганымда ыраазымын. Бул бөлмө меникинен саал чоңураак экен, эки терезеси бар, керебети, жуунгучу жок, бөлмөмдө миллион жолу көргөн терезе тактасындагы жаракалар мында жок экен. Каалгасынын да түсү башка. Дубалдын түбүндө башкача кресло турат. Сол жакта кагаз салынуучу чакан шкаф, андан бери кийим илгич. Анда суу болгон үч-төрт шинель илинип турат. Бул кыйноочуларымдын шинелдери. Арааны ачылган көзүмө жаңы көрүнүш болуп, баарын майда-чуйдасынан бери тирмийип карап жаттым.

Шинелдеги ар бир катталыштан бери карайм. Биринин суу болгон жакасынан тамчы салаңдап турганың да көрдүм. Сиз, балким, күлөрсүз, ушул тамчы качан тамар экен, же жердин тартуу күчүнө моюн бербей ордунда кала берер бекен деп толкундана күтүп турдум. Чын сөзүм, бул тамчы тамчы эмей эле менин өмүрүм сыяктанып, далайга дем чыгарбай карап турдум. Акыры тамчы төмөн тоголонуп кетти. Мен анан шинелдердеги топчуларды санай баштадым: биринде сегиз, экинчисинде да ошончо, үчүнчүсүндө он экен. Анан чин белгилерин салыштыра баштадым. Ушул болбогон нерселер ачыккан көзүмдүн кычуусун кандырып, ого бетер ачыркантып жатканын айтып-айтпай не… Аңгыча, бир шинелдин жан чөнтөгү кичине төмпөйүп турганын байкап калдым. Эриксизден жакындай бердим. Чөнтөктүн төрт бурчтанып төмпөйүп турганынан ичиндегиси китеп го дедим. Тизем калтырап кетти. КИТЕП!

Колума китеп кармабаганыма мына төрт айдын жүзү болот. Сөздөр сапка тизилип, саптар бетке жайгашып, беттер басма табактарды толтуруп, акырында китеп болуп чыгат, анын ичинен мурда билбеген идеялар табылат деген ойдун өзү эле ээликтирип, башымы айлантып баратты.

Көзүмүн оту менен күйгүзүп жибере тургансып, арбап салгансып, төмпөйүп турган чөнтөктөн көз албай тура бердим. Акыры чыдабадым. Шинелдин сыртынан болсо да китепке кол тийгизе алар элем дегенге колум калтырап кетти. Эмне кылып жатканымы ойлонбостон  шинелге дагы жакын жылдым. Кудай жалгап, менин кыймыл-аракетиме надзиратель көңүл бурбады. Эки саат тикесинен турган адам дубалга сүйөнгүсү келген го, анан кантсин деп ойлоду көрүнөт, Ошентип, шинелдин такай түбүнө барып калдым. Надзирателге байкатпай шинелди сыйпалаш үчүн колуму артыма алдым. Анан чөнтөктү кармалап көрдүм: чын экен, ичинде төрт бурчтанган жумшак шуудураган нерсе жүрөт,китеп, китеп! Бир убакта мени бир ой азгырды: «Уурдап ал ушул китепти. Эгер уурдап алуу колуңан келсе, камераңа катып коёсуң да, окуй бересиң, окуй бересиң, окуй бересиң. Жадабай дагы окуй бересиң». Мээме ушул ой түшөрү менен укмуштай иштей баштадым. Кулагым чуулдап, жүрөгүм дүкүлдөп, салааларым муздап кыбырабай калды. Бирок бат эле кайра каруума келдим да, акырын шинелге жөлөндүм, анан надзирателди бакчайып тиктеген бойдон чөнтөктөгү китепти өйдө түртүп чыгара баштадым. Улам өйдөлөтүп түртө бердим… анан чөнтөктөн чети чыкканда акырын сууруп алдым. Чакан форматтагы китепти колума кармадым. Мына ошондо гана эмне иш кылганымды ойлоп коркуп кеттим. Кайра ордуна коюу мүмкүн эмес. Эмне кылышым керек? Китепти артыман шымымын ичине суктум да, курдун астынан өткөрүп, акырын каптал ченине жылдырып алдым. Эми аскерлерче колуму эки жаныма кыса таштап, китепти ордунда кармап тура алам. Ушул амалды текшерип көрүү керек. Кийим илгичтен алыстап бир кадам шилтедим, анан дагы, анан дагы. Сонун! Куруму бекем кысып тура алсам болду, китепти алып кете алам.

Анан сурак башталды. Мен баштагыдан да катуурак тырышып турдум: Суроолорго жооп берип жатып, аракетимдин көбү китепти түшүрүп жибербесте болду. Кудай жалгап, бул жолу сурак көпкө созулган жок. Ошентип, китепти аман-эсен өз бөлмөмө апкелдим. Кантип апкелгенимин майда-чүйдөсүн айтып сизди жадатпайын, бир гана айтарым: кайра далисте келатканда бир кокустук боло жаздады. Китеп шымымын курунан жылбышып төмөн түшүп баратканда эңкейип кайра оңдоп алыштын амалына көк жөтөл тийгендей ыкшып жөтөлүп, бүкчүйүп калдым. Анан өзүмүн чистилищеме китепти алып келгендеги кубанычымы сурабаңыз! Мен баштагыдай эле жалгызмын, бирок, эми жалгыз болбой калдым.

Китепти шаша-буша ачып, карап, окуй баштагандыр деп ойлоп тургандырсыз. Жок, антпедим. Обол китеп тапканымын кубанычына гана жыргап алайын дедим. Кандай китепти уурдап келдим экен деп, өз көңүлүмү өзүм кытыгылап көпкө кызыктыргым келди. Анан бул китеп абдан майда тамгалар менен тыгыз жазылган, барактары жука келип көп болсо экен, аягына жетпей окуй берсем экен деп ойлодум. Анан китептеги жазылганы жеңил-желпи келбей катуу ойлонто турган болсо деп кыялдандым. Эгер арасында жаттап алар жерлери, ыры болсо андан сонун. Канээтсиз кыялды көрбөйсүзбү, ушул китеп Гомер же Гётеники болсо кандай сонун болор эле деп да коём. Акыры куру кызыгып отурууга чыдабадым. Кокустан эшик ачып калса надзирателди шектентпес үчүн керебетке сунала жатып алдым да куруман китепти сууруп чыктым.

Китепти бир карап алып, мен жөн эле өкүнүп тим болбостон катуу ыза болдум. Кара башымды коркунучка салып жатып уурдап алып, анан алигидей таттуу үмүткө жыргап кыялданып отурган табылгам — бар болгону ири мастерлер тарабынан ойнолгон жүз элүү шахмат партиясынын жыйнагы, шахмат боюнча окуу куралы гана экен. Эгер төрт тарабым дубал менен курчалып, жалгыз терезем тордолбогон болсо, ачуума чыдабай китепти терезеден ыргытып жибермекмин. Бул куру баш катырманын мага тиер пайдасы кайсы? Гимназисттердин көлчүлүгү сыяктанып, мен кээде убакыт өткөрүш үчүн гана шахмат ойноп калар элем. Бирок, мага бул теориялык баш катырманын кереги эмне дейм да?..

Жалгыз өзүң, ал аз келгенсип, же доскаң, же фигураларың жок туруп, кантип шахмат ойнойсуң. Кыжырым келип, ичинен киришүү же түшүнүк өңдөнгөн окууга арзырлык бирдеме табылар бекен деп, китепти барактай бердим. Бирок, мастерлердин партияларын келтирип, а2—а3, kfl—р3 деген түшүнүксүз белгилери коюлган төрт чарчы таблицаларынан башка эчтемеси жок экен. Мунун баары ачкычын мен билбеген алгебралык формулалар сыяктанып калды. Анан акырындап, а, в, с тамгалары тик катарды, ал эми 1—8ге чейинки сандар туура катарды билдирип, алар азыркы учурда ар бир фигуранын турган абал-ордун көрсөтөрүн түшүндүм. Демек, бул графикалык диаграммалар да бирдемелерди айтып турат экен да.

«Эгер камерада шахмат тактасына окшогон бирдеме жасай алсам, бул партияларды ойной алар белем, ким билет» деген ойго кеттим, Шейшептин олдоксон түшүрүлгөн чарчылары бар жээги жараткандын асмандан таштаган сыйы сыяктуу көрүндү. Эптеп-септеп отуруп, алтымыш төрт чарчыга бөлүнгөн талаачаны сызып алдым. Анан китептин бир барагын айрып алдым да, өзүн матрацтын алдына каттым. Нандын жумшагынан король, ферзь жана башка фигураларды жасай баштадым, Жасагандарым чынында күлкү келтирерлик. Анткен Менен бир топ кыйналып жатып, шейшептин бир бучкагына китепте келтирилген позицияны түшүрдүм. Кара фигураларды актардан ажыратыш үчүн чаң менен шыбап койдум. Бирок, партияны бүт ойной келгенде максатыма жетүүгө бул байкуш фигураларым аралашып кетип жараксыз болуп чыкты. Алгачкы күндөрү аракетим оюн эмес эле чаң-тополоң, будуң-чаң болуп жүрдү. Кайра баштайм, кайра эле ошол, дагы баштайм… Ошентип, беш, он, жыйырма жолу кайра-кайра ойной бердим. Антпегенде эмне кылмакмын? Жалгыздыктын туткуну болсом бош убакыт менде көп болбогондо кимде болмок? Көздөгөн максатка жетүү үчүн ошончо жигер менен чыдам менде болбогондо кимде?

Алты күндөн кийин араң бир партияны жаңылбастан аягына чыга ойнодум. Сегиз күндөн кийиң шейшепти шахмат фигураларынын позицияларын эске түшүрүп алуу үчүн гана пайдаландым. Дагы сегиз күн өткөндө шейшепсиз эле ойной берчү болдум. Кыялымда а1‚ а2, сз, с8 деген жалпы түшүнүктөр өзүнөн өзү даана элестей турган болду. Шахмат тактасын, анын үстүндөгү фигураларын элестетип, жолдорунун дааналыгынын аркасында ар кандай комбинацияны оюма келтире алчу болдум. Тажрыйбалуу музыкант да нотаны бир кароо менен ар бир инструменттин партиясын өзүнчө, ошону менен баарынын үнүн бир чогулта кыялында уга алат эмеспи.

Дагы эки апта өткөн соң китептеги кайсы партияны болсо да оюмда, же шахматчылардын тили менен көз жуумп ойной алчу болдум. Башымы балаага байлап жатып уурдап алганым кандай укмуш нерсе экенин мен ошондо түшүндүм. Маанисиз, максатсыз болсо да, жалгыздыкка эрмек таптым. Ошентип, мастерлер тарабынан ойнолгон жүз элүү партия баштагы убакты билинбеген чеги жок кыйноомо каршы күрөшөр куралым болуп калды.

Ошондон тартып, жаңылыктын кызыгын сактоо үчүн күнүмдү бөлдүм: эртең менен эки партия, түштөн кийин эки партия, кечкисин болсо, күндүзгү ойнолгон партияларды кыскача талдап чыгуу. Ошентип, баштагы баш-аягы жок күнүм эми эрмек менен толду. Бул жаңы ишим чарчатпайт: Шахматтын эң сонун артыкчылыгы акылдын иштешин бир гана багытта бекем кармап, канчалык баш катыра катуу ойлонсо да эч чарчоо болбойт, кайра улам жигерденип, кызый берет.

Алгач мен партияларды жөн эле ойноп жүрдүм. Анан усталык менен жүргүзүлгөн комбинацияларды кайра-кайра кайталай берип, бара-бара андан эстетикалык ыракат алчу болдум. Чабуул коюунун, коргонуунун айла-амалын ийне-жибине чейин ажырата баштадым, оюндун жүрүшүн бир нече жүрүш мурда кантип билүүнү, чабуул, контрчабуул кандайча ойлонулуп, кандайча жүргүзүлөрүн баамдай баштадым. Анан ырдын бир канча сабы менен акынды билгендей ар бир чемпиондун ойноодогу өзгөчөлүгүн жаңылышпастан ажырата турган болдум.

Ошентип, адегенде убакытты өткөрүү үчүн болгон эрмегим эми ыракат болуп, шахмат искусствосунун теңдеши жок стратегдери Алехин, Ласкер, Боголюбов, Тартаковерлер досторум катары камерадагы жалгыздыкты мени менен бирге бөлүшө турган болушту.

Ооба, мен эми ың-жыңсыз жымжырт камерамда жалгыз эмесмин. Үзгүлтүксүз шахмат ойноо ордунан тайып бараткан мээми кайра оңоду. Сергиген мээм баштагысындай кайра иштеп, андан да ийкемдүү, андан да баамдагыч болуп калды. Логикалуу даана ойлоо жөндөмүм кайра калыбына келгени баарыдан мурда суракта көрүндү. Шахматтын аркасы менен калп коркутуулардан, арамза чабуулдардан коргонуунун жолдорун үйрөнүп калган экем, ошондон баштап тергөөчүлөр мени жаңылта алышкан жок. Атүгүл гестапочулар мага анча-мынча урмат менен мамиле кыла баштады. Башка бир нече адамдар алардын көз алдында акылдан ажырап кетишсе да дагы эле каршылык көрсөтүп келаткан мен кайсы белгисиз кенчтен күч алып жатканымы билишпей таң калышат окшойт.

Ушул жыйнактагы жүз элүү партияны четинен кемирип күн сайын үзгүлтүксүз ойноп жүргөн бактылуу доорум эки жарым — үч айга созулду. Анан капилеттен туюкка камалдым. Алдымы карасам, дагы баягы түпсүз боштук. Ушул айдын ичинде мен ар бир партияны жыйырма-отуз жолу аябай бышыктап чыккам. Жаңылыктын сонундугу таркап, комбинациялар эми мурдагыдай кайраттандырып, толкундатпай калды. Ар бир жүрүшүнө чейин алда качантан жат болуп калган партияларды кайра кайталоодон эч кажат чыкпайт. Баштасам эле алаканыма түшкөндөй бүт оюн көз алдыма жыйыла берет да, ичинде табылбаган, кызыктыраар, мээни иштетер эчтеме көрүнбөйт. Жаңы партиялар көрсөтүлгөн жаңы китеп таап мээни кайрадан иштетсем! Бирок ал мүмкүн эмес. Бир гана айла калды: жакшы белгилүү болгон эски партиялардын ордуна өзүм жаңы партияларды ойлошум керек, Өзүм менен өзүм так айтканда, өзүм өзүмө каршы ойношум керек.

Доктор Б. шезлонгдун үстүндө чалкалай берип, бир тынымга көзүн жуумп калды. Башынан өткөн жан кейиткен көрүнүштөр эсине түшүп, көңүлү бузулуп кетти окшойт. Андан өзүн алагды кылууга тырышканы билинип турат. Ууруту дагы эриксизден дирт этти. Анан ал кайрадан түзөлүп отурду.

— Баятан бери айткандарым сизге түшүнүктүү болгон чыгар. Бирок, мындан нары эмне болгону ошончолук түшүнүктүү болоруна көзүм жетпей турат. Себеби, бул жаңы кесипте акыл бүт бойдон ишке кирип, анын башка тармагындагы иштери кандай болуп жатканына байкоо жүргүзүү таптакыр мүмкүн болбой калды. Менин оюмча, өзү менен өзү шахмат ойноо куру бекер далбас. Бирок, эгер алдыңда шахмат тактасы турса да мындай оюн үчүн, мейли эң эле аз болсун, мүмкүнчүлүк табылар эле. Анткени такта көзгө көрүнүп, колго урунуп турган нерсе болгондуктан мейкиндикти анча-мында сездирип, «оюнчулар» ортосуна кандайдыр материалдык чек коёр эле. Алдыңда чыныгы такта, чыныгы фигуралар турса, ар бир позицияны ойлонуш үчүн тийиштүү убакыт белгилеп, обол бир жагына отуруп, каралардын абалы кандай экенин көрүп, ойной алар элең. Бирок өзүм өзүмө каршы, же мындай эле айталы, өзүм менен өзүм кыялымда элестеткен тактада оюн жүргүзүп жаткандыктан алтымыш төрт чарчыдагы фигуралардын абалын тынымсыз эсте тутуп, анда да ушул азыркысын гана элестетип турбастан, экөөнүн тең алдыда жүрөр жүрүштөрүнө чейин көз алдыда көңүлдө кармап туруу керек. Бул айткандарым кандайдыр жиндилик болуп угулуп жатканын жакшы билем. Өзүм, өнөгүм үчүн ар бир позицияны эки, үч жолу, жок, андан көп, алты жолу, он эки жолу жаңыртып кайталап элестетип, дагы ар кимисинин алдыда жүрөр төрт-беш жүрүштөрүнө чейин элестетип көрүп турууга аргасыз болом.

Бул чаң-тополоң баш катырманы сизге талдатып куру убара кылып жатам, кечирип коюңуз. Ээн бөлмөдө бул укмуштуу партияларды ойноп жатып, актардын алдыда жүрөр бир нече жүрүштөрүн, анан каралардын да ошончо эле жүрүштөрүн ойлоп, дагы бирде актардын жагынан, кайра каралардын жагынан алдыда мүмкүн пайда болор комбинацияларды салмактап көрүп, башкача айтканда, бир башымда актын да, каранын да мээлерин бириктирип ойноого аргасыз болом. Бирок, бул жүрөк титиретер эксперименттин катуу коркунучу бир киши: өзүм, өнөгүм болуп эки бөлүнүп кетишинде эмес, өзүм ойлоп чыгарып жаткан партияларды кайра өз бетимче ойноп, кээде карманар ой таппай калам да, түпсүз зынданга кулап кеткендей болгонунда. Чемпиондордун партияларын ойногондо баары жакшы эле: даяр нерсени кайра келтирип, ойнолгон оюнду гана кайталачумун. Ал закондун бир статьясын, же бир ырды жаттагандай баш катырып жанталашуунун зарылдыгы жок эле. Ал адамдын оюн бир багытта, тартипке салуучу эрмек, мээге эң сонун көнүгүү болучу. Түштөн мурда эки, түштөн кийин эки партия ойноо белгилүү бир милдет сыяктанып, мен аны жөн-жай аткара бэрүүчү элем. Бул эрмегим баштагы иштеримди алмаштыргансып көрүнүчү. Анан калса да, эгер оюн учурунда жаңылсам же кийинки жүрүштү билбей калсам, ар качан китепти карачумун. Мына ошол бөтөн партияларды ойноп үйрөнүү менен «өнөгүмү» козгобогондон кийин танып бараткан акыл-эсиме тынчтандырар, жагымдуу таасир этер эле. Акпы, карабы, кимиси утары мага баары бир, анткени биринчилик үчүн Алехин, же Боголюбов кармашып жаткан. Мен өзүм, акыл-эсим, аң-сезимим алардын беттешүүсүндөгү чеберликтеринин кызыгына гана батып жатчу. Бирок мен өзүмө каршы ойной баштагандан тартып, өзүмө өзүм эрегише турган болдум. Ал өзүм менен кара өнөгүм экөө беттешип, ар кимиси жеңип чыгууга сабырсызданып, атак алууга умтулушат, Кара өнөгүмдүн ордуна жүрүп коюп, эми ак өзүм кандай жүрөр экен деп чый-пыйым чыгат. Улам бири натуура жүрсө, экинчиси кубанып, кайра өнөгүм ката кетирсе, кыжырланат.

Мунун баары тири укмуш көрүнөт. Албетте, бул өзүмө тилеп алган жин оору, атайлап мээни экиге бөлүү опурталдуу иш. Нормалдуу шарттагы адам үчүн минтүү эч мүмкүн эмес. Бирок, мен нормалдуу абалымдан оройлук менен ажыратылган элем да, аны эстен чыгарбаңыз. Эч күнөөсүз камакка алынып, көп ай бою азаптын эң кыйыны жалгыздыкка тумчуккан элем. Ичимдеги бугум, ачуум эртеби-кечпи бирдемеден чыгыш керек эле. Бирок эрмегим өзүм өзүмө каршы бөөдө ойноо болун калгандыктан, бүт кегимди ушундан чыгарып жаттым. Мен өч алгым келет, бирок, өч аларым, өнөгүм аны менен аябай кармаша ойнойм. Мына ошондуктан, ойноп жатканымда тим эле кутуруп кетем. Ырас, алгачкы күндөрү оюнду эс-акыл менен жайбаракат ойноп, партиялардын ортосунда кичине дем алып алчумун. Ак өзүм жүрүш жасаар менен кара өнөгүм чыдай албай калтырап-титиреп фигураны жылдыра баштайт, анан партия бүтөрү менен мен өзүмөн экинчи партияны талап кылам, туурараак айтканда өзүм жеңилип калары менен өнөгүмөн өч алмайынча жаным жай албайт.

Камакта нечен ай жаткан убагымда албууттанып канча партия ойногонуму болжолдоп да айта албайм — мүмкүн, миң жолу же андан да көп ойногондурмун. Бул мен каршылык көрсөтө албай калган азгыруу эле. Таң аткандан түн киргенче ат менен пешка, ладья менен королдон башка эчтеме ойго кирбейт. Мээмде «а», «в». «с» мат, рокировка дегендер уюлгуп кетпейт, эс-дартым. бүт ой-пикирим чарчылана сызылган тактага жулунат. Оюндан алар ыракатым эми кумар болуп, мени кутуртуп, ээлирме кылып салды. Ойгоо чагымда гана эмес, кийин уктап жатып да тынчым кете турган болду. Шахмат, шахматтын жүрүштөрү, шахматтын маселелери жөнүндө гана ойлоном. Кээде кара терге түшүп ойгоном, көрсө түшүмдө да шахмат ойноп чыкканмын. Түшүмө адамдар кирсе да, алар аттын, же ладьянын жүрүшү менен жүрүшөт, же алдыга-артка шахмат фигураларындай болуп басышат. Суракта жоопкерчилик дегенди билбей калдым. Сөздөрүмдүн байланышы жок, түшүнүксүз болуп чыкса керек, анткени тергөөчүлөр бирин бири таңыркай карап калышат. Алар мага суроо берип, жообумдун маанисине ой жүгүртүп жатканда мен эртерээк эле өз камерама алпарышса экен деп сабырым кетип турам. Оюн ортосундагы бош убактар ого бетер жиндентчү болду. А түгүл надзиратель камерамы шыпыргандагы он беш мүнөт, тамак апкелип берип жаткандагы эки мүнөт убакыт да узак болуп, чыдабай калчылдап кетем, Кээде эртең мененки тамагымды жебей калчумун, анткени оюнга берилип отуруп, аны таптакыр унутуп коём. Таңдайым кургап эңсегеним суу гана болду. Бир бөтөлкө сууну эки ууртап гана койдум, дагы апкелип берсең деп надзирателге жалдырайм. Оозум кайра эле кургап чыгат.

Акырындап оюн убагында каным кызып, элирип кетчү болдум. Таң аткандан түн киргиче шахматтан бөлөк эчтеме оюма кирбейт. Жайбаракат ойной албай калдым.

Жүрүштү ойлонуп, камеранын ичинде аркы-терки баса берем. Улам катуулай нары, бери, алдыга, артка басам. Оюн аягына жакындаган сайын мен да тиги бурчтан бул бурчка далбасалап жүгүрөм. Жеңсем, өзүмү өзүм жеңсем деп жатып, аябай туталанып кетем. Шахмат өнөгүм дайым артта кала берет, ошондо чыдабай кетем. Өзүм өнөгүмдү шаштырып (бул сизге келесоолук болуп сезилип жатканын билем), тезирээк жүрбөсө мен ачуулана: «бол батыраак, бол эми!» же: «качан эми!» деп кыйкырып жиберем. Ырас, андагы абалым психикалык оору эле, ага медицинада белгисиз «шахмат кумары» деген терминден башка ат таба албайм. Андагы абалымы, албетте, азыр толук түшүнөм.

Бул азгырма кумар, бул мономания мээме гана эмес, денеме да зыяндуу таасирин тийгизе баштады: абдан арыктап кеттим, тынч уктай албайм, ойгонгондо салмактанган көзүмү араң ачам. Ичкиликти ашыра ичип келип жаткансып калам, колум калтырап, стаканды оозума аллара албайм. Бирок оюн башталары менен кайратыма келип кутургандай ээлигем. Муштумумду түйүп алып, аркы-терки далбастайм, анда-санда кызыл мунарыкты жаңыртып «шах» же «мат» деп каардуу каргылданган үнүм угулат…

Бул жазып жеткиргис укмуш абалымы ойрондогон кризис качан болгонун билбейм. Бир жолу эртең менен ойгонгонумда аябай таң калганым гана эсимде. Денем жеңилденип калыптыр. Көңүлүм сергек, тыптынч. Көп айдан бери сезбеген жыргалда магдырап, бир укмуш жагымдуулук сезилет. Көзүмдү ачкым келбеди. Алсыраткан, магдыраткан жыргалга бөлөнүп далайга жаттым.

Анан жакын эле жерден тирүү адамдын үнүн уктум, назик, акырын угулду. Ошондогу кубанычымды айтпаңыз! Кыйноочуларымын корсулдаган, орой, опузалаган сөздөрүнөн эчтеме укпаганыма нечен ай, мүмкүн жыл өттү дейсиң.

«Сен уктап жатасың, — дедим өзүмө,уктап жатасың. — Түк көзүңү ачпа, ушул уйкуң дагы узагыраак созулсун, болбосо баягы эле стул, жуунгуч, стол, баягы эле сүрөттүү обойлору бар, баягы эле кудай урган камераңы көрөсүң, Сен уктап жатасың, уктай бер.»

Бирок, кызыгышым моюн бербеди. Абайлап жүлжүйтө көзүмү ачтым. Укмуш. Камерама караганда кенен башка бөлмөдө жатам. Терезесинде темир тор жок, андан жарык нур төгүлүп, нары жакта кирпич дубал эмес, жашыл жалбырактуу дарактар көрүнөт, Бутактарында жел ойнойт. Бөлмөнүн дубалдары жаркырап аппак, төбөсү да ак, бийик. Өзүм демейдегиден башка төшөктө жатам. Жок, бул түш эмес, Жаныман жанагы эле күбүр-шыбыр угулат.

Кыймылдабайын деп жатып, таң калганыман катуу кыймылдап жибердим. Ошол замат керебетиме бирөөнүн жакындап келаткан шыбырты чыкты. Жаныма жеңил басып, ак наколка кийген аял келди. Сиделка го. Сестра го. Кубанычым койнума батпай жалдырадым да калдым. Аял көрбөгөнүмө жыл маалы болгон. Көзүмдү албай бул укмушту тиктей бердим. Тиктешимде ошончолук толкундоо болгон окшойт, ал: «Акырын, тынч жатыңыз» — деди.

Үнүнө кулак салдым, дагы уккум келди: Чын эле мени менен адам сүйлөшүп жатабы? Суракка алып, кыйноону ойлобогон адам да барбы жер үстүндө? Анан дагы укмуш! — бул аялдын үнү ушунчалык жумшак, жагымдуу, атүгүл назик. Жалдырама тийгендей анын эриндерин тиктей бердим. Бир жылдан берки тозоктон кийин бир адам экинчиге жылуу-жумшак сөз сүйлөп жатканы укмуш сезилип турду. Ал мага жылмайды: ооба, жылмайды, Демек, жер бетинде адамга мээримин төгө жылмая караган адам бар экен да?.. Анан ал сөөмөйүн оозуна такап тынч жат дегенсиди да, шыбырт чыгарбай басып кетти. Бирок айтканына көнгүм келбеди. Бул укмушка көз кумарым канбай калды. Туруп отуруп, бул назик жүрөк, укмуш жанды артынан узата карагым келди. Бирок керебеттин аркасына жөлөнүп өөдө болоюн деп, жөлөнө албадым. Оң колумдун ордунда бөтөн бир оор ак нерсе жүрөт. Колум бүт бинт менен таңылган окшойт. Таңыркай карап, качан, эмне болгонуму эстей албай жаттым. Мени алар жарадар кылыштыбы, же өзүм колуму бирдеме кылып алдымбы? Мына ошондо гана ооруканада жатканымды билдим.

Түштө түспөлү жагымдуу улгайган врач келди. Ал менин үй-бүлөмдү билет экен. Мага жакшылык кылар ойдо экенин билдиргиси келдиби, падышанын врачы болуп жүргөн таякеми чоң урмат менен эскерди, Сүйлөшүп отурган чагында ал мага ар түркүн суроолорду берип жатты. Ошолордун ичинен бирине өзгөчө таң калдым: математиксизби же химиксизби? — деп сурады.

Жок дедим мен.

«Кызык, — деди ал, — жөөлүп жатып сиз кандайдыр белгисиз сз, с4 деген формулаларды кыйкырып жаттыңыз. Биз эчтеме түшүнө албадык».

Мен эмне болдум деп сурадым. Ал сырдуу гана күлүмсүрөп койду.

«Анчалык эчтеме эмес. Нерв системасынын катуу бузулушу. — Эки жагын каранып алып, акырын кошумчалады. — Ал түшүнүктүү. Сиз… 13-марттан бери жаттыңыз да?..»

Мен баш ийкедим.

«Алардын системасында буга таң калыш болбойт. Жалгыз сиз эмессиз. Чочулабаңыз».

Анын ишенимдүү сүйлөшү, аягандай жылмайышынан улам мен куркунучтан тышкары экеними сездим.

Эмне болгонумду үч күндөн кийин доктор өзү айтып берди: Менин камераман чыккан кыйкырыкты камактын надзиратели угуп, кирип кеткен бирөө менен бирдеме талашып жаткан го деп ойлойт. Бирок ал босогодон көрүнөр замат мен муштум көтөрө кыйкырып ага жулкунам:

«Жүрүш сеники, жүр акмак, коркок!»

Анан кокодон алып, катуу муунта баштаганымда, өлтүрдү, кокуй, өлтүрдү деп кыйкырыптыр. Мен жиндене берем. Медициналык текшерүүгө алып баратышканда колдорунан жулунуп чыгып, далистин терезесинен секирип качмакчы болуп, айнекти сындырып, колуму тилдирип алган экем. Ошонун тагы али да бар, мына биерим тырык болуп калды. Госпиталда жаткан алгачкы күндөрүмдө мээм сезгенген го деп ойлошкон экен. Бирок мээнин кабыл алуу борбору менен акыл-эс өз ордунда деди врач.

«Ачыгын айтайын, — деди анан акырын. — Бул жөнүнде колунда бийлиги барларга жеткирбейм, болбосо алар келип, сизди кайра алып кетиши ыктымал. Мага ишене бериңиз, колуман келген жакшылыкты аянбайм»,

Бул кең пейил доктор менин куугунчуларыма эмне деп айтканын билбейм. Иши кылып айтканын аткарды. Мени бошотушту. Мүмкүн кылган ишине жооп бере албайт деп айткандыр. Же башкачадыр: ал учурда Гитлер бүт Богемияны басып алып, аны менен Австрия проблемасын биротоло бүтүргөн эле, ошондон улам гестапого менин керегим жок болуп калдыбы. Эки аптанын ичинде өлкөдөн чыгып кетүү жөнүндөгү милдеттенмеге гана кол койдум. Чектелген эки апта формалдуу иштерди бүтүрүүгө кетти. Азыркы кезде чет өлкөгө кетүүнүн машакаты көп эмеспи: аскер бийликтеринен, полициядан уруксат алуу, налогдорду төлөө, ден соолук жөнүндөгү күбөлүктү оңдоо, паспорт, виза жана башка көп нерселер. Ушулар менен жүрүп, өткөн азап-тозокту ойлоого да чолом болгон жок. Мээнин иштешин кандайдыр бир сыйкырдуу күчтөр тартипке салып, опурталдуу окуяларды эстөөсүн жокко чыгарып коёт окшойт. Айтор, камакта жатканымды эстесем эле түн түшүп калат да, эчтеме эскэ келбейт. Көп жума өткөн соң гана, чынын айтканда, азыр пароходдо баратып гана чымырканып башыман өткөндөрдү кайра бир сыйра эстеп отурам.

Жана сиздер ойноп жаткан учурдагы менин сыпаалыкка жатпаган таң калтырарлык жоругум эми сизге түшүнүктүү болду го дейм. Чылым тартылуучу салондон капысынан өтүп баратып, шахмат столун тегеректеген кишилерди көрүп калдым, Таң калганыман, коркконуман селее түшүпмүн, Чыныгы тактаны, чыныгы фнигуралар менен шахмат ойноо дегенди, ал оюнда бет маңдай отуруп, эки башка адам ойношорун мен таптакыр унутуп койгон элем. Чынын айтсам, баягы камакта мен ойногон оюнду бул адамдар ойноп жатканын бир топтон кийин араң баамдадым. Демек, мен кыялымда элестетип ойногон шифр көзгө көрүнгөн, кармасаң салмагы бар тиги фигуралардын гана элеси болгон экен да. Бу тактадагы жүрүштөр кыялымда элестөөчү жүрүштөргө окшош болуп жатканын көрүп аң-таң калдым. Ушинтип математикалык татаал эсептөөлөр мнен кагаз бетине жаңы планетанын бар экенин көрсөткөн астроном бир күнү капилеттен ошол планетаны өз көзү менен асмандан көрүп, анын чындыгына ушинтип таң калар.

Сыйкырданып калгансып тактаны карап тура берипмин. Акырындап кызыга баштадым, эки оюнчунун чыныгы ойнун аягына чейин көргүм келди. Ушунум сиздердин оюнуңуздарга адепсиздик менен кийлигишип, зээними кейитүүгө себеп болду. Алиги досуңуздун камынып калган жаңылыш жүрүшү жүрөгүмө токмок тийгендей тийди. Тосмодон ары ашып куланганы бараткан баланы токтоткон сыңары мен да эриксизден аны токтотуп калдым. Бирок бул кийлигишкеним олдоксондук болгонун кийин сездим.

Андай эмес дедим мен доктор Б. га. Анын кийлигишкенине биз кайра абдан кубанып калганыбызды, анын үстүнө, ошонун аркасыменен таанышып отурганымы айттым. Анан дагы: баятан берки уккандарыман кийин импровизацияланган турнирди көрүш эми мен үчүн эки эсе кызык болот дедим.

Доктор Б. тынчсыздана обдулуп койду:

— Чыны менден анча көп үмүттөнбөңүздөр. Бул оюн мен үчүн сыноо гана болот… Чыныгы, жандуу оюнчунун каршысында отуруп, чыныгы шахмат тактасында чыныгы фигураларды жылдырып, мен кадимки оюнчулар сыяктанып ойной аламбы, жокпу. Көңүлүмдө ойнолгон жүздөгөн, атүгүл миңдеген партияларды мен эрежеси менен ойнодумбу, же алар тим эле оору мээнин жемиши беле, ушуга өзүм да шек санап жүрөм. Үзүк-үзүк түш сыяктанып, ал оюндарым шахмат безгеги, жөөлүүсү болуп жүрбөсүн. Дүйнөнүн чемпиону менен тең катары күч салышуу колуман келбесин сиз деле ойлоп отургандырсыз. Бул оюнга өзүмү сынайын деп кызыкканыман гана макул болуп отурам. Камакта жатканда мен кандай ооруга дуушар болгонумду гана билип алгым бар: акылдан адашуунун чегине, опурталдуу ор башына барып жеттим бекен, же андан өтө чаап кеттим бекен? Ушуну гана билиш, башка оюм жок…

Ушул учурда жүргүнчүлөрдү түшкү тамакка чакырып, гонг кагылып калды. Биздин маек эки саатка жакын созулду. Мен жазып отурганга караганда доктор Б. өз таржымалын майда-чуйдасына чейин айткан. Мен чын жүрөгүмөн ыракмат айтып, коштоштум. Бирок, палубадан өтүп кете элегимде ал артыман кууп жетти. Толкунданып алыптыр, бир аз мукактана сүйлөдү:

— Дагы бир сөз. Досторуңузга адепсиздик кылгым келбейт, сизден суранарым, бир эле партия ойнойм, ошону аларга эскертип коюнуз. Менин ойногонум өзүмдү сыноо — же шахматты таптакыр ойнобой коюу. Баарын кайтадан баштагым келбейт. Шахмат безгегине кайра кабылгым келбейт, аны ойлосом азыр да жүрөгүм титирейт. Анан дагы… анан дагы, врач шахматка жолобо деп айткан эле, катуу эскерткен. Манияга бир чалдыккан адам үчүн ар качан кайталанышы мүмкүн, ошондуктан «шахматка уугуп» ооруган мен, канчалык таптаза сакайып кетти деген күндө да шахмат тактасынан алыс жүрүшүм керек. Ошол үчүн, сизге түшүнүктүү го, сыноо үчүн бир гана жолу, башка түк ойнобойм.

Эртеси белгиленген убакытта чылым тартылчу салонго чогулдук. Биздин топко король оюнуна ышкыбоздордон дагы экөө кошулду. Алар пароходдун офицерлери экен, оюнду көрүү үчүн капитанынан атайы суранып, вахта кызматынан бошонуп келиптир, Бу жолу Чентович да күттүргөн жок. Чүчү кулак кармашкандан кийин укмуштуу оюн башталды: белгисиз адам атактуу шахмат чемпионуна каршы отурду.

Ошол партияны бизге окшогон шахматтан эчтеме түшүнбөгөн адамдар гана көрүп, шахмат искусствосунун анналдары үчүн табылгыс жоголгону абдан өкүнүчтүү. Музыканын тарыхы үчүн Бетховендин фортепиано үчүн жазган импровизациясы да ушинтип жоголгон болучу. Ырас, эртеси биз жабыла жүрүштү кайра эске түшүргүбүз келди, бирок келтире албадык. Калыбы, оюндун кызыгы менен көңүлүбүз партияда болбой, оюн улам нарылаган сайын интеллектуалдык деңгелдеринин айырмалыгы улам дааналанып көрүнгөн оюнчуларда болуп, эч бирин эстей албай калган окшойбуз.

Чентович адатынча моло таштай локуюп, кыймыл какпай отурат. Көзү тактадан өтүп, оюн канчалык кызыган сайын денеси ошончолук чыңалып бараткансыйт. Доктор Б. тескерисинче, ээн-эркин кысылбай отурду. Оюндун бүт максаты менен ыракатын оюндун өзүнөн тапкан чыныгы Дилетант (сөздүн жакшы маанисинде), ышкыбоз гана сыяктанып, баш катырбай эле эс алып жаткансыйт. Оюндун башталышында ал көңүлдөнө сүйлөп, өзүнүн жүрүштөрүн бизге түшүндүрүп берип, сигарета артынан сигарета тартып, анан кезеги келе калганда тактаны бир карай коюп, фигураны жылдырып отурду. Тиги каршы ойногон оюнчунун жүрүшүн алдын ала билип отурган сыяктанат.

Дебюттук жүрүштөр бат эле өттү. Белгилүү бир план жетинчи, же сегизинчи жүрүштөн кийин билинди. Чентович узагыраак ойлоно баштады. Биз ошондон улам инициатива үчүн күрөш эми башталган экен го деп баамдадык.

Бирок, ачыгын айтканда, кадыресе турнирлердегидей болуп партиянын жай өнүгүшү адистиги жок биздин демибизди суутуп салды. Оюндун көрүнүшү чиеленишкен сайын оюнчулардын позициялары да бизге түшүнүксүз болуп баратты. Биз алардын планын түшүнмөк турсун, артыкчылык кимисинде экенин да ажырата албай калдык. Кээ бир фигуралар алдыга уурданып жылып, дүшмандын фронтун бузуп өтүүгө аракеттенип, рычаг сыяктуу кызмат кылганын гана көрөбүз. Бирок, бул эки көрүнүктүү оюнчулардын ар бир жүрүшү комбинациянын бир гана бөлүгү, ал эми ар бир комбинация пландын гана бир бөлүгү, анысы нечен жүрүштөн кийин барып жүзөгө ашып жаткандыктан фигураларын алдыга, артка жылдыргандагы стратегиялык ойлору бизге таптакыр түшүнүксүз болуп турду.

Чентович ар бир жүрүштү аябай көпкө ойлонгонунан биз талыкшып чарчап да кеттик, Анын кашаңдыгы акырындап биздин достун да кыжырын кайната баштады, Оюн улам создуккан сайын анын тынчы кетип баратканын көрүп, мен чочуладым: орундугунда тынч отура албай кыйшалактайт, кыжырланып сигаретанын артынан сигаретасын. күйгүзөт, анда-санда калемин алып, бирдеме чиймелей коёт, минераль суусуна улам-улам заказ берет, удаа-удаа стаканды бошотуп жутат. Чентовичтин мээси бир комбинация ойлогуча анын мээси жүздү ойлоп койгону көрүнүп турду. Чентович ойлонуп отуруп-отуруп, акыры фигураны эпсиз кармаганда биздин дос күлүмсүрөп жиберет, бирдемени күтүп-күтүп отуруп, акыры жеткенде күлүп жиберген адамча күлүп жиберет да, ошол замат өз жүрүшүн жүрөт. Кыязы, анын ийкемдүү ыкчам мээси каршы ойноп жаткан кишинин мүмкүнчүлүктөрүн мурда эле билип алат окшойт. Чентович улам узак ойлонгон сайын доктор Б. сабырсызданып, кыжырлана эрдин тиштейт. Бирок, Чентович таптакыр камырап койбойт. Жүрүш ойлонуп, үн катпай тырышып отурганы отурган. Тактанын бетиндеги фигуралар азайган сайын көбүрөөк ойлонуп жатты. Кырк экинчи жүрүштө эки саат өттү. Биз көз алдыбызда болуп жаткан окуяга таптакыр көңүлүбүз сууп, талыкшып отурган элек. Офицерлердин бири кетип калган, экинчиси китеп окуп отурат. Кээде гана тиги оюнчулардын бири жүрүш жасаганда ошоякты карап коёт. Бирок ушул учурда Чентовичтин жүрүшүнөн кийин ойдо жок иш болду. Чентовичтин жүрөрүн көрөр замат доктор Б. атты кармады да, секире турган мышыкча жыйрыла калды. Калтырап кетти, Чентович жүрдү-жүрбөдү, ферзин алга жылдырды да, жеңиштүү үнүн катты: — Эмесе, бүттү деген ушул болот.

Анан креслого чалкалай отуруп көкүрөгүнө колун кайчылаштырды да, Чентовичти табалагандай карап калды. Көзүнөн учкун жылтылдады. Минткени эмнени билдирет деп, баарыбыз эриксизден тактага үңүлдүк. Бирок королго болгон коркунучту көрө албадык. Досубуздун алиги сөзү оюндун өнүгүшүнө карата айтылган көрүнөт, алысты көрө албаган дилетант биз аны түшүнбөдүк. Чентович гана былк этпеди. «Бүтөт деген ушул» деп айтылган шылдыңдуу сөздү укпагансып, ал тынч отура берди. Биз ичибизден дем алып калгандыктан контроль саатынын үнү дароо угула түштү. Үч, жети, сегиз мүнөт өттү — Чентович былк этпестен отурат. Таноолору кыпчылганынан гана ичинен күйүп-бышып жатканын сездик.  Биздин дос бул зарыктырып күттүргөнгө араң чыдап отурганы көрүнүп турду, Анан ал ордунан ыргып турду да, орундукту түртүп таштап, салондун ичинде аркы-терки баса баштады. Адегенде жай, анан бара-бара катуулай басты. Тегеректегендердин баары таң кала карап калышты. Бирок анын бул жоругуна менчелик эч ким тынчсызданган жок: Канчалык буулугуп турганы менен, ал кыялында нары-бери басканда дубалга барып такалып жаткансып, кичинкей эле аралыкта басып жүрдү. Өзүн баягы камерасында жүргөндөй сезгенин байкаганда үрөйүм учуп кетти. Камакта жаткан кезинде ушинтип муштумдарын титирете түйүп алып, бүкүрөйүп, капастагы жырткыч кейиптенип, далай-далай баскан го; көзүнөн жин оту күйүп бакырайып, алактап жаркылдап, бурчтан бурчка миң-сан жолу баскан го.

Анткен менен акыл-эси али ордунда сыяктанат. Анда-санда сабырсыздана столго бурулуп, Чентович деги жүрдүбү-жокпу, деп карап коёт, Убакыт өтө берди, тогуз мүнөт, анан он… анан эч кимибиз ойлобогон иш болду. Чентович баятан бери столдун үстүндө кыймылсыз жаткан оор колун акырын көтөрдү. Эмне болор экен деп жүрөгүбүз дүкүлдөп карап турабыз, Бирок, Чентович жүрбөдү, колунун сырты менен акырын, чечкиндүү кыймылдап, тактанын үстүнөн бардык фигураларды шыпырып жиберди. Анын утулганын биз ошол замат түшүнө албай дал болуп калыппыз. Биротоло мат болгонун бизди көрбөсүн деп эртелеп утулганын мойнуна алды. Укмуш иш болду: сансыз турнирлердин байгесин бербеген дүйнөнүн чемпиону шахматка жыйырма же жыйырма беш жыл колу тийбеген белгисиз бир адамдын алдында туусун жыкты. Аты-жөнү белгисиз, эч ким тааныбаган биздин дос ак күрөштө дүйнөнүн эң күчтүү оюнчусунун башынан аттап кетти.

Толкундана ордубуздан кыймылдап кеткенибизди өзүбүз да байкабай калдык. Баарыбыз кубанганыбызды билдирип, бирдеме айткыбыз, бирдеме кылгыбыз келип турду. Бир гана адам ордуңан кыймылдабады, ал Чентович, Кичине күтө туруп, ал башын көтөрдү да, биздин досту тунара карап:

— Дагы бир партия ойнойлубу? — деп сурады.

— Албетте! — деп жиберди доктор Б.

Анын ээлигип алганынан чочуладым. Бир эле партия ойноюн деген шартын мен эскерткиче болбой отура калып, шашкалактап фигураларды тизе баштады. Калдастап шашканы ушунчалык, пешкалар калтыраган колунаң эки жолу жерге түшүп кеттн. Баштагы тынч, токтоо адам катуу элирип алды, уурту улам-улам диртилдеп, безгеги кармагандай бүткөн бою калчылдап отурду,

— Ойноонун керегин жок, — деп шыбырадым. Бүгүнчө бир партия ойногонуңуз жетишет. Эми ойнобоңуз, сизге кыйын болот.

— Кыйын дейсизби? Ха-ха-ха! — деп ал кыжырлана каткырып калды. — Баятан берки маалкатып отуруп өткөргөн убакыттын ичинде мен он жети партия ойноп коёт болчумун, Мен үчүн жалгыз кыйынчылык, ушундай темпибизде уктап калбагай элем. Кана, эми качан баштайсыз?

Корсулдап кага сүйлөгөн кийинки сөз Чентовичке айтылды эле, ал чымын чаккандай да камырабастан акырын карап койду. Бирок ушул көз карашында ызырынгандык бар эле. Оюн башкача түргө өттү, бирөө шахматка катуу берилди, экинчиси жеп жиберүүчүдөй жек көрүп отурду. Тактанын бетинде бири биринин өнөрүн сынагысы келген эки оюнчу беттешпей эле, бирин бири курутмакчы болуп кекенип чыккан эки душман беттешти. Чентович биринчи эле жүрүшүн жүргүчө көпкө маалкатты. Ушундан улам ал атайы бир максат менен убакытты созуп жатканын сездим.

Нечен күрөштөрдө сыналган бул тактик жүрүштүн создукканы тиги өнөгүн чарчатып, кыжырлантып жатканын билип калганына шек жок. Оюндун башталышында король пешкасын ал төрт мүнөттөн кийин гана жүрдү. Биздин дос ошол замат өзүнүн король пешкасын жүрдү. Анан Чентович дагы кезектүү жүрүшүн чыдагыс узак созуп отуруп алды. Түнөргөн асмандан чагылган жарк этип, анан жүрөгүң дүкүлдөп качан күн күркүрөйт деп күтөсүң, бирок күн күркүрөбөйт. Анын сыңарындай Чентович биротоло таш болуп калгансыйт. Жүрүшүн шашпай, жайбаракат ойлонуп отурганын көрүп, ал ушуну атайы кылып жатат го деп тынчсыздандым, ошол убакыттын ичинде доктор Б. ны көз айырбай карап турдум. Ал азыр эле үчүнчү стакан сууну жутуп жиберди, Ошондо өзү айткан камерада каны катып суусаганы эсиме түштү. Кадимки абалынан тайып бараткан белгилери көрүнүп турду: маңдайына тер чыбырчыктап, колундагы тырыгы кызарып, дааналанып чыкты. Анткен менен ал дале кадимкисиндей отурат. Төртүнчү жүрүштөн кийин гана, Чентович зарыктыра мыжыгып отуруп алганда доктор Б. чыдай албай кетти, жини келип, бакылдап ийди:

— Деги сиз жүрөсүзбү, жокпу?

Чентович аны олурая карап койду.

— Жаңылышпасам, ар бир жүрүшкө он мүнөт ойлонууга убакыт бөлүнгөн эле. Мен ошол убакытты атайы пайдаланамын.

Доктор Б. эрдин кесе тиштеп отуруп калды. Стол астындагы бутун улам катуураак такылдата баштаганын байкадым. Кайрадан баягы жиндилиги кармай турганын сезип, катуу чочулай баштадым. Сегизинчи жүрүштө экөө дагы кызыраңдаша түштү. Улам барган сайын өзүнө-өзү ээ боло албай доктор Б.нын ичинде кайнаган кыжыры сыртына чыкты. Орундугунда кыйшалактап, ойлонбостон столду такылдата берди. Чентович оор башын дагы өөдө көтөрдү.

— Столду такылдатпасаңыз экен деп сизден суроого болобу? Мага жолто болуп жатасыз, Мен минтип ойной албайм.

— Гмм..деди доктор Б. шылдыңдуу күлүмсүрөп. — Ошонуңуз көрүнүп турат.

Чентович кызара түштү.

— Эмне демекчисиз? — деп корс этти ызырынып.

Доктор Б. дагы кыжырланып жек көрө күлүп койду.

— Бууругуп отурасыз дебесем, башка айтарым жок.

Чентович дулдуюп унчукпады, кайрадан тактага үңүлдү. Жүрүшүн жети мүнөттөн кийин гана жүрдү. Оюн андан нары да ушундай эле өлүмсүк темпте жүрүп отурду. Чентович таптакыр таш болуп катып калгансыйт. Эми ал белгиленген убакытты толук өткөрмөйүнчө фигура жылдырбай турган болду. Биздин дос болсо жүрүш сайын бир укмуш болуп баратты. Алдындагы оюнга таптакыр назар салбай башка бирдемеге алагды болуп отургансыйт. Чебеленип аркы-терки баспай да калды, былк этпей отуруп, алда кайда булагыр карап, өзүнчө бирдеме деп күбүрөйт. Же ал кандайдыр бир түгөнгүс комбинацияларды ойлонууда, же көңүлүндө таптакыр башка партияларды ойноодо, Буга менин көзүм жетти. Эмнеси болсо да, ар качан Чентович жүрүшүн жүргөндө ал көңүлдөгүсүн иш жүзүнө ашырып жатты. Анан алдындагы оюндун жүрүшүн көрүп, эки-үч мүнөтчө ойлоно калып, анан жүрүшүн жүрөт.

Доктор Б. жиндиликтин жоош түрүнө кабылганын азыр эле албууттанып, туталанып кыйкырарына көзүм жетип баратты. Ал бизди да, Чентовичти да унутуп койгонсуйт. Анысы чын экен, он тогузунчу жүрүштө кризис болду. Чентович жүрөрү менен доктор Б, тактаны бир карап алды да, офицерин алга үч чарчы жылдырып, бизди селт эттире катуу кыйкырды:

— Шах, королго шах!

Кандай укмуш болуп кетти деп баарыбыз тактага үңүлдүк, Бирок бир мүнөт убакыт өткөндөн кийин иш таптакыр башка жакка бурулду. Чентович башын акырын көтөрдү да (мурун такыр анткен эмес), бизди кыдырата карап алды. Эмнеге болсо да ал аябай табасы канып отургансыды. Эриндери акырын чоюлуп барып, мазактагандай текебер жылмайды. Эмне себептен экенин билбесек да, ал өз салтанатына кана жыргап алган соң гана анткорлонгон сылыктык менен бизге үн катты:

—Кечирип коёсуздар, бирок мен шахты көргөн жерим жок. Балким, мырзалар, менин королума болгон шах эмнеде экенин сиздерден бирөө көрсөтүп коёр дейм?

Биз тактага үңүлдүк, анан чочулай доктор Б.ны карадык. Чеҥтовичтин королун офицерден пешкасы коргоп турат, аны бала да байкаар эле. Эч кандай шах болууга мүмкүн эмес. Биздин тынчыбыз кетти. Балким, элирип толкунданып отурган досубуз байкоостон фигураны бир чарчыга нары же бери жылдырып алгандыр? Биздин тунжурап калганыбыз доктордун көңүлүн бурду. Ал тактаны кадала карап алды да, мукактана сүйлөдү:

— Бирок, король f7 де болуш керек эмеспи. Ал туура эмес турат, таптакыр туура эмес. Сиз натуура жүрүпсүз!.. Бардык фигуралар өз орундарында эмес: мына мобу пешка d4 тө эмес, d5 те болуш керек, Бул таптакыр башка партия го, Бул…

Ал мукактанып токтоп калды. Мен колунан катуу кармадым, чынында тим эле чымчып алгандай болдум. Ошондуктан акыл-эсин жоготуп, алдастап отурган неме аны сезди. Элирме тийген адам сыяктанып, мага бурулду.

— Сизге… эмне керек?

— Эстеңиз! — деп бир гана сөз айттым да, сөөмөйүм менен колундагы тырыгын акырын сыйпап көрсөттүм.

Ал менин кыймылымы кайталап алды да, айнектей тунарган көзү канталап кызарып турган тилкеге кадалды. Анан бүткөн бою калчылдап, чекесине тер исиркектене түштү…

— Кудай акы, — деди анан каны качкан эриндерин кыбыратып, чын эле мен кандайдыр адепсиз сөз сүйлөдүмбү, акмакчылык кылдымбы? Чын эле мен кайтадан?…

— Жок, — дедим мен акырын, — бирок сиз оюнду азыр токтотуңуз. Жетишет. Врачтын айтканын эстеңизчи.

Доктор Б. орундуктан ыргып турду.

— Бул акмактык жаңылыштыгым үчүн кечирим сурайм, — деди ал баштагы сылык үнү менен Чентовичке баш ийип. — Айткан сөзүмдү, албетте, өзүмө аламын. Талаш жок, бул партияны сиз уттуңуз.

Анан бизге кайрылды:

— Сиздерден да, мырзалар, кечирим сурайм. Мага анча үмүттөнүүнүн кереги жок деп эскертип айттым эле. Оюнду ушунча маскара болуп уттурганым үчүн кечирип коюңуздар. Бул эң акыркы жолу шахматка азгырылганым болсун.

Бизге ийиле баш ийди да, арабызга кандай пайда болсо, так ошондой оор салмактуу, табышмактуу кейиптенип басып кетти. Бул адам эч качан эмне үчүн шахматка жолобосун бир гана мен билип турдум. Башкалар бир жамандык жандап өтүп кеткенин түпөйүл сезип, аң-таң карап кала беришти.

— Кандай акмак неме эле бул! — деп Мак Коннор өкүнүчтүү булдурады.

Чентович орундугунан элден кийин туруп, бүтпөй калган партияны дагы бир карады.

— Абдан өкүнүчтүү, деди анан айкөлсүнө, — чабуул жакшы ойлонулган. Ышкыбоздор үчүн бул адам табылгыстай таланттуу ойнойт экен.

[1] Жөндөмдүүлүгү укмуш бала

[2] Оюн коюучу

Которгон: Ашым Жакыпбеков