Түрк тилдүү элдердин жаш калемгерлерин колдоо максатында беш тараптуу меморандум түзүлдү

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жаш акындарын  колдоо, түрк элдеринин мыкты поэтикалык чыгармаларын элге жайылтуу, түрк элдеринин маданий потенциалын сактоо, улуттук мурастарды өнүктүрүү сыяктуу жалпы эле адабиятты колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Мааният, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Улуттук Адабиятты өнүктүрүү борбору, Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ),  Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу,  Евразия жазуучулар союзу жана “Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд” коомдук фонду тарабынан беш тараптуу келишимге кол коюлду.
Кол коюлган меморандумда  тараптардын биргеликте 5 жыл иш алып баруусу белгиленген.

Эске сала кетсек, “Чыныбай Турсунбеков атындагы “фонд жаш акындарды колдоо үчүн акыркы эки жылда “Жылдыздуу жээк” фестивалын өткөрүп келет. Эми меморандумга ылайык аталган фестиваль жаңы деңгээлге чыгып,

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жаш акындарынын ортосундагы байланышты чыңдоо, чыгармаларын кеңири таратуу үчүн аянтча болуп калмакчы.