Бактыбек Максүтов: Каргашалуу түн

Каргашалуу түн

(аңгеме)

Акылбек үй-бүлөсү менен мурдагы колхоздун кыркын сарайына көчүп келип, акысын алып, кышында ар кимдин жылкысын багып жүргөнүнө быйыл үчүнчү жыл болду. Күндүз жылкыларды жайытка чыгарып жибергени менен түнкүсүн такай жанында болуш керек. Ит-куштун колдон талашып турган учуру. Ал бүгүн да адатынча жылкыларды жайып коюп, үйдөй чоң кара таштын далдоосунда отурду. Бутуна калың чокой, ичинен жылууланып, сыртынан тон кийгенине карабай, түнкү ызгаарлуу суукка кайыгып баратты. Мурда даярдап койгон отундан жагып, жылынды. Ай сүттөй жарык. Жылкы жаныбар кыштын кыраан чилдесине карабай аяздуу суукта калың карды тээп, астынан тоют таап жеп, түнү бою оттоп чыгат.

Акылбек уктабай, өткөн-кеткенин ойлоп, ылымтада далайга отурду. Ата-энеси кырсыктан көз жумуп, бала кезинде томолой жетим калып, ар кайсы туугандарынын колунда чоңойду. Бирөөнөн жакшы сөз укса, бирөөнөн запкы көрдү. Ошентип жүрүп, эр жетти. Тең курбулары сыяктуу жогорку окуу жайына документ тапшырбады. Мүмкүнчүлүгү жок эле. Айрым жаштардай болуп, башка шаарларга же чет өлкөгө да кетпеди. Эл ичинде болууну, туулган жерде бейпил жашоону жактырды. Армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин арзышып жүрүп, айылдагы эстүү кыздардын бири деп саналган Чолпонайга үйлөндү.

Азыр да Чолпонай менен өткөргөн жаштыктын айтып бүткүс таттуу күндөрүн эстеп, дүнүйөсү түгөл болуп, кыркын сарай жакты анда-санда карап коюп отурду. Сүйүшүп жүрүп баш кошкон ак никелүү жарынын ыплас ишке барбаган, акактай таза болуусун каалоочу. Өзүн да андай арам иштен оолак алып жүрчү. Жашоодогу кыйынчылыкты бирге көтөргөн, жакшылыктарды тең бөлүшкөн, элдик дастандарда даңаза болуп айтылган  кыргыздын мыкты кыздарындай болуп, үй-бүлөнүн очогун өчүрбөгөн, акыл-эстүү жар болуусун каалар эле. Көп балалуу болууну, алардын келечеги кең, бактылуу жаштардан болсо экен деп тилек кылчу. Анткени, анда ага да, ини да жок болучу.

Жакшылыктарда, тойлордо, майрамдарда мүмкүнчүлүгүнө жараша Чолпонайга белектерди берип, уул-кызын куурчактай кылып кийиндирип, ээрчитип алчу. Анын мындай мамилесине айылдагылар өзгөчө суктанышып, көз артышар эле.

Чолпонайга жеткенине өзүн аябай бактылуу сезчү. Тели-теңтуш, ага-тууган ичинде да кадыр-баркка жетип, бала кезиндеги башынан өткөн кыйынчылыктары, тарткан азаптары, көргөн кордуктары акырындык менен эсинен чыгып, ушундай сүйүктүү жарга туш кылган Алла Таалага ыраазы болуп кетчү.

*****

Түн ортосунан эбак ооп калган. Жарыгын жарым жартылай күйгүзгөн “жол тандабас” машина кыркын сарайга келип токтогонун Акылбектин көзү чалып калды. Бейкапар жамбаштап жатты эле, ордунан козголуп, отура калды. Түн ортосунда беймарал келген машинага таң калып, башына ар кандай жаман ойлор келди.

Санаасы чыдабай, аркандап койгон атына минип, кыркын сарайга жөнөдү. Атын мамыга байлай коюп, түз эле үйүнө бет алды. Эшикти ачып кирмекчи болгондо, чала була кийинип, шымын колуна кармаган адам аны жөөлөй атып чыкты. Ал айыл өкмөтүнүн башчысы Кенжебек экен. Үйдүн ичине кире бергенде, жуурканды ороно бүрүшүп ыйлап отурган аялы Акылбектин күтүүсүздөн кирип келгенине ого бетер боздоп ыйлап кирди. Акылбек окуяны түшүндү. Ойдо жок жаман окуянын үстүнөн чыкканга бирөө аны башка чапкандай деңдароо болуп, заматта заманасы куурулуп, дүнүйө астын-үстүн болгондой, жыгыла турган болуп, теңселип барып оңолуп кетти. Акылбектин так ушул азыркы абалын айтып берүү мүмкүн эмес эле. Ал ушул учурда бирөөнү өлтүрүүдөн, өзү да өлүп алуудан кайра тартпай, каардуу жырткычтын абалында болчу. Мындай окуяны ал эч убакта күткөн эмес эле. Акылбек үйүнөн атып чыгып, мамыдагы атты мине, машинасына да карабай, шаштысы кетип, тээ ылдый карай качып бара жаткан Кенжебектин артынан түштү.

Жаны кашайып, алдыда безе качып бара жаткан Кенжебекти атып жиберди. Ал көмкөрөсүнөн кулап түштү. Бир аздан кийин гана ал баш көтөрдү. Акылбектин мылтыктын машаасын басканга дити барбай, колу калчылдап кетип, ок Кенжебектин башынан алыс кеткен экен.

Кенжебек тизелей калып, ага жалынып жиберди:

-Айланайын Акылбек, кечир мени. Эмне десең айтканыңды аткарайын. Жанымды аман кой.

-Эй акмак!! Мага адам баласы кылбас жамандыкты кылдың. Ак никелүү алган жарымды арамдадың. Эми… Мен да сага кылбаганды кыламын. Жаныңдын амандыгын көздөсөң, эптеп үйүңө жет.

Акылбек ачуусуна чыдабай Кенжебекти чокудан ары камчы менен тартып-тартып алды.

Кенжебек жанталашып, жылаңаяк калың кардын үстүндө жыгылып-туруп качып баратты. Экөө бир чакырымдан кийин жээктерине  муз тоңгон дарыяга да жете келишти. Жанталаша чуркап бара жаткан Кенжебек тык токтоп, кайда басарын билбей туруп калганда, Акылбек ага бакырды:

-Кеч!.. Алдагы сууну.

-Айланайын Акылбек, ушул шыргалаң сууну кантип кечем? Бала кезден бирге өсүп, бирге чоңойбодук беле. Жакшы жолдош эмес белек. Кечир мени, Акылбек… Мен иттик кылдым…

Ал сууну шар кече албай, жээкте бир аз буйдалып туруп калды. Акылбек кечирет деген үмүттүү ойго келди.

Классташтардын ичинен экөөнүн ортосунда жакындык бар болчу. Чолпонайды алганда да ал күйөө жолдош болуп барган эле. Чолпонайдын жоодураган карагаттай көздөрүнө, нур төгүлүп турган кара-тору өңүнө, согончогуна чейин жеткен кундуздай кара чачына, келишкен мүчөсүнө, жароокер мүнөзүнө кызыгар эле. Өзүнүн Чолпонайга жетпей калганына ичи күйүп, көптөн бери ичине кек сактап жүргөн болчу. Көздөгөн арам максатына жетүү үчүн көп ойлонуп, көп аракет кылды. Өзгөчө атасынын байлыгынын жардамы тийип, айыл өкмөтүнүн төрагасы болгону, ошол арам оюнан алыстай албай жүрдү. Азбы-көппү байлык күткөнү, чоңбу-кичинеби кызматка келгени анын бала кездеги мүнөзүн бат эле өзгөртүп, өзүмчүлдүк, менменсинүү касиетин пайда кылган эле.

Анын бою узун, бети жылма, аял жүздүү, териси жука, бет келбети энесине түспөлдөш болучу. Бир көргөн ургаачыны өзүнө тартып, кийинчерээк алар менен жакындан мамиле түзгөндү өздөштүрө баштаган өнөрү да бар эле.

Акылбек эми аны аты менен жөөлөтүп кирди. Кенжебек да суудан кечпей койбосун түшүндү. Акылбектин жинденип турганынан чочуду, атып салгандан кайра тартпасына көзү жетти. Кичинесинен жетим калып, айтканынан кайтпаган көк беттик жайын дагы билер эле. Ал аргасыздан жээктерин муз каптаган шыргалаң сууну кечип, суу ичиндеги самын таштарга эки ирет тайгаланып жыгылып, эптеп аркы өйүзгө чыкты.

-Эй, акмак, сенин жазаң ушу! Атып салып, сөөгүңдү өрттөп ийсем деле болмок. Колумду булгагым келбеди. Аман калганыңа сүйүн. Ажалың жок болсо, үйүңө аман жетээрсиң. Азабың болсо, өмүр бою боздоп жүрүп өтөөрсүң.

Шыргалаң суу сөөгүнөн өтүп чучугуна, таманынан өтүп, мээсине жеткен Кенжебек эмне кылаарын билбей, дарыянын жээгинде калчылдап бир аз турду.“Аттиң ай, иттик өзүмдөн кетти” деп күбүрөдү ичинен. Жакын жолдош болуп жүрүп, минтип чыккынчылык кылып, кечирилгис күнөө кетиргенин сезди. Жыгылып кетчүдөй илкий басып, кыштак тарапка бет алды. Анын кыштакка аман-эсен жетээр-жетпеси күмөн эле.

*****

Акылбек атына камчы салып, кайра тартты.

Үйүнө келсе Чолпонайдын эки көзү тоодой шишип, бардык күчүн ыйга чыгарып, уңулдап ыйлап отурган экен. Керебетте үч жашар кызы, маалына жаңы жеткен уулу бейкапар уктап жатышыптыр.

Акылбек  алган жары менен бактылуу өмүр сүрүп, жашоонун ыракатын чогуу көрүп, балдарынын келечегинен зор үмүт кылып, өзү башынан өткөргөн турмуштун запкысын алар көрбөсө экен деп тилек кылар эле. Эми, минтип ал тилегинин таш-талканы чыгып, ойлогон ойлору быт-чыт болуп, алдыдагы чоң максаттарына жетер-жетпеси бүдөмүк болуп калды.

Жакында эле телевизордон көргөзгөн, чет өлкөлөрдүн биринде уятсыз иштерди жасаган эркек-аялды таш бараңга алып өлтүргөн окуяны эстеп кетти. Колундагы мылтыкты мыкчый кармады.

Арзып жеткен жарынын кылган кылыгына ачуусу шакардай кайнап, жек көрүү сезими оргуштап турду. Кечээ эле чолпондой болуп, жаңы ачылган гүлдөй жадырап-жайнап турган Чолпонай көзүнө эң эле суук көрүндү. Бирок, жашоодогу билген жаман сөздөрү менен аны ашата сөгүп, абийирин кетиргенге, эркектик кылып уруп-сабап жибергенге кудурети жетпеди.

-Мен сенден муну күткөн жок элем, Чолпонай. Көрсө сен ушундай уятсыз адам турбайсыңбы?! Бул көрөкчө өлүп калсаң болмок!-деп айтканга араң жарап, сыртка чыгып кетти.

Чолпонай тизелеп отура калып, жалынып, жалбарып кечирим сураса да Акылбек кечире алмак эмес. Аялы аны ушул азыр көгала койдой тепкилеп, кудайга үнү жеткенче бакыртып-өкүртүп сабайт деп күтүп турду. Күйөөсү ага кандай жаза колдонсо да, баарын көтөрүүгө, баарына кайыл эле.

Бул каргашалуу түндө, азезилдей асылган Кенжебектин бал тилине азгырылып, ортодо ар-намыстан эр өлүүчү күнөө кылганын, сүйүп алган өмүрлүк жарынын, ортодогу ууздай махабаттан жаралган уул-кызынын келечек кендирин кесип, тагдырын талкалап, багын байлап, үй-бүлөнүн ырыскысына, бакты-таалайына кедергисин тийгизип, маңдайга жазган ырыс-дөөлөттү качырып, куттуу жерде айткысыз арам ишке барганын түшүндү.

Акылбек кайрадан үйгө киргенде колундагы мылтыгын көрүп, Чолпонайдын жүрөгү “шуу” дей түштү  “Эми чындап өлгөн экенмин” деп ойлоду. Минтип кара бет болгуча, Акылбектин колунан ажал тапсам мейли деген ойго келди.

Ургаачылык кылып, Акылбектин ата-энеси жоктугуна, кара жумуш кылып, капкара болуп, күндүн ысыгына какталып, таңды-кечке талаада жүргөнүнө, кышында ызгаардуу суукта түнөп-конуп жылкы кайтарганына көңүлү тойбой, алдыга озуп кетпесе да, элдин ортосундагыдай жашоого ыраазы болбой, ага караганда атасынын байлыгы менен бийликке жетип, жалтылдатып жеңил машинаны минип, бир айыл элди башкарып калган Кенжебек өйдө көрүнүп, анын азгырыгына кантип кирип кеткенин өзү да байкабай калган эле.

Аңгыча болбой керебеттеги уктап жаткан бала чукуранып ойгонуп кетти. Акылбек мылтыгын мыкчый кармап, аялынын тигиндей түрүн саамга үнсүз тиктеп турду да, шарт сыртка чыгып, атына минип тоону карай бет алды.

Кыштын кычыраган чилдесинде, ээн коктуда жалгыз, ак кар, көк музду жазданып, бирөөнүн көзүн каратпай, үй-бүлөмдү багам деп, жайдыр-кыштыр кара жанын карч уруп, турмуштун өйдө-ылдый кыйынчылыгын көтөрүп, эл катары жакшы жашоо үчүн алпурушуп жүрсө, жокчулук эмне экенин сезбей, жылуу үйдө жатып алып, Чолпонайдын кылганы тиги деп, келинчегине катуу нааразы болду.

Кечээ эле бирин-бири сүйүп, ортолорунда оттой ысык мамиледе жүрүшкөн эки жаштын, бүгүн минтип берген анттары бузулуп, ортодо адамдын оюна келбеген арам иш болуп кеткени, аны катуу кейитти. Аппак шейшебин тебелеттирбей, ак сүйүүсүн булгабай, арам ишке барбай, Кенжебекке каршылык көрсөтө албаганына Чолпонайга болгон жек көрүү сезими оргуштап кайнап турду. “Анын кылган кылыгын өлсөм да кечирбейм” деди ичинен.

Жетим жүргөндөгү ач-ток болгонун, көргөн азап-тозокторун чогултуп келсе бир тең, бүгүнкү көргөн кордугу бир тең болду. Аялзатынын сүйүп тийген эрине жасаган мындан өткөн душмандык болбосун түшүндү.

Алган жарынын арам ишке барганына нааразы болуп, өз өмүрүн кыйган бир жигиттин кайгылуу окуясын да уккан жайы бар эле. Бул көрөкчө өмүр бою бойдок жүрсөм жакшы болмок го деген ой келди.

Ал болгон окуяны эстеген сайын жаны кашайып, ээн талаада үнүнүн жетишинче түнкү караңгылыкты буза бакырып, ички күйүтүн сыртка чыгарайын деп, бирок анте да албады. Бул жарык дүйнө күңүрттөнүп, аны менен коштошкусу, өз жанын өзү кыйгысы келип, каны ичине тартып, кумсарып, жонундагы мылтыктын кундагын улам-улам кармап кетип баратты.

*****

Акылбек жылгага жакындаганда ачуу кишенеген айгырдын үнүн укту. Аңгыча болбой аң-дөңдү карабай атырыла чуркап келаткан кара сур байтал, анын артынан аркан бою аралыкта кубалап келаткан лөкүйгөн чоң карышкыр жандай салып өтүп кетишти. Көп өтпөй алардын артынан оозун араандай ачып, көзү оттой жанып, зуулдап чуркап келаткан Тору айгыр көрүндү.

Ансыз да акыл-эси ордунда болбой, эси эңгиреп турган Акылбектин эшик төрдөй жерде жанынан өткөн карышкырга ок чыгарганга чамасы келбеди. Оюна жаман нерселер түшүп кетти. Карышкырлардын үйүрү жылкыларга кол салып, чилдей таратып, баарын кызыл-жаян кан кылып, кырып салгандай туюлду. Эртең мал ээлеринин жүзүн кантип карайм деп ойлоду. Тигилерге көңүл бөлбөй, атына камчы уруп, шаша-буша жылкыларды көздөй жөнөдү. Эсине келип, бир нече жолу асманга мылтык атты. Мылтыктын жүрөктү титиреткен ачуу үнү аска-тоону жаңыртты. Келсе, жылкылар бир кырсык болгондой кулактарын тикчийтип, оттобой турушкан экен. Ээси келгенде, карышкырдан катуу коркуп калган жылкылар туш тараптан чогулуп, Акылбекти тегеректеп калышты. Жылкыларды санап, түгөлдөп көрсө Тору айгыр менен кара сур байталдан башкасы түгөл экен. Жалгыз карышкыр кол салганын түшүнүп, санаасы бир аз басылып, кайра тартты.

*****

Коктунун оозуна жетип, Тору айгыр менен кара сур байталдын бири –бирине сүйөнүп, кашынып турушканын көрдү. Булар быйыл жаз айынын жаркыраган күндөрүнүн биринде алгачкы жолу кошулушкан эле.

Жакындап барганда Тору айгырдын капталдары тытылып, төш эттери менен булчуң эттери жулунуп калганын көрдү. Экөөнө жакын эле жерде оозунан кан кетип, кабыргалары каркайып, сулап жаткан карышкырдын өлүгү көзгө урунду. Ал мезгилинде казысы карыш бээлерди жара тарткан кандуу азууларынан ажырап, карып-арыганда үйүрүнөн бөлүнүп, жалгыздап жан багып калган карышкырдын дөбөтү эле. Анын ажалы кара сур байталды коргогон Тору айгырдан болгонун Акылбек жазбай түшүндү.

*****

Бул карышкырдын дөбөтү жөнүндө узак сөз кылууга болот. Ал мезгилинде азуусун айга бүлөгөн зор дөбөт карышкыр эле. Көп жылдар бою бир кең өрөөндү мекендеп, карышкырлардын чоң үйүрүнө ээлик кылып, аларды дайыма жаш эт менен камсыздап, эч убакта ач калтырбай, тарп жегизбей, үйүрдөгүлөргө кадыр-баркы күчтүү эле. Үйүрдөгүлөрдүн бири да ага баш көтөрбөй, анын каалоосун “дың” дебей аткарышчу.

Короо короо-койлорго, үйүр-үйүр жылкыларга кол салып, жайыттарды кызыл-жаян кан кылып, карга, кузгунга той түшүрүп салчу. Андан соң тезинен башка жакка жер которуп кетчү. Өтө сак, өзгөчө митаам эле. Бечара малчылар бирин-экин малынан ажырап, бир топ чыгымга учурап, карышкырлардын бул үйүрүн жок кылууга кылган мергенчилердин аракети майнапсыз калар эле.

Ошондой күндөрдүн биринде дөбөт карышкырды кырсык чалды. Ошол өрөөндөгү мергенчилер чогулуп, карышкырдын бул үйүрүнө каршы аттанышты. Туш-туштан мылтыктар тарсылдап, октор зуулдап учуп жатты. Октун бирөө дөбөт карышкырдын оң колуна тийди. Ал үч буттап чуркап жүрүп, үйүрүн эптеп мергенчилердин торунан алып чыкты. Үйүрдөгүлөрдүн ажалы жеткени мергенчилердин олжосу болуп калып калды. Ал бул жолу үйүрүн эң алыс жерге, адамдар бара албаган аска-зоолордун арасына, карагай-черлүү жерге алып келди. Өзү бир жумадай кыймылсыз жатты. Ок далыны тешип өтүп, өпкөгө жакын барып туруп калган экен. Акыры эптеп мал болуп кетти. Үйүрдөгүлөр көнгөн жашоосун уланта беришти.

Анын бейпил жашоосун жакында болуп өткөн окуя өзгөрттү. Жакшы көргөн жаш көк канчыгы дөбөт карышкырдан бир ийменип, бир жалтанып койбой, кайдан жайдан таап, үйүргө ээрчитип келген жаш дөбөт карышкырдан башталды.

Аны үйүргө кошпос үчүн дөбөт карышкыр катуу каршылык көрсөттү. Ортолорунда бир эт бышымга созулган айыгышкан катуу кармаш болду. Бири-бирин өзгөчө жек көрүү менен карап, жара тартып жибергиси келген бул экөө, чарчап, шайы ооп, кыймылдарга дарманы калбай калганда, эки жерге барып, соксоюп отуруп калышат. Эс алганда кайра кармашып киришет. Буту-колун, кекиртегин чайнашып, бири-биринин кокосун жулуп алганга, мүчө-башын керектен чыгарганга аракет кылып жатышты. Жеңилгени үйүрдү тыштап, белгисиз тарапка кетүүгө аргасыз болорун, жалгыз калуу кандай коркунучтуу экенин, андан аркы жашоосу жагымсыз, кунарсыз өтөрүн экөө тең жакшы түшүнөр эле. Адегенде дөбөт карышкыр карт бөрүлүк кылып, жаш дөбөттүн бир топ шайын оодарып жиберди. Бирок, күч-кубатка жаңы толуп турган жаш дөбөт бара-бара үстөмдүк кыла баштады. Жыйынтыгында бул кандуу кармаш жаш дөбөт карышкырдын жеңиши менен аяктады.

Жаш дөбөттүн жеңишин көк канчык да аябай каалап турган эле. Дөбөт карышкырдын буга чейин ага кылган камкордугу, башка канчыктарга караганда өзгөчө жасаган жылуу мамилеси түккө арзыбай калды. Жаш дөбөт менен көк канчыктын мурдатан үйүрдөгүлөргө билгизбей тымызын жолугушуп жүргөнүн үйүрдөгү чексиз бийликке ээ болуп, дайыма иши оңунан чыгып жүргөн, анча-мынчага маани бербеген дөбөт карышкыр байкабаса керек.

Эки дөбөттүн тагдыр чечүүчү кандуу кармашынан оңбогондой жаракат алып, катуу запкы жеп, мындан ары үйүрдө калуу болбостугун сезген карт бөрү аксаңдай басып, ийрелеңдей белгисиз жакка бет алды. Бир аз баргандан кийин кайрылып, өмүр бою ээлик кылып келген үйүрүнө эң акыркы жолу карап турду.

Жаш канчык менен өткөргөн айтып түгөтө алгыс, эң сонун учурларды, алгачкы жолугушкан күндү эстеди.

Көк канчык анын колуна оңой эле тийе койгон эмес. Кошуна үйүрдөн аны биринчи көргөндө эле напсиси бузулуп, ага кантип ээлик кылуунун жолун издей баштаган. Акыры анын үйүр башчысы менен кандуу кармашка барууга туура келген. Айыгышкан кармаштан кийин каршылашын жара тартып, өзү да жараланып, өлдүм-талдым дегенде араң жеңишке жетишкен. Андан башка жол жок эле. Ошентип, жаңыдан эле бой тартып келаткан, мүчө-башы келишкен, көк канчыкка ээлик кылып калган эле.

Бул убакта көк канчык аны карап да койбой, дүнүйөсү түгөл болгондой, дөбөт карышкырдын үйүрдөгү башка канчыктарга караганда ага кылган өзгөчө мамилеси, жылуу сезими, бардык нерсе эсинен чыгып, жата калып, ары-бери оонап, куйругун бултактатып, берки жаш дөбөт карышкырдын башы-көзүнөн жалап-жуктап, эркелеп жатканын көрдү. Бир кезде көк канчык ага да ушинтип куйругун бултактатып, башы-көзүнөн өөп-жыттап, жаштык жалыны, бүткүл дити менен берилип өзгөчө эркелээр эле. Дөбөт карышкырдын ичи өрт-жалын болуп турду, кайра кайтып барып, экөөнү тең жара тартып, ичине толгон кетпес кегин чыгарып, жеңилдеп алгысы келди. Бирок анте албады, анткенге дарманы жок эле, кудурети да жетпейт эле.

Эми үйүрдөгүлөрдүн жаш дөбөткө баш ийбеске чарасы жок эле. Дөбөт карышкырдын далай жакшылыгын көрүп, жашоонун ыракатын татып, кээде ач болуп, кээде ток болуп, узак мезгил бою бирге болгон үйүрдөгү карышкырлардын бири да аны карап койгон жок. Алар бирин-бири эркелетип, ойноп жаткан эки жаш бөрүнү суктануу менен, бир чети өзгөчө ичи тарлык менен карап турушту.

Бул жолкудай мурда ыза болуп, кордук көрбөгөн карт дөбөт бөрүлөрдүн эзелтеден келаткан салты боюнча өзүн жара тартып, же бийик аскадан учуп өлгүсү келди. Ал да колунан келбеди. Асманга карап, ичиндеги толуп чыккан муң-кайгысын сыртка чыгарып, үнүнүн бардыгынча улуп жатты.

Дөбөттүн улуган үнүн укканда көк канчык көздөрүн акшыйтып, аны бир карап алды. Мурда жандай көргөн, дене боюн чексиз балкытып, жан кумарын кандырган дөбөт карышкыр бул жолу анын көзүнө эң эле жаман көрүнүп, өзгөчө жек көрүп турду.

*****

Жылкылардан санаасы тынганы менен, түндөгү болгон жагымсыз окуя жан дүйнөсүнө тынчтык бербей, кең дүйнө тар болуп, ачуусу тарабай, ой-санаасын жагымсыз нерселер бийлеп, мылтыгын мыкчый кармап, ары-бери басып, Акылбек улам-улам үйү тарапты карап коюп турду.

Адамдар жашоосунда пендечилик кылып, ар кандай шартта, көп эле кемчиликтерди, билип да, билбей да күнөөлөрдү кетириши мүмкүн. Алардын айрымдарын кечирип да жүрүшөт. Бирок, Алла Таалага да жакпаган, Чолпонайдын бул кылыгын чексиз айкөлдүк касиетке ээ болгон адам да кечирүүгө мүмкүн эмес эле.

Адамдардын көзүн тайгылткан, көк мелжиген, зор имараттын бир жерине доо кетсе, ал мезгил өткөндөн кийин, эртеби-кечпи баягы касиетинен ажырап, кыйроого учурап, жашоосун токтотоору, жер менен жексен болоору белгилүү эмеспи.

Ата-энеден жаштайында ажырап, алардын мээримин билбей жалгыз өскөн Акылбектин азыр жанында акыл айтып, оң жолго ээрчитип кетээр адам жок, астындагы минген атынан башка бир жан жок, түнкү ай-талаада жалгыз бастырып баратты. Кыйын кысталышка туш болгон, пенде көтөрө алгыс, айласыз абалга кабылган Акылбекти түркүн ойлор күтүүсүз кылмышка азгырып жатты.

Ал үйүнө келип эшикке жакындаганда сай-сөөктү сыздатып, чыркырап ыйлаган балдарынын үнүн укту. Шаша-буша эшикти ачып киргенде, үйдүн устунуна байланган аркандын учуна илинип, салаңдап турган Чолпонайдын жансыз денесин көрүп, калтырап коркуп кетти. Колундагы мылтык колунан түштү…

*****

Буга чейин мемиреп турган түндү заматтын ортосунда кара туман каптап, коктулардан кар учурган ызгаардуу шамал жүрүп, соңунан бороон башталып, айлана алай-дүлөй болуп калды.

Бир кезде түнкү караңгылыкты бузган мылтыктын үнү чыкты…

Ай-ааламга чексиз нурун төккөн, жер үстүндөгү бүткүл жан-жаныбардын жашоосуна шарт түзгөн, өмүр берген касиеттүү Күндүн чыгышына да бир топ убакыт бар эле…