Мажар акыны Шандор Петефинин 200 жылдыгына карата адабий конкурс жарыяланат

Дүйнөлүк поэзиянын классиги, мажар (венгер) акыны Шандор Петефинин 200 жылдыгына карата түрк дүйнөсүнүн акындарынын арасында “Түрксой” эл аралык уюму жана Мажарстандын (Лекетилек) маданий коомдук фонду адабий конкурс жарыялайт.

Конкурстун шарты жөнөкөй:

Ыр орус, англис, түрк, француз тилдеринен жана мажар тилинен (бул тилди билген болсо) түз которсо болот.

Которуу үчүн берилген ыр – акындын өтө кыска, өтө терең “Сүйүү жана Азаттык” деген ыры. Аталган ыр төмөндө:

Любовь и Свобода…

Любовь и свобода —

Вот все, что мне надо!

Любовь ценою смерти я

Добыть готов,

За вольность я пожертвую

Тобой, любовь!

Мындан тышкары котормочулар Шандор Петефинин дагы бир ырын тандап алып которуусу шарт.

Конкурс Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан акындарынын арасында өтөт. Катышуучулар котормолорун өз өлкөлөрүндө түзүлгөн конкурстук комиссияга жөнөтөт. Бул комиссияны ар бир өлкөнүн жазуучулар уюмдары түзөт жана комиссиянын курамына өлкөдөгү Мажар элчилигинин маданият жаатындагы бир кызматкери кошулат. Андыктан, котормолорду КР Улуттук жазуучулар союзуна алып келиңиздер (Бишкек ш., Эркиндик бул. 54 дарегине) же электрондук вариантта adabiyat.kg@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүңүздөр.

Конкурска кабыл алуу мөөнөтү 2022-жылдын 16-декабрына чейин.

Конкурстун жыйынтыгында ар бир өлкөдөн бирден гана жеңүүчү аныкталат жана жеңүүчүлөрдүн ар бирине 2000 (эки миң) америка доллары ыйгарылат.

Жеңүүчүлөрдүн сыйлыктары 2023-жылдын 20-январында Будапештте салтанаттуу иш-чарада тапшырылат.

Конкурска катышуучулардын жаш курагына чектөө коюлбайт. Авторлордун чыгармалары адабий ысым (псевдоним) менен берилет. Андыктан Шандор Петефинин 200 жылдык мааракесине арналган адабий конкурстун бардык катышуучуларына ийгилик каалайбыз!

Сурап-билүү үчүн тел.: 0708 50 28 80, 0777 35 26 08

Эскертүү: Конкурсту уюштуруу “Түрксой” эл аралык уюмунун Будапеште өткөн эки тараптуу жыйынында кабыл алынган.