Төлөгөн Мамеев: Ажайып бир сулуулук бүтүп калган, Алайга – бүркүттөрдүн мекенине

Алай

Тоолорду көктү челген алайдагы,

Бир көрсөң унутпайсың далайга аны.

Тоолордун жыйын курчу жериби дейм,

Борбордук Азиянын ал аймагы.

 

Жапжакын турганга окшойт асман ага,

Жуурулуп, дене болуп таштар ага.

Жылдыздар булуту жок ачык түндө,

Жаткансыйт уялашып аскаларга.

 

Карасам чокуларды ойлор учуп,

Тургансыйт көктү тиктеп ойлонушуп.

Таң алды сапар тартат уктап калган,

Булуттар зоокалардан ойгонушуп.

 

Таң алды жылдыздар да жымыңдаган,

Шамалга чыдай албай тыйылбаган.

Болушат көздөн кайым уядагы,

Балдарын таштап коюп чырылдаган.

 

Төмөндө ак жал дайра күр-шар этет,

Арча өскөн анын өйүз-бүйүзүнө.

Ай конуп турганга окшойт жаңы туулган,

Күүгүмдө текелердин мүйүзүнө.

 

Асманга аз-аз калган жетерине,

Асканын гүлдөр өсөт этегине.

Ажайып бир сулуулук бүтүп калган,

Алайга – бүркүттөрдүн мекенине.

 

Ак тоолор өтө кыйын сага чыгыш,

Алайга өз койнуңан агат ырыс.

Бүркүттөй эл жашасын койнунда деп,

Атайын жасаганбы жаратылыш?

 

Уятуп чулу таштан аскасын көп,

Бүркүттөн башка куштар ашпасын деп.

Чеп кылып койгонбу же сени тоолор,

Башка бут кыргыз жерин баспасын деп.

 

Мейли эле

Түш көрөм кээ бир түнү жаманыраак,

Ырылдап бороон улуп, шамал урат.

Ээндикке сиңип кетип жигиттигим,

Эскирген имараттай барам урап.

 

Аксакал төргө чык дейт урматташып,

Баш тартат, кээ бир тойдо учаны алам.

Жигиттер, жаш келиндер шаракташат,

Мен өткөн жылдарды эстеп кусаланам.

 

Көпкөндөр кызыганда абышка дейт,

Айла жок чындыгында абышкасың.

Ичимден өзүмө өзүм көңүл айтам,

Жараткан акылымды карытпасын.

 

Көп угуп кандайсың чал деген сөздү,

Кантесиң көнүп бүттү кулак ага.

Он сегиз жашым чиркин бир кайрылып,

Мейли элем отурсам мен улагада.

 

Гүлдөрдүн мүрзөсү

Ак гүлдөй, жайлоодогу сары гүлдөй,

Ыйык гүл аз экенин баары билбей.

Кыргыздар улак тартат гүл үстүндө,

Байкуштар ыйлап жатса аны билбей.

 

Табалбай жанталашып чыныгы арга,

Үнү жок боздоп, ыйлап чыңырарга.

Жайнаган байкуш гүлдөр жан беришет,

Жан берет жашын төгүп кырыларда.

 

Бырчалап күлүктөрдүн туяктары,

Армандуу ай талаада чыгат жаны.

Ыйлашат гүлдөрдү аяп таштар дагы,

Ыйлашат тоонун жашык булактары.

 

Ыйлашат гүлдү сүйгөн көпөлөктөр,

Аарылар, боз торгойлор… өтө көптөр.

Кыямат болуп жаткан бул учурду,

Кыйналып, онтоп араң көтөрөт жер.

 

Гүл таппай көпөлөктөр өбүшкөнгө,

Жан кейийт алар жашын төгүшкөндө.

Күн кечтейт, улак бүтөт, талаа калат,

Айланып гүлдөр жаткан көрүстөнгө.

 

Ырлардын

Бийликти, байлыкты мен самабадым,

Ыр болду бир гана ыйык санаганым.

Андан мен түсүн көрдүм кең дүйнөнүн,

Андан мен жытты сездим баладагы.

 

Шумкардын жолун көрдүм тоодо улаган,

Бөбөктүн тилин уктум божураган.

Акылдын күчүн көрдүм майышпаган,

Сулуунун жүзүн көрдүм жоодураган.

 

Ырлардан чыны көрдүм кан чылаган,

Эненин жашын көрдүм тамчылаган.

Моюбас буудан көрдүм кең талаада,

Шамалды артка таштап аркыраган.

 

Жарыктын ушунчалык кымбаттыгы,

Сезилди, сездим сулуу, сымбаттууну.

Акмакты айра билдим акылмандан,

Ыр гана берди мага бул бактыны.

 

Бир келген аз өмүрдү башкага арнап,

Же бийлик… алтын менен акчага арнап.

Арманда өтмөк экем бул дүйнөдөн,

Жүрсөм мен ыр ордуна акча кармап.

 

Эне менен бала

Бурай кармап энесинин ак чачын,

Тартып алчу ал байкуштун акчасын.

Ойлочу эмес, оюна да келчү эмес,

Энени адам эч убакта таппасын.

 

Кылыктарын ошол зөөкүр неменин,

Коңшулары билчү мындай өнөрүн.

Өзү ыйласа, дир-дир этип сүтү агып,

Эмчеги да кошо ыйлачу эненин.

 

Ал энени арылбаган армандуу,

Коңшулары аяп бир күн жаңжалдуу.

Колу-бутун байлап туруп өкүртүп,

Милицияга тапшырышты айбанды.

 

Мыкаачылык мойнуна айып тагылып,

Беш жыл деген соттун үнү жаңырып.

Кетти абакка, аяп кайра баласын,

Эне турду көзүнөн жаш агылып…

 

Картаң эне жыйалбаган эсин көп,

Сүргө айлантып чучук менен этин көп.

Сактап жүрөт курут менен майын да,

Бошоп бир күн келгенде уулум жесин деп.

 

Айлар менен жылдар өтүп жарышкан,

Кабар бербей бирок уулу алыстан.

Кол тийгизген энесине зөөкүр деп,

Абакта аны эчак асып салышкан.

 

Неге сен түшкө кирдиң Байдылда акын

Устатым, улуу акын, тагдырлашым,

Билемин ыйласак да кайрылбасың.

Бул күнү таң сөгүлүп келатканда,

Неге сен түшкө кирдиң Байдылда акын?

 

Азыраак баштагыдан арык түсүң,

Апакай көйнөк кийип алыптырсың.

Үстүңө нур төгүлүп жаткан сымак,

Кандайдыр бир ажайып жарык түсүң.

 

Ар жакта мүрзөң турат чочуладым,

Анын да ак нур чаят топурагын.

Түйшөлдүм бир ыр окуп береби деп,

А бирок ырларыңды окубадың.

 

Түбүндө жашыл тарткан бийик беттин

дайра окшойт. Анан ага сиңип кеттиң.

Ушинтип түшкө кирип сүйлөбөдүң,

Устасы ыр аталган ыйык кептин.

 

Билемин кайгырсак да табылбассың,

Устатым, бир кездеги тагдырлашым.

Таңга жуук таттуу уйкуда жатканымда,

Неге сен түшкө кирдиң Байдылда акын?

 

Чыдасаң отур жаныма

Денеме батпай кез-кезде,

Күбүлөм, жаандай төгүлөм.

Адаша түшкөн акылдан,

Адамдай анда көрүнөм.

 

Таң калбай ошол чагыма,

Кулагың төшөп баарына.

Чыңырган жүрөк ырына,

Чыдасаң отур жаныма.

 

Үзүп мен турмуш жетегин,

Эреже болгон кечээ күн.

Адатты, салтты тебелеп,

Ааламды кезип кетемин.

 

Кан турат анда жаш эмес,

Карегим анда байкагын.

Акылым жыйнап а анан,

Азыркы күнгө кайтамын.

 

Өчкөндөй жарк деп чагылган,

Ыр дайрам пастап агылган.

Анан мен калам тынч алып,

Адамдай жини кагылган.

 

Таң калбай ошол чагыма,

Окулган ырдын баарына.

Кулагың төшөп, сынтакпай,

Чыдасаң отур жаныма.