Сулайман Рысбаев: Жакшы ата издеген бала тууралуу жомок

Жакшы ата издеген бала тууралуу жомок

(Бүгүнкү күндүн жомогу)

Ушул эле биз жашаган чоң шаардын четинде бир эрке тентек бала жашачу. Анын атасы өз эмгеги менен күн көргөн, баласынын да эмгекчил болуп өсүүсүн тилеген карапайым адам экен. Ал эрке баласына күндө акыл кеңештерин айтып, кичинекей болсо да татынакай, кооз, айланасы бак-шактуу үйүндө жашап жатышыптыр.

Эрке баласы атасынын тапканын ичип-жеп, сатып берген кийимин кийип, үйдө жүрсө уйкуга, талаада жүрсө оюнга тойбойт. “Окуп жатам” деп мектепке барганы менен, анысын да жарытпайт. Бекерчиликке көнүп, жалкоо болуп чоңоёт. Аны көрүп, атасы бир күнү буларды айтат:

-Балам, сен минтип жүрсөң кандай адам болосуң ыя? Мен карып калганда мени кантип багасың? Элдин балдары ата-энесине жардам берип, колун узартышат экен. А сен болсоң…

Анын сөзүнө көңүл салбай Эркебек мындай дейт:

-Ата, менин досторумдун аталары абдан жакшы жашашат. Биринин атасы-аябай бай. Биринин атасы-депутат. Дагы биринин атасы-министр. Алар кандай бактылуу! Алардын аталары кандай жакшы! Машинелери бар. Ỵйлөрү эки кабат жана кооз. А сиз болсо…

Эркебек атасынын эски кийимине, көөнөрүп калган малакайы менен өтүгүнө карайт. Атасы эмне дээрин билбей, чекесинин терин аарчып, баласын эркелете, дагы да акыл-насаатын айтат.

-Алтын балам… -дейт атасы сөзүн улап,- акылдуу бала эч качан өз атасын “жаман ата” дебейт. Баласы жакшы болсо, бардык ата жакшы ата болот. Баласы жаман болсо, кандай гана жакшы ата болсо да жаман ата болуп картаят. Сен жакшы бала болсоң гана-мен жакшы ата болом. А сен жаман бала болсоң- мен эч качан жакшы ата боло албаймын. Ушуну билип жүр, балам!

*****

Эркебек эртеси сабагынан чыгат да үйүнө барбай, көчөлөп жүрүп, үч кабат кооз үйдүн эшигине келет. Үйдү таңдана, кызыга карап, далайга турат да, дарбазадагы коңгуроону басат. Дарбаза ачылып, курсагы кучак бай чыгат. Ал жупуну кийинген баланы көрөт да:

-Эй,сен кайдан келген немесиң? Эмне керек сага? –дейт.

-Мага эч нерсенин кереги жок, –дейт коруна сүйлөп Эркебек.

-Менин атам жакыр киши. Эртеден кечке иштеп жүрүп, эч нерсе таппайт. Мен бай аталуу болгум келет…

Балага бай кызыга карайт да, атын сурап-билип, мындай дейт:

-Эркебек, сен анда мага бала бол. Мага бала болсоң, мына мобул үй дагы, короодогу машина дагы сеники болот. Уктуңбу? Курсагың ток, кийимиң бүтүн болот. Каалаганыңдай жашап, каалаганыңдай жүрөсүң…

Ошентип, Эркебек байга бала болуп калат. Бай ата ал каалагандай кийим-кечелерди сатып берип, күндө машина менен мектепке жеткирет, күндө үйдөн чыгарында колуна акча карматып турат. Бала акчага кызыгып, кийген кийимине, көтөргөн телефонуна мактанып, жыргап калат. Өзүнүн жарды, бирок ак ниет, карапайым атасын унутат.

-Ата,-деди бир күнү Эркебек, бай атасы иштен келгенде, -менин бир досум бар болчу. Анын атасы дагы жарды болчу. Мен бүгүн түшкү тамакты ичпей, акчамды ошол досума бердим. Жаңы сумка сатып ал-дедим. Туура кылыптырмынбы?

-Эмне?-деп ачууланды бай Эркебектин бул сөзүнө, мен эмне, сага жакырлардын балдарын баксын деп, күндө акча берип жатыптырмынбы? Сен минтип жүрсөң, менин болгон байлыгымды чачып, бир күнү өзүңдүн жарды атаңча эшекке мингизип коесуң го? Эмитеден көзүмө көрүнбөй жоголгун! Мага сендей, берешен, жакыр неменин кереги жок!

Ошентип, мындан эмитен кутулайын деп ойлойт да, сатып берген жаңы кийимдерин чечтирип алып, эски кийимдерин колуна карматып, Эркебекти “бай атасы” эшикке кууп чыгат.

*****

Эркебек байдын үйүнөн чыгып, жол менен жүрүп отурат. Байдан көргөн кордугун эстеп, көз жашын көлдөтүп ыйлайт. Ошентип келатып, эки кабат дагы бир кооз үйгө туш келет. Эркебек ал үйдү айлана кызыга карап туруп, дарбазанын коңгуроосун басат. Дарбаза ачылып, галстук тагынган, костюм-шым кийген, башында тегерек калпагы бар адам чыгат. Эркебек, адегенде, эмне дээрин билбей, солуктаган боюнча жер карап  туруп калат.

-Ой, сага эмне болгон?-дейт тиги киши,

-Эмне ыйлап жатасың? Бирөө уруп койдубу?

-Жок… Мени эч ким деле уруп ыйлаткан жок… Менин атам жарды болчу… Кечке жер казып иштеп, эч нерсе тапчу эмес. Мектепке төлөөргө акча жок, ал тургай, жыртык кийимдерим менен сабакка баргандан уялам…-деди мукактанып жатып Эркебек.

-А сага эмне керек? Акчабы? Кийимби?

-Жок…Мен жакыр атамдан кетип калгам…Менин атам депутат болсо… Депутаттын баласы болсом, кандай бактылуу болмокмун…

Эркебек ушуну айтат да, кайрадан ыйлап кирет.

-Мен анда ошо сен издеген депутат болом. Болуптур, сен мага бала бол. Мен сени өз баламдай көрүп, багып алайын.

Ошентип, Эркебек депутатка бала болуп калат. Кайрадан карды ток, кайгысы жок, кийген кийими бүтүн жашай баштайт. Өзү айткандай, “депутаттын баласымын”-деп досторуна күндө мактанат. Достору да ага суктана карашат.

Күндөрдүн биринде күтүлбөгөн бир окуя болду. Эркебектин депутат атасы кечинде жумуштан келип, өзүнө чакырды.

-Эркебек! Кайдасың? Бери келчи…

-Мындамын… Эмне болду, ата?

-Сөз мындай: мен депутат болуп турганда, сен мектепке барып убара болбойсуң? Мугалимдер үйгө келип окутушат сени… Кечке сабагыңды окуйсуң. Компьютерден оюндарды ойнойсуң. Үйдү кайтарасың. Үйдө эч ким жокто уурулар келип, үйдү тоноп кетпесин. Уктуңбу? Эми баргын да, жатып укта…

Эркебек депутат атасынын бул сөздөрүн угуп, эмне дээрин билбей көздөрү алайды. Бирок аргасы канча, депутат атасы айткандай жашай баштады. Анан аз күн өткөн соң, ыйлактап арызданды:

-Мен…эмне  түрмөгө камалгансып эле үй кайтарып отура беремби… Мындай болсо, мен сизди ата кылбаймын…

-Эмне?! Андай болсо, мен дагы сени бала кылбаймын! Менин айтканымдай кылбасаң, эмитен көзүмө көрүнбөй жоголгун..!

Депутат атасы дагы үстүндөгү жаңы кийимдерин чечип алып, ага баягы эски кийимдерин колуна карматты да, Эркебекти көчөгө кууп салды.

*****

Көчө караңгы эле. Эркебек көчөдө келатып, дагы бир бийик үйдүн алдына келип токтоду. Бул үй-министрдин үйү болчу. Эркебек эшиктин коңгуроосун басканда, салабаттуу адам чыгып келди.

-Сага ким керек, балакай? Анан да караңгыда эмне кылып жүрөсүң?-деди ал, баланын жүдөгөн кебетесин көрүп.

-Мени атам үйдөн кубалап чыгып таштады.

-Эмне үчүн кубалады?

-Атам депутат болчу…Мен ага экинчи бала болбойм…

-Депутат атаң сени эмнеге кубалап чыкты?

-Ал-жаман ата экен. Мен жакшы аталуу болгум келет. Министр атам болсо деп ойлойм…

Анын сөзүн угуп, министр аяп кетти да, баланы эркелете сүйлөдү:

-Кана, мени карачы. Мен сен ойлогон министр болом. Сен эгер министрге бала болгуң келсе, бүгүнтөн баштап, мага бала бол. Макулбу?

Ошентип, Эркебек эми министрге бала болуп, кооз, бийик үйдө кайрадан жыргап жашап калды.

*****

Бир канча тынч күндөр өттү. Бирок бир күнү Эркебек күтпөгөн окуя дагы кайталанды. Министр атасы жумушка кетип жатып, мындай деди:

-Эркебек, мен сага мындан аркы күндө аткара турган ишиңдин тартибин айтып берейин. Эсирип, эркин жүрмөйдү мындан ары токтотосуң. Уктуңбу? Көңүл салып тыңша.

Эркебек министр атасын дагы да шектүү карады.

-Эртеңден баштап күндө саат таңкы алты жарымда турасың. Жарым саат денеңди чыңайсың. Анан жуунуп, тамак ичкен соң, саат тогузда англис тилин үйрөнүү курсуна барасың. Анда эки саат окугандан кийин, тамактанып алып, мектепке жөнөйсүң. Сабактан чыгарың менен спорт клубуна футбол ийримине барасың. Ийримде эки саат болгон соң, кечинде компьютердик курста окуйсуң. Андан чыгарың менен үйгө тез кайтасың. Ỵйгө келериң менен эртеңки сабактарыңа даярданууга отурасың! Түшүндүңбү? Иши кылса, таңдан кечке чейин бир мүнөт да бош убактың болбосун!

Эркебек министр атасынын мындай катаал тартибин укту да, андай тартипке көнө албастыгын, андай иштерди эч качан аткара албастыгын айтып, кыжаалаттана мындай деди:

-Ата, мен анда, качан ойноймун? Качан уктаймын? Качан эс аламын..?

-Министрдин баласы деген ошондой болуш керек. Мага: дейди, жалкоо, жалакай, жан бакты, оюндан башканы билбеген кейбир баланын кереги жок. “Мен министрдин баласымын” – деп курулай мактанбай, мен кандай айтсам ошондой тартипке көнөсүң!

-Ата…ата… мен мындай тартипке көнгөн эмесмин…Чыдай албайм …

-Эмне үчүн чыдай албайсың? Чыдай албай турган болсоң, чыныңды айткын! Кайдан келсең, ошол жагыңа кубалайм! Эртең мененкиге чейин ойлон!..

*****

Ошентип, Эркебек, өзүнүн ак ниет, ак пейил, карапайым жакшы атасынан качып, адегенде байга, андан соң депутатка, андан кийин өзү эңсеген министрге бала болуп көрдү. Бирок, алардын баары өз атасындай болбоду. Эркелетишпеди…

Жарды болсо да, урушпаган, акылын айтып, эркелеткен, эмгекчил, карапайым өзүнүн атасы эле “жакшы ата” экенин ойлоду. Өз атасы өз колу менен салган, өзү туулуп-өскөн үйү гана жакшы жана тынч экенин сезди.

Ушуларды ойлоп, атасын, үйүн сагынып, ыйлап кайтып келатты…