Сооронбай Жусуев: Жаш акын эмес, маш акын

Жаш акын эмес, маш акын

Жакында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек кыштагында туулган Бердибек Жамгырчиевдин “Мукай” басмасынан жаңы чыккан “Жүрөктө калган бир ысым” деген тунгуч ыр китеби колума тиери менен окуп чыктым. Автору бар болгону 26 гана жашта. Бишкектеги Кусеин Карасаев атындагы Гуманитардык университеттин Кыргыз филология факультетин бүткөн. “Таланттар таймашы” конкурсунун башкы жеңүүчүсү. 2013-жылдын “Мыкты жаш акыны” наамынын ээси. “Калемгер” жана “Нурборбор” (ред. КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы) адабий клубдарынын мүчөсү.

Автордун тунгуч ыр китеби мага жакшы таасир калтыргандыктан өз оюмду гезит окурмандары аркылуу бөлүшкүм келет. Жаш акындар менен көп жылы иштешкен мен жаштардын бардык эле тунгуч китептери ийгиликтүү боло бербегенин билем. Жолон Мамытовдун “Отту сүйөм” деген тунгуч китеби ийгиликтүү чыгып, акындын аты дароо элдин оозуна алынып, шоораты республикага тараганы эсимде.

Бердибек Жамгырчиевдин бул ыр китебинин редактору, кириш сөзүнүн автору, азыркы мыкты кыргыз акындарынын бири Зайырбек Ажыматов өзүнүн кириш сөзүндө: “Чү, деген эле жерден айтарым Бердибек Жамгырчиев бул тунгуч ыр жыйнагы менен эле кыргыз адабиятынын астанасын ишенимдүү аттады десек эч кандай ашыкча болбойт” деп жазыптыр. Бул абдан адилет ой. Ыр китепти ашыкпай сын көз менен карап окуп чыккан соң акынга карата менде ыраазылык сезим пайда болгону чындык. Өзүнүн тунгуч ыр китеби менен мындай деңгээлге жетүү ар бир жаш акындын колунан келе бербейт.

Менин айткан ойлорумду окурмандарга ырастоо иретинде, аларды ынандыруу ниетинде акындын кай бир ыр саптарын мисалга келтирип кетүүнү туура көрдүм. Ыр китебине жарыяланган “Кыргызым” деген ырында акын өзүндөгү элине, улутуна карата болгон патриоттук сезимин билдирет:

“Жамандыктын жышаанын курап чынга,

Нарксыздардын каадасын мурас кылба.

Жетеленбе ар кимге жетим болуп,

Кыргыз деген улутуң турат мында” десе, дагы бир ырында:

“Биз бийикпиз Ала-Тоодой ар убак,

Көкүрөктө Манас руху турганда” дейт. Кыргыздын башка акындары жазып келишкен кыргыз эли, Ата-Журт, эне, Ысык-Көл жөнүндөгү ырларды Бердибек да жазган, бирок башка ракурстан карап, башка күү, башка боёк сүртүп жазгандыктан кулакка өзгөчө, жаңыча угулуп турганы акындын ийгилиги, табылгасы, олжосу.

“Апама” деген ырындагы акындын нагыз жүрөгүнөн чыккан, ар адамдын жүрөгүнө жылуулук сезим берип турган ойлор:

Апакем, таянычым, асылзатым,

Адашсам жол көрсөтөр акылдашым.

Ойлонсом тең айланып карегимде,

Оорусам карыш жылбай кашымдасың.

“Тоолор” деген ырында акын:

“Бул дүйнөнүн куткарып жапызынан,

Алып кетчи тоолорум бийиктерге.

——————————————–

Сен аркылуу асманга жакын болуп,

Эркин учсун кыялым закым болуп.

Чечип салып пенделик чепкенимди,

Анан жерге түшөйүн акын болуп” дейт. Өзүнүн мекени Ысык-Көлгө көптөгөн ырларын арнаган. Алардын ичинен төрт эле сабын окуп көрөлү:

Көркөмүң чебер уздун боёгундай,

Сөөлөтүң карыянын жомогундай.

Сен өлбөс түбөлүктүү а адамдар,

Күнүмдүк келип кетчү коногуңдай.

Ысык-Көлгө арнаган дагы бир ырында Бердибек:

“Толкунуң толкуп турса Ысык-Көлүм,

Токтобой ыр куюлар жүрөгүмдөн!” деп жазат.

Ырды кандай жазуу керек, турмушта дагы кандай темаларды көтөрүүнү айтып, Бердибекти жөлөп-таёонун эч кажети жок. Андай жөлөп-таёодон акын эчак өткөндүгү анын ырларынан даана байкалып турат. Ал акындык милдети, поэзиянын милдети жөнүндөгү чындыкты эчак өздөштүрүп, начар ырларды жазып жүргөн акын сөрөйлөргө кыжыры кайнагандыгын төмөнкү ыр саптарынан окууга болот:

Акын болсоң доошун уккун көктөмдүн,

Акын болсоң ыйла, толгун, бөксөргүн.

Көөдөн менен көрүп туюп дүйнөнү,

Бүт бардыгын жүрөгүңдөн өткөргүн.

Ал начар ырларды жазган акын сөрөйлөрдүн кемчилигин гана байкабастан, биздин элдин, коомдун турмушундагы орун алган кемчилдиктер жөнүндө ачык айтып жүрөгү күйгөндүгүн, аларды жойбосок мекенибиздин, элибиздин эртеңге кадам шилтешине тоскоол болорун ырларында көрөгөчтүк менен жазган.

“Арамдыкка артылып жеткен чамаң,

Акыйкатты көр дүйнө чечкен жаман.

Араң жанган чырактын билигиндей,

Адамдардан ишеним кеткен заман” деп бир ырында жазса, дагы бир ырында акын:

“Караланып жөн жерден жүрөк күйөт,

Калыссыздык каткырып күлөт, күлөт.

Кирээрине үйү жок чындык дале,

Күн кечирип көчөдө түнөп жүрөт” деп жазат.

Махабат, сүйүү, ашыктык жөнүндөгү ырларында да Бердибектин акындык чеберчилигинин өзгөчөлүгү, кылдаттыгы байкалып тургандыгы кубандырат. Сүйүшкөндөрдүн ортосундагы тунук, назик сүрөттөө үчүн ошого ылайык сөздөрдү табууга көп аракет кылгандыктан анын сүйүү жөнүндөгү ырларынын бардыгы дээрлик жүрөккө жагымдуу чыккан. “Жылдыз”, “Жан эркем”, “Сүйүү”, “Декабрдын кечинде”, “Сурма көз”, “Кыз дүйнө”, “Жүрөктө калган бир ысым”, “Сулууга”, жана башка сүйүү темасына арналган ырлары Бердибектин поэзиядагы түбөлүк теманы ийгиликтүү улап, сүйүүнүн маанисин жогору көтөрүп келатканына далил болчу ырлар.

Махабаттын төрүнө барыш кыйын,

Билем сага жетчү жол алыстыгын.

Карегимде калдың го жылдыз сымал,

Жаркылдаган жүзүңдөн тамып нуруң,- деп бир ырында жүрөк сезимин сүйгөнүнө арнаса, дагы бир ырында көңүлүн ээлеп алган сулууга бул ыр саптарын арнаган:

Карап турсаң бүт оюңду алчудай,

Кандай гана кереметтүү ай чырай.

Жанды эритет каректериң мөлтүрөп,

Жалбыракка конуп калган тамчыдай.

Сүйүү сезими акынга дайым дем берип, жүрөгүнөн назик, таттуу ойлорду чыгарганын, ага илхам болуп келип, жаңы жагымдуу саптарын жаратканына күбө болуп олтурабыз.

Акындын поэзияга мамилеси кандай экенин жакшы билдик. Айрыкча анын Алыкул Осмонов жөнүндөгү ырында поэзия тууралуу оюн таасын, так айтып берген:

Таамай аттап тулпардын арышындай,

Таза жазган, ырынан чаң учурбай.

Ата-Журттун ордуна өзүн коюп,

Ооругандар аз чыгаар Алыкулдай.

Акын өзүнүн ырлары жөнүндө:

“Аруулукту жактырган ыр саптарым,

Ак баракка конушат тизмектелип” деп аларды “Ырларым менин уулдарым деп, ата катары чын ыкласынан жакшылык каалайт:

Мен силерди сезимден жасап алдым,

Мейкиндикте берүүчү батам арбын.

Жеңил болбой салмактуу өскүлө эми,

Жер каратпай ак жүзүн атаңардын.

Макаланын жогору жактагы айтылган ойлордон улам анын бул китеби аркылуу кыргыз поэзиясына чыгармачылыгы бышып жетилген мезгилде келгендиги далилденди деп ойлойм. Чындыгында жаш 26 жашта экенине карабай, жаш акын эмес, маш акын, машыккан акын. Бердибек ушул багытта өсүп олтурса, өзүнүн акындыгын өөрчүтүп олтурса жакшы чыгармалары менен окурмандарды кубантууну уланта берсе көңүлүндөгү асыл максаттарга жетээрине, келечекте кыргыз поэзиясынын туусун алдыга көтөргөн мыкты акындардын бири болоруна шек жок. Мен Бердибек Жамгырчиевге ушундай тагдырды каалаймын!

Сооронбай ЖУСУЕВ, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, Эл акыны.

2013-ж

 

Жылдыз

Жүрөктөгү сырларды айтып анан,

Жаанда турдук ал күнү тамчылаган.

Жарык чачкан бир жылдыз жок болсо да,

Жылдыз турду жанымда жаркыраган.

 

Жылдыз турду жанымда, жылдыз турду,

Көңүлүмдү башкага бургус кылды.

Жымыңдаган көздөрүн жумшак ирмеп,

Жылдыз аттуу жанымда бир кыз турду.

 

Назик үндөр акырын шыбырашкан,

Ысык сөздөр жүрөктү тыбыраткан,

Ак куу сымал ийилген моюнуңдан,

Жамгыр менен бир өптүм жылып аккан.

 

Жамгар жазбай жаай берди калыбынан,

өзүбүзчө алоолоп жанып улам.

Ошол суукту тоготпой ысып турдук,

Оттой ысык сүйүүнүн жалынынан.

 

Бир убакта суроо бар менде дедим,

Көктө болсо мекениң, жердегениң.

Бийиктикте менсинип жүрө бербей,

А сен эмне кызыктың жерге дедим…

 

Жылдыз айтты: эми сен менден билгин,

Махабатты мен дагы сезгендирмин.

Бийиктиктен теңимди таба албай,

Балким, жерге сени издеп келгендирмин.

 

Деп жылдызым маңдайда турса жанып,

Магдыратты нурлары курчап алып.

Эң алгачкы тун сүйүүм көктөн келип,

Эрип турду жүрөгүм куйкаланып.

 

Сыр чечиштик бал-ширин кептер менен,

Батпай турдум ошондо эч жерге мен.

Ойлор учат жылдызга, ойлор учат,

Түбөлүккө бир жанып кетсем деген!

 

Жан эркем

Жүрөктөш болуп, сен гана билип баркымды,

Түйшүккө салбай түшүндүң менин дартымды.

Жолунан калган жолоочу сындуу мендейге,

Көңүлүң таза, булактан бүткөн жансыңбы.

 

Издесем көктөн жанымда белең жан эркем,

Торгоюм болуп багыма кондуң таң эртең.

Алдыңа түшкөн ак кагаз болсом жапжаңы,

Булгабай туруп жан сырың жазчу калем сен.

 

Көлүмдөй көрктүү маңдайы жарык чолпонум,

Серпилип көккө сен менен басчу жол сонун.

Тагдырдан тапкан таяныч жалгыз сен болуп,

Алыстай түшсөң адашкан жандай коркомун.

 

Таңдайга жакчу, тажабай татчу балымсың,

Көлөкөң болуп байланып калдым, аным чын.

Тамырга тарап денемди толук башкарчу,

Эми сен менин сүйүүдөн бүткөн канымсың!

 

Жаш сезим

Ал күнү башка конуп кут,

Болжошкон жерден жолуктук.

Таң эрте чыккан күнгө окшоп,

Маңдайда турдуң толукшуп.

 

Жанымды таппай менсинген,

Алыстап турдум эркимден.

Кыялым барат ансайын,

Көпөлөк болуп желпинген.

 

Олтурдук, көпкө сырдаштык,

Махабат ырын тыңдаштык.

Аралап салкын бак ичин,

Ойлонуп бир аз тим бастык.

 

Чачыңа койсом гүл төшөп,

Жыпар жыт келип сыр чечет.

Суктанып наздуу сыласам,

Манжанын учу зырп этет.

 

Түшүмдө дагы көрбөгөн,

Чыккансыйм сыйкыр төргө мен.

Бөлөнүп аруу сезимге,

Бейиште жүргөн өңдөнөм.

 

Айланам сенден эх перим,

Кемтиксиз мага эч жериң.

Сездиңби жаным сен жакка,

Бүт дүйнөм агып кеткенин.

 

Сынынан кетпес сапаттуум,

Ырымдан кетпес атактуум.

Көл болуп сага чалкыйын,

Сүзө бер эркин жаш ак куум!

 

Жалгыздык!

Жалгыздык ээлеп мени олтурам кусаланып,

Өзүмө эрким жетпей буулугуп, туталанып.

Көзүмдү туман каптап кароосуз куш сыяктуу,

Кай бирде канат байлап алыска уча калып.

 

Денемди толук бойдон туңгуюк каптагандай,

Ордунан жылалбаган түбөлүк аскалардай.

Жан дүйнөм музга айланып томсоруп турам азыр,

Эч нерсе кызыктырбай, эч нерсе жакпагандай.

 

Жүрөктү кайгы курчап жалгыздык жанга батты,

Тумандай түтүн басып күйүтүм андан ашты.

Көңүлүм ушунчалык жанчылып эзилчү эмес,

Аттиң ай менден неге мынчалык айла качты.

 

Алсыздык салат күндө ар жолго мен билбеген,

Алдымдан үмүт тосот кайгыга жеңдирбеген.

Бир гана сураныч бар, башканын кереги жок,

Жалгыздык алыс кетчи, жашайын эрким менен.

 

Көк мейкиндеги жарыгым

Кусалык күчөп калтырайт денем,

Куру сөз тура жан чыдайт деген.

Башында билсем сүйгөндүн баркын,

Бар дүйнөм толуп балкыбайт белем.

 

Кайрылбас күндүн төркүнүндөмүн,

Эстесем сени көл түбүндөмүн.

А бирок чындап жашоомдо азыр,

Азаптын ылай көлчүгүндөмүн.

 

Ашыктык бирде мас кылат тура.

А тагдыр бирде мат кылат тура.

Бороондо калып капарсыз күндөр,

Күтүүсүз жерден шак сынат тура.

 

Элесиң көрсөм тоо башындамын,

Сүйүүнүн кайтпас ооматындамын.

А бирок чындык тартылса көзгө,

Армандын бүтпөс коогасындамын.

 

Ардактап балким эстейсиң мени,

Канкакшап балким жектейсиң мени.

Жадымдан кетпес, жашоомдон өчпөс,

Жарыгым сенсиң көк мейкиндеги.

 

Сезимдеги санаа

Бир доорду издеп жүрөм,

Алоолоп махабаттан ысыгандай.

Бир доорду талкаладым,

Жүрөккө кереги жок кысым андай.

Жок болду бир жылт этип,

Жылдыздын жарыгы эмес, изи калбай.

 

Сүйгөмүн кандай гана,

Сүйрөлүп махабаттын азабына.

Көөдөнүм көрбөй калды,

Акыры өзүм алчу жаза мына!

 

Бир мезгил колдон учуп,

Бир мезгил кулайт кайра көктөн карай.

Бир сүйүүм күйүп өлсө,

Миң үмүт кошо күйүп өчкөн далай.

Менин да сезимдерим,

Китептей колдон колго өткөн далай.

 

Бир кезде аңкоо элем,

Бутка окшоп аңкып турган гүлдү баскан.

Кусалык жанчыганда,

Кучактап эчен ирет түндү жаткам.

Буйруксуз сүйүү жаман,

Булуттай догурунуп Күндү жапкан.

 

А бирок каректеги,

Өлбөгөн ашыктыкты кантип танам.

Кантип мен тутанбайын,

Канатын күүлөп турса жаркып заман.

 

Дүйнөмдү баштан аяк,

Сыдырып жалгыз гана сен билесиң.

Башкалар көрө албаган көңүлүмдү,

Шарт ачып адатыңдай сен киресиң.

Эсимди булкуп анан,

Эч нерсе болбогондой телмиресиң.

 

Ойлобо бүттү окшойт деп,

Тарабайт махабаттын өчү көпкө.

Сагындым арча сүйүүм,

Сагыныч кайнап турат көкүрөктө

 

Урунчу жүрөгүмө,

Сезимден түбөлүккө ток болоюн!

Жөнөтчү карааныңды,

Алкынбай биротоло токтолоюн.

Ишеним жашабаса,

Анда мен жүрөгүңдөн жок болоюн.

 

Бактылуу жазым

Булутка Күндүн бети камалбас,

Буулуккан ал кез эки жаралбас.

Күйүтсүз ошол күндөр эх, оттуу,

Күз барын деле этибар албас!

 

Көөдөнгө алгач тамган ыр менен,

Катымды жазгам “ардагым” деген.

Билинбей күчөп биринчи сүйүүм,

Бир келген эле ал жазым менен.

 

Жайдары кыздар сынашар эле,

Жан дүйнөм кошо бүр ачар эле.

Сулуулук, кыял, жыпар жыт менен,

Сезимдин таңы бир атар эле.

 

Жүз буруп мага сыр ачкан жазым,

Жүрөктөн күндө ыр аккан жазым.

Тоо жыты менен каныма тарап,

Тогуз жыл мурун гүл ачкан жазым.

 

Жаз менен жаным сырдаш да болчу,

Жактыруу, сүйүү кымбат да болчу.

Оюма баары ортоктош болгон,

Ошол жаз чындап бир башка болчу.

 

Соңумда канча билбеймин жаз бар?

Сорууда азыр турмуштук саздар.

Орогон менен мээримге мени,

Окшобой койду кийинки жаздар.

 

Өзөгүм кыйрап кас туруудамын,

Өзүмдү кыйнап жактыруудамын.

Ойдо жок келип ойлонтуп кеткен,

Ошол жаз тура – бактылуу жазым!

 

Ыза

Күбүлүп түштү ак сезимдерим,

Күнүмдүк сүйгөн, ах, перим, менин!

Таалайы качып ташыркап турган,

Тагдырдын ойдуң, таш жериндемин.

 

Өткөндү келбейт эстегим менин,

Өксүккө салган, эх, перим, менин!

Тушалып жаткан күндөрдүн сансыз,

Кусалык баскан кечтериндемин.

 

Санаанын азыр сап башындамын,

Ызанын бүтпөс сахнасындамын.

Буйдалсам эле кетчүдөй учуп,

Арзуунун татаал аскасындамын.

 

Көл жээгинде

Кумарлансам аяр сылап чачыңдан,

Көл толкуну добуш салат жакындан.

Дал ушул саат бакыт болуп бүтпөгөн,

Сени гана көксөп турду асыл жан.

 

Толкундардан жан ыргагын сурасак,

Жүрөктөргө тээ тереңден сыр ачат.

Сезимдерди жумшак желге орогон,

Көлдүн жээги кандай гана ырахат!

 

Кучагыма ыктап турса жаш дене,

Бүткүл дүйнөм толкун болуп акты эле.

Ошол кезде алыстардан сезилчү,

Бизди көздөй бет алгансып Ак кеме.

 

Каптап турса айлананы жарык нур,

Махабатым өчпөс болуп жаныптыр.

Көл жээгинде сырын ачкан ал күндөр,

Карегиме сүрөт болуп калыптыр!

 

Жаз

Жаз желинде кыялкеч жорук бардай,

Жазсыз калар махабат толукталбай.

Сүйүнөмүн жаз келсе жаным туйлап,

Сүйгөнүмө күтүүсүз жолуккандай.

 

Жаздын жыты таасирдүү бир башкача,

Жашоо, үмүт, жан дүйнө, дил башкача.

Сугун артып тирүүлүк турган өңдүү,

Сулуулардын келбетин нур каптаса.

 

Мурдагыдан көбөйүп жакындыктар,

Мурунду өрдөп табигый атыр жыттар.

Жаркып күндө жаныңды эс алдырган,

Жаз айында бүтпөгөн асылдык бар.

 

Кайгы муңдар капкайда унут калып,

Капыс келген сезимдер бүлүк салып.

Карайлаган каректер ойноп кетет,

Кадам сайын жаркырап үмүт жанып.

 

Көңүлүңө нур төгүп асман турат,

Акындардан поэма, дастан чыгат.

Кыздай болуп билгизбей кылыктанып,

Жан сергитет жаз жели чачтан сылап.

 

Жүрөгүмдү жылыткан ызгаардагы,

Жүдөп турган күнүмдү бузган дагы.

Жамалында жасалма күлкүсү жок,

Жазды сүйөм айрыкча кыздан дагы!

 

Көрдүм мен жүрөк менен

Келбетиң Күндөй сулуу,

Сезимге үндөйт улуу.

Акылга сыйбас нерсе,

Артылып сүйбөй туруу.

Жаныңа жагар бекен?

Сүйүүмдү гүлдөй сунуу.

 

Алышып мүнөт менен,

Алоолоп күйөт денем.

Үргүлөп ашыктыктын,

Үйүндө түнөп келем.

Көз деген алдап коёт,

Көрдүм мен жүрөк менен.

 

Байлыкты жарык дебей,

Жан дүйнөң наристедей.

Оорудум сен деп катуу,

Кабыл ал айык дебей.

Сени эстөө кандай жакшы,

Башкадан жай издебей.

 

Жүрөккө албай күмөн,

Бардыгын аңдай билем.

Жалынат калп дебегин,

Жактырбайм андайды мен.

Күн болсоң мен Ай болуп,

Артыңдан калбай жүрөм.

 

Каалгасын ачып жаңы,

Үмүттүн атып таңы.

Табылып жүрөгүмдүн,

Таалайлуу ашыкканы.

Угулат кулагыма,

Учурдун бакыт шаңы.

 

Жабыгып күттүрбөстөн,

Жамгырдай түштүң көктөн.

Жан болдуң бир башкача,

Жанымды бүт дүрбөткөн.

Жаз болдуң, бакча болдуң,

Жашоомду бүт гүлдөткөн.

 

Сен мага болуп канат,

Жан дүйнөм толукталат.

Жашарып ички дүйнөм,

Жагымдуу добуш салат.

Махабат чөйчөгүмө,

Тургансыйт толуп санат.

 

Чагылган күзгүлөрдөн,

Чак түштө сизди көргөм.

Табият кандай мартсың,

Татына кызды берген.

 

Көрсөтүп мазакты миң,

Көп өткөн азап күнүм.

Көзүңдөн таппадымбы,

Көңүлдүн азаттыгын.

Ышкысы артып сага,

Ырларым барат бүгүн!

 

Ысык-көлүм

Жашоомдо сырдаш жоктур бир өзүңдөй,

Тереңсиң жакшы кыздын мүнөзүндөй.

Агылган алтын сымал толкундарың,

Сезилет апакемдин жүрөгүндөй!

 

Таң эрте салкын желиң жанга жагым,

Бир сырдуу келбетиңе таң каламын.

Турмушка туткун болгон кээ бир кезде,

Өзүңдөн кубат алып жанданамын.

 

Санаага баткан кезде муңдашымсың,

Сатпаган, сатылбаган курдашымсың.

Кайгыдан катуу азап чеккенимде,

Мазактап маңдайымда турбасың чын.

 

Далайдын аруулантып жүрөктөрүн,

Дартыма даба болгон мүрөк көлүм.

Өзүңдөн өөнөп алган дем-күч менен,

Мен азыр мейкин жолдо күрөштөмүн.

 

Ыр жолу

Ыр азгырып сезимдерге бекинген,

Ырды сүйдүм баёо бала кезимден.

Ырыс таптым, бакыт таптым, дос таптым,

Ырга айланган ушул жарык кечимден.

 

Ачка кезде жан дүйнөмдү ыр бакты,

Аруу дүйнө жаштыгымды жыргатты.

Ырахатты ырдан алып эң башкы,

Ыр дүйнөдөн көрдүм далай урматты.

 

Ыраазымын ыр жарыгын көргөнгө,

Ыр болбосо калат элем көлмөмдө.

Ызалыктан биротоло кутулуп,

Ырга айланып кетерим чын өлгөндө.

 

Өмүр сүрүп поэзия бакчада,

Өзүм жашайм ар бир жазган сапта да.