Сүйөркул Тургунбаев: Торгой тилдүү, төл сөздүү акын

Торгой тилдүү, төл cөздүү акын

Кырлуу-кырлуу кылымдардын кыйырын кезип, калабалуу доорлорду башынан кечирип, тулпардай туйлап учкан апан-сапан, ала-чапкын мезгилдердин капшаптарында өзүн жоготпой, жараткан Теңир жанына жар болуп, өз аброюн аман сактап, эл-журту, асманы бийик Ала-Тоосу, көл, дайра, токойлору, чалкыган өрөөндөрү менен эгемен заманга – жадыраган XXI кылымга жадырап кирип келген Ата Журтубуздун ажарын ажайта, айкүрлөнтө ырга салган, элибиздин торгой тилдүү, көрүнүктүү, талант даарыган, даркан адамдарынын бири – Төлөгөн Мамей уулу. Анын ырларында Кыргыз Баба муундарга мурас калтырган ыйык жергебиздин көрк-келбети, элибиздин жогоруда аталгандай кылымдардын чаңын каккан тарых-таржымалы, бүгүнкү замандаштарыбыздын турпат-насили, тузу касиеттүү кыргыз тилинин көп түрлүү боëктору, куюлушкан ыр-ыргактары менен чагылдырылган. Төлөгөн Мамеевдин ысмы өткөн кылымдын 60-жылдарында, биз студент кездерде эле «Чабдар ат», «Биз турмушка аталардан кеч келип» сыяктуу ырларынан көңүлдөргө жат болгон. Төкөбүздүн жубайы Анар Исаева ошо кезде университеттеги көп жигиттердин көзү түшкөн эң сулуу кыздын бири эле. Төкөбүз ага ыр жазып жүрүп, акындыгы менен жетти десек болот. Экөө бири-бирине жарашкан түгөй, татынакай уул-кыздардын ата-энелери болушту. Акындын ырлары негизинен табигыйлыгы, өзүнөн өзү эле ыргакка келип, төгүлүп турган жорго тилдүүлүгү менен айырмаланат. Аны окугандар «төрөлгөндө эле ыр менен оозандырылып, акын болуп төрөлгөн го» деген ойго кетээри чын. «Аузын ачса жүрөгү көрүнөтүн» – деп Мухтар Шаханов айткандай, Төлөгөн калемин шилтесе эле ыр чубурган акын. Ал эч ыйынып-ычкынбай, кайсы көрүнүштү же предметти ырга салбасын, кыял чабытынын асманында ак кептердей шыр канат кагып, зыпылдап учкан акын. Ата Журттун ажары, анын көз жеткис көркү, аброй-айбары – акындын аздектеп туткан, кастарлаган, бүт чеберчилик кудуретин сарптап ырга айланткан ыйык темасы.

Койнунда уктап бейпил түндө кайберен,

Аскаларың көз ирмешет ай менен.

Суктандырат, о Ата Журт ажарың

Сулуулукка ушунчалык бай белең! – деп туулуп, өнүп-өскөн жергесине жүрөгү эргийт. Түбөлүктүү темалар болгон өмүр менен өлүмдү, жарык менен караңгыны, адал менен арамды, адилдик менен карөзгөйлүктү жана сулуулук менен мөлтүр тунук махабат сезимдеринин кереметтүү сырларын өзүнө гана жарашкан өзгөчө тил, өзгөчө үн менен окурмандардын баам-парасат, ой-дүйнөлөрүнө жугузуп, сүртүп өтөт. Жер үстүндөгү көзү көргөн нерселердин баары – көл, дарыя, тоо, токой, дарак-жалбырак, булак, гүл, чөп-чар, курт-кумурска, кыймылдагы бардык жан-жаныбарлар, Көкө Теңир мухитиндеги Күн, Ай, жылдыздар, биздин ата-бабалар сактап келген Ала-Тoo, Керме-Тоо, Теңир-Тоо, Энесай, Алтай, андагы Төөлөс-Көл (картада Телецкое озеро), Монголиядагы Кыргыз-Нур көлү, Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Ыраң-Көл, Жылдыз-Көл, Жашыл-Көл, Арсланбап, Сары-Челек, жемиш-токой коруктары, Төө-Жайлоо, Аксай, Арпа, Каркыра, Солтон-Сары, Көгарт жана акын өзү жаштайынан көрүп, жайлап жүргөн атактуу Алайкуу, Ажыке жайлоолорун өзүнө гана ырайым төгүп тургандай туюм менен туу тутунарын нагыз поэзиянын тили менен шөкөттөп айтат. Акын үчүн ар бир зат өзүнөн ыр чыгарып, керемет чачып турган таризде туюлуп, ошондой сапатта ырга айлантылат. Кыргыз ата муундарга мурас каптырган улуу тоолор акындын өңүндө да, түшүндө да жүрөк жадында.

Кыргызга калган ырыс-кешик болуп,

Кылымдар турган дайым бешик болуп,

Тоолорго кетким келип турат азыр

Жасалма шаар турмушту кечип коюп…

Ал эми табияттын түркүн-түрдүү кубулуштарын, жаз, жай, кыш, күз мезгилдеринин өзгөчөлүктөрүн өз илхам, парасатынан өткөрүп, поэзиянын кылдат мыйзамы менен зерттейт. Мисалы, жаздын келишине арналган ырда:

Сагындырган, зарыктырган көп күнү,

Жазды тосуп торгой көктөн төктү күү.

Ар бир үйдүн терезеси чертилип,

«Мен келдим» – дейт жаздын алгач өткүнү, – деп жаңырып келген жаздын дем-жытын окурмандын сезимине табыштайт. Акын бир катар ырларында адамдардын ой-ниетиндеги, турпат-насилиндеги, кыял-мүнөзүндөгү алгылыктуу жана алгылыксыз сапаттарга кайрылып, негизинен, түз жолду тандап, адил, таза жашаган адам гана бактылуу боло алат деген ойду айтат. Ар кандай кыйындыкты мүңкүрөбөй, кажыр-кайрат менен күлүп жеңсең – ошол сенин адамдыгың дейт.

Бул турмушта чиеленген жүз жол бар,

Арасында жалгыз гана түз жол бар.

Ошол түз жол – адилеттүү, адал жол

Бактысы бар басат дайым түз жолду – ал.

Экинчи бир ырында акын: арабөк Күн кечирип, же кур дүрмөт менен курулай күпүлдөмүш болуп жашагандан көрө, чындык үчүн тарс этип бир атылган изги иш экенин даршан кылат:

Дүпүлдөп жүз атылып, миң атылып,

Огу жок түтүн бүркүп куру атылып

Жүргүчө жүрөк оту өчкөн жакшы

Тарс этип чындык үчүн бир атылып – деп, чындыкты баарынан бийик бааларын туюнтат. Төлөгөн Мамеевдин поэзиясында өзү жашап келген жана жашап жаткан доордун, мезгилдин, ала канат, чымчыкчаар дүйнөнүн ырайы, өзүнүн жеке акындык тагдырынын чоо-жайы, кыяпат-кылтаңдуу учурлары камтылган.

Дагы бир ырында:

Жазуу жок бешенемде ырдан башка,

Бир жанмын таза жашап, таза ырдаган

Мен үчүн жыргал да жок мындан башка, – деп, чыныгы акынча агынан жарылып, өзү үчүн ырдан башка ыйык жок экенин окурмандарга ишаарат этет. Биз – замандаш, калемдештери, адабиятты, ырды сүйгөн жаамы журтчулук, Теңир берген Төлөгөндөй акыныбыздын кадыр-баркына жетип, урматтап алууга милдеттүүбүз.