Сүйөркул Тургунбаев: Торгой тилдүү, төл сөздүү акын

Торгой тилдүү, төл cөздүү акын Кырлуу-кырлуу кылымдардын кыйырын кезип, калабалуу доорлорду башынан кечирип, тулпардай туйлап учкан апан-сапан, ала-чапкын мезгилдердин капшаптарында өзүн жоготпой, жараткан Теңир жанына жар болуп, өз аброюн аман сактап, эл-журту, асманы бийик Ала-Тоосу, көл, дайра, токойлору, чалкыган өрөөндөрү менен эгемен заманга – жадыраган XXI кылымга жадырап кирип келген Ата Журтубуздун ажарын ажайта, айкүрлөнтө ырга салган, элибиздин торгой тилдүү, көрүнүктүү, талант даарыган, даркан адамдарынын бири – Төлөгөн Мамей уулу. Анын ырларында Кыргыз Баба муундарга мурас калтырган ыйык жергебиздин көрк-келбети, элибиздин жогоруда аталгандай кылымдардын чаңын каккан тарых-таржымалы, бүгүнкү замандаштарыбыздын турпат-насили, толугу менен…..