Сүйүнбай Эралиев: Ак Мөөр (2-бөлүк)

II бөлүк

Соң-Көл түндөрү

Курчоодо

Чөп козголот, анын сырын жел билет,

Аркы жакта кымызга мас эл күлөт,

Бээлер саалат…

Соодагерлер жол тартат,

Кыз суу алып, чуркап келет делбиреп.

Козу маарайт…

Балдар сайда чурулдайт,

Демейде өтчү күн экенин белгилеп.

Өмүр бою баш бакпаган бул үйгө

Биринчи ирет бүгүн кирет Келдибек.

 

«И келиңиз!.. Урматтуу бай, келиңиз!

Төргө, мына?.. жок, жок өтө бериңиз!»

Кан киргендей шашып калат калдастап.

«Адил мырзам, сак турабы дениңиз?»

«Шүгүр, шүгүр, жаз чыкканы жакшымын,

Билбейм анан… мени «мырза» дедиңиз?

«Ооба, ошенттим…атайы айттым мен аны, –

Бай каткырат: «башка эмеспиз эми биз…»

 

«Башка эмеспиз?…» Бул не деген табышмак?

«Маржанкүл!» дейт Адил сыртка дабыштап.

«Азыр, азыр!» үй артынан үн келет, –

Чукул калган айт күнүнө багыштап,

Кызы экөөлөп таар согуп жатышкан,

Бүтүп алса туштарына тагышмак.

От каланып, суу бастекке куюлат,

Шарак-шарак чай тулгалар кагышмак…

 

Бай байкады үйдүн ички турманын:

Үкөк жүктө, бакан бурчта турганын,

Ага илинген ат жабдыгын кызынын,

Адил кийген тон да көөнүн бурду анын,

Көп карады, жибек, килем жоктугун,

Бар турмушун жөпжөнөкөй курганын,

«Жакшы экен» деп, бир камчыга көз артты,

«Мен бер десем, ыргытарсың, урганым!..»

 

Бай чийиктеп, этек учун кагына,

«Чаңдыр, кирдир?» карайт эки жагына.

«Жок таза экен». «Кыйшайсаңыз, мынакей?»

Жаздык коет – аң-таң калат агына.

Ошентсе да ойдон кетпейт бир күдүк:

«Кедей туруп… ач көз болсо дагы да?»

Чоочуп кетет… «мал бералбайм мен буга,

Балам сүйсө – ал кызынын багы да».

 

«Азыр антпейм, «барын ал» деп балкытам,

Андан кийин башка ургандай жалкытам.

-Биз турмуштан эмне таптык? – деп сурап

Адил мырзам кыял минип калкысаң,

Же олтуруп, жөпжөнөкөй көз карап,

Өзүң өткөн өмүр көлүн калпысаң,

Колго урунат жалгыз гана бир нерсе,

Ал – сый экен, аман чакта алты сан…

 

Дүйнө жүзү кызыктарга жыш экен,

Жаштыгың – жаз, карып калсаң-кыш экен.

Кайран өмүр бат тозулуп, бат оңуп,

Колдон качса, кайра конбос куш экен.

Тирүүлүктө барк алышпай бир-бирин,

Адам чиркин ар күнөөгө туш экен.

Өлсөң артта – жаман айткан сөз калып,

Жок, сыйлашсаң – арттырарың ушу экен.

 

-Бах, сөз экен, о дүйнө ай, десеңиз!

Ошол жагын биз кечигип сезебиз. –

Адил ата колун жазып көрсөтөт:

-Чай алсаңыз, майдан, нандан жесеңиз? –

Маржан апа эми берээк эңкейди:

-Ке бериңиз, муздады окшойт кесеңиз? –

Соң-Көл жели чамгарактан кайра уруп,

Үйдө бир аз быкшый түштү тезек ис…

 

Чайдан ууртап, үнүн созо кырааттап:

-Адил, Маржан, пейлиңерге ырахмат,

Жупуну өскөн карапайым кишилер,

Баспагандар арам ишке кыл аттап.

Мен силерди дайым минтип баалагам…

Бирок кийин кеттик бир аз ыраактап.

Анан кээде алыш-бериш жоктугу,

Жан кыйышпас жакынды да кылат жат…

 

Деген өңдүү «куп айттым бейм ушуну»,

Каадасындай белги менен ышынуу,

Жумшак сермеп колун артка койду эле,

Түккө тийди – «кай буюмдун тышы бу?»

Билмек болуп өйдө чымчып тартты эле

«Кырр-кырр» этип аткып алды мышыгы…

«Ий, кокуй эй, сексейген ит сен белең?»

Ошол жерин кайра-кайра жышыды…

 

Билгизбейм деп бат эңкейип май алды:

-Мактаса жөн Маржанкүлдөй аялды,

Берген ашын жарылганча жегиң бар…

Барс- барс күлүп бай азыраак жай алды.

-Адил мырзам, эмне келдиң дебедиң, –

-Айт, айтыңыз? –ал да жаагын таянды…

-Ак тилектен кошсом деген ойдомун,

Ак Мөөрүңө менин эркем Баянды…

 

Келгеним жок бүткөндүктөн айла, амал,

Элде кыз көп: жаркын мүнөз ай жамал.

Бирок балам Мөөрдү атап калган соң,

Неге аянам, калбай келген кайда мал.

Жатат анда сай ташындай сан болуп,

Баргын дагы бир четинен айдап ал.

Күндүк өмүр түштүгүнө жыргасаң –

Күлүгүн ал, күмүш көкүл майда жал…

 

Тамыр жайып Кочкор, Нарын тараптан,

Багыш элин кыңк эттирбей караткан,

Жеке билип, Ыман менен Чорону,

Моңолдорго өз өкүмүн тараткан,

Алкымдагы сейрек үйлүү Сокучу!

Кас турам деп түшүп берген бары аттан,

Аркы атабыз таштап кеткен сыйлуу даңк

Бүгүн бизде ыйык бойдон бараткан…

 

Дайны тарап, Сарбагышта чоң делип,

Кадыры өткөн кан Жантайга кол берип,

Кайра кайтсам акыреттик дос болуп:

Калың Бугу ызат кылат жол берип,

Кошоматтап Жумгалдагы көп Саяк,

Кызматыма Саруу, Кушчу – Сол келип,

Кошо чурка пандан берки Солтолор,

Турбас беле айтканымды оң көрүп!..

 

Дүйнө таш боор, даңксыз өмүр кор болот,

Коңул издеп коен окшоп корголоп…

Кудам делип, менден алчы шарапат?

Кулуң болот баары алдыңда жорголоп,

Көктө жылдыз кадырыңа жылмаят,

Алтын тамат, күмүш агат шорголоп…

Тирүүлүктө мындан артык эмне бар?

Тирүүлүктө мындан артык олжо жок… –

 

-Уктум байым, – эч калет жок сөзүңдө,

«Сыйлашалык» бул да калсын эсимде.

Бирок да мен тоо түшкөндөй кыйналам,

Адамды адам «бер» деп турган кезинде…

Мүмкүн сизге бой жеткендей болсо да,

Кыз биз үчүн ууз гана сезимде…

Бала деген ал чынында мал эмес,

Болсо кантет өз бийлиги өзүндө?

 

Аял, кызым, ушул кедей тапканым,

Аман турса ошол баркка батканым,

Аалам ичин калтыратып билгеним,

Алтын ордо ак сарайда жатканым,

Жана өлгөндө жайлуу жумшак орун таап,

Жаннат көрүп, бейиш тузун татканым…

Мен ошону кыялымда кыялбайм,

Дүңгүрөткөн атагына датканын…

 

Бала- бакыт, бала – «аппагы карганын»,

Ата-эне үчүн кандай урмат бар дагын?

Мөөрүм менин зарлап жүрүп тапканым,

Жалгыз кызым- жан эрмегим, ардагым.

Эми ошонун тагдырына кас санап,

Дитим батып: «паланга бар, барбагын?»

Жок, мен өлсөм бейитиме жаш төгүп,

Көөмп коет…таза турсун арбагым.

 

Бай суранды: – Ой сен боюң көтөрбө,

Баягыда Болот илип кетерде,

Мен өзүмө келин кылам деп санап,

Кууган элем… эми ойлосом бекерге…

Күйөө күтсөң жалгыз баштуу томаяк,

Ал жакшы эле кайыр тилеп өтөргө.

Эми үйүмө өзүң кийип бер Адил.

Беш күн мөөнөт… кыз түбүңө жетер же!..»

 

«Убал барбы! жакшылык жок жалчыга!»

Бурк-бурк этип төрдөн төмөн ал чыга,

Кепичине бут салалбай буйдалып,

Кол урунат капшыттагы камчыга.

Адил байкап: «Алсын, алсын» дегенсийт –

Ал да болсо, байлыгыңа тамчы да!»

Бай баратат карт буурадай калчылдап:

«Чыда, чыда чыгып кетпей жан чыда!»

 

Адил, Маржан үнсүз калат кыйладай,

Ойлору бир: «адамдыкты сыйлабай –

Аттап өттү алга койгон ак нанын,

Тепсеп өттү тасмал бетин жыйнабай…

О, кудурет, кыз күтүүбү – жазыгым,

Алсаңчы эрте бизди мынча кыйнабай?!»

Эне эчкирет… ата унчукпай түнөрөт:

«Мөкүш айтат: койчу апаке ыйлабай?..»

 

Анан дагы айтат муну ашыга:

-Көрсөң апа, жүрсөң өрмөк кашына?

Бүттүм согуп… эмне болгон силерге?

Бай кеттиби? – Маржан жүзүн жашыра,

Ары карап жеңи менен сүртүнөт…

Мөөр барып башын жөлөп башына:

-Айтсаң апа, бул не деген суз туруш,

Көзүң ыйлуу… кай себеп бар жашыңа? –

 

Жалкоо жанат буурул тарткан көк тезек,

Кыпчуур алып, күлүн таптап от көсөп,

Атасы андан кабак бүркөп салбырап,

Алда неден тиктеп көзүн өткөзөт…

Ал аңгыча корго конуп көпөлөк,

Ыс-пыс түшүп тыпырады көп кезек…

Алып салды… аны өзүндөй кетти аяп:

«Э, макулук, арман сенде жок десек?»

 

Коркуп турат жаш сулуудан кетип өң:

-Айтчы апаке, мен угайын четинен? –

Маржан андан үн чыгара буркурайт:

-Шордуу кызым… бүтпөс жарат жетип эм…

Баянга деп сага айттырат Келдибек. –

Бооруна алып жыттап калат бетинен…

-Ошо элеби? Анда жөнү табылар,

Койчу апаке, койчу атаке, өтүнөм?! –

 

Күлгөн болуп шыңгырады күмүш үн…

-Кагылайын, сен энеңдин күнүсүң! –

Бек кысат, «бербейм эми» дегенсип,

-Менин минтип жашаганым ким үчүн?! –

Кыз сөзүнө Адил кошо жылмаят,

Нур көргөндөй ордо жатып түбү түн,

Качыргандай жан алгычты жанынан,

Кайра алгандай колдон түшкөн үмүтүн.

 

Мөөр жатып уктап кетет бат эле…

Жапа чегип түн терметет ата-эне,

Талкууга алып адат болгон бир ишти:

«Кемпир, көлгө келгенибиз ката эле,

Же бир бизде бел байлашар тууган жок…»

«Аттиң десең… Мындай да бир маселе:

Башта экөбүн кошуп койсок куп болмок…

Болот шашпай токтогондо… аз эле?»

 

Желдерге окшоп тоолор боюн кыялап,

Келгин келет, көл кылаасын уялап,

Байыр алып жаздап калат анткени –

Бала ээрчитпей кур кайтуудан уялат…

Аңдып туруп эми учурар учурун,

Чеңгел салып куушурулат кыянат…

Эне кантет? – кирем десе жер катуу,

Качам десе – төрт тарабы кыямат?..

 

«Шашке», «бешим», «намаз шамга» аз калган,

Мезгил болжоп күндү карап асмандан,

Ата байкуш сакалына жаш куюп,

Курун асып: «куткар?» деген кас жандан…

Бирок мезгил коркунч барда бат өтүп,

Сүйүнчүңө шашпайт алга баскандан.

Турмушта азбы минтип тетир түшүүлөр,

Биз койгондой деп «маңдайга жазгандан…»

 

Өттү беш күн, бир ирмемге келалбай,

Качкынды алып ый артында желалбай,

Узун, түпсүз санаа берип сооротуп,

«Жылт» деп жанар үмүт алда» деп алдай,

Эртең менен кыздар келди Мөөргө,

«Сагындык, жүр, көл жакта ойноп дем албай».

Адил, Маржан жалгыз калып үйүндө,

Күтүп жатты бир куш кабар кеп албай.

 

Беш күн өтүп алар кызын «тий» дээрин,

Акыры анан, жазаттырып үйлөрүн

Алдыңкы ашка кеңеш берип жаткандай,

Жыйнап алды элде манап, бийлерин.

Кер аякка кагуу, каргыш айтарын,

Жана өзүнө кошоматтап сүйлөөрүн.

«Өрнөк калсын, билип жүрсүн» көрсөтмөк,

Букарасын бул кандайча бийлээрин.

 

«Дароо келсин, күттүрбөстөн элди көп!»

Буйрук жетет…

Бууган болуп элди бек,

Адил чыгып топ тарапка бет алат…

Арттан Маржан… ак жоолугу желбиреп,

Кошо чуркап жаратканга жалынат.

-Айткыла журт, мабул турган келжирек.

Кыздуу имиш, бербейт имиш Баянга,

Ай, арсыз кул! – башын чайкайт Келдибек.

 

-Адил сага кереги эмне амалдын,

Бересиңби, анча неге камалдың? –

-Ой, тексиз ит, улуу кичүү ушул эл,

Сурап турат алалы деп дагы алдын!

-Эгер кызым, өзү муну кааласа… –

-Көрчү үшүнтүп кызы билет жамандын. –

-Кайсы катын эрки менен келчү эле,

Бузулганы ай, бузулганы ай замандын… –

 

Бири турду: – бийлер көрсөң эгер эп,

«Бер», «Бербе» де пандан сурап не керек,

Кекем кызды кийрип алат кечке эле,

Кеп башкада… айлана журт тегерек,

Күбө болуп эл бузарды айыптап,

Жанчса ылайык, териче ийлеп тебелеп.

Экинчи антпейм, «кечир таксыр» дедиртип,

Эми өлөрдө суу оозуна себелеп… –

 

Да бири айтты: – Аздык кылар бул айып,

Кайра өмүргө кайткыс болсо кылайып…

Азоо атка арта салып жаткырып,

Бекем таңып, айдап ийсек ылайык. –

Муну укканда таман бою дүркүрөп,

Коркуп кетти Маржан, көзү алайып:

-Өзү оорудан жаңы гана турду эле

Кантесиңер, кагылайын калайык?! –

 

«Байга жүгүн, буту алдына «агалап,

Күлдү кээлер байкуштарды табалап….

«Ой, тигил ким?» – өлөрүнө карабай,

Учат бирөө атын санга сабалап.

Көрө коюп, бута атымдай алыстан,

Иттер аны тосуп келди «абалап».

Топко токтоп:

-Келдибек ким? –

-Мен болом! –

Бай ал жакка бара калды сагалап…

 

-Баатыр Жантай, берки атасы Карабек,

Каарына алса кабылан сүрдүү кара көк.

Кулак уккан дубан-дубан кыргыздан,

Эч ким анын баралына бара элек,

Сейил салып, сиздикине келатат,

Чаптырды эле үйдө бекен, кара деп. –

-Ах, кудурет! – Жик-жик этип шашып бай,

Бир гана айтты турган элге «Тара!» деп.

 

Көлдөгү ак куулар

Тынч жатканда көл түшүрөт көп сүрөт:

Тоолор, тоолор түркүк болуп көк тиреп,

Ылдый калган булуттарды ызалап,

Кыл чокусун айга гана өптүрөт.

Кеч киргенде санап туруп асмандан,

Түн берметин төшөгүнө төктүрөт,

Же келиндер «жээн басты» кылгандай,

Көл бетине чөмүлдүрө чөктүрөт.

 

Мелт-мелт этип, кыр кылаасын көл тиреп,

Кээде үн катпайт, таарынгансып мелтиреп.

Жатып, жатып кайра эле өзү жазылат,

Жарын көргөн жароокердей мөлтүрөп.

Анан кээде тармал тартып термелет,

Термелгени – этек- жеңин жел түрөт.

Жээгин чайып ойноп турган толкундар,

Кыт-кыт күлгөн кыз элесин келтирет…

 

Кээде ачуулуу-жарга тийип шарактап,

Дир-дир этип кайра артына араактап,

Шартылдатып тынбай ачып жаткансыйт,

Замандардын тарыхтарын барактап…

Барагында өтүп жаткан өмүрлөр –

Бүгүнкүсү эртеңкисин карактап.

Анткен сайын көл көшөрүп буркандайт,

Буркандашы – муңун сыртка таратмак.

 

Көрүшмөккө көл ынтызар, көл ашык,

Көп кечикпей кыздар келет бел ашып,

Кырдан кырга энтелешип жарышат,

Жыттуу, таза тоо гүлдөрүн талашып…

Анан кээде жээгин бойлоп басышат,

Ар жактагы ак кууларга жанашып,

Ак куу, кызды ажыратып билалбай

Асман күнү аң-таң болот адашып.

 

Мөөр олтурат көлдүн кумдуу боюнда:

Соңку элесин… түнкү курган оюнга,

Апкелет да… кокус колдон түшүрөт,

Дароо «шырт» деп суу каткансыйт коюнга.

«Берчи, берчи, мен шордууга боор ооруп?»

Мына берет… Асыл барып моюнга…

Желсиз көктө чубалжыган түтүндөй,

Самсып учкан санаа калат оюнда.

 

Байкап турса көл бетинин сүрү көп:

Көк толкундар тереңдерден түрүлөт,

Ийрелеңдеп жылып келген жыландай,

Улам берки четти көздөп сүрүлөт,

Кыз кыялда сууга тарткан сүрөтүн,

Көргөзбөстөн көөмп өтөт күнүлөп.

Ошол ордун бир кочуштап жутат да

Кайра ашыгып үмүт менен үңүлөт.

 

Сайга ыргытып, белдин бермет булагын.

Тулпар коштоп, көлдө чапкан бул агын,

Чукул чыгып алда нелер айткансыйт,

Кыз өбөктөп ага тосуп кулагын:

«Качан келет? Бүгүн? Эртең? Дейсиңби?»

Сурайт, сурайт… суу билеби бул алын,

Жээкти уруп ага алдыртан тийишип,

Кайра качат: «О, куладың, куладың!»

 

Толкун бастап, жел аягы суюлат,

Таштап кетпей дале карап кыйылат:

«Ай, кудай ай, айтпадыңбы эч кабар?»

Ага угузбай, жашы мөлт-мөлт куюлат…

Жок мынакей, бетин басып сулк түшүп,

Өпкө каккан кыз ыйына ый улап –

«Мен да минтип муңга толуп бүткөм» деп,

Көл шолоктоп жатканга окшоп туюлат…

 

Коркуп кетет… «Мында кандай сыр турат, –

Суубу, жашбы? Неге адаттан сыртыраак?»

Көл бышактап мурдун тарткан сыяктуу,

Дале тынбай жука толкун «шырп» урат…

«Чын ый экен… мен боздосом, боздоюн,

Сүйүү жоктоп, күйүп сай сөөк зыркырап,

Бирок дагы эне жыттуу алтын көл,

Кагылайын, сен ыйлаба, буркурап?..»

 

Толкун таштап, аны артына кайта алат,

Турат антип улам-улам кайталап.

Же «батыраак кургаар бекен» деп санап,

Жашын сууга сапыргандай байкалат.

Ошол бекен – көлдүн кээ бир жеринен,

Боз буу чыгып көккө житет, жай тарап.

Мүмкүн ал бир махабатка чалгынчы?

Кокуй, анда бороон урса кайтарат…

 

Кыз кызганып карайт ошол тарапты:

Сүйүү кайда, өзөн толуп шар акчу?

Ырайым эт, өткөрүп ий бир ирет,

Канжар катып жолун баккан каракчы?

Аңгыча арттан Батыш аңдып келет да,

Көзүн басат: «Тапчы майбы, таракпы?»

Ким болду экен – бирөө кырды бери ашып,

Сылай, сылай камчыланат кара атты?

 

Боз кыроо кез – табиятка кыянат,

Кийми эскирип, жаш өңүнөн кыярат.

А турмушта андан кыйла күчтүүрөк,

Эч селт этпей кыйындыкка кыя алат.

Бирок сүйүү чыйралып тар шарттарда,

Мият табат, куш канатын уялап.

Болотту издеп досу аттанса алыска,

Кыздар тосот жашыл беттен кыялап.

 

-Көп ойлонуп, өң жылкычы, өң карып,

Башка түшкөн күн ысымын талдадык:

Деле куу бай аяп койбос жаны ачып

Жалпы туруп жаш төксөк да жалбарып,

Ал андыктан айгыр үйүр жылкысын,

Алыс катып «жоготтук» деп алдадык.

Бүгүн мына, аны издемек киши окшоп,

Болгон ишти Болотко айтам мен барып.

 

-Менде эмне акыл, бар тапканым шолоктоо,

Ал жеткенче айбат кылуу, жолотпоо,

Бирок корком, атам байкуш кантер деп

Алпарардай ал бараткан жол отко…

Бек ырахмат, жакшы агалар силерге,

Кайры тийген кыз аргасы чолокто!

Жан жарадар, оюм быт-чыт, башым маң,

Билбей турам эмне айтарды Болотко?..

 

Сүйдүм таза, антым ырас куранга,

Чамам алсыз өкүм кылып сурарга.

Эгер тагдыр кагуу берип, суз карап,

Жерип койсо, мен үмүткө куру анда.

Таштаар бекен мелмилдеген талаалар,

Кайран жерлер сан гүл сайып буралма,

Анан Соң-Көл, көп балалуу энедей,

Чурулдашкан түркүм суудан куралма.

 

Сөзүн бүтүп, жандан алып жай гана,

Ат жалына бир бет аарчы жайды ана:

Жан бергендей көз жоошундай жибекке,

Ой салгандай төшөлүшкөн саймага.

«Аманат…» дейт жаштуу көзү жалжылдап…

Кош, жолоочу, кайтарыңда кайра ага,

Эч болбосо бир тал үмүт таба кел,

Чөгөрбөй кел, жолдо Нарын дайрага…

 

Суу ичинде кыздар сүзүп көп жүрөт,

Кээде түртүп бирин-бири «чөктү» деп,

Батыш, Мөөр башкалардан бөлүнүп,

Алыс кетет, арал жакка өткүлөп.

Жыргал сезип чабак болуп чайпалат,

Улам алдан толкун кырын ѳпкүлѳп.

Көрсөткөндөй меймандостук мээримин,

Көл да энтигет салкын шарын төккүлөп.

 

Сүңгүп кирип, суу түбүнө соо жатпай,

Да баягы буттан тартып оонатмай…

Шыңк-шыңк күлүп али кетип барышат,

Мөөр кууп, Батыш качып оолактай.

Кадырына канат таккан жаштык ай,

Толкуй келсе туралбаган тоого акпай.

Ана «шоп» деп жээкке чыга калышты,

Учуп, учуп кырга конгон тоодактай.

 

Жазылганбы суу ичинде жүргөндөн,

Же жароокер эрингенби түргөндөн,

Толорсукта чубайт Мөөр чачтары,

Ай далы ылдый аскан шалы түрлөнгөн.

Алар мында эми олтура берерде,

Калың аттуу дүбүрт келди бир жерден.

Кыздар качып кайра көлгө киришти,

«Алда ким?» деп айбыгышкан, сүрдөнгөн.

 

Бул тарапта өзгө өңүт жок корголор,

Жолу да жок, барган жагы торголор…

Шапа-шупа чыга келди топ киши:

Ээсин термеп чайпалышат жорголор,

Аттар жароо, акыреги ак көбүк,

Көп жүргөндөн чарчап тери шорголор?

Башта суусар, үстүндө бар кыл торко,

Берки бири – тектүү болор, зор болор?

 

Боюн катып кыздар сууда бүрүштү,

А тигилер басаңдатып жүрүштү,

Көл боюна такай келип токтошуп,

Ат тизгинин каңтаргага түйүштү.

«Кокуй, мында ак куу жүрөт!» деп күлүп,

Кээ бирлери оюн көрдү бул ишти,

Акырында ырчысына беришти.

Аркылардан ал жай сурап билишти.

 

-Көл мелтиреп, жээги жашыл саз болуп,

Анда чардап ала моюн каз болуп.

Сүзүп жүргөн сулуу жандар, силер ким –

Жүзүңөрдөн күн күлүңдөп жаз болуп?

Оңго-солго кадыры өткөн кан абам

Жантай баштап жаныңарда аз болуп,

Биз жөнөйлү шербет жутуп алгансып,

Жаркын жаштык илебиңе мас болуп?

 

Анда Ак Мөөр, Батыш жакка көз кысат,

Деген өңдүү: сен да ыр менен сөздү узат,

Тиги баштайт:

-Чоочун Жантай карыя,

«Кан» болсоңуз «бек» болсоңуз «сизге ызат».

Бирок минтип бейкут жүргөн кыздарды,

Камадыңыз кайсы салтка деп кысап?

Жок кайтыңыз эл разми көтөрбөйт,

Ал кайтара жобо бузат, шерт бузат!.. –

 

Ардуу болсо – жазбай даана тийди эми…

Анда туруп баалуу кийим кийгени,

Төшүн жайып менменсинип турганы,

Аксакалы ат жалына тийгени,

Кыл торконун жакаларын кымтылап,

Бери карап бир неме деп сүйлөдү,

Ак Мөөр жакка жаңсагансып жатты ошо…

Сулуу кантсин, сууда туруп ийменүү…

 

-Жан карындаш, катуу тийди «кайтыңыз»,

Ким баатырга тил тийгизет –тайса ырыс.

Биринчисин кеңдик кылып кечирет,

Экинчи ирет байкабырак айтыңыз.

Көк жибекке көркүн каткан перидей,

Мөөр айтты:

-Жол мынакей, кайтыңыз,

Ансыз дале биз ырыска тайкыбыз. –

 

Жанбай жаткан чыракка окшоп дүртүлдөп,

Жантай аны өтөр беле бир тилдеп…

Бирок да ал алыс ойлоор куу киши,

Аяган жок «март экен» деп жүрсүн деп,

А тек гана кыз көркүнө жеңдирип,

Ачуусу эмес, санаасы артты түркүмдөп.

Максаты эле – бала жыттуу жар күтүп,

Жаны өткөнчө жаштыгына сүртүнмөк…

 

Аны билбей кээси көлгө таш урат:

«Чыккыла» деп же жеткирбей … ашырат.

«Эстүү жандар бул кайсы жорук?» дегендей,

Мөөр анда иймениңки баш урат.

Аркылардын кастыгына кан кайнап,

Суу буркандап, кыз денесин жашырат.

Бетин басып күн булутка корголоп,

Булут ыйлайт, бурчак бурчак жашы урап…

 

«Жантайың мен ак жолум ач о кудай,

Таптым аны – ал мына» деп жорумай…

«Кой кетели, ай уятсыз жигиттер,

Кыздар кечир» Өз абийирин корулай.

Мөөр айткан кагуу сөздү эскербей

Жаш экен деп аяп ичи оорубай,

«Тарт айылга!» – жөнөй берди шарт этип,

Көп таандын ортосунда жорудай.

 

Алар чыгып Чоң-Кеминде Тынайдан,

Кээ күндөрү кирпик какпай кылайган.

Кийик окшоп бийик аскар бел кезип

Араң жеткен аша жүрүп бир айдан.

Издешкени – кара көздүү бир сулуу,

Күндү уялткан, келбетинде сынайган –

Өлѳр чакта Жантай кысып бооруна,

Болсо дешкен карылыктан тыңайган…

 

Шабданга деп, Бакты кызды мудаалап,

Жантай анда Жангарачка кудалап,

Калыңына кырк кул кошуп жөнөтүп,

Миң жылкыны элден берген кубалап.

Жүз кул сайып ат чаптырып тоюнда

Андагыдан ашып түшкөн бул адат.

Калуу кыйын кандуу изди жашырып,

Алдоо кыйын тарых бетин будалап…

 

Мезгил мына жүз жылды артка таштады:

Мансап күтүп, «биз деп журттун баш жагы»

Үлпѳтүнѳ адам сатып үйрѳнгѳн –

Эмне калды «мыктылардан» баштагы?

Түк эч нерсе… Өзү менен кошо өчтү

Ал заман да, аккан кандуу жаш дагы,

Бүгүн бизге уялгандай карашат,

Аларды алып, каткан жер да, таш дагы …

 

Өткүн кетип, турган асман сурданып,

Күлүп ийсе кең дүйнөгө нур жанып.

Жайлоо андан жашаргандай жылтылдап

Жерде шибер, көлдө толкун ыргалып,

Окшойт куду – сууга түшкөн сулуудай,

Бирок али бүтпөй жаткан курганып…

Айлын беттеп кыздар кайтып баратты.

Ал күн бөлгөн кубанычтан кур калып…

 

Үмүт жанат

Биз бир кезде билим жоктон жутадык…

Таң апкелген бороон жактан жыт алып,

Жүгүн жыйнап, караңгылык качты үркүп,

Бастык бүгүн улуу маршка бут алып…

Ал аңгыча калам тийип энчиме,

Келчи деди жумшак ырдан жуталык.

Бирок жүрдүм айдоолорун ала айдап,

Ыр отуна ышкым алсыз тутанып…

 

Мен ал жакта шилтеп көрүп аз кадам.

Жол табалбай тырмалама аскадан,

Анын түрдүү мээнетинен жан безип,

Көңүл калып таштап кете жаздагам…

Жылдар өтүп… келдим ага кайрылып,

Ырларым бул – дале жарпың жазбаган.

Эй, акындар, айткылачы кимиң бар,

Алгач минтип менче там-туң баспаган?

 

Жылдыз челген чокулардан артыла,

Бир кылымдын тоолорунун артына,

Көз жүгүртсөм, көлү качан какшыган,

Бул сүйүүнүн келди элеси тартыла.

Окуучу дос, сен шек алып жаткандай,

Козгогон жок жаштык түшүп дартыма,

Биз канчалык өткөнгө өлчөп көп билсек,

Ошончо артмак бүгүнкү күн баркы да!

 

Сергир дедим буга алаксып минуттук

Жетет эми… Болот кайда? Унуттук.

Кетти бекен көздөн далда жан багып,

Кайра кирдеп сүйүү тапкан тунуктук?

Жүргүн достор, ак тоюна алпарам,

Мына, мына май жыты урат буруксуп.

Үйдө толо бизден бөлөк көп конок,

Кажы-кужу. Күлкү келет… муну уктук.

 

Атыңды алды кирдиң үйдүн ичине,

«Кел, келгиле» тынчый түшүп кичине.

Орун берет жаштар төмөн сыйлыгып

Чай соңунан кымыз белен ичүүгө.

Табак-табак эт алдыңа тартылат,

Чайпаласың жеген тамак күчүнө,

Болот тынбайт баарын чуркап башкарып –

Чала, азаптар, жетпей калдың мүчүлө!

 

Көшөгө ичи келин кызга толтура,

Жоолук салып, ортосунда олтура,

Ак Мөөр сүйлөйт Соң-Көлдө өткөн учурун…

Акын, сүйүү- экѳѳ бирдей жол тура:

Кѳп кыйналып сүйгѳнүңѳ жетип …же.

Жакшы ыр жазсаң – кубантары мол тура.

Турмушта жок “ме” деп бекер берүүлѳр,

Ким күрѳшүп жеңип алса – шол туура.

 

Эки-үч аял, эчак кирген чачына ак,

Басып барат, көшөгө аздап ачылат.

Мөөр туруп, сый көрсөтүп жүгүнөт:

Алар алкайт: «аппак экен, а чырак!»

«Ырыстуу бол, жарың менен тең карып,»

Дабырады кант, момпосуй чачырап.

Бир чал кирди… «келин» жылт деп бекинди,

Кыргыз салты – кайнатадан качырат.

 

Курбу достор келип жатат ар жерден,

Эл разми келин көргөн, жар көргөн,

Болот, Мөөр бул ызатка ыраазы,

Чалдар айтат: «Тайгак ашуу, тар жерден,

Эптеп жол таап бир бирине жетишти…»

«Байкуштарга теңирим өзү жар берген».

А бул жакта комуз кылы дирилдеп,

Шаңк дей түштү тойдо ырдалчу сармерден…

 

Кеч да кирген, үй жайына эл кетип,

Үйдө жалгыз өзү экенин белги этип:

«Мөкүш!» деди Болот ага акырын

Шарт бир кайрып көшөгө учун желдетип,

Ар жагынан чыга келди жаш сулуу,

Күлөт, «кызык… жүк бурчуна мен бекип…»

Үй – жай төшөк эч бири жок, бирок да

Сүйүү барда толуп турат кем-кетик…

 

«Келбесе эгер, арттан кууган балаабыз.

Ата-энеңди мында алдырып алабыз»

Бир-бирине эркелешет, өбүшөт:

«Болор бекен ортодо ойнор балабыз?»

«Төрөп берсең… тогуз уул, тогуз кыз!»

«Алар өсөт… а биз карып калабыз…»

«Бирок сонун убай көрүү баладан…»

-Болот! Болот! Кетти тиги мал алыс! –

 

-Атаа, жигит, токтой турбай азыраак,

Тогуз уул, тогуз кызды асырап,

Жаткан экем…жанымда экен Ак Мөөрүм,

Бекер кылдың, аттиң! – кейип басылат…

-Ак Мөөрүң ким? Соң-Көлдөгү сулуубу?

Сүйдүңбү аны? Кантип? – дешип асылат.

Жылкы ичинде, жылдыздуу көк астында,

Сырын каткан да бир түйүн жазылат:

 

-Билбей калдым ата-энемдин өз өңүн,

Эмне айталмак эмчек соргон кезегим?

Бирок тагдыр түңүлдүрбөй койгон соң,

Али аяган эне колун сеземин…

Чындык ошо, бар чагыңда көрө албай,

Жок чагыңда тууган күйбөйт, десе ким.

Эс тартканы энчим болуп малайлык,

Быштым эрте… аштым турмуш кезеңин. –

 

Жигит сүйлөйт жалпыга орток дүйнөнүн,

Жалаң ага кайгылары тийгенин,

Ак Мөөрүнө ашык болгон учурун,

Ал да ичинде айтпай сүрдөп сүйгөнүн,

Акырында балама алып берем деп.

Бай Болотту бул тарапка сүргөнүн,

Жана дагы жакшы кызды сүйүүнү,

Жылкычы деп… кыйбаганга күйгөнүн.

 

Кайрылармын күн болбосо айда деп,

Таалай издеп, Кара-Кужур кайда деп?

Баягыда келдим мында туз буйруп,

Жүргөнүм жок малайлыгым пайда деп.

Билип калдык сабак алып ал жактан,

Марттык кылса, бир кулунун бай берет.

Бирок достор, камоо түшкөн сүйүүгө,

Жардам керек, баш калкалар жай керек.

 

Өмүрүнө бакыт тилейт ар адам;

Өттү күндөр, сызды күндөр арадан.

Калды Соң-Көл толкунунда түнөткөн,

Элпек кездер өптүрүүгө жараган,

«Жан чыкканча мен сендик» деп берген шерт.

Сонун чактар кылгырыша караган,

Анан дагы аянычтуу мезгилдер,

Көз жаш төгүп түнкү оюндан тараган. –

 

-Кызды укканбыз, акыл-көркүн айтышкан,

Кулдук уруп көп барат деп бай тыштан,

Бул айылдан жуучу салып үч мырза,

«Болбоду» деп көңүл чөгүп кайтышкан.

-Тынчым кетет сен алыста жүргөндө,

Аны өзүнө жалжылдатты кай душман? –

-Ойнуңду кой! – какты муну бирөѳбү –

Кабар алса, камоо түшкөн байкуштан?.. –

 

-Билем-билем ызасы арбып жатарын,

Соң-Көлгө ыйлап, менден үзбөй капарын.

Кечээ келип мындан кайткан жолоочу,

Эскертти дейт, белек берген катарың:

«Жазып-тайып келеринен кечиксе,

Ыймандай ак мен да күндөй батарым»

Көрөм аны, көрөрүмдө шегим жок,

Мен ал үчүн тапкам тентүү сапарын.

 

-Барыш керек ал жер эмне узакпы!

Минем десе берем, алгын боз атты,

Кечүү бербей арстанга окшоп айкырган,

Нарындыбы… как жарылта бузат бу. –

-Болбоо керек махабатка айыпкер,

Эр азамат ага ар качан кысаптуу. –

-Бар тилегим – жетип тапкан теңине,

Бул өмүрдө кор болбосун кыз аттуу. –

 

-Эх курдаштар, башты оорутуп не керек.

Ак Мөөр келсе төбөм көккө теңелет,

«Суу керекпи?», «отун жарып берсемби?»

Чарк айланып чуркап турсам «жеңе» леп! –

-Кашаң элең кейип турса дейсиң го,

«Ай жубалай життиң ээ» деп жемелеп? –

-Көрчү мунун кичүү боло калганын,

Кечээ эле биз «ит жыгылыш» тең элек. –

 

-Жок туугандар, биздикине апкелет,

Кара алачык төрт беш жанга бап келет.

Жамгыр күнкү тамчысы эле болбосо,

Балким өтпөс жаңы жамап жапты элек. –

-Бирок сенин энең бир аз урушчак? –

-Кайдан антмек сыйлап турса «апкелеп» –

-Баарың бирден ээлеп-ээлеп кеттиң да,

А биз эмне, биз Болотко жат белек? –

 

Тонун силкип бирөө турду күүдүрөп:

-Той бергенде салар болсо сүрдү көп.

Ошол жагын мен башкарып берейин-

-О бул анда, өзү эле жеп бүлдүрөт. –

Жылкычы калк жоокер мүнөз шайыр эл.

Дайым минтип сөзгө чалып…күлдүрөт.

Бирок алар мунун баарын Болотко,

Жан күйүшөр дос пейилден билдирет.

 

-Ошент Болот, мезгил кымбат, жөнөгүн,

Жылкыңды мен өзүм багып беремин.

Керек болсо бир барууга даярбыз, –

-Макул достор, айтканыңа көнөмүн.

Мен атадан албай калгам сый –урмат,

Татпай калгам мээриминен эненин. –

Кантсин анан жигит үнү дирилдейт,

Чертилгендей назик кылы дененин.

 

-Өмүр бою бай жылкысын бакканым,

Адал жүрүп тамсын дедим ак каным.

Аван салып, комуз чертип күү кайрып,

Черин жаздым капасы бар чакта анын.

Кудай сүйгөн «улуу жандар» экен деп,

Оозун тиктеп улагасын сактадым,

Өттүм сыйлап, уктум кебин ийменип…

Кана достор, кана менин жакканым? –

 

-Жок курбулар, дүйнө бети тар экен

Киргил экен, ичи толгон зар экен,

Анын али биз үйрөнүп бүтө элек,

Далай чукул буруулары бар экен,

Кеч да болсо бирок коер эскертип,

«Ай, ай баатыр, алды артыңды кара сен?» –

«Туура!» -дешип олтургандар чууласа,

Тартылгансыйт кыяк ыйы – «Сары – Өзөн».

 

Өмүрдө азбы тагдырына таарынган,

Баары болуп бир тилекке багынган,

«Жок!» деп койсо сокпос турмуш тамыры,

Өтпөс күнү. –

-Мен ыраазы, барыңдан

Уктум анык эр семиртер жылуу кеп,

Кабар алам, барып Ак Мөөр жарымдан.

Билбейм кантти, махабаттан каккы жеп,

Байкуш азыр калган бекен жарым жан? –

 

Түн пардасын үзүк-үзүк жулуп таң,

Көк шаңкайды чарт сөгүлгөн булуттан…

Болот анда:

Мына ашыглык белеги,

Бөтөн жерде бир боорумдай жылыткан. –

Ак бет аарчы – жөпжөнөкөй жибек, жип,

«Ох карачы!», «Кандай кылып сайган таң?!»

-Ооба байкуш сулуу да эле, уз да эле,

Бир мен үчүн бүт дүйнөсүн унуткан. –

 

Айтса бүтпөйт – көөдөн толо көп жарат,

Жүрөктү өйкөп, жүрөктү өйкөп жеп барат.

Сендиректеп куса толгон чактарда.

Тоодо олтурат кайры тиер деп карап.

Дале ыркырап Соң – Көл жактан жел жетип,

Булдуруктап булак үнү кетти ыраак.

Бир ыр айтып жалпы ынтымак күткөндөй,

Калды ык тартып көк бетеге бет тарап…