Сүйүнбай Эралиев: Ак Мөөр (2-бөлүк)

II бөлүк Соң-Көл түндөрү Курчоодо Чөп козголот, анын сырын жел билет, Аркы жакта кымызга мас эл күлөт, Бээлер саалат… Соодагерлер жол тартат, Кыз суу алып, чуркап келет делбиреп. Козу маарайт… Балдар сайда чурулдайт, Демейде өтчү күн экенин белгилеп. Өмүр бою баш бакпаган бул үйгө Биринчи ирет бүгүн кирет Келдибек.   «И келиңиз!.. Урматтуу бай, келиңиз! Төргө, мына?.. жок, жок өтө бериңиз!» Кан киргендей шашып калат калдастап. «Адил мырзам, сак турабы дениңиз?» «Шүгүр, шүгүр, жаз чыкканы жакшымын, Билбейм анан… мени «мырза» дедиңиз? «Ооба, ошенттим…атайы айттым мен аны, – Бай каткырат: «башка толугу менен…..