Сүйүнбай Эралиев: Ак Мөөр (уландысы)

Эл көчкөндө

Жылдыз батат, көккө катып айды ыраак,

Түнгө из чалып таң артынан кайрылат,

Кечте түшкөн шүүдүрүмдөр мөлт этип,

Жашыл кырлар гүлүн күнгө жайдырат.

Айыл туруп, тышта жаң – жуң көбөйүп,

Мал топурап, бат кармалып айгыр-ат,

Чала уйкулуу балдар ыйлап бышактап,

Соорото албай энелери кайгырат…

 

Көч сапарын жүк көтөрүп жүз өткөн,

Төөлөр чөгүп, үй жандарын күзөткөн,

А тигинде өгүз мөңкүп ойдолойт –

Кош жигиттеп тарткан аркан изи өткөн.

Кыйгай басып кылмың этет жаш сулуу,

Мүмкүн ал бир көз караштыр түзөлткөн?

Ал анткени, биринчи өпкөн бозойдой,

Ар убакта сүйүүлөрдүн күчү өктөм!

 

Ылдам колго иш каяктан түт келет,

Жалп-жулп этип үй чечилип бүктөлөт,

Кош тең алып, таңгактарга оролуп,

Комун тарткан көлүктөргө жүктөлөт,

Калчу журтка кайра дагы бир карап:

«Эмне унуттук, эмне жок» деп бүттөлөт:

Бүткөн кезде эң акыркы камынуу,

Уу-чуу түшүп дүңгүрөшөт бүт жөнөп.

 

Алды менен төөлөр алга козголот,

Кербендердей саптар тизип созмолоп.

Аялдар бар атчан бешик өңөргөн,

Канча көчөт, кайда барып токтолот?

А башталат айылга айыл кошулуп,

Ит талашып, бото адашып боздомок.

«Бырр» бышкырып желе басып дүбүрттөп,

Жылкы жөнөйт – көптөр артын тосмолоп.

 

Мелт-калт этип сайларында толуп суу,

Куртка ташыйт мезгилидир толукшуу.

Же шашылар көлгө эртерээк жетүүгө,

Агартсын деп конуп чүрөк, конуп куу,

Ар кимде бар максатына умтулуу,

Жана да бар кастык жетер жол ыктуу.

Эртеңкисин көп кенебейт адамзат –

Сак бол сен да ыйык сүйгөн колуктуу!..

 

Кооз жерлер – Нооруз – Булак, Ара Төр,

«Эс алтпасак аттар чарчап кара тер…»

Жылкы өргүтүп, кечке күтүп жатканда:

«Болот курбум, бир ишиме жарап бер,

Кары, жашка кадыр тилдүү эр элең,

Бак буйруса Мөөр кызды жар этер»

Кезим келди, арага түш! – дейт Баян, –

Албай калсам жарык күнүм кара өтөр?»

 

Баян – бул ким? Байдын эрке баласы,

Журт башкарып, эл бийлөөнү самачу,

Өз атасы Келдибектен айныбайт,

Карашы сук көзүндө бар аласы,

Кочкор тумшук, дөңгөлөк бет, жар кабак,

Үлпөт, сайран отунда өскөн санаасы.

Жылтаң короз көйрөңдүккө күбөдөй,

Жарк-журк этет шакек салган салаасы.

 

«Жаш кумары тар төшөктө канчу убак,

Солгун тартып узабастыр анча убак?

Ачык айтып эртелигин күтөт де,

Өргөө күтүп, өрүшүндө мал чубап,

Кызматына кулдар чуркап дирилдеп,

Бай үйүндө ал дүңгүрөп алчу бак…»

Жүрөк ыйлап, от чагылып көзүнө

Муну укканда түтпөй кетти жан чыдап:

 

Берип калды Болот аны кайрылып,

Шар-шар этип жибек көйнөк айрылып,

Бир бакырып тап берди эми Баян да,

Баш тарткан жок бир-биринен тайгылып –

Экөө бирдей былчылдашыпжүрүшөт:

-Ой-ой, Болот, мунуң сенин кай кылык?!

-Мегин, сага! Бул атаңдын башы! – дейт…

Көчтөр барат өз бетинче жай жылып…

 

Көчтөр өтөт, көчтөр келет агылып,

Көрккө таккан коңгуроолор кагылып,

Кербезденген бураң белдер үлбүрөп,

Алдында аттар – сыйда жүргөн багылып.

Эч жок десе эл көзүнө кароого,

Бүгүнкүдөй бир жакшы учур табылып,

Төө жетелеп шарактата бастырат,

Күмүштөрү күнгө жарк-журк чагылып.

 

Үлпүлдөшүп өчүп, күйүп өзгөрөр –

Кирсиз көктө жылдыз болсо – өзгөлөр,

Мөөр – чолпон ортосунда кашкайып,

Жалгыз өзү жалжылдашын көз көрөр.

Бир караган карылар да тамшанып,

Ак батасын берип жатып «өс көгөр!»

А ким билет, кыз ойготкон кыялда

Өкүнүч кылып өз жаш чагын эскерер?

 

Жолдо айылдар көчтү көрүп узакта,

Дос пейлине сый бөлүшкөн кысапта,

Тосуп чыгып көөкөрлөрдөн көбүртүп,

Кымыз куюп, ат жалынан узартса:

Колуна алып жутар-жутпас жыбылжып,

Жана ал көрктө жарашкансып кыз атка,

Кайра сунуп ажарына наз берип,

«Ырахмат!» дейт бир башкача ызаатта.

 

Ал сурашып – а бу дешип аз турат,

Андан ары жай, сабырлуу бастырат.

Ойлойт бекен: өмүр неге өзгөргүч,

Бир көрсөң кыш, бир карасаң жаз турат.

Түйшүгү көп жоболоңдуу келечек,

Күндөр дайнын күүгүмүнө жазгырат,

Кандай болот жаздыгына термелип,

Жаштыгына сүйүү тапкан жакшы убак?!

 

Адил оору… аркыл табып тарылап,

Эч эм түшпөй алдан тайып арылап

Турган кезде жан кулактын учунда,

Дагы угушуп: «дарт кымыздан арылат»,

Элге илешип көчө келген эне, кыз,-

Али деле айыкса деп зарылат.

Мезгил жетпей бат кетилген болоттой,

Кор болгонсуйт эр кайраттуу кары убак.

 

Ага болбой күндө жуучу көп келет,

Каада билген «канбыз», «бекпиз» деп келет:

«Теги бийик шарапаттуу жакшыдан,

Бакыт келсе терстик кылып теппөө эп»

Бирок буга Адил жообу бир гана:

«Кыз эркинде… Күтпө менден өзгө кеп».

Катуу буруп, ат тизгинин какмалап,

Келген кетет, карзы бардай өпкөлөп.

 

Дүр-дүнүйө, миң-сан байлык өрүштө,

Түк арзыбай мүлк катары көрүшкө:

«Аттиң арман, аттиң дүйнө деген бар,-

Жаңылган ээ, сулууларын бөлүштө!

Жок антпесе кимге бүткөн, о чиркин,

Ак Мөөр сындуу ай жамалдуу периште?!»

«Ач көз күндө, ач көз жандар тубат» деп,

Адилдин да кайгы-азирет чери ичте…

 

Эки жигит эси оогончо мушташып.

Эми олтурду көк шиберде тушташып.

-Айтчы Болот, кай себептен жаздым мен,

Бар айыбым – болгонумбу кызга ашык?

Эмне демек атам муну укса эгер? –

-Бар айтып бар, жеткин эрте, уч шашып!» –

Анткен менен алды моокун кандырып…

Бирок ичтен сыр чыккан жок тышка ашык.

 

Эч түшүнбөйт: «Болот неге кызганды,

Кутурган го убада алып кыздан бу?

Өгүнү айтсам Мөөр кагып койду эле

Мен ойлодум, бир оңбогур бузганбы?

Мына көрчү, туура чыгып келатат?

Жоготпосом бул кара тер кысканды…

Шашпа Баян, жаңы жерге жетели!..»

Деп ичинде эрибеген муз калды…

 

Эстен чыгып, «өргөө күтүү», «кыз алуу»,

Баян азыр өлгөнүнчө ызалуу.

Ал нааразы жылкычынын барына:

«Болот муну уруп жатса, мисалы,

Ага келип жардам берип койбостон,

Танып кетти «көрбөдүк деп биз аны»

Дайым минтип мыят боло калышат

Мындай жерде качып уят, нысабы…

 

-Аман жүрсөм үйрөтөмүн барыңа,

Кас турдуңар менин алар жарыма,

Салкар иттер, томаяктар, акмактар! –

Баян «мырза» тетир басат таарына.

-Ай ушуну!.. – бири тартты желкеден,

Бири буттан… Сүйрөштү суу шарына:

-Кагылайын! Өлдүм, кокуй, жан соога! –

-Анда эмесе карап иш кыл арыңа!..

 

«Ыйык» жанды – эч ким «колу тийбести»,

Ээн жерде эрктеринче ийлешти,

Узунунан, туурасынан салышты:

-Билип жүргүн бизди кантип бийлешти!»

Сууга урабыз, же корумдап кетебиз,

Болбосо кой: «Мөөр мага тий» дешти!.. –

-Койдум, кокуй! Жанымды эле койгула!

Анда дароо көйнөгүңдү кий! – дешти…

 

Ийнени алар катчу калпак кырында,

Алып берет:

Тийбей: көз, бет, мурунга,

Жалаң гана жабык жерге урган соң,

Ал жагынан шек билинбейт ырымга.

-Эскертебиз, атаң муну укпасын,

Эгер, кокус бир неме деп бырыңда –

Анда өлүгүң бир өзөндөн табылат!..-

Мактаныч жок жылкычы калк сырында…

 

Ал анткени, булар ага жакпаган,

Күнү болбойт, тилдебеген, какпаган.

Ар убакта табат жабар жалааны:

Тил албаган… атын мыктап бакпаган.

Ууга чыкса кийик кармап бералбай,

Уктайм десе үстүн жылуу жаппаган,

Акыр келип, Болот, кызга кас санап…

Бул бир көөдөк, олокосун таппаган!..

 

Көчтөр узайт, Куртка белин ары ашып,

Сары-Ой жакка сагынычтуу карашып.

Карашканы – тоо койнуна чөгөргөн,

Коргошундай көлкүп жаткан жарашык –

Көк толкундуу көл кылаасы эмеспи,

Жаштар жаңы түнкү оюндан тарашып

Ич тарылтып, жан кыйбаган жер сындуу,

Шоокум салган көңүл моокун талашып!

 

Көчтөр келет… Мөөр ана токтоду,

Жерди тиктеп, бир нерсесин жоктоду…

Жетти Болот, аттын оозун дуу коюп:

Камчы түшкөн, тартынганда коштогу…

Алып берди… Ай ким билет амалдыр –

Жарын көрүп турган берки топтогу –

«Эми өзүмө келер бекен», деп кылган?

Андан ары бастырышты чоп-чогуу…

 

Болгон чатак… ал да эч нерсе эместей,

Чындап сүйсө тагдыр чеки дебестей,

Жең алдында колдор колго кысылып –

Бири москоол, бири үлбүрөп кебездей,

Жай табалбай алдас уруп кош жүрөк

А өздөрү же уйкулуу, же нестей,

Атчан жүрүп алыс – алыс барганда,

Селт этишти көч экенин эми эстей.

 

Селт этет да, Болот тиктейт атына,

Өз санашкан пейли менен батына,

Токуп берген, көчтө минип барсын деп,

Эң кымбаттуу, эң бир кыйбас затына.

Куш сыяктуу, чабытына тиленген,

Ыкыс берсе, ордунда октой атыла,

Көйрөңдөнгөн сындуу жакшы ат, сулуу жар,

Бир өзүнчө дүйнө өңдөнөт татына.

 

Малайлыктын киресине келген ат,

Эртең өлчү «кыл кырчаңгы» делген ат,

Бат сынайып, бөрү жортпос жон менен,

Түрсүлдөтө таскак салып желген ат.

Кызганыч кылып, бай көзүнөн аярдап,

Ээн чапса, жетпей ыза жел калат.

Соолоп турар үй-бүлөдөй көрүнүп,

Мал да болсо жалгыз башка – дем, канат…

 

Жаңы сүйгөн ууз жаштык убакта,

Жоктон келип бир курч сезим тубат да,

Жазгы тиккен жаш көчөттөй буралып,

Али бышып жете электе кубатка,

Жан сөөлөтү жыргал айдап келчүдөй,

Бүтпөс сагынч, кумар күчү кубат да,

Кездер келет мас-маңыроо тарттырып,

Ой, сырыңды журт сезбейт деп жубатма.

 

Бирок сезет… Муну эстей жүр кыз, улан,

Махабаттан шарап жутуп кызыган,

Ал анткени же сүйдүрүп, же сүйүү,

Ал өмүрдө кайталанар из улам.

Жаш көөнөрүп, ал курактан алыстап,

Карылыкка кайткан сайын биз улам

Ак сүйүүнүн жакшы элесин кармайбыз,

Бир – бирине ынактыктан ысыган.

 

-Сен турганда турмуш көлдөй түз өңдүү,

Билбей кетем, калкыймынбы, сүзөмбү?

Чынбы Мөкүш, неге унчукпай келесиң?

-Ойлойм, кокус, таттуу оюңдан үзөмбү?! –

-Ошондой де!.. – Ойноп колдон тартты эле,

Шыңгыр этип буттан ыргып үзөңгү,

Үкү таккан шуру отого кундузу

Кыз башынан түшө жаздап түзөлдү…

 

Муну көрүп Баян ичи тарышта…

Атты алкынтып арттан жете барышса,

Мөөр айтат: – сөз салыпсың жаш «мырза»,

Эми эп болсо бир сынашсак жарышта.

Чыксаң – макул, калсаң – кайтып айткыс бол.

-Кой, кой, Мөкүш! –

-Жок сен антип карышпа,

Кыз шертине кыйгач туруу жөнбү – деп,

Эл жаалашып кыстоого алып калышса:

 

-Качпайын, – дейт, кааладыңар өтө көп,

Бирок эч мал Карагерге жете элек.

Ат маанисин кайдан билсин үй кызы,

Утсам шартым – кете берүү жетелеп,

Ал андыктан, барың башта калыс бол,

Боштук кылар: «тием» деген жеке кеп.

-Туура! – дешип чурулдашты тургандар,-

Болсун ошо – биз эмнени десек эп.

 

Кыз чоочулап күмөн кылып бүшүркөп,

Болот жакка көз кыйыгын түшүртөт.

Жигит сезип, жандайт барып Кашканы,

«Ай жаныбар, дүбүрт укса үшүнтөт!»

Бул биринчи – атка ишенчин билгизсе,

Анан да артта кек каларын түшүнтөт…

Бет алдыда кумарды ачар түз жатат,

Ким күлүктөн чаппай күдөр үзүлтөт?!

 

Тап беришип тай-кунанын кырданткан,

Жаңы өспүрүм, жаш уландар бир жактан,

Керме каштуу кызыл кыргак келиндер,

«Чечек ий» деп жигит жанын жыргаткан,

Жылдызындай тоонун уяң кыздары,

Назигинде Соң – Көл сындуу сыр жаткан.

Дуу коюшту – учаарында шатырап,

Кептерлердей канаттарын бир каккан.

 

«Бар жылдызым, багыңды ачсын бара бер,

Бир иш болор, калып калсаң а эгер?

Сүйүү мында соодаланып жаткандай,

Туталанып батат белем санаага эр.

Кушун кошкон мүнүшкөрдөй серептейт:

Катар озгон Кашка менен Карагер.

Жел ышкырткан эпкининен жаш ыргып,

Ийик болуп чимирилет кара жер.

 

Суйдаң тартып топтор дагы бириндеп,

Алыс барса анан дайны билинмек.

Анда эмесе жамандыкты кеч тилеп,

Жакшылыкка эрте тилеп жүргөн эп!

Аттар сызып… талаа түздөр кыйырсыз,

Артка агылат ташкан суудай күрүлдөп.

«Махабат!» деп какшангансыйт бир гана,

Шамал жулган кыз этеги дирилдеп…

 

Тар жолдо

Даван ашып, жүктүү чубап жетеги,

Самсып шашкан «көлгө эртерээк жетели» –

Көчтө токтоп, боз үйлөрүн жайган жер:

Көк чалгындуу Куртка төрдүн этеги:

Жөпжөн туруп кубулуңку кулпурат,

Же «толку» деп көл шек берип кетеби?

А болбосо чөптөр – чөпкө шыбыштап,

Айтат чыгар жарыш жайын кечеги!

 

Ырас, мында бир сѳз эрте тараган,

Билген билер акты ылгоону карадан,

Ыза кылат кээде турмуш кемтиги,

Сен не десең – арабызда бар адам:

Таза ойлордун тунугуна шек коюп,

«Бул неликтен кирдейт?» дешке жараган.

Демек жанга ѳмүр, ѳлүм парз сындуу,

Чындык турса кыйбай калыс караган!..

 

«Жарышат..» деп Болот билип башта аны,

Кайрып таптап, кызга берген Кашканы,

Анан дагы басып алып тепкилеп,

Баяныңдын баркын тѳгүп таштады…

«Кол кѳтѳрүү – урматтуу бай уулуна

Бул – кутуруп кул чегинен ашканы.

Жакшы үй наамын булгайт деген не шумдук?

Кѳрчү, эми алар башка чыга баштады!..»

 

Жүзүн үйрүп, кимдер кимге тиш кезеп,

Кекке шылтап, жоктон мактоо издешет.

Кээлер болсо: жаштар ойнун мынчалык,

Терске буруу текеберлүү иш дешет.

Мына ошентип актык менен арамдык,

Жер бетинде кез келишет жүз кезек.

Кыл как жарган калыстыктар каккы жеп,

Кѳп учурда керегине күч чечет…

 

Бул кабарга каны кайнап Келдибек,

Угар замат, Болот кѳчтѳн келди деп,

Аны байлап апкелдирип алдына

Зор экенин, мыкты экенин белгилеп:

Сабап кирди керегеге кердирип…

Жатты жигит эстен тана кеңгиреп.

Бир жылкычы арачалай калды эле:

«Кошо ургула, кайдан келген кең жүрѳк?!»

 

Бели эңкейип ѳмүрүнѳ кеч кирип,

Карып калган кемпир ыйлайт эчкирип:

«Кагылайын Баяныма кол кайрып…

Кутургандын жон терисин терс тилип

Боздоткула, колго берип сазайын

Экинчи ирет антпес болсун эс кирип?..»

Уруп-уруп чарчаганда коюшту,

Бошотту анан, колу-бутун, чечтирип…

 

Окуучу дос, сынап кѳргүн сен нече:

Тулпар сызат арттан тулпар чендесе.

Бирок дагы күлүк күнү не болот,

Эликче эргип, эчен артуу бел кезе,

Караан үзүп каңгып келе жатканда,

Жолун тороп: жок туратур сен десе?

Шол сыяктуу Болот кѳргѳн бул кордук

Жүрѳк кезген канжар менен теңге эсе.

 

Араң – араң чыкты азаптын шишинен,

Жон айрылган, баш кѳнѳктѳй шишиген.

Бай күрсүлдѳйт: ой оңбогон ит десе,

Сен ѳлѳрдѳ сактап калган киши – мен…

Бир ат бердим – он жыл акың үчүн деп,

Ырас бирок түзүк болдуң ишиңен…

Жогол эрте! –

Болот айтты: – Түшүнѳм…

 

Ал, алып кал, аз кѳрүнсѳ жыйганың –

Бүткѳн мүлктѳр кѳз жашынан кыйланын.

Кул, күң жүрүп, ирегеңен кете албай,

Атам, энем анда жанын кыйганын,

Кѳргѳн, билген карылардан кѳп угуп,

Мен жылдарга муңумду айтып ыйладым

Аны коюп ат деп кайра док кылат,

Айла барбы жеп койгонго ыйманын! –

 

-Тарт тилиңди! – кындан бычак суурулду,

Тирүү койбой… журт бузарды, ууруну… –

Бай казанын кармап жүргѳн бир аял

Чыга качты: «кокуй, жеди, кууруду!»-

Арга таппай – үй жанына байланган

Семиз атты ары үркүтѳ кууду бу…

Үй жалпайып… кыйрап уук кереге,

Токтоду анан… чыгып жүгѳн суулугу…

 

Болот анда «кечир» дешке тырышпай,

Тике тийди, шарт деп кыйган кылычтай.

Адаты эле бар жыйганын ичтеги,

Бир гана айтып, бар, жок кылып тынышмай…

Кайра кайтып кол сала албай жигитке,

Кала берди кегин ичке жыйып бай.

Болот чыкты кармап жалгыз комузун…

Андан бери он күн ѳтүп, жылышты ай…

 

«Бат жоголсун, кѳздѳн далда алыска

Мүмкүн эмес кѳл жээгинде калышка,

Эл четине келгис болуп экинчи,

А болбосо, жыккан итти намыска –

Ѳзүм гана ѳрттѳп коем күл кылып!»

Тѳкпѳй – чачпай жеткирилди а «нуска»…

Эч болбосо күркүрѳгѳн зор турмуш,

Сен бир ирет келсең кантти калыска?!

 

Анткен менен байдын башка тилеги,

Аны аткарбай токтоор эмес түк эми:

Жѳѳкѳрүнѳ буйрук айтты жашырын –

«Эл бузулса – Болот гана күнѳѳлүү.

Жолун жолдоп каяша айтып калышат,

Кээ малайлар…

Анын да бар бир эби:

Кетеринде ээн жерде чап кармап,

Иштегиле күм – жам кылар илени!..

 

Бирок азыр шек албасын жан адам,

Кудай кечпейт – биз жиберсек аны аман,

Ѳткѳн белем уудай ачуу учурум,

Тарыган бейм кайран гана заманам!

А болбосо буга окшогон кул, күңдѳр

Кайдан мага тик карашка жараган?

Кайда күндѳр кѳз кѳрүнѳѳ ѳлтүрүп,

Канын ичип, анан моокум тараган?!»

 

Түшкѳн кезде бак талашкан чыр башка,

Дос бар беле калканч берер бир жашка,

Кѳп ко… Бирок Болот ѳзү тартынат:

Кокус мүмкүн кастык оту ырбашка?»

Дагы ойлонуп «Ак Мѳѳр алы кантер?» деп

Кала турду дос үйүндѳ – курдашта…

Адил баштап, малчы – жалчы калың эл

Аны ызааттап, ой бѳлгѳнсүйт бир башка.

 

Бирок күндѳр ѳтѳ берди… кечки убак

Кѳлдү акмалайт… кайтып койлор, эчки – улак,

Те алыста иңир – күүгүм жамынып,

Жылкы барат түнкү ѳрүшкѳ кеч чубап.

Ошол кезде бир четинен айылдын,

Сагынчтуу ыр, санаа аралаш сѳз тубат,

Болот созгон жакшы обондор кайруусун,

Коштоп чыгып тоо жели эзет кѳпкѳ улап…

 

Мээри жумшак, сырга ишенич апалар,

Бир мүдѳѳлүү, жакын тууган, ата, жар,

Угат муюп муңдуу кыргыз күүлѳрүн:

«Сыздама» деп, «Арман күү» деп аталар…

Батыш мында… Мѳѳр неге суз карайт,

Балким сулуу алда неге кападар?

Же шол ишке «мен айыптуу» деп билер,

Анда эмесе анысында ката бар…

 

Сүйүү – сыноо миң электен кечирет,

Сүйүндүрѳт, сүрдүктүрѳт эче ирет…

Таңкы сергек жылдыздардай күлмүңдѳп,

Ары азгырып далдасына бекинет.

Турмуш – сыноо, ал колуна алганда,

Морттон бүтсѳ – дайым мизи кетилет.

Жашык болсо – күчүн эрте майтарат,

Жок, курч болсо – мезгил менен жетилет…

 

Тыңша, тыңша бул чертилген «бийчи күү»,

Эркти тартып, ѳз боюна ийчи күү,

Бир жылкычы сыйкырдаган сыяктуу,

Калкып калса… күлкүгѳ үйдүн ичи «дүү!»

Кой соңунда, жылкы артында кѳп басып,

Каржалган эл: бүткүл улуу – кичилүү,

Кечте минтип чер таратып алышты,

Адат кылган – күндѳ ашындай ичилүү.

 

«Кана Мѳкүш, сен ырдап кой бир ирет?» –

Маржан эне махабатын билдирет.

«Ай апам ай, ай жарыктык» дегенсип,

Жумшак күлүп, уяң калат үлбүрѳп…

Анда ашыгып издейт комуз кайруусун,

Кыз тилегин жазбай сезген бир жүрѳк.

Соң-Кѳл селт деп, үнгѳ тосуп кулагын,

Ѳйүздү урат толкундары дүңгүрѳп!

 

Назик ыргак бирде бийик, бирде пас,

Күн алдында кош канатын ирмеп аз,

Ак буладай соноор жүнү делбиреп,

Булут коштоп калкыгандай турна-каз,

Жаркын шоола, күмүш күүлүү, кѳрктүү үн,

Ал болбосо антип эч ким ырдабас…

Жай термелип кармап кыял чабытын,

Отургандар сезим толо сырга мас.

 

Мѳлт – мѳлт этип бышкан алча таризде,

Эриндери балалыктай наристе,

Ырга эрк берип, улам бат-бат ачылып,

Жарк эттирет ак тиштерин ары ичте.

Анткен сайын ойнойт толкун кырындай,

Ак богогу ары жука, ары ичке.

Байсал таппай уу жуткандар сүйүүдѳ,

Бир жылмайып карашынан дары изде!..

 

Кыйгач кашы леп деп каккан канаттай,

Жыйрылат да кайра ордуна жанат жай.

Күмүш сѳйкѳ сагагында дирилдейт,

Кайруусу мол күү сазына санаттай.

Бул түндѳгү сулуулуктун, жаштыктын,

Ушул кѳркүн дагы кармап, таң атпай,

Тура турса… черге толуу азамат,

Кайтар беле тагдырына канааттай?!

 

Жарды кагып, жалт деп артка бурулган,

Чапчаң, шашма толкундарга урунган,

Ошол ырлар… сагынчыдыр жаштыктын,

Үшкүрүктүү кыз деминен курулган?!

Ошол ыр го канга жетип эң мурун,

Сырларды айдап кап-кайдагы бугулган,

Махабаттын коңгуроосу ѳңдѳнүп,

Шыңгыр этип, анан бизге угулган?!

 

Ал ырдады: жаздын жашыл курагын,

Жазда чыккан жыттуу гүлдѳр бурагын.

Бирок дагы күн кактаса гүл чаңкап,

Кѳгѳртсѳ деп кѳктѳн жамгыр сурарын.

Эскирткендей биз жашаган ѳмүрдү,

Мезгил ѳңү бат ѳзгѳрүп турарын:

Демек күтпѳй, күз соңуна кыш жетип,

А кыш келсе гүлдѳрдү үшүк урарын…

 

Ушул болду ѳзү билген дүйнѳнү,

Шертке такап, бир нокотко түйгѳнү…

А ким билет – айтар беле дагы кѳп,

Бирок кымбат эне – атадан ийменүү.

Ыр жеткирген үмүт, күйүт талашын,

Билгенсиди бир гана ынак сүйгѳнү!

«Алты аркар да ашкан окшойт тѳбѳдѳн,

Кана балдар, кайтпайлыкпы үйгѳ эми?!»

 

Күндүзү да бир кѳрүшүү тилеги,

Деле болсо Батыш сүйүү тиреги:

Мурда үйүнѳ Мѳѳрдү кийрип жиберип,

Кайра чуркайт: «кѳп кечикпей жүр эми»..

Шыңк күлүүлѳр, эчен кынай тартуулар,

Үлпѳт ойну… Болот билген илээни,

Сезбей калып чүкѳлѳрү аз конуп.

Кѳп кызарат назик кыздап билеги.

 

Ал аңгыча Батыш кымыз келтирет

Араң жылат кере аяктар мелтиреп.

«Мыкты болсоң мени ичпей кѳр» дегенсип

Шуу – шуу ойноп, бетти кѳздѳй чертилет.

Бул эмеспи – тоо чѳбүнүн кубаты,

А калганы сабасында жетилет…

Эх, кымыз ай! Элде сыйлуу тамак ай,

Жаралбаспы, жайда – кышта эки-ирет!

 

-Кана алгыла, дос – курбулар, алгыла! –

Кайткан идиш кайра келет алдыга.

Устат колдо ынак бүткѳн кымыздан,

Жазы жаркып… жибигендей кар буга,

Дене балкып, магдыроого жан тартат,

Жумшак ойлор сүйрѳп улам алдыга…

Муну жасайт байга Батыш атасы,

А болбосо кымыз кайда жардыга?!

 

«Түгѳтѳ албай акыр жагын арттырат»,

Дешип кыздар, «дем албасын» тарттырат.

Бирок Болот бийигирээк олтуруп,

Кылк-кылк жутуп анысын да «ак кылат»

Мѳѳр буга саал ызалуу болсо да,

Ѳз ичинде: «намыскѳй» деп жактырат…

Ал учурда атчан бир топ киши ѳтѳт,

«Жуучу» ѳңдѳнѳт, айлы тиги жакта ыраак.

 

Мѳѳр туруп карай коюп жабыктан,

Кайра олтурат, ѳңү качкан, жабыккан.

Кѳз алдында: аянычтуу ата-эне,

Да кимдердин кагуу тилин кайра уккан…

Күлкү ордуна күйүт тапкан жүзүнѳн,

Болот окуйт: «бир жол кѳрсѳт кана ыкчам,

Жалгыз бүткѳн махабатым актаар деп,

Кең дүйнѳдѳ сага ишенип сага ыккам?»

 

Сезгич бийкеч сыр бербеген салтында,

Сѳзүн буруп, жазган болуп жарпын да,

Бооруна алып, Батыш кыздын бѳбѳгүн,

Тѳлгѳ тартып жорумакка дал чынга:

-Кана, кана! Оң бутуңду кѳтѳр! – дейт,

Перзент билбей эмне бар кыз дартында,

А тек гана дүйнѳ – ѳмүргѳ талпынат…

Бирок бир шерт турду ал күндѳр артында:

 

Мезгил эмес, максат бүтпѳй шарактар,

Куугун катуу… жүрѳктѳрдѳ жарат бар,

Кыйбаса да эне жыттуу тууган жер –

Сагынса да жаштык каада, адаттар,

Эртеңкиге медер күтүп, бел байлап,

Кала турат келер жолун карап жар,

Болот барат ашыглыкка арга издеп…

Кайда Кум-Бел, Кара-Кужур тараптар?!

 

Турмуш – турмуш

«Ах, кудурет, бул не деген ырахат:

Тулку бою туташ таштан турат ат!

Жаратылыш олдо сенин кѳркүң ай,

Теңдеш чыкпас бүт ааламды карасак?!

Андан ары кашка сулуу түнт токой,

Элсиз, эрксиз жалгыз кирип баратат…

«Ѳлдүм, кокуй!» – бир жалынчтуу үн жетип.

Жалт артына, жалт артына каратат.

 

Мѳкүш экен… минтип кѳрүү ойдо жок.

Жаш сулуунун кѳрк – сымбаты бойдо жок,

Иреңи ѳчүп, кийимдери самтырап

Качып келет… алдын торойт ойноп ок.

Барам десе жылан тилдей жалаңдап,

Жалын атат, эки ортого койгон от…

«Оо жараткан, бу кандайча кастыгың?» –

Деп шолоктоп ыйлап жатып ойгонот.

 

Кѳргѳн түшүн кѳп ойлорго ыйгара,

Кѳз жумулуу, жатты жаны кыйнала:

«Алты сан эл-арасы оң, сол кыргызды,

Араласаң кыз ысымдуу кыйла да.

Бирок да мен мынча кѳптүн ичинен,

Бирди таптым, ырайым эт, кый мага.

Эгер эгем, пендем экен деп билсең

«Ай, ай Болот! Антип ѳксүп ыйлаба?!..»

 

Болот жаткан – Нооруз – Булак белеси

Андан даана сулуу Соң-Кѳл элеси

Күңгѳй бетте колот сайын жылтылдап,

Түзгѳ тарткан туура суулар желеси.

Кѳлгѳ куяр агымында айткансыйт:

«Биздин кѳрктүн сен энеси, сен ээси»..

Эртең кетмек… кыйбай карап олтуруп,

Уктап кеткен… эске салат эми ѳзү.

 

«Бул Баян го?.. неге келди «асыл жан»

Болот жокто Мѳѳргѳ ыйлап асылган:

Сүйѳм, деген, сенсиз менин күнүм жок

Биздин тагдыр бир болууга жазылган.

Мѳѳр айткан: кетирбесин Болотту,

Атын берсин… ата жаагын бас ылдам…

Кийин жагын дагы ойлонуп кѳрѳрбүз,

Бирок менден күтпѳ эч нерсе азырдан…»

 

«Сурап кѳрѳм түшүнгүн деп алыма,

Кызды бер да тең орток бол малыма?»

Ал кемпайга сулуу кайдан ылайык?

Макул… Кокус кѳнбѳй койсо аныма?

Жалгыз жол бар… Атамдыкы туура акыл –

Ичем сѳзсүз … тоем жылуу канына!..

Шалк этмесин ичке катып кѳрсѳтпѳй

Мына атйлап келди Болот жанына.

 

Баян сүйлѳйт анткор күлүп чечиреп,

-Курбум Болот, келдиң дебе кечирээк.

Жуучу болсо кийим кирден тазарып,

Куучу болсо кѳңүл кирден чечилет.

Тирүүлүктѳ күн күтпѳс пенде жок,

Бир башында жаңылуу бар эче ирет.

Анткен менен достукка бек азамат,

Кѳктүк кылбай эр күнѳсүн кечирет.

 

Кечтим мен да… кара кылды как тилип,

Чынчыл болуп, таза болуп, ак жүрүп,

Сыйлашалык кайра тийсин колуңа

Кашка сындуу куш канаттуу нак күлүк.

Мынча созбой башта басар иш эле, –

Бой бербеди мага түшкѳн бат бүлүк:

Ал – мына бул айылдаш кыз Ак Мѳѳрдү,

«Алам» – дедим – достор укту, жат билип.

 

Сен да сүйдүң, дартың ырбап а кызга,

Жакшы дечи жаш кѳңүлдѳр жагышса.

Бирок ойлоп: жалгыз баштык… жакырлык…

Эртең бирѳѳ бак талашып кагышса,

Колдон кетер теңдеши жок сулуу зат,

Кордук этер эр канаты – намыска…-

Болот муну кунт албаган мүнѳздѳ,

Карай берет Соң-Кѳл жакка, алыска…

 

-Мына ошентип чардап калар бир душман…

Мен жашымдан кынык алып турмуштан.

Анын түркүн терс жактарын кѳп байкап,

Ага-иниге ак болууга тырмышкам…

Ыйык баалап, журт абийрин, эл камын,

Келип турам, кыйылбас деп… бир кыздан…

Керек десең кечке кийрип берейин,

Сугуң тартчу сулуу тапчы, кыргыздан?!

 

Чок баскандай Болот чоочуп кайрылат:

-«Эл» дейт, «журт» дейт, ал экиге айрылат:

Бирѳбүндѳ бийлик, байлык, бак-дѳѳлѳт,

Айтчы, анан да жетпей жаткан кай мурат?!

А биринде бечаралык, жокчулук,

«Ай, аттиң» деп, жазганына кайгырат.

Кана эми сен кайсы журттун камкору? –

Күлѳт Баян, күлѳт кебин кайра улап…

 

-Кээде адамды бакыт ымдайт «келчи» деп

Ар кимге парз кырстык кылбай ээрчимек.

Барга, жокко тең караган кудурет,

Керек десе бере турган кенчи кѳп,

Мисалы, мен бир периге үйлѳнтүп,

Үй кѳтѳрүп, дүр-дүнүйѳ энчилеп,

Багыңды ачсам, чардар элең ѳмүргѳ,

Сен күркүрѳп, атак алып менчилеп…

 

«Ак Мѳѳр» деген жаштар да кѳп, карт да кѳп,

Жуутпайт дейт, «антер күнүм – артта» деп

А биз болсок андай-андай чактарда,

Дилгир элек, махабатка март элек.

Билем бешин ага окшогон кыздардын-

Жигит колун ак ийнине арта элек,

Анан дагы кѳшѳгѳ арты шуудурап,

Жылуу коюн жыргалдарын тарта элек.

 

Анда алардын азоолугу тез калат,

Ал анткени – «эскиргенин» эске алат.

Болсо да эри эркек сѳрѳй бир неме,

Жалынычтуу, жагынычтуу кѳз карап,

Орой айтса, сылык болуп кечирип,

Ошондо да «мен күнѳѳлүү» деп санап…

Ал аңгыча кѳңүлүң оойт башкага,

Азгыргандай жылтаңдашар эски адат…

 

Мына ошентип берер белең сазайын…

Болсо да аның барктуу айым, таза айым.

Биз аларды урмат кылсак канчалык,

Алар бизди кордой билет ансайын…

Бирок аял – бат ѳзгѳргѳн табият,

Ойлош мүмкүн: «жаш күндѳрүм – жаз айым,

Ѳң кѳѳнѳртүп, алыч таштап кеткиче,

Ал кылтыңым кылтың менен басайын…»

 

Биз билбейбиз, кайрап коёт мурда аны,

Каада билип… «жан күйүшүп» турганы:

«Э, жээн кыз, эриң сенин кѳзүңѳ,

Чөп салат дейт, а кылганы туурабы?

Берки кантсин, ыйлап иет, а тигил,

«Акыл» айтат: «сен да ошентип туура аны» –

Түбү келип жѳѳлѳштүрүп коюшат,

Түз жүрбѳгѳн эки бирдей «буураны»

 

Ал андыктан кѳп үзүр бар бойдокто,

Катын, бала, үй… камынан ой жокто.

Дуулап ѳткүн жаштыгыңа дем берип,

Карылык да болор бир күн бой нокто…

Бирок дагы кылыктанган Ак Мѳѳр кыз,

Мени минтип тирүү кармап койду отко.

Андан алып, алоо бойдон сызга уруп-

Бир балээ экен миң жоруктан ойнотмо…

 

Болот ойлойт: кѳрчү мунун далбасын,

Күйѳт имиш, бирѳѳ тартып албасын,

Бат кулагыч, махабаты ойсоке,

Кээ бир жумшак аялды антип алдасын.

Оо бул баштан андайларга маш болгон,

Тосо коет эски билген чалмасын –

Ѳзүң үчүн ѳл десең да ѳлѳм» деп,

Бир заматта эстен тана калмасын.

 

Тиги ишенип, алдоосуна жеңдирип,

Боюн жасап, беттерине ѳң кирип,

Назик, сулуу, жаш кѳрсѳтүп, жана ѳзүн,

Эрке сүйлѳп, кыңкыстоого кѳндүрүп…

Антип дароо анын башын тумандап,

Алгандан соң ѳз максатын ѳндүрүп,

Биздин мырза жээрип калып карабайт,

«Кой эми аяш, жѳн ѳлѳлүк, жѳн жүрүп!»

 

Кѳл кылаасын сулуу жандап жѳѳ бойлоп,

Жумшак түндѳ шапар тээп кѳп ойноп,

Уктай берет, шашке, түшпү ылгабай,

Ал андыктан ѳзүнѳ-ѳзү ээ бойдок.

Кѳп жаңылып, күн эсебин так билбейт,

Чын куранды Теке айы экен деп ойлоп.

Кѳрбѳсѳ да чыр-чыр этип талашат;

«Соң-Кѳлүңдѳй тѳрт келет деп, Кѳк-Ойрок!»

 

Шерне, үлүштѳр жадаткандай манчыркап,

Чѳйрѳсүндѳ кошоматтап жан чуркап…

«А келген ким? – палан тойго чакыртат»

Мына, мына кең үлпѳткѳ чалкыр чак…

Дароо жетет… капшыт толо кыз-келин,

Жанын түртѳт: – кайсынысын жактырсак?

Тамак келет… жебей коюп жыбылжып,

Ошол бойдон ырдап калат салт курсак.

 

Конок келет… той аяктап, аш тарап,

Күтмѳк керек, сый кѳрсѳтүп башкараак…

Эркектери алар менен күүлдѳп,

Кылгырышып… катын-кызы жаш карап

Бурчта олтуруп, козголо албай калышат…

Бирок белен, мейман ичер аш-тамак,

Ат багылуу, минсе алдына тартылуу,

Кимдер булар кызматына шашкалак?

 

Алар ошо – кирбей кайпып эшиктен,

Берсе жешип, бербесе жок кешиктен,

Күнѳкѳрдѳй жалтак-жалтак карашып,

«Тойбостор!» деп – кекеткенин эшиктен…

Антсе дагы сырын сыртка айталбай:

«Кантсин эми, пейилдери, дешип, кең…»

Бирок ырбап канга сиңген кастыгы,

Чоң кылымдын кыр белинде кезиккен.

 

Жаз болгондо жаз бороону жулмалап,

Кыш келгенде жапшыра уруп бурганак,

Ачык түндѳ айды карап жабыктан,

Жамгыр күнү жашын тѳккѳн мурдараак,

Мабул үйлѳр – ал байкуштар маанеги,

Ак тер тѳккѳн мээнетине кур жалак,

Салт ошондой – оолак барып олтурат,

Жок, антпесе конуш кѳркүн «булгамак»

 

Болот байкайт али кетпей ал турат:

-Кана, айтчы, дейт, кана, айтчы дейт калтырап…

Күн батыш жак ѳрт койгондой албырттап,

Ѳчѳр нурун кѳлгѳ сүртүп калтырат.

Бой тирешип жарын жара тепчүдѳй,

Азоо, кежир толкундары алп урат –

Быт-чыт түшүп кыйрагансып эски ѳмүр,

Шарлар ана, кулап жатат жалтырап…

 

Кыз оюн

Оюн кумар, оюн-үлпөт маркабат,

Ар бирөөнү ал эркине тарта алат.

Издерине какшык, лакап чачырап,

Эчен таттуу күлкү, обондор таркалат…

Тарап жатсаң, таң буурулу болордо,

Бараткансыйт миң-сан жылдыз аркалап!

Сүйүшкөндөр, сагынышып калгандар,

Түндү жана түнкү оюнду барк алат.

 

Тандап үзүп, өөп бейиш гүлдөрүн,

Канбай тыңшап, лира төккөн үндөрүн,

Кирсиз агып жылажындай жыбылжып,

Махабатка балкып жаткан күндөрүн,

Музга чачкан бермет мисал жылдыздуу,

Ак жибектей шоодур эткен түндөрүн

Ынак көрчү – эрке сүйүү курактар,

Кайдасыңар? Кана оюнда бир көрүн!

 

Көк ыраң чөп жел эркине ылдырап,

Кең мейкинге көктөн ай нур жылдырат,

Соң – Көл тыптынч… Берки өзөндөн бир гана,

Суу үн катат араң – араң шылдырап…

Тоолор уктап… андан аркы жылдыздар,

Сулуулардай, сулуулардай кылгырат.

А кайдадыр жаштар ойноп дарбыгып,

Уу-чуу түшөт… күмүш чолпу шылдырап…

 

«Ай жүргүлө! «Ак чөлмөккө» ким чыгат?

Ана ыргытат… Жер «дүңк» этип унчугат.

Баары жөнөйт тең жарыша дабырап,

Асылышып, түрткүлөшүп, чымчылап.

Кыз, боз бала! Алар – айыл жаштыгы,

Мөөр да бар – сүйүүсүнө чынчыл, ак,

Батыш жүрөт – кирсиз эрке күлкүлүү,

Болот мында – жаш жарына мынча ынак.

 

Күйөөлөрү сыртын багып сак болуп, –

Келиндер көп, – макмал күрмө, ак жоолук,

Жаш кыздарга адептүүлүк көрсөтүп,

Кез бир жерде топтолуша токтолуп.

Жигиттерге алда нени айткансып,

«А койсоң!» деп шыңк күлүшөт шоктонуп…

Ал аңгыча… мына, мына «Бекинмек»,

Качты баары далда издешип, жок болуп…

 

«Тапчы Болот, эмне күчтүү өмүрдө,

Жашоо? Сүйүү? – жактыр бирин, сен ирге,

Мисал үчүн, жүзгө чыгып, бирок да,

Ысык сүйүү курсантына семирбе?

Же болбосо махабатка таза ороп,

Кандай дешсе, – ичер сууң кемиирде?

«Жөн жылмайып айтаар элем мен анда:

Бири аз келсе, миң өлтүр – деп теңирге!..»

 

«Бирок адам жашашка да шашат да…

Токтойлу эми… ушул ченде, кашатта, –

Бабереги топ бадалдан бурулуп, –

Кокус ары өтүп кетпей башатка?..

Тике түшсөң атты кармап күтүшөт…

Бул ким? Бирөө бизди имерип басат да?

Жүрчү мындай… айланайын асыл дос,

Сен соо кетип… биз да калбай азапта!»

 

Минтип айткан койчулардын бирөбү,

Өз канына тарта соккон жүрөгү,

Жылкычылар жаңы апкелген Кашканы.

Көрсүн үчүн бул тарапка сүрөдү.

Анан, анан… оюн бүтөр алдында,

Түн жамынып Болот жолго жүрөбү?

Ооба, бирок босогодо балта алып,

Душман турат: «келди го деп бир эби?..»

 

Бекингендер «түкүн» жайда «паланда»,

Бирин-бири табар деген таламда,

Токтой туруп, дем алсак бейм азыраак,

Тыным берип, кашаң жазган каламга.

Ырым сени жадаткандыр окуучу…

Тууган жерден күү толгоюн ал анда,

Көздөн учуп сагынтканда бир бардым,

Көп кармалып жандай көргөн калаамда.

 

Биз ал кечте конок болдук Асанга,

Чай… дасторкон… «тарс» атылат пробка…

-Э, жигиттер, ырдап кумар жаз анда! –

-Сиз баштаңыз? –

-А болуптур, баштайын.

-Балдар, балдар кепти бир аз басаңда?

-Карыса да калбайт экен адаты,

А бул эми араң токтойт азанда. –

 

-Жок, байбиче, айта берсе арыбас,

Аңгеме көп. Ары узатып барып аз,

Басылайын… Булар эмей ким уксун,

Күндөр экен карыгандар – карыбас…

Силер жокто, биздер бала кезекте,

«Беркел» дебей, балким түртүп ары бас!»

Жексур көргөн… керексиздей жаралган –

Бир жан экем, томор экем жарыбас. –

 

-И, карыя, дал ошону, ошону? –

Жомок төрөп, муңдуу чыккан кошогу,

Көздөн сызат чиркелишкен көп заман:

Кыш… түн… аяз…жылкы беттеп Жошону,

Үшүк… Ачка. Үрөйдү алган чоң көчкү,

Мал кырылып… эптеп качып бошонуу,

Солто элинде … малай жүрүп кыз сүйүп,

Зарлап тилөө: «Тагдыр мага кошобу?»

 

Кыз да ынтызар сүйүү согот катылап,

Бирок жетпейт, үмүт бошко атылат:

Эки желдет үйдөн сүйрөп апкелип,

Кызды өңөртөт, кыз жаш төгүп сатылат.

Элге кайтат… эски куугун жокчулук,

Дале күн тар… ажал аңдып катынат.

-Кийин, кийин бул апаңа үйлөнсөм,

Жийдеш экен – ал байкуштун атына ат. –

 

-Анда Асаке, коштуң бекен Жийдени,

Же жалганбы, сизге ыр кезек тийгени? –

«Перизаттай байкалчу,

Бөз да болсо кийгени.

Бетке карап айта алчу:

Мен да сүйдүм, сүй мени…»

-Бали Асаке! – Бары жактап күлүшөт…

Жийдеш апа: «ээ, үйдөгү, үйдөгү,

Кокуй ботом, алжыбай кал сен минтип,

Кайда мобул балдарыңдан ийменүү?! –

-Токто кемпир, калп айтам деп өзүмө,

Кас кыламбы качанкы өткөн дүйнөнү!..

«Алты аралга эл көчөт,

Ак ирим суу, көл кечет.

Айтпай кетсең эркежан – ий,

Ашыглык от желге өчөт…»

 

Сыртта жатып жаңы үргүлөп баратсам:

Шыбыш салып жалбырактар дарактан,

Тил бүткөндөй бак дарактар дыңылдайт,

Түн чыйрыгат… ит абалап ыраактан.

Кырман жакта тырс-тырс басып дабыштап,

Асан жүрөт…

Ойноп черин тараткан,

Жаштар келет, дуу күлүшө кобурап,-

Сезим жылыйт жөнөкөй көз караштан…

 

А эртеси аштык Беш – Суу белести,

Бетти аймалап тоонун тааныш жели эсти.

Байкап барам: ар бир колот, ар бир сай,

Кайрыгансыйт калган жаштык элести.

Чубайт улам өмүрдө өткөн көп иштер,

Эстөө менен жер аттарын эң эски,

Мен барында жылаңаяк жарышкан, –

Из суутпас сүйүүм калган эмеспи…

 

Мында олтурчу мен төрөлгөн үй көптөн,

Апам анда таар согуп түйдөктөн,

Мага далай чепкен жасап кийгизген,

Уй аркандап, от жагууга үйрөткөн.

А баягы сарала каз кончу жер,

Издер мына, тоодон арча сүйрөткөн

Дале турат уя издөөчү көк зоока,

Суусу ташып күркүрөгөн күүдө өктөм.

 

Жаттым сулап: тулаң жаздап башыма,

Бутум малып, шарларына ташыма.

Бир оокумда кыт-кыт күлгөн үн угуп,

Карай бердим кырдын аркы башына.

Бул ким болду – бир кичине сар бала,

Улам басып, уяң карайт жашына?

Билдим-билдим, балалыгым өзү экен…

Ал таң калар мен эскирткен жашыма.

 

Күздө сүйүп мектеп эшик ачканын,

Жазда көрүп, дыйкан үрөн чачканын,

Далай байкап, энем каткан курутту,

Айтпай аңдып ачкыч таккан чачкабын,

Анан түндө кыз, жигиттин ойнунда,

Бир билемин «чөлмөк» алып качканым…

Андан бери кайда кетти көрбөдүм,

Андан бери жаштыгыма ачкамын.

 

Биз шаштырып, мезгил баспай тартына,

Жетпептирбиз биз жаштыктын баркына.

Үч мезгилде бир келбеген сыяктуу,

Жаз жарчысы – эрте кайткан каркыра,

Ойсуз ойноп бошко кыйган күндөрдү,

Эми эч качан кайрып болбос артына.

Бирок достор, жаңы жана жаш калчу,

Тууган жерди сүйүү деген бар тура!

 

Дүйнө – өмүргө жаңы жыртып көзүңү,

Сен торолуп, токтоткончо эсиңи,

Жумшак сылап билинбеген кол менен,

Багып жүрүп… Коштоп барып өзүңү,

Турмуш – сапар жолдоруна чыгарган,

Туулуп-өскөн жерди сүйүү сезими

Кандай күчтүү! Канча болсо карыбайт,

Сактагандай сенин жаштык кезиңи!

 

Кой, уялып качпа алыска кылактап,

Карт экен деп, чачтын кээ бир кылы аппак,

Бирок уял жаман жазган ырымдан,

Отуз жаштан улам ары жыл аттап.

бералбадым эл карзына эч нерсе,

Жаш күндөгү жакшы ойлоруң бир актап.

Кубанармын, кеч да болсо тапканым –

Арзып калса айтарыңа «ыракмат!»

 

Бирок бир аз күн мөөнөтүн созоюн,

Ал анткени, катуу самап бозоюн,

Күн эсебин жатка билген сулуудай,

Күтөт бизди көлдө калган кыз- оюн.

Сен да окуучу сөкпө мени… ырымда,

Ой кылбагам – бир кылымга озоюн.

А тек гана жаш кез эске кылт эте,

Алып учту өз кыялым, өз оюм…

 

Айыл уктап…

Али чуулап жатты ар жак,

Кебез кыздар жаштык отун жакса ардак!

А боз балдар минип албуут кыялга,

Жүрүшкөнсүйт, ырыс сермеп, бак кармап,

Батыш – Мөөр баштап койгон бул оюн,

Амалсыздан айрылышар чакка арнап –

Кээде адамга көнбөс турмуш эрктери,

Бул түн эле… Болотту алыс аткармак.

 

Батыш айтат: кулак салгын курдаштар,

Кезек келди кыз оюнга ыр баштаар!

Анда эмесе, аял эркек бөлүнүп,

Ар бир топтон бириң чыгып ыр башкар…

Мына жыргал! Мактап келип өбө бер

Болсо сенде сүйгөн селки, сырдаш жар.

Жакшы үн салып, кимдер кимди жактырып,

Жоолук урат, аны абайлап тур жаштар!

 

Көп жигиттер ыр билишпей сүрдөшөт,

Улам бири: «Болот бирге жүр» дешет.

Агып турса – ал неликтен тартынат:

Шыңгыр-шыңгыр комуз салган күүгө шерт,

Кимге арналса өзү кармап, өзү угар,

Созул аван, дирилде кыл, түнгө черт!

Жүрөк каны күйүт менен айкашып,

Үмүт күткөн ойду алыска үндөшөт.

 

«…Арман жок деп таттуу, ачууну бир жесек,

Сүйүү – гүл бак, кирген элек бир кезек.

Ал аңгыча жаздын тарткан кыягы,

Акын булбул таңшырында тил безеп.

Сени имерип өз боорума кыскандын,

Эми ойлосом, бир жолкусу миңге эсеп.

Бирок минтип жазмыш жолу жазгыргыч,

Соңун таппай адашмакпыз, билбесек…»

 

Ыры тынбай агылат да агылат,

Алда кимдин жүрөктө оту жагылат:

Мүлгүп угуп, мууну бошоп калтырап,

Демин тартпай, тилдейт ичтен «дагылап»,

Илкип жорткон көлдүн коңур желиндей,

Аван тарайт дагы күчөп, дагы ыраак…

Залкар тоолор орду-ордунда селейип,

Катып калган тыңшамакка тагыраак.

 

Кырын жайпап толуп ташып бөксөдөн,

Кадам коюп, өмүр өрүн көздөп өң.

Бакыт жоктоп көлдө туулган бул ырлар, –

Сүйүү билген жөпжөнөкөй сөз менен,

Чочуй карап бүгүнкүдөн жатыркап,

Күдөр үзбөй эртеңкисин «өз» деген,

Ырлар эле – Толкунунда шаркырап

Тор кушундай жарык дүйнө көксөгөн.

 

Ооба ошентип, зарыгуудан кан кургап,

Серпилер деп, шашпай атар таңды ырдап,

Бойго жетип миң бүктөлө дөңгөкшүп,

Түпкүрдөгү санааларды санга ыргап.

Басылды анан экиленген шаңдуу үн…

Мөөр турат эстен тана жан жыргап.

Каткырыктап айга чайкап жаткансыйт,

Жаш сүйүүнүн жараттары анда ырбап…

 

«Ай үнүңдөн!». «Өркүң өссүн. Азамат!» –

Толкуп шилеп, көл киргилин тазалап,

Ак-куу, казга жибек жайган шекилдүү,

Жакшы ыр менен көңүл кыздай жасанат…

А ыр куну өпсө гана төлөнөт, –

-Кайда Ак Мөөр?!

-Алпаргыла!..

-Баса, бат! –

Башта уялчак, намыска курч жаш эрке,

Эми илкибей махабатка баса алат…

 

Күтүү болбойт оюн аздан таралат,

Ага чейин түн коюусун аралап

Кетүү керек…

Жетер бекен атка аман?

Же мерт кылар жазмыш огу жаралап?

Сүйүү бүтпөйт… Киши үмүтсүз жашабайт…

Ак Мөөр келип кучагына кадалат:

-Кантейин!.. – деп башка бир сөз айта албай,

Бүлк-бүлк ыйлайт… айрылбаска адал, ак.

 

Кан буулуп, Болот буга буйдала:

-Кой Мөкүшжан, кой, муңайып ыйлаба?!

Эркелетип маңдайынан жай сылайт

Экөө бирдей үнсүз токтоп кыйлага…

-Бул турушуң – сапарыма күлазык

«Мени эскер!» деп сүйүү тарткан сый мага…

Туруп-туруп ай булутка бекинди,

Алар күткөн айрылуудан ыйбага…

 

А кайдадыр күмүш чолпо шылдырап,

Ат дабырттап, үзөңгүлөр кыңгырап,

Сары – Ой жактан шашып жеткен жел аргы.

Канжыгада комузду урбай, кылга урат.

Тоолор уктап, андан аркы жылдыздар, –

Сулуулардай, сулуулардай кылгырат.

Агыш тартып түндүн кээ бир жерлери,

Көлдү ойготпой көшөгөсүн жылдырат…