Махабат Саидрахманова: Тартылып бүтпөгөн сүрөт

Тартылып бүтпөгөн сүрөт

Жаан жааган түндүн эртеси ансыз да тамтыгы кетип турган тротуарлардын уңкур-чуңкурларын толтуруп, чоң-кичине көлчүктөр жол бетин бербей жайнап кетиптир. Өтүкчүдөн кайтып келе жаткан кыз колунан жетелеген агасынын төрт-беш жаштар чамасындагы баласын дал бут алдындагы жайылып, мелтиреп жаткан чоң көлчүктөн кантип алып өтөрүн ойлонуп, бир саамга токтоп калды. Оюн жыйып үлгүрө электе кимдир бирөөнүн карылуу колдору наристени шап эте илип алып, “оппааа!” деп көлчүктүн аркы бетине кое салды да, анан аларды карап жылмайып коюп, андан ары жолун улап кете берди. Кыз аны тааныды. Төртүнчү кабатта жашаган коңшу киши болчу. Ага ырахмат айтмак түгүл баш ийкегенге да үлгүрбөй, артынан бир топко карап турду да, анан эсине келе түшүп, көлчүктөн өзү эптеп өтүп, баланы жетелеп жөнөдү. Экөө кудуңдап тиги кишиге аябай ыраазы болуп баратышты.

Ошол күндөн баштап бул кишиге урматтоо пайда болуп, көргөн жерде аны менен билинер- билинбес баш ийкей, учурашып калчу болду. Анын эч кимге ачыла бербеген түнт мүнөзү, эл менен алака-катышынын сейректиги, жалгыз жашоосу кээде кызды таң калтырат. А түгүл кызык сезилет. Бул үйдүн жашоочуларынын ал киши менен анчейин мамилелери жок. Болгону, кез-кезде гана аялдар ошол киши тууралуу күбүр-шыбыр бирдемелерди сүйлөгөн болушат, бирок анын бар-жогуна эч ким оңчулуктуу маани бербейт.

***

Кер какшык аралаш сүйлөнгөн кекээр сөздөрдөн улам көңүлү зилдеп, кеч күүгүмдө үйгө батпай тышка чыкты кыз, таза абадан кере-кере дем алгысы келди. Студент экенине, эбак ой токтотуп калган акыл-эстүү кыз экенине деле карабай бул үйдөгү жакындары муну атайы байкамаксанга салып, басынта сүйлөшөт. Өздөрүнө жараша кеп кайтарса бир топ күнү балээге каларын билип, унчукпай коюуну адат кылып алган. Ата-энеси тирүү болсо ушулардын жанында жашабас эле эгерим!

Кабат үйдүн маңдайындагы эски, бышык отургучта, үйдүн терезелеринен түшкөн жарыкты пааналап, анда-санда өзү жашаган алтынчы кабаттагы батирдин терезесине тигилип коюп жалгыз олтурган.

-Үшүгөн жоксуңбу? – деген бейгам үн кыздын оюн чачыратып жиберди. Баягы коңшу “куткаруучу киши” экен. Унчукпай келип кыздын жанына катарлаш отурду да, тамекисин күйгүздү. Кыз кишиге билгизбей көз жашын жеңине аарчып алды.

-Эшик суук болуп турат, жаз али келе элек да – деп койду ал тамекисин үйлөгөнчө. Кыз негедир кайрадан ыйлагысы келип буулугуп чыкты, өзүн алаксытмакка коңшу кишинин сөзүн коштоду.

-Ийи… Жаз келе элек, суук экен.

-Сен бешинчи кабатта турат окшойсуң?

-Мм… жоок, алтынчы кабатта.

-Жаздын суугу оңой эмес, сыртта көп отурбаш керек.

-Мен азыр эле чыккам үйдөн…

Киши ийинин куушура, өзүң бил дегенчелик кылды да, тамекисин тартып бүтүп ордунан турду. Кетүүгө камынып алып кайра кыйылгансып туруп:

-Менин үйүмө кирип чыгасыңбы же? Өзүм тарткан сүрөттөрүм бар, көрөсүңбү?-деди.

“Ооба, көрүп чыгам”- кыздан биринчи анын ички үнү жооп берди. “Көрүп чыккым келет.”

-Азырбы, билбейм… – деп сыртынан буйдала түшүп, арсар жооп берди эле киши унчукпай кетмекчи болду. Эмне дээрин билбеген кыз сөзүнүн аягына чыкпай эле, анын артынан унчукпай ээрчип алды. Ушу тапта ага жөн эле кимдир бирөө керек болуп турган. Эмнеге ээрчип баратканын да ойлонгусу келген жок. Болгону көңүлүн ыза-дүрбөлөңгө түшүргөн оор ойлордон алаксытса… Алар кишинин батирине тез эле жетти. Босогону аттаган кыз зор ынтаа менен үй ичине көз салды, ээсинен башка эч кимди тааныбаган, күтпөгөн күңүрт бөлмөлөр кызды кайдыгер тосуп алды. Жупуну көрүнгөнү менен эч жерден кездештирбеген бир бейпилдикти кездештирди кыз бул үйдөн. Бөлмөлөрдүн жарыгын толук жандырып чыккан үй ээси чала жабылуу турган терезе пардаларын түздөп жаап, анан кызга баш ийкеди

-Кел, өт…- алар капталдагы бөлмөгө баш багышты.

-Ай-ииий!.. – Сүйүнүчтүү унчуккан кыздын каректери жайнай түштү.

-Ушунун баарын сиз тарттыңыз беле!

Киши кызга отургуч коюп берди да унчукпай кисти, боекторун жыйнай баштады. Алар кирген бөлмөнүн ичи боек жыттанат экен. Бөлмөнүн ичиндеги түркүн-түс, ар бири өзүнчө ажайып тартылган сүрөттөрдө кыздын каректери жүгүрүп жүрдү. Анан өзүнөн өзү уялып, кысылып чыкты. Ашыкча кыймыл жасоодон да чочуп, азыр бирдеме деп сүйлөп жиберсе же кыймылдаса, көз алдындагы сонун дүйнө, көрүнүш уча каччудай болуп, сүрөттөрдөн көз албай тиктей берди. Тиги киши бирдемелер менен алек болуп атып сурап койду;

-Кандай? Жактыбы сүрөттөр?

-Жакты, кызыктуу экен…

-Ыракмат, азыр сага чай апкелип берем, сен шашпай көрүп тур… Кааласаң, сүрөт тартып атканымда да көрсөң болот, бирок мен үйрөтө албайм – ал өзүнчө эле ыңгайсыздана жылмайып койду. Аны биринчи жолу жакындан, жарыкта көргөнү ушул болду. Көздөрү көгүлжүм- күрөң тарткан, болжолу кырк беш жаштын тегерегиндеги сулуу адам экен.

-Мен үйрөнүүгө кызыккан жокмун – деди кыз биринчи жолу уяңдыгын жеңип толук сүйлөп:

-А сиз жалгыз жашайсызбы?

-Жалгыз жашайм – Киши негедир шашып жооп берип, андан ары сөзүн уланткысы келбей чыгып кетти. Көп өтпөй эки кружка чай алып келди. Кыз эми сезди үшүгөнүн, чыйрыгып калган экен. Экөө унчукпай картиналарды тиктеп отуруп чай ичишти. Кетишим керек эле деп ойлоду ичинен, бирок дубалда илинген, жөлөнгөн, текчелерде коюлган сүрөттөрдү тиктеп, кетпей отура берди. Баарынан да кызды көбүрөөк арбап турган тиги күздүн сүрөтү болду. Айлана кызгылтым-сары, жалбырактар жерде төгүлүп жатат. Кооздук. Тыптынч. Сүрөттүн өзүндө мемиреген тынчтык сезилет. Андай жерде эч ким эч кимге ачуулана алмак эмес. Ошондой жерде да бирөө-бирөөгө ачуусу келмек беле?! Элестет,- деп ойлонуп отуруп, өз үйүн эстеп муңайып кетти. Кайрадан сүрөттөргө тигилди. Тиги бокалдагы мөлтүрөгөн ичимдиктер зор ынтаа менен тартылса керек. Аны тартып олтуруп сүрөтчү өзү да суусап, шарап ичкиси келип чыккандыр ээ?!

-Сизди издеп калышпас бекен?.. – деген кишинин кабатыр үнү чочутуп жиберди.

-Чын эле! Кетишим керек…

***

Үйүнө келе жатып, сүрөтчү киши тууралуу “анын жашоосу кандай жакшы…” деп ойлонду кыз. Анын үйүндөгү, жашоосундагы бейпилдикке чындап көз артып, суктанды! Качандыр бир өзү да ага окшоп өзүнүн үйүндө жалгыз, тынч жана каалаган иши менен алектенип жашай алар бекен?. Ошентип жашоону самап кетти. Жашоосу дал ушул коңшусунун жашоосундай болушун самады! А түгүл үйүнүн күңүрттүгү да, терезе пардалары да, чай ичкен чынысы, ошол чынынын ичиндеги чайдын жагымдуу даамы да дал ушу кишиникиндей болсо! Өнөрканасычы? Эгер ушундай мүмкүнчүлүк болсо, ал эмне менен алек болор эле? Кыз эми өзү жөнүндө ойлонду, эмнени жакшы көрүп, эмнеге кызыгары тууралуу жакшы деле билбейт экен. Кудайдын куттуу күнү таң атпай сабагына жүгүрөт, анан тапшырмалар үчүн китепканага жүгүрөт. Болгон жашоосу ушул – окуу, үй, үйдөгү бүтпөгөн түйшүктөр. Агасынын үйүндөгү болгон түйшүктүн баары  анын мойнунда…

Кийин, ара-чолодо убакыт таап сүрөтчүнүн өнөрканасына башбагып турууну адатка айландырып алды. Кыздын күтүүсүз эшик кагып кирип барганын анчейин элес албайт сүрөтчү. Кылчая карап баш ийкеп учурашкан болот, кез-кез жылмайып коет… Кыз демин ичине алып, анын берилүү менен иштеп жаткан картинасын тиктеп бир саамга отурат. Кишинин жасап жаткан иши да, турпаты да жагымдуу. Карап эле отура бергиси келет. Жанынан кеткиси жок. Бирок кыздын келгенинен кеткени тез, жарк этип кирип келгени кандай күтүүсүз болсо, кайсы убакта жылт коюп чыгып кеткенин да сезбей калат сүрөтчү.

-Быйылкы жаздын сирендери укмуш гүл ачты. Мен сени сирень гүлү менен чогуу холстко түшүрсөмбү дейм, эгер сен тынч отуруп бере алсаң… -деди бир күнү кызды чай жана таттуу менен сыйлап аткан киши. Ал кыз үчүн дайыма таттуу сатып келип койчу.

-Мениби? – кыз ынтызарлык менен анын көздөрүнө жадырай тигилди. Сүрөтчүнүн көз карашынан чын пейилден айтылган сүрөткө тартуу тууралуу сунуштан башка эч нерсе таба албады. Демек тамаша эмес.

-Ооба, сени тартам, көрөсүң го сулуу кылып тартам, сулуу эмессиң дечи, бирок мен сени сулуу кыз кылып тартып кое алам! – деди тамашалап.

-Качан?

-Кааласаң эртең эле баштайбыз, болгону сенин сабактарыңа, убакытыңа карайбыз. Башка көйгөй жок…

Кыз эртеңки күндүн келишин, бир тутам сирень гүлү салынган вазанын жанында күлгүн түстүү, балким ак түстүү көйнөкчөн болуп, сүрөтчүнүн мандайында олтурганын элестетип уйкусу качып, түнү бою түйшөлүп чыкты.

Бирок эртеси, андан кийинки күндөрү деле сабактан, үй жумуштарынан бошобой, сүрөткө тартылуу үчүн кенен, жарытылуу убакыт таба албай жүрө берди. Сирень гүлдөгөн маал дагы аяктап баратканын баамдабады. Алар ошол сүрөттү май айынын акыркы күндөрү араң башташты. Тартуу иши башталган күнү кыз ак булаңгыр көйнөкчөн келди. Киши аны дайыма өзү келгенде отурчу жупуну, бирок ыңгайлуу отургучка кыйгачынан отургузуп, татынакай буттарын кайчылаштыра түзөп, колуна сирень гүлүнөн жасалган чакан гүлдестени карматты. Бул сирендер да ушул жылдын акыркы гүл ачкан сирендери эле. Сүрөтчү бирде кыздын сол жагына, бирде оң жагына өтүп, баам сала карап, кайра алыстан бир тиктеп, убараланып атып акыры бир ойго токтолду да: “Ушундай отур, ашыкча кыймылдаба” деп тартуу ишин баштады.

Улам чарчаганда кыз экөөнө чай же кофе алып келет. Кээде алар болбогон эле бир нерселер тууралуу сүйлөшүп, окшошпогон, коошпогон тамашаларды айтып каткырып күлүп калышат. Киши негедир кыз тууралуу кенен билгиси келбегендей, анын университеттеги окуусу, үйдөгү жашоосу тууралуу сурабайт. А иш учурунда болсо болгон дити кызга бурулуп, керек болсо кыздын ар бир тал чачы да ага маанилүүдөй тиктеп, кистисин шыпылдатат. Бирок кыз сүрөттү такыр көрө албай койду. Канчалык суранса да, сүрөтчү ага али тартылып бүтө элек эмгекти көрсөтүүдөн баш тартты. “Толук аяктаганда көрөсүң, азыр эмес”- деп койду көшөрүп… Жай кирип келе жатты.

***

-Сен тигил сүрөтчүгө шынаарлай бергениңди токтот, ал сага күйөө болуп бербейт. Же эмне бизди байкабайт, билбейт деп ойлоп жүрөсүңбү?! Жөн койсо биротоло ошонун үйүнө кирип алмай болдуң. Кошуналар кеп кылып атышат канчадан бери – деди бир күнү жеңеси.

Кыз сырын алдыртып ийген немече апкаарый түшүп, анан бар дити менен өзүн, тиги кишини да актамакчы болду:

-Андай деле эмес… Ал улуу киши эмеспи!? Болгону, ал көптөн бери менин сүрөтүмдү тартып бүтө албай жүрөт.

-Хм… Ал сага эч ким болуп бере албасын билген үчүн сени тыйбай жайыңа койдук да. Бирок эми, сен да эстүү бол, макулбу? Кеп анда эмес.

-Эмнеде?

-Жакында үйгө жуучулар келет экен сен үчүн… Жигит менен таанышып көр. Ыраматылык ата-энеңдин арбагы ыраазы болсун үчүн сени жакшы, жайлуу жерге турмушка узатуу агаң экөөбүздүн милдетибиз. Мени жөн кой, агаңдын сөзүн эч кимибиз эки кыла элекпиз. Эми улам-улам тиги кишинин үйүнө барганыңды кой. Уят.

Жуучу, жигит менен тааныш деген сөздөрдөн кийин кыз сүрөтчү жөнүндө, сүрөтү жөнүндө ойлоого, жеңесине жооп кайтарууга да чамасы келбей, мелтейип тунжурап калды. Демейде деле жеңеси экөө көп сүйлөшчү эмес. Өзү эзели жеңесине жакпасын жакшы билчү. Бир аз күн өтүп-өтпөй чын эле бейтааныш адамдар конокко келди. Шаан-шөкөттүү. Бакытты колдоруна кондуруп алып ушул үйгө, ушул кызга алып келишкенине өздөрү да ишенип отурушту алар.

***

Бир жумадан бери жаан тез-тез жаап атат. Жакында күз келет. Сүрөтчү али да тартылып бүтө элек кыздын сүрөтүн тиктеп ойлуу олтурду. Акыркы күндөрдө бул жаш кыздын маанайы начар, баштагыдай көп келбейт. Кез-кезде сүрөттү уланталы деп келет, бирок эми-эми тартып баштаганда эле буулугуп, көзүнө жаш тегерене баштайт… Кеч күздүн булуту түспөлдөнүп түнөрөт да турат. Көздөрүнөн терең бир санаа менен өксүк байкалат. Ушундай маанай менен кантип иштөөгө болсун? Сүрөтчү ичинен туталанып кетет.

-Сага эмне болду тентек? – Ал кызды ушинтип эркелетип койчу.

-Бирөө капа кылдыбы?

-Жок…

Сүрөтчү кыздын маанайын ар түрдүү өңүттө да сурап көрдү. Кыз ачык-айкын эч нерсе айткан жок.

Бул ортодо кишинин да жүрөгү көп ооручу болду. Ачыгы, акыркы күндөрү кыздын келбей эле коюшун, сүрөттү да улантып тартпай эле коюуну каалап калды. Келбесе экен… Келип дагы себебин айтпай, жүрөктү оорутуп ыйлабаса экен – деп гана тилейт. Бирок бөлмөнүн бир бурчунда турган кыздын чала тартылган сүрөтү кишини дайыма кыжаалат кылат. Бош боло калганда сүрөттү тиктеп отуруп: “Байкуш, али өзү да көрө элек. Мен анын агыш көйнөгүн кызыл көйнөк кылып, чачтарын тармалдатып тартып койгонумду көрсө укмуштай сүйүнмөк. Ага тармал чач жакшы жарашат экен чынында, өзү да жакшынакай кыз…”- деп ойлонот.

***

Күйөөгө узатар күнү аны абдан жасантышты. Ошол күнү биринчи ирет аялдардын сулуулук салонуна кирип көрдү кыз. Бир заматтын ичинде чачынан баштап кирпигине чейин шөкөттөлүп, таптакыр өзгөрүп чыга келди. Өзүн күзгүдөн карап, негедир жат бирөөнү көргөнсүп, ыңгайсыздана, көңүлү толбой турду. “Бул такыр мен эмесмин…” деди ичинен күбүрөнүп.

“Бул такыр мен эмесмин го, таптакыр чоочун бирөөгө окшошуп калдым. Буга караганда өзүм эле дурус болчумун… Ай-ииий! Бетимдин бозоргону кантет? Көзүмчү? Мынча кейпим келишип калган?- деп кейиди. Бирок аны эч ким угуп койгон жок.

-Баары сонун болду!

-Бол батырак!

-Кечигебиз! – деп туш-туштан кыз-келиндер ызылдап, ортого алып жүрүп кетишти.

Күйөөгө узатылып жаткан салтанаттуу мүнөттөрдө санаа аралаш белгисиздиктен эс-мас боло, ушунун баарын өңүндө эмес түшүндө болуп жаткан окуядай кабылдап, деги эле өзү бул окуяга таптакыр тиешеси жок, жат бирөөдөй четтеп турду кыз. А береги кызга күйөө болчу жигит деле элге аралашып кошо дуулап, эл күлсө кошо күлүп, эч тартынбай кеп-сөзгө аралашып жүргөнүнө суктанды. Таанышып, эки-үч курдай сейилдешти буга чейин. “Жакшы эле жигит. Бирок…”

…Ошол “бироктун” эмне экенин кыз азырынча өзү да түшүнө алган жок.

Сыртта да ыр-бий жаңырып, чөйчөктөргө шарап куюла баштады. Азыр биротоло узатышат… Бир учурду пайдаланган кыз атайын эле жанындагыларга угуза:

-Мен азыр келем. Бир нерсени унутуп калыптырмын- деп подьездге чуркап кирип кетти.

-Туура төртүнчү кабатка көтөрүлүп, сүрөтчүнүн каалгасын бар күчү менен каккылап жиберди. Киши да анын келерин билгенсип эшигин тез ачты.

-Мен, сени таарынып калбасын дедим, коштошуп кетейин дедим… – кыз күнөөлүүдөй жер карады.

Киши унчукпай кызды бооруна бекем кучактады. Кыздын муруну анын ийиндерине кептеле түштү. Эс тартканы биринчи жолу эркек адамдын кучагында турган кыз сүрөтчүдөн мээримди сезди. Ачуу тер, боек жана одеколон аралашкан кишинин жыты кыздын башын айлантып жиберди. Ушул жыт кудум атасынын жытындай сезилип, ушу тапта сүрөтчү эмес эле өз атасынын кучагында тургансып, өз атасы менен коштошуп жаткансып эреркеп ыйлап кирди. Эртеден бери же сүйүнөрүн же күйүнөрүн билбей ар кимдин оозун бир карап, ар кимдин ыгы менен болуп, элдир-селдир жүргөн кыз ушу саамда ачуу ызалыктан, ачуу өкүнүчтөн улам өзүн таштап жиберип, канча айдан, канча күндөн бери төгүлбөгөн көз жашын төгүп алды. Киши унчукпай, эч нерсе деп жооткото албай, тек гана кызды бекем кучактап тура берди. Сыягы ал да ыйлап атты окшойт, денеси билинер-билинбес дирилдеп турду. Кыздын оюна койсо, азыр сүрөтчүнүн жанынан эч кайда жылбас эле! Бирок акыл токтотуп калган адам кыздан өзүн бир аз алыстатып, жүзүнө тигилди да, билинер билинбес жылмайып:

-Эми барышың керек. Үйгө кирип жүзүңдү чайкап ал – деди.

Кыз өзүн күзгүдөн карап алып күлүп жиберди. Бет боекторунун баары көз жашка жуурулуп, аралашып, бети ботала болуп турган экен. Жанатан бери аны карап, баарын байкап турган сүрөтчү мээримдүү, бир түрлүү кайгылуу жылмайды. Жүзүн боек аттуудан толук арылтып, таптаза жууп салып, кадимкидей жеңилдей түштү. Жуп чыгарында киши кызды этият кучактап, жүзүнөн сүйүп коймокчу болду, бирок кыз ийменип жер карай берип жүзүнөн эмес, капысынан саамай чачынан сүйдүрүп алып апкаарыган боюнча эч нерсе айтууга чамасы келбей чыга жөнөдү.

Анын тепкич ылдый түшүп бараткан жеңил кадамдарын тыңшап, көпкө турду сүрөтчү. Бул киши кусаланууну ушунчалык жаман көрчү, кусалыктан кадимкидей коркор эле. А азыр кайдан-жайдан кусалык каптап келатты…

***

Кыш жакындап, бир мезгилден экинчи мезгилге оошуп аткан табият бир топ ырайы кетип, жалбырагы күүлүп бүткөн дарактар арбайып, шаардын ар кай бурчунан топ-топ болгон каргалардын каркылдаган “хору” угулат. Эшик суук. Көчөдө жаздагыдай жайбаракат, жашоого эркелей каткырган жаштар азыр көрүнбөйт. Адамдар тынымсыз кайдадыр ашыгат. Сүрөтчү бүгүнкү күн менен эмес, эртеңки күн үчүн да эмес, арасат бир өмүр кечирип калды. Ой-санаасы чачылып, эч бир иштин аягына чыга албай отуруп чарчап кетчү болду. Ушундай күндөрдө кызды гана эстеди. Эстебей коюуга аракет кылган сайын көп эстеди. Балким агасынын үйүнө төркүлөп келип калар деп күттү. Бирок кыздын караанын көзү чалган жок. Артына бир кайрылбоого, караанын таптырбоого сөз берип кеткен белем?…

Бирок… Кудайдын мээрими түшкөн бир ажайып күнү сүрөтчүнүн эшиги тыкылдады. Каалганы какканынан эле ким экенин тааныды. “Ошол, ошол…”-деди калдастап.

Ордунан атып туруп, эшикке жетип барганын бир билет. Каалганы ача салып, маңдайында турган кызды бекем кучактап калды. Же ал өзү бой таштадыбы, акылы ажырата албайт. Аны ушунчалык сагынган экен көрсө! Кудум бир боорун, жан досун, ата-энесин зарлап күткөн адамдай кусаланыптыр…

-Келдиңби…

Алар бирин-бири көргөнүнө сүйүнүп, эреркеген каректери жаш чайыган бойдон саамга тиктешип турушту.

-Мен сага биротоло келдим – деди кыз анан. Башын көтөрбөй, башын көтөрсө эле камдап келген сөзүн айталбай калчудай болуп, пас үнү менен:

-Сени ушунчалык сагындым, сага болгон меникиндей сагыныч менен бөлөк бирөөнүн жанында жашоого мүмкүн эмес экен… Мага сенден бөлөк эч кимдин кереги жок.

…Алдыда кандай ызы-чуу, чуулгандуу окуялар күтүп турганын баамдаса да ушул жолу сүрөтчү кызга баштагыдай акыл айткысы келген жок, андан көрө, өзүнө караганда кыздын акылдуурак экенине чын дилинен ишенгиси келди. “Баарына чыдайм, бир гана сени кайра узатууга эмес… Сүрөтүбүз да тартылып бүтө элек, оюма койсо мен ал сүрөттү өмүр бою тартып отура берүүгө даярмын” деди ой түпкүрүндө.

-Тентек, тентегим менин! Үшүдүңбү? Кирип ордуна олтурчу, үшүп кетипсиң. Азыр мен сага ысык чай менен таттуу…

Берерге ашын, айтарга сөзүн таппай калдаңдаган кишинин сүйкүмдүү турпатын карап туруп, кыз өзүнө мындан ашкан бакыттын кереги жок экенин сезди ушул саам.