Рубен Овсепян: Алтын базары

Армян адабиятынан

Алтын базары

Зергер чоңойтуп көрсөтчү лупаны оң көзүнө такап Микаэлдин шакегин шыкаалап, ортодо кыңылдап ырдагансыппы же келме келтиргени белгисиз, мурду менен дабыш чыгарып жатты. Күбүрөнүп ырдап жатат дейин десең обону билинбейт, келме келтирип жатат дейин десең сөзү тыңгылыктуу угулбайт. Жабык сол көзүнүн кирпиктери көпөлөктүн канатындай каккылап, анда-санда гана алтын базардагы аары ызылдагандай үндөрдүн зер буюмдар дүкөнүнүн айнек текчелерине шыңгыр этип тийген дабышы угулганда гана ачылып жатты. Зергер соодагер уламыштагы Арарат тоосунда жашаган жалгыз көздүү жыланга окшош эле. Жада калса анын чоңойткуч көз айнеги дагы мына азыр асманга ыргытканда ал жерде күн сымал жаркылдачу асыл таш өңдөнүп турду.

–Алтын жергиликтүү экен, – деп бүтүм чыгарды зергер, – сыягы Зодадан го. Ташы бирюзадан экен. Эки капталында балыктын кабырчагы түрүндөгү сүрөт чегилиптир. Ушуга окшош шакекти музейден көргөм. Атайын сактагычтан…

–Бул шакек менин чоң чоң апамдыкы, – деп түшүндүрүүгө ашыкты Микаэл. Кемпирди акыркы сапарга аттандарып сууга алып жатканда анын койнунан бир нече жолу бүктөлүп, көп сакталгандыктан саргайып кеткен конверт түшүп кеткени тууралуу айтып бергиси келди. Конверт сууга түшүп, суунун түбүнө тийип, азыр эле витринанын айнегине тийген зер буюмдардын үнүндөй үн чыгарды. Дырдай жылаңач чечиндирилген кемпирди унутуп, бир нече аялдын колдору үн чыгарган буюмдун артынан сууга чөмүлүп, суунун түбүнө жабышып калган конвертти таба албай жатышты. Кемпир жылмайгандай туюлду. Буттарын кытыгылагансып жатканынан улам, ылдый жакта жабышып калгандай сезилген конвертти үзүп алганга караганда, бул колдор бири-бирине көбүрөөк тоскоол болуп жаткандай сезилди. Бир гана нерсе түшүнүксүз бойдон калды: эмне үчүн ал шакекти манжасына салбай, конвертке салып койнуна катып койду? Конверттин ичинде шакек менен кошо бир барак кагаз бар экен, ага эпсиз кол менен үй тартылыптыр, үйдүн арткы дубалында тегерек тешик, тешиктин үстүндө тегирмен ташы тартылыптыр. Мына ушул белги азыркы окуяны кантип түшүнүү керектигин түшүндүргөн эле. Качкан башаламан маалда үйдөгү алтындын баарын бир чуңкурга салып, үстүн топурак менен жаап, кийин бир күнү кайтып келишет, ошондо тегирмен ташы аларга каякты казыш керектигин көрсөтөт деген үмүт менен үстүнө тегирмендин ташы менен бастырып коюшкан. Балдардын кенжесин – кийин чоң чоң эне болчу секелек кызды, сыягы шакектин жалтыраганы арбап алды көрүнөт. А балким ал кайра кайтып келишээрине ишеними жок чыгар… Кандай болгон күндө дагы кийин ал өз жоругунан уялып, дээрлик жетимиш жыл бою ушул сырды сары майдай сактап жүрдү…

–Сен муну уурдап келдиң деп айткан жерим жок, – деди Арараттын чокусунан чыккан жалгыз көз жылан башын көтөрбөстөн, – бирок базарга көбүнчө уурдалган буюмдарды алып келишет… Уурулардын өнөрү – бул байыркы кесип, сойкулуктан дагы алда канча эски.

Зергердин сол көзүнүн кирпиктери ачылып, оң көзүнүн кареги чоңоюп, конууга даяр учуучу тарелкадай көрүндү… Мына азыр кымбат баалуу кристалл асманга учуп чыгат эмеспи!..

–Сен уурдадыңбы, уурдаган жоксуңбу менин эмне ишим бар… Мен Нерсес Аштаракеци эмесмин да…

Зергер көзүн лупадан бошотту эле, анын жылмаюусунда курмандыкты тузакка түшүргөн мергенчинин айлакерлиги жарк эте сезилип тургансыды.

–Ооба, сен дагы князь Соломон Аргутинский-Долгоруков эмессиң. Анткени, дал ошонун үйүндө Эчмиадзинди көрбөй калган биздин жаңы дайындалган католик Овсеп жан бербеди беле. Туурабы?..

–Ооба, ал Тифлисте каза болгон, – деди Микаэл, – маркум грузин падышасынын ысык булактарына жуунгандан кийин.

–Суук тийди деп ойлойсуңбу? – деп сурады Микаэлдин билимине бир аз таң калгансып зергер, ал межлиске бараткан өкүлдөй ишенимдүү, кеп учугун өз колуна алгысы келген мадырабашты ордуна коюп коюуну чечти. – Көпчүлүк ушундай болду деп ойлошот. Бирок жесир Дарежан ханыша жашыруун анын чайына уу кошуп койсочу? Ыя?..

Микаэлдин унчукпаганын зергер жеңилгенин моюнга алуу катары баалап, тымызын кубанды: «Эмне унчукпайсың, акылдуусунган адам? Сүйлөбөйсүңбү, сенин баш териңди бир байкап көрөлү билимиң канчалык терең болду экен? Биз бул жерде алтын сатуу-сатып алуу базарында соода кылып жүргөнүбүз эч нерседен кабарыбыз жок экенин, тарых биздин жаныбыздан шуулдап өтүп жатканын билдирбейт».

–Аа?.. – зергер кайрадан кызуулана тигинин намысына тие кетти, таймашты улантууга чакырды, бирок душманды тыптыйпыл талкалап салуу азгырыгына туруштук бере албады. – Анткени, биз эгемендүүлүккө ээ болмокпуз, падышачылыгыбызды калыбына келтирмекпиз, алар Россиянын бийлигине эчак эле багынып беришкен. Ал эми Россия менен биздин келишимдин долбоорунун автору архиепископ Овсеп эмес беле… Биздин биринчи падышабыз граф Потемкин болмок. Орус болсо эмне экен, башкысы армяндын падышалыгы болуп жатпайбы. Байыркы үч гербдин ичинен – Аршакуни падышаларынын бүркүтү, Кудайдын христиан козусу жана Кичи Армениянын эки арстаны – буга чейин жаңы мамлекеттик герб чийилген. Ал эми көрө албастык, кара ниеттик анын чайына бир-эки тамчы ууну кошо албайт беле? Анысы аз келгенсип, Санкт-Петербургдан, балким кимдир бирөө аларга көзүн кысып турган чыгар.

–Шек болгону ырас, – деди Макаел,– бирок эч кандай далил жок. Суук тийген деп айтышты. Февраль айынын аягы эле, падышанын мончосундагы суу дээрлик кайнак, ал эми сыртта катуу суук болчу.

–Бирөө-жарым чай куюлган чыныны изилдеп көрүптүрбү? Католикостун канын анализге алдырыптырбы?.. Жаңы издерге таянып, анын эмне себептен өлгөнүн дагы эле билүүгө мүмкүн болчу, бирок мунун баарын кайгыдан башы чыга элек ханыша Дарежан жасамак беле, же албетте, Санкт-Петербургдан көз кыскандарды айтпай эле коёлу… Ал эми Нерсес Аштаракецини таптакыр башка «издер» кызыктырган. Сууну ыйыктоо күнү ал князь Соломон Аргутинскийдин үйүнө барып, аны майрамы менен куттуктап, анын манжасында маркум католикоско таандык зымырыт ташы бар епископтук шакекти көргөн. Кол алышып саламдашкандан кийин ал колун дубалда илинип турган Овсептин чоң сүрөттүү портретине карай сунуп, патриархтын бармагындагы учкундай жаркыраган шакекти көрсөттү. «Князь, эмне үчүн Ыйыктын шакеги мага тапшырылбай сиздин манжаңызга кийилип турат? – деп сурады Нерсес Аштаракеци. – Жараткан ага бейиштен жай берсин, Эчмиадзиндин өкүлү  катары биздин руханий жолбашчыбыздын мураскери сиз эмес, менмин да». Мына ушул таржымалды уктуң беле, жигит?

–Уккам, – деди Микаэл аянычтуу. – Мен семинарияны бүткөм.

–Анда каспагың кайда, сакалың кайда?..

–Мен сандан ажыратылгам, – деп Микаэл кыска жооп берди.

–Оо! – зергер боор ооруй терең үшкүрүндү. – Анда азыр кантип жашап жатасың? Анткени силер Кудайдын кулдарысыңар, башка өнөр билбейсиңер… Жок дегенде дьякон катары калсаң болмок: чокундурганда жана сөөк коюу расминен, үйлөрдү ыйыктагандан аздыр-көптүр тыйын-тыпыр түшүп турмак… Шакегиң жакшы экен, болгону мындайлар азыр көп колдонулбайт. Кыз-келиндер азыр арзан майда-бараттарга кызыгат. Алар сага чыныгы баасын беришпейт, аттиң десе, мунуң баа жеткис нерсе…

–Мен сатпайм, – деп калп айтты Микаэл.– Мен жөн гана баасын билейин дегем…

«Мунуңа ишенген жокмун» деп ойлоду зергер өзүнчө, жүзүндө шектенүү пайда болду.

«Эгер мен сатканы келсем, кагазды сатмакмын, чоң чоң энемдин койнунан түшүп калган, – деп каяша кылып өз калпына өзү ишенип, Микаэл актанды. – Бирок, сатканым жок да, туурабы?»

Ошол чиймени чын эле саткан эмес. Анын кардары капысынан келген сыяктуу эле көздөн кайым болгон. Ал темир торго түшүп калганбы, же чек арадан атып салышканбы, ким билсин!

Баса, Түркия менен чек ара жабык эмеспи: бул жагынан орустун чек арачылары кайтарат, тигил жагынан түрк аскерлери турат. Ошентсе да, чындыгында, чек арадан эки тарапка тең өткөндөр жок эмес. Күндөрдүн биринде достору менен олтурган жерде чоң чоң энеси койнуна катып жүргөн конверт тууралуу бир айтып бергенден бери тынчы кетти. Бир нече күн өткөндөн кийин чекеси кууш, кичинекей көздүү тартайган бир чоочун адам пайда болуп, ага бүтүм жасоонун эки жолун сунуштады:

–Эгерде мага ишенсең, мен барып алтыныңды табам, биз аны экиге бөлөбүз. Мындай кырдаалда мени алдап кетет деп чочуласаң болот. Эгерде мага ишенбесең баасын айт, мен төлөп берем. Бул жагдайда мен тобокелге салып жатам. Бирок мен сага жана сенин чоң чоң энеңе ишенбегеним үчүн эмес, жөн гана түрктөр силердин каткан жериңерди эчак эле таап алышкан деген божомол кылууга негиздер көп.

–Сен бул иш боюнча ошол жерлерде болдуң беле? – деп сурады Микаэл, ушундай далдайган киши кантип чек арадан байкалбай өтүп кеткенине таң калып.

–Бир нече жолу болгом, – деп жооп берди бейтааныш, – бирок эч качан кенч тапкан эмесмин. Чуңкурларды тапкам, бирок алтындарын тапкан эмесмин. Жерибиздин баарын тытмалап казып салышты, каапырлар!..

–Эс тутум жакшы деңизчи, бирок мен шакектин чыныгы баасын билгим келди, – деди Микаэл селт этип эскерүүлөрүнүн кучагынан ойгонуп.

–Мен мунун баа жеткис экенин айттым го, – деп кайталады зергер, – бирок музейдин буюму катары гана. Мындай шакекти ууру уурдабайт. Чөнтөгүңдөн колжоолукту жымырып кетет, бирок мунуңду алышпайт. Албетте, анын чыныгы баасын түшүнгөн адамдар бар. Алар аны уурдоого же ит бекер сатып алууга аракет кылышы мүмкүн, бирок бул эч нерсени өзгөртпөйт. Баары бир алардын аялдары же ойноштору аны тагынгысы келбейт, демек, ал кайрадан музейдин сейрек кездешүүчү экспонаты бойдон кала берет, болгону ошол… Бирок, Нерсес Аштаракециге кайтып келели. Акылдуу, принципиалдуу, патриот адам эле. Эмне үчүн ал католикос Овсептин өлүмүнүн чыныгы себептерин издей баштаган эмес, канчалык татыксыз болсо да, толугу менен Соломон Аргутяндын күнөөсүнө көңүл бурган? Князь, бечара, коркконунан ооруп, бат эле каза болуп калды… Ал эми ханыша Дарежан көпкө жашады. Тиги Санкт-Петербургдан көз ымдаган адам дагы көпкө жашады… Ал эми Армян падышачылыгынын кайра жаралуу идеясы самындын көбүгүндөй жарылып калды… Эми, эки жүз жылдан кийин, сен же мен, же тигил чыныгы тарыхты калыбына келтире алабызбы? Эгерде бизди ыйман үчүн союп салышкан болсо, эмне үчүн биздин храмдар ошол боюнча былк этпей турат, ал эми ак сарайлардын изи да калбаганын кантип биле алабыз? Айтмакчы, чыныгы окуя ойдон чыгарылган окуянын жанында жүрөт, бирок дайыма ага жанаша жүрбөйт. Биз ойдон чыгарылган тарыхта жашап жатабыз… А сени эмне себептен наамыңдан ажыратып коюшкан?

…Патриархтын бөлмөсүнөн Кафедралдык соборду көздөй бет алган элдин тобу көптөгөн динге ишенгендерди жана туристтерди аралап өттү. Анын жолунда жандуу коридор пайда болду. Коңгуроолор кагылып жатты. Католикос желбегей жамынган жапкычынын алдынан чубап өтүп жаткан кудайчыл жамаатка колундагы крести менен батасын берип баратты. Элдин арасынан ымыркайды байкай калып Касиеттүү адам колун баланын башына коюу үчүн чатырдын көлөкөсүнөн чыгып кетет. Аялдар католикостун оң колун өөп жатышты. Чатырдын артында коомдун негизги адамдары – кадыр-барктуу шаардыктар, андан кийин иерархия тартиби боюнча дин кызматкерлери: адегенде архиепископтор жана епископтор, андан кийин монахтар жана акырында дьякон-саркавагдар басып өтүп баратышты. Саркавагдардын тобунда баратып, Микаэл элдин баштарынын ортосундагы боштуктарга көңүл кош көз жүгүртүп, күтүлбөгөн жерден башына кол чатыр кармап турган урматтуу жарандардын бирине тигиле түштү. Микаэлге тигинин желкеси, кээде капталы көрүнө калат, бирок көбүнчө кол чатырдын туткасын кармаган сол колун даана көрүп турду. Чаян түрүндөгү көк түстөгү татуировкасы бар билегин көрсөтүп пиджактын жеңи ылдый жылып кетти.

Тирүү коридордун эки тарабындагы алдыңкы катарларда негизинен аялдар турган эле.

–Карачы, алар бизге кандай боор ооруп жатышат! – деп анын жанында жүргөн дьячок бирде оңго, бирде солго башын ийкегилеп Микаэлге шыбырады. – Аялдарга бизди алардан тартып алышкандай сезилет… Алар өздөрүн жесир катары сезип жатышат…

Католикос апасы колуна кармап турган кезектеги дагы бир наристенин башына колун койду. Анын жанында эскилиги жеткен көйнөкчөн аял өжөрлөнүп өзүнүн томпойгон курсагын Касиеттүү кишиге көрсөттү – ал кош бойлуу аялга дагы крестти тийгизип ишараттап койду. Ал эми тигил колго татуировка менен кадалган көк чаян тирүүдөй көрүндү, бирде көрүнүп, бирде элдин баштарынын далдасынан көрүнбөй калып жатты.

–…Эриндериң кызыл тасмадай, – деп бирге басып бараткан дьякон Библиядагы «Ырлар ырынан» саптарды кырааты менен келтирип баратты. – Жүрөгүмдү ээлеп алдың, эже, келиним! Сен менин жүрөгүмдү бир көз карашың менен, мойнуңдагы бир мончок менен ээлеп алдың…

–Уксаң, Соломон, – деди Микаэл жолдошунун сөзүн шылдыңдап, – кол чатырдын астында ким жашынып жатканын билесиңби?

–Кармагыла, жүзүмзарларды талкалап жаткан түлкүлөрдү, бачиктерди бизге кармап бергиле, ал эми биздин жүзүмзарларыбыз гүлдөп жатат… – деп жооп берди дьякон ошол эле «Ырлар ырынан» алынган саптар менен.

–Түлкү? – деп сурады Микаэл.

–Сулайман падышанын тушунда түлкүнүн бачиги эле, азыр жетилген карышкыр… Кайрымдуум, уулум менин!

Собордо, литургиянын ортосунда Микаэл кысылып, эптеп алдыга жылып, бөлмөдөгү баягы кол чатырын таяк сымал таянып алган мырзаны жакадан кармады. Микаэл олдоксон кыймылдап, тигинин убактылуу таянычын буту менен тээп алды. Эгерде бука моюндуу эки жигит шарт келип жардам беришпесе, урматтуу шаардык жаран тең салмагын жоготуп, өз бутуна чалынып жыгылып калмак. Алар Микаэлди четке шилеп, ибадатканада ойго келбеген башаламандыктарды жаратып, татуировканын ээсин сыртка алып чыгып кетишти.

Көп жыл мурда мына ушул эң кадырлуу атуул жашы жете элек кайырчылардын «республикасын» башкарган. Ар күнү кечинде, уктаар алдында кароосуз калган үйдүн урандысына жашынып, күндүз алган садакаларын кылдаттык менен санап жүрчү – ошондо бир тыйынды кытып калууга батынган балдардын шору эле! Жазалаар алдында жеңин түрүп алчу, ошондо күнөөлүү балага аны чаян уруп жаткандай туюлчу. «Канча жолу кайталаса болот: силердин ишиңер – кайырчылык. Жалбарып кайыр суроо! – деп кыйкырчу «кайырчылар республикасынын» ээси. – Эл ууруларды жаман көрөт. Кайырчыларды аяшат, ал эми ууруларды жек көрөт!» Жер титирөөдөн кийин Микаэл мына ошол республиканын жарандарынын бири болгон…

–Сен ичкиликке берилип кеткен адамга окшобойсуң, – деп сөзүн улантты зергер, – же жашы жете электерди азгыргандарга да окшобойсуң. Сен күчтүү, дени сак адамдай көрүнөсүң, сенин ряса кийгениңди элестетүү да кыйын…

Коштошор алдында кийимин кийип алган Микаэлди руханий насаатчысы аны өзүнүн бөлмөсүнө алып барып, шыбырап мындай деди:

–Уулум, мени кечир, мен Ыйыктын каарын сенден оолактата албаганым үчүн кечир.

–Мени сиз кечириңиз, урматтуу ырайымдуубуз, мен уставды буздум. Ыйык маалга тоскоол кылдым.

–Кеп ыйык маалда эмес, уулум, – деди устаты. – Сен күнөөкөрдүн чиркөөнүн кучагына кайтып келишине тоскоол болдуң. – Епископ бир аз жөтөлүп, тамагын тазалады, Ыйык Жазманын керектүү барагын издеп: «Эгерде мыйзамсыз жүргөн адам, эгерде ал өзүнүн мурда жасап жүргөн мыйзамсыздыгынан кайтса, сот кылып жана чындыкты жаратса, өз жанын жашоого кайтарып келет. Тобо кылыңыз жана бардык кылмыштарыңыздан кайтыңыз. Анткени мен өлүп бараткан адамдын өлүмүн каалабайм дейт Кудай Теңир; бирок кайрылып келип, жашай бергиле!» Библияда ушундай деп айтылат, уулум.

Микаэл епископтун алдында тизе бүгүп, аксакалдын акылман көздөрүнө көпкө тиктеди, анан мээримдүүлүк менен колун өптү:

–Күнөөнүн баары эле кечирилиши мүмкүнбү, ырайымдуум?

–Ооба, уулум, – деп жооп берди епископ.

–Чындап эле өкүнүп, крестти өөп, өзүңдү сактап калса болобу?

–Болот, уулум.

–Эгерде адам мурдагылардан баш тарттым деп калп айтса, амалданса эмне болот?

Епископ сөөмөйүн өйдө көтөрдү:

–Ал баарын көрөт.

–Ал асманда, – деп каяша айтты Микаэл, – ал эми жерде чиркөө жана анын кызматчылары… Белектер жана курмандыктар биздин көзүбүздү тумандатып койбойбу?.. Улуу ырайымдуум, чиркөөнүн пайдасына кайрымдуулук кылгандар жана колдоочулар кимдер? Жада калса храмдарды өз акчаларына тургузгандарды эле алалы: бул жакыр өлкөдө ушунча байлар кайдан чыккан? Сиз менден жакшы билесиз, маңдай тер менен чоң акча таба албайсыз. Адамдар күнөө аркылуу байышат. Түнкүсүн күнөө жасашып, ал эми эртең менен күнөөсүн кечкени сыйынып келишет. Эртең менен күнөө жасашса, кечкисин келишет. Чиркөө аларга кечирим кылат, ал эми турмуш макирөөгө толуп барат. Күнөө тигил жерде жасалат – кечиримдүүлүк бул жерден берилет. Күнөө менен өкүнүү бири-биринен улам алыстап баратат… Мен тартипти буздум, – деп жооп берди дагы Микаэл чоң чоң энесинин шакегин төш чөнтөгүнө катып койду. – Мен шакекти сатпайм деп калп айттым, бирок бул баа жеткис буюмдун баасы жок экенине кубанычтамын.

Микаэл алтын буюмдар базарынан кетип бара жатып чыныгы тарыхтын жолу менен баратабы же ойдон чыгарылган тарых кыя жолу менен кетип баратабы, көпкө чейин түшүнө алган жок…

Ал эми зергер карай турган эч нерсеси жок болсо да, чоңойтуучу айнекти сол көзүнө коюп, оң көзүн жумуп, кайрадан Арараттын чокусунда жашаган айтылуу бир көздүү жыланга окшошуп калды.

Орусчадан которгон: Болотбек Жумабаев