Рубен Овсепян: Алтын базары

Армян адабиятынан Алтын базары Зергер чоңойтуп көрсөтчү лупаны оң көзүнө такап Микаэлдин шакегин шыкаалап, ортодо кыңылдап ырдагансыппы же келме келтиргени белгисиз, мурду менен дабыш чыгарып жатты. Күбүрөнүп ырдап жатат дейин десең обону билинбейт, келме келтирип жатат дейин десең сөзү тыңгылыктуу угулбайт. Жабык сол көзүнүн кирпиктери көпөлөктүн канатындай каккылап, анда-санда гана алтын базардагы аары ызылдагандай үндөрдүн зер буюмдар дүкөнүнүн айнек текчелерине шыңгыр этип тийген дабышы угулганда гана ачылып жатты. Зергер соодагер уламыштагы Арарат тоосунда жашаган жалгыз көздүү жыланга окшош эле. Жада калса анын чоңойткуч көз айнеги дагы мына азыр асманга ыргытканда толугу менен…..