Акын Аида Эгембердиева “Түрк бирлиги” адабий сыйлыгына ээ болду

Жүрөк кубанткан жаңылык

Элибиздин акын кызы, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору Аида Эгембердиева 2023-жылдын 26-27-сентябрь күндөрү Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Түрк Республикасынын Ататүрк атындагы маданият, тил жана тарых жогорку мекемеси менен Түрк тил куруму чогуу түрк ааламына орток маданий мурастарды жайылтуу максатында уюштуруп, “Тил майрамынын” жана азербайжан элинин лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөргөн чоң салтанатка катышып, түрк ааламындагы эң жогорку деп эсептелген “Түрк бирлиги” адабий сыйлыгына ээ болду.
Туңгуч ирет берилип жаткан сыйлыкты алгандардын ичинде Азербайжан акыны Сабир Рюстемханли, казак акыны, Абай атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Галым Жайлыбай, Өзбекстандан Улугбек Хамдамов жана Сол түштүк Кипр Түрк Республикасынан Октай Оксюзоглу болду. Биздин элдин өкүлү аталган абройлуу сыйлыкты алып атышы – кыргыз адабияты үчүн зор сыймык.
1927-жылы жаңы түрк алфавитин киргизүү боюнча пленумга кыргыз интеллигенциясынын алгачкы өкүлдөрүнүн бири Хусеин Карасаев катышып кайткан айтылуу залда (Азербайжан Республикасынын улуттук илимдер академиясынын имараты) дээрлик бир кылымдан кийин кыргыз тилинде ыр окулуп атышы символикалык жактан мааниге ээ.
Адабияттын астанасын аттаганы поэзиядагы жеке изденүүлөрүнөн тышкары А.Эгембердиева түрк ааламындагы акындардын көбүнүн, анын ичинде азербайжан адабиятынан эл акыны Фикрет Годжанын, жазуучу Рашад Меджиддин, акын Лейла Алиеванын чыгармаларын кыргызчалап, эң кийинки аты аталган автордун китеби жарыкка чыккан. Акынга мындан аркы дагы чыгармачылык чоң ийгиликтерди каалап, куттуктообузду анын өзүнүн төмөнкү ыр саптары менен жыйынтыктайлы:

Тогуз жол чыгып бир сенден,
Тогуз жол кайтсын кайрылып –
Тоом болгун! Тозсоң миң жерден
Оңой жол турсун табылып.

Сүйлөймүн десең ай-жылдыз
Жакындап келип отурсун.
Тогуздап токоч жасалып,
Тогуздап ниет кошулсун.

Кыялап үмүт кыр башын,
Сөзүңдү булак тыңдасын.
Алдыда Кудай жеңиштен
Өзүңдү ыраак кылбасын!