Р.Исмаилованын “Үнү каткан улар” китебинин бет ачары өттү

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, КР Улуттук жазуучулар союзунун колдоосу менен А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында жазуучу, публицист, адабиятчы Ризван Исмаилованын “Үнү каткан улар” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Аталган иш-чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Эл жазуучулары М.Абакиров, А.Жакшылыков, КР Эл акыны М.Мамазаирова, ф.и.д. Л.Үкүбаева, Б.Усубалиев, С.Алахан, ф.и.к. А.Медетов, Э.Нурушев, И.Болжурова, Ж.Саалаев ж.б. акын-жазуучулар, студенттер катышты.

Р.Исмаилова 1961-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылында туулган. 1984-жылы Ош педагогикалык институтунун филология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрүп, ОшМУнун аспирантура бөлүмүн аяктаган.

Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинде кабарчы, редактор, котормочу, республикалык “Эркин-Тоо” гезитинин түштүк региону боюнча кабарчысы, ОшМУнун кыргыз адабияты кафедрасында ага окутуучу, ОшТУнун “КиРЯ” кафедра башчысы, доцент болуп эмгектенген. 2005-жылдан бери ОМЮИнун “Тилдер”, учурдагы “Мамлекеттик тил жана чет тилдер” кафедрасында доцент.

1999-жылы ф.и.к. окумуштуулук даражасын алган. “Ж.Мамытовдун лирикасы”, “Эпикалык чабыттар” деген илимий-усулдук китептердин, “Европанын берметтери”, “Сырдуу Италия”, “Ак өрүк”, “Кайрымдуу жүрөк карыбайт”, “Дүйнөсү түгөл Швейцария”, “Күн жамынган аска”, “Кучагын ачпаган өлкө” деген адабий-көркөм китептин автору.