Нурлан Калыбеков: База кайып (поэма)

“Теңиринсан” китебинен, 2004-жыл

База кайып

(поэма)

Ибо они еще не знали из Писания,

что Ему надлежало воскреснуть из мертвых.

Библия, Новый Завет, Евангелие от Иоанна.

 

Ошол кезде Семетей

Эрип кеткен немедей,

Кыймылдабай, унчукпай,

Көзгө түшпөй жок болду,

Кайсалактап калың жоо,

Сөөгүн таппай токтолду.

394-395-бб.

 

Аныктап баскан изи жок,

Аны көргөн киши жок,

Булак бойлоп кан агып,

Майып болуп кетиптир,

Чыны менен Семетей

Кайып болуп кетиптир.

396-б. “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”.

Үчилтик. Бириктирилген вариант, Б., 1999.

 

База кайып тууралуу бала чагымда көп уккам. Студент кезимде, 1994-жылдын жай айларынын биринде мүрзөсүнүн башында да болгом. Ал эми 2003-жылдын 11-июлунда Аксы районунун Кожо-Ата айылынын тургуну 91 жаштагы карыя Турумтай аксакалга жолугуп , жакшылап сураштырдым. Ал киши Базакенин колунда жүргөн Айты аксакалдан укканын айтып берди, (өкүнүчтүүсү – Айты аксакал азыр жок…). Окуя 1917-жылы, эрте жазда Аксынын Кожо-Ата болуштугунда болуп өткөн. База кайып (эл аны База калпа дешчү экен), менимче, акыркы суфийлерден. Урпактары Кудайга шүгүр, уланып келе жатыптыр. Мен негизги өзөгүн гана бердим. Калганын изилдөөчүлөр айтсын.

Автор

I

Кудурет!

Жараткан аа!

Йа, Алла!

Теңирим аа!

Болобу ушундай да?

Йа, Кудай, тооба, тооба!

Кудурет, Амириң аа!

Кармашып жакаларың,

Турушту энтигишип,

Жаңы эле кыр башына,

Кыр эмес, сыр башына

Чурулдап чогулган эл.

Кырдагы жалгыз мүрзө

Кечээ эле киши жаткан,

КӨРсөтүп жалгыздыкты,

КӨРсөтүп жашоо чегин,

КӨРсөтүп ажал чебин,

КӨРсөтүп бул дүйнөнүн

Боштугун, жоктугун да,

КӨРсөтүп өмүр кунун.

А бүгүн ачык мүрзө.

Йа Кудай, бу кандай сыр?..

Э, ботом, эмне мунуң?..

Дилинде бардыгынын

Дирилдеп суроо, суроо…

Турушат тунжурашып,

Турушат жымжырттыктан

Тунжурап үн курашып.

Жүрөктөр Кудуретте,

Каректер топуракта,

Какпастан мезгил чотун,

Токтотуп өмүр көчүн,

Эс алып турду жылбай

Карт дүйнө ушул тапта.

Йа, Кудай, кандай шумдук?

Кишинин кулачындай

Ачылып турат мүрзө.

Киши жок, киши ордуна

Агарып кепин калган,

АКТЫКТЫ көзгө сайып.

АКТЫКТЫ көзгө сайып,

Агарып кепин калган.

Бул дүйнөң жалган, жалган,

Эмес эч, эмес, эмес,

Бул дүйнө Чындык, Чындык.

Карачы, бар экенин

ТЕҢИРДИН ААЛАМ КАЙЫП.

Карачы, Кудуреттин

Көрсөткөн Кудуретин.

Алыптыр өз койнуна

Сүйгөн өз, өз пендесин,

Жерге да ыраа көрбөй,

Карачы, сөөк, денесин,

Карачы, кошо алыптыр.

Кудурет, айланайын,

Керемет Кудуретиң!

Турушат жарданышып,

Турушат таң калышып,

А, кайран букара журт.

Келмеси ооздорунда,

Көздөрү ооз жагында

Ачылган мүрзө-көрдүн.

 

II

Йа, Кудай, бу кандай сыр?

“Сыр, сыр, сыр Кудуреттин,

Түбөлүк ачылгыс сыр,

Түбөлүк жабык бойдон

Ачылбай кала берчү.

Ааламды Сыр башкараар,

Ачкандар Улуу Сырды

Айтпастан өзү менен,

Көрүнө ала кетчү.

Ачылса,жашоо бүтөр,

Мына бул жер бетинде”.

Тээ турган эл четинде

Топ жарды Чыназил чал:

“Таң ирең-бараң эле,

Ак жарык араң эле,

Ойгоно баштаганда

Уйкудан чала-бучук.

Арсылдап ала күчүк,

Кыңшылап тып басылды.

Айлана ак жарыкка

Жаркырап толо түштү,

Күн чак түш боло түштү,

Куйкалап кактагандай,

Кызарта аптабына.

Боз үйдүн боз эшигин

Үлгүрүп ачканымча,

Далбастап басканымча

Шашылып сыртты карай,

Угулду тааныш добуш.

“Чыназил!

Эй, Чыназил!

Балдарга көз сала жүр,

Чунактар жаштык кылды,

Башыма келип үч күн

Тургула дедим эле,

Акыйкат – Кудуретке

Дилиңер, оюңарды

Бургула дедим эле.

Бермекмин Сыр-Касиет,

АКТЫКТЫ таза кармап

Кете ала турганына,

Эгерде көзүм жетсе,

Кудурет ырайым этсе”.

Оозумдан келмем түшүп,

Делдейип калдым катып,

Делдейип оозумду ачып.

Базаке маңдайымда,

Ак тайлак минип турат,

Жалтырап жарык чачып.

Өзү АК*, Тайлагы АК,

Дүйнө АК, Аалам да АК,

Жылдыз АК, Асман да АК,

Булут АК, Ай дагы АК,

Тоо да АК, Аска да АК,

Токой АК, Талаа да АК,

Булак АК, Сай дагы АК,

Агарып турдум мен да,

Албырып АКТЫККА нак.

Эсимди жыйганымча,

“Кош, – деди, – жолугарбыз,

Акыры АКЫРЕТТЕН”.

Кирпигим ирмегимче,

Тилимди күрмөгүмчө,

Базаке көздөн кайым,

Базаке кайып, кайып.

 

Кудурет!

Жараткан аа!

Йа, Алла!

Теңирим аа!

Болобу ушундай да?

Йа, Кудай, тооба, тооба!

Кудурет, Амириң аа!

Силкинип алды эл-журт,

Дирилдеп үрөйлөрү,

Дирилдеп денелери,

Дилинде ар биринин

Кудурет Кыттай уюп.

Өмүрдүн АК экенин,

Өлүмдүн ЖОК экенин,

Түгөнбөс жашоо гана,

Түбөлүк БАР экенин

Дилине ар биринин

Кудурет турду куюп.

 

III

Ал Кудай эмес эле,

Болбогон Пайгамбар да,

Жөн эле Кудуреттин

Сүйгөн бир пендеси эле.

Касиет, кудурети

Жагынан Кудайларга,

О бирок, теңдеш эле.

Ал киши Кудай эмес,

Эмес, жок Пайгамбар да.

Жөн эле киши болчу

Төрөлгөн адам болуп,

Торолгон жаран болуп.

Күткөн ал сүйгөн жар да,

Үй-бүлө, бала-чака,

Дос-курбу, урук-тууган.

О бирок, урук кууган

Бар эле касиети,

Бар эле кудурети.

Анан ал, ал эртерээк

Тааныган Кудуретти,

Денесин, Жанын, Рухун

Бүтүндөй арнап салган…

Акылын, Эсин дагы,

Сезимин, Мээсин дагы,

Пенделик Напсин дагы,

Тыйып да, тазалап да,

Мойнуна АКТЫК алган.

Эң ыйык, эң бир сырлуу

Акыйкат илимдерди

Билген ал билишинче.

Сиңирген ой-боюна,

Шимирген жан-дилине

Дүйнөсү илишинче.

Ташыркап жүрүшүнчө,

О, канча жол чапкан ал,

О, канча жол баскан ал,

Өзүнүн жүрөгүнөн

Кудурет Жүрөгүнө,

Акыры жол тапкан ал.

Өзүнчө жол ачкан ал

Теңирге түптүз кеткен,

Теңирге түптүз жеткен.

Эң ыйык, эң бир сырлуу

Акыйкат илиминен

Кудурет ачкан ага.

Эң таза, эң бир аруу

Касиет нурларынан

Кудурет чачкан ага.

Ээ болуп касиетке,

Ээ болуп кудуретке,

Сыр алып сырларынан

Акыйкат Кудуреттин,

Жөн эле жашоо сүргөн

Кадимки пенделердей,

Шүгүр деп Жаратканга.

Жүткүнүп чуркабаган,

Атагын, даңкын дагы

Эмес ал тараткан да.

Пенделик күнүмдүктөн

Жогору бийик турган,

Маңызын тирүүлүктүн,

Мыйзамын бул жашоонун

Түшүнгөн, түшүнгөн ал.

Окуу да ачкан эмес,

Шакирт да тапкан эмес,

Кудайга, кудайга деп,

Үгүт да чапкан эмес,

Түшүнгөн, түшүнгөн ал.

Ачылган ар кайсы бир,

Ишеним – окуу – жолдор,

Мейли, ал ыйык делсин,

Мейли, ал Теңир десин,

Топ-топко адамдарды

Топ таштай бөлөөрлүгүн.

Теңирге ар бир адам

Өз жолу, өз азабы,

Өз тагдыр, өз казабы

Менен ак келээрлигин.

Теңирди ар бир адам

Адамдан, динден эмес,

Ишеним – тилегинен,

Таап алса жүрөгүнөн,

Үзүрүн берээрлигин,

Түшүнгөн, түшүнгөн ал.

Милдети, Кызматтары

Жердеги Кудайлардын,

Пайгамбар – Элчилердин

О небак бүткөндүгүн.

Теңирдин бар экенин

Далилдеп жол көрсөткөн,

Ишеним – окуулардын

Калыпка түшкөндүгүн,

Түшүнгөн, түшүнгөн ал.

Түгөнүп анда ой да,

Түгөнүп анда сөз да,

Мезгил да, убакыт да

Ал үчүн токтоп калып.

Ааламдык Мээрим менен,

Бир болуп Теңир менен,

Тунжурап жымжырттыкта,

Көлкүлдөп Жаны жанып,

Жашаган, жашаган ал.

Жашаган, жашаган ал,

Төрөлүп адам болуп,

Торолуп жаран болуп.

Башкадан айырмасы –

Теңирдин куту түшкөн

Момун бир пендеси эле,

Багы жок, жолу да жок,

Азаптуу шору да көп,

Дарт басып күнү бүткөн

Жандарга Ажал күткөн;

Базаке теңдеш эле

Жердеги Кудайларга.

Жердеги Кудайларга

Базаке теңдеш эле,

Кудай да, Пайгамбар да

Эмес, жок, жөн эле бир

Теңирдин пендеси эле.

Сыйынып өмүр бою,

АК Жолдо Аруу жашап,

АКТЫККА жеткен эле,

Жаркытып жанын, демин,

Балкытып сөөк, денин,

Айлантып өзүн Нурга,

Теңирге кеткен эле.

Жердеги Кудайларга,

Пайгамбар – Элчилерге,

Базаке тептең эле.

 

Эпилог

Ошондон ушул күнгө:

Ырымга-дарымга деп,

Дарымга, тумарга деп,

Кепинди жетишинче

Бөлүшүп алган күндөн,

Мына ошол кыр башынан,

Кыр эмес – сыр башынан,

Табышмак көр башынан,

Үзүлбөйт эл аягы.

Теңирге ишенгендей,

Эң ыйык мазар дешип,

Бош жаткан көрүстөнгө,

Муң-зарын төгүшкөнгө,

Зыярат кылат көптөр.

Эх, аттиң, дүйнө бирок,

Суюлуп, калбай калды,

Күбөлөр – эл баягы!

 

*АК – Кудай