Үсөнбек Асаналиев: Өзүм салган жалгыз аяк жолум бар, Кереги жок даңгыр жолу бирөөнүн.

Сап-санат китебинен. Бишкек – 2008

***

Адамдар мүлтүлдөбөй калыс болсок,

Арамдык, куйтулуктан алыс болсок.

Эгерим эки жүздүү оңгон эмес,

Ушуну эсибизге алып койсок.

 

***

Кыргыз өзү дүнүйө капар калк эле,

Эмне чыгат мактангандар калп  эле.

Кыз бүткөндүн баары түгөл Каныкей,

Эркектери Манас болбойт жалпы эле.

 

***

Тууган үчүн жаның түтпөйт, ичиң чок,

Башкаларга баш оорубайт, ишиң  жок.

Бирок жалаң жакыныңа жан тартсаң,

Бул жалганда калбайсыңбы эшиң жок.

Жеке өзүңдүн көмөчүңө күл тартсаң,

Анда сенин бетиң да жок, эсиң жок.

 

***

Парыз тура тукум мурас калмагы,

Жашоонун көп чындыгынан жалганы.

Олжо болот оңбогурдун туулбай,

Урук кезде бойдон түшүп калганы.

 

***

Бабалардан мурас калат балага,

Ойдон ойлор оодарылат санаага.

Сен өзүңдү канча мыкты сезсең да,

Өткөндөрдүн ордун төмөн санаба.

 

***

Көрө албадым наадандардын дурусун,

Көрдүм далай былыктарын, урушун.

Адамдыктан кеткендердин бир мүнөт

Дитим барып карагым жок турушун.

 

***

Баарыбыз адамдардын балдарыбыз,

Аралаш чындыгыбыз жалганыбыз.

Ит болуп алгандардын иши бөлөк,

Жетишет киши болуп калганыбыз.

 

***

Ден соолук – байлык башы деген ырас,

Болбосо оору зили кылат жылас.

Бүгүнкү жашагандар эртең болбойт,

Болгону тукум гана калат мурас.

 

***

Чоң дайра өз нугунда акпай койбойт,

Мухитке куюлган соң өзү токтойт.

Муунду муун улап учу үзүлбөс,

Сапары токтобогон өмүр коштойт.

 

***

Билбегеним көп экенин билемин,

Билиш үчүн кирбегенге киремин.

Өзүм салган жалгыз аяк жолум бар,

Кереги жок даңгыр жолу бирөөнүн.

 

***

Тууганды жамансынтпагын,

Жакшысын сага ким берет.

Кимиси күйүп, ким күйбөйт,

Кыйындык кезде иргелет.

 

***

Келдикпи бул дүйнөгө

Жетпеске жетиш үчүн,

Жер булгап кетиш үчүн…

 

***

Ичиң сыздайт ири адамдар өткөндө,

Салыштырып бир чоң жылдыз өчкөнгө.

Жердин деле кете түшөт кунары,

Тоо ордунан жылып төмөн көчкөндө.

 

***

Жылан көрсөң таш алперер бирөө жок,

Мезгил ушул, аларда да күнөө жок.

Көз көрүнөө мууздап жатса бирөөнү,

Чындык айтар арасында бирөө жок.