Мая Осмонкулова: Көп жылдарга көбүк чачып ырларым, Толкуп турсун көлдөй дагы, деңиздей.

Сен мени жоготконсуң

Жазыбыз жазга окшобой чыйрыктырып,

Ортобуз салкын тартып барат, досум.

Күзгө окшошуп түнөргөн ошол жазда

Сен мени биротоло жоготконсуң.

 

Кусалык кучагына ороп алып,

Ызанын аттаганда босогосун.

Кайрадан таппасыңды элес албай,

Сен мени ошондо эле жоготконсуң.

 

Өмүрдүн кыскалыгын унуткарып,

Аттап өтүп сезимдин бийик тоосун.

Дүнүйөң түгөл болуп турган чакта

Сен мени жашооңдон жоготконсуң.

 

Кайрылып кайра конбос тууруна

Кармай албай бакыттын алтын боосун.

Алмашып күнүмдүктүн кумарына,

Сен мени алда качан жоготконсуң.

 

Кыялың кызыл-тазыл гүлгө айланып,

Кызыгы алып турса көздүн жоосун.

Кайрадан кыш келерин танып коюп,

Сен мени ошол жазда жоготконсуң.

 

Бир жакшынын арбагындай көзү өткөн,

Кирпик какпай аруу таңды күзөткөм.

Көз ирмеми жанып өтпөй жадымдан,

Көкүрөктөн жаз өткөн да, күз өткөн.

 

Түндөн коркуп түшүп келген түндүктөн,

Түбү түшкөн ой-санааны күзөткөм.

Жүлүнүмдү жулуп бара жаткандай

Жүрөгүмдөн кек өткөн да, ыза өткөн.

 

Жараткандын өкүмү өктөм, күчү өктөм,

Жазыгы жок жигит өткөн, кыз өткөн.

Түн күзөткөн тереземдин алдынан

Түшүмө окшоп жай өткөн да, кыш  өткөн.

 

Мыйзамында кынтыгы жок Теңирден

Уйкусуздук тагдыр болуп берилген.

Качып кетким келген менен тызылдап,

Кайда барам гаризонттун чегинен.

 

Кайрадан сүйүп калгым келет менин

Капилет кайткан өңдүү жаштыгыма,

Карайлап карылыктын билбей чегин.

Качанкы он жети жаш курагымдай

Кайрадан сүйүп калгым келет менин.

 

Көңүлүм көпөлөктөй алып учуп,

Көздөрүм жагып турса өмүр демин.

Түндөрдү түйшүк менен таң атырып,

Кайрадан сүйүп калгым келет менин.

 

Үшүк алчу таажыдай үлбүрөгөн,

Үн дебей ооздон түшүп айтчу кебим.

Үмүтүмдү уучтап уучума,

Кайрадан сүйүп калгым келет менин.

 

Баёо бир балапандай сезим менен,

Байкоосуздан алдырган колдон жемин.

Бар байлыкка алмашып башымдагы,

Кайрадан сүйүп калгым келет менин.

 

Конок күтсөң…

(Уулума)

Айтам балам, конок күтүү жөн-жөнүн,

Дос чакырсаң касын кошо көрбөгүн.

Төмөнсүнүп этек жакта калганы,

Боюн түзөп кекирейет төрдөгүң.

 

Дагы айтамын, түйүп алгын акылга,

Кедейлерди байга кошуп чакырба.

Башкалары оозун карап басынып,

Бай сөз бербей дасторкондо бакылдайт.

 

Конок күтсөң ачык болсун кабагың,

Ширин болсун, кенен болсун тамагың.

Улуу дебей, кичүү дебей астейдил,

Ар биринин көңүлүнө карагын.

 

Билимсизди билимдүүгө кошпогун,

Олтурушар ачып коюп ооздорун.

Курсант болсун кайткан кезде көңүлү,

Мына ушундай болсун конок тосконуң.

 

Издебегин

Тагдырың душманыңдай кыстаганда,

Көңүлүң бардыгынан муздаганда.

Мени эстеп, мени самап эстебегин

Жан дүйнөң жалгыздыктан сыздаганда.

 

Көкүрөк адашуудан ачылганда,

Көз жашың соолуп-соолуп басылганда.

Мени издеп, мени самап издебегин

Ойлоруң он бөлүнүп чачылганда.

 

Жашооңо өктө кылып өкүнгөндө,

Жан дүйнөң үн-сөзү жок өкүргөндө.

Мени эстеп, мени самап издебегин

Чар тарабың үмүттү өчүргөндө.

 

Жаштыгың калып мезгил бүктөмүндө,

Жашоодон жадап, тажап бүткөнүңдө,

Мени эстеп, мени самап издебегин

Сүрөтүм жатса эски үстөлүңдө.

 

Анда мен эрибеген тоңдой болом,

Анда мен жылытпаган тоңдой болом.

Анда мен чоочуп учкан куштай болуп,

Кайрылып тууруңа конбой коем.

 

Жаздын түнү

Жарым түн, жамгырлуу түн, жаздын түнү

Озон жыттап балкондо турам ойлуу.

Эсин эки кетирбей дыйкандардын,

Эртең күн кайра ачылып кетсе болду.

 

Жарым түн, жагымдуу түн, марттын түнү

Жаз кучактап боорума турам кысып.

Жаз жыттанган талааны чыйрыктырбай,

Эртең күн кетсе болду кайра ысып.

 

Жарым түн, жылчыгы жок жылдызсыз түн,

Жаңырат кыйкуулаган турна үнү.

Караңгынын тушунда кайда барат,

Каркыранын тушунда менин үйүм.

 

Жаштыгымдай жагымдуу жазым менин,

Жараатымды дарылап сенин демиң.

Таарынышкан жарыма келип турат

“Жаз тосолу, ойгончу, жүрчү” дегим.

 

*****

Жаша, бирок унутпагын өлөөрүң,

Душмандарың кошо келип көмөөрүн.

Көз ирмемге аралжыга келалбайт,

Тирүү кезде бийиктиги төбөңдүн.

 

Тепсе, бирок топуракты кордобо,

Ал айланат түбөлүктүү ордоңо.

Ай, жылдарга чачып кеткен өмүрдү,

Кайра жыйнап аламын деп ойлобо.

 

Сулуулукка суктан ичиң күйгүзбөй,

Кумарга бат, бирок колуң тийгизбей.

Аруулугун карегиңе катып кет,

Жан адамга көргөзбөй да билгизбей.

 

Сүйгүн, бирок сүйгөнүңө жетпегин,

Сүйүү деген закым болот – эстегин.

Сезимдериң кокус кетсе тутанып,

Закым үчүн күлгө айланып кетпегин.

 

Сүйгүн, бирок сезимиңди чачпагын,

Бүт өмүргө жетиш үчүн сактагын.

Дарт чалгандай кызыл өңүң саргайып,

Сүйүүңдү эмес, сүйгөнүңдү даңктагын.

 

Уулум менен сүйлөшүү

Каным менен бүткөн мага бир мүнөз,

Жашыктыгым, ыйлаактыгым коё алалбайм.

Сабыркабай көнгүн балам ушуга

Качандыр бир мен башкача болалбайм.

 

Көз жаш менен көңүл-ниет тазарат,

Көп нерседен ачуу көз жаш тазараак.

Ыйлай албайт мээр-ою таш адам

Апаң жашык, кубанса да жаш алат.

 

Кези келсе көз жашыңа айланып

Агып кетем асмангабы, жергеби.

Көз жашымдай тунук болчу апам деп,

Жашыктыгым, ыйлаактыгым эстей жүр.

 

Кези келсе ырларыма айланып,

Учуп кетем чыгышкабы, батышка.

Ырларындай ыйык болчу апам де,

Тааныш көздөр сөз кылышып жатышса.

 

Жаш баладай ызакор да, таарынчаак

Кыялы да, жан дүйнөсү табышмак

жан эле деп эскер мени эскерсең.

Эскербегин аруулуктан жаңылсам.

 

Тар дүйнөнүн тардыгына келишпей,

Тайып кетсем “өлүп калды” дегизбей

Элим үчүн калса жакшы ырларым,

Бул жашоодо жалаң эле жеп-ичпей.

 

Көр дүйнөнүн көрдүгүнө келишпей,

Көчүп кетсем “көз жумуптур” дегизбей.

Көп жылдарга көбүк чачып ырларым,

Толкуп турсун көлдөй дагы, деңиздей.

 

Мен өлгөндө

Жараткандын көзү мага түз болсо,

Мен өлгөндө жаз болбосо, күз болсо.

Пейилине жараша деп айтылып,

Дасторкондо дүйүм жемиш бүт болсо…

 

Таман чыкма кара ашыма союлса,

Отун-суулар даярдалып коюлса.

Кудуңдашып кары кемпир кайтты деп

Кадырымды сыйлагандар тоюнса…

 

Күн мемиреп тийип турса төбөдөн,

Ай болсо экен сүттөй нурга бөлөгөн.

Көңүл айтып көп болсо экен келгендер,

Күйгөндөрдү колтугунан жөлөгөн.

 

Жакшы жагым айтышкандар көп болсо,

Жакшы ырларды жазчы эле деп кеп болсо.

Жайга алпарып топуракка берерде,

Жаткан жери гүлгө айлансын деп койсо…

 

Жара тээп топурагын, ташын да,

Гүлдөр өнүп чыкса анан жазында.

Жазуу турса “чоң акын” деп жазылган

Эстеликке койгон чакан ташында.

 

ЖОЛ ЫРЫ

Жол ыры жолдо жазылат,

Жол болом анда созулган,

Максатың көздөп бет алып

Жолоочу чыксаң кошулам.

 

Узарган жолду кыскартып,

Жол жомок болуп айтылам.

Жомокко жомок уланып,

Жол келет жолдун артынан.

 

Азабы жолдун бир кызык,

Алагды кылат санаадан.

Кунарсыз ойлор жол бою

Куюлуп калат салаадан.

 

Жол учу дайым мунарык,

Түгөнөт өмүр кай жерде.

Жашайбыз билбей кубанып,

Жылт эткен үмүт келгенге.

 

Жол ыры жолдо жазылат,

Аягы калат бүтпөстөн.

Жолоочу жолго чыга бер,

Чыга бер таңга күтпөстөн.

Жолоочум жолго чыга бер.