Аллаберди Үмөталиев: Достун жоругу же арактын күчү

Достун жоругу же арактын күчү

(сатиралык аңгеме) 

Айылда айдоочу досум бар. Ушунчалык түнт неме дейсиң, оозунан бейчеки сөз чыкпайт. Ырдатмак тургай, атайын суранып да сүйлөтө албайсың. А бирок, ачуудан жутуп алса барбы-ы, тимеле эч кимге сөз бербейт, мындайда ырдачу болсо токтотуп көр! Көп сүйлөбөгөн үчүнбү (аракты сейрек иччү), кызып алып какылдап-какшап сайрап киргенде угуп калалы дегенсип, айылдаштары ошонун эле оозун карап калчубуз. Ырдаса үнү жакшы болгондуктан кыйкырып коштоп укчубуз. Той-топурда тимеле бийди эч кимге бербейт. Жаш кезде ичип “концерт” коймок тургай ичкенибиз билинип калчу болсо биз токмок жечүбүз, ал болсо мактоо укчу. Өзгөчө тойдун эртеси отурушту көркүнө чыгарганы үчүн элдин оозунан түшпөй калчу.

Анын райондон айдоочулук курсту бүтүп келип, совхозго шофер болуп орношуп, ГАЗ-52 жүк ташуучу унаасын айдаганы азыркы күнгө чейин айылыбызда аңыз кеп болуп айтылып жүрөт. Алгач жаңы үйрөнчүк кезинде абдан абайлап айдап, элге күлкү болгон. “Кагышып кетип жүрбөйүн” деп корккон жаны алдыдан каршы келаткан машина өтүп кеткенче токтой турчу эле, адам чыкса сигнал баспай терезеден баш чыгарып, “кач эй, кач” деп кыйкырып, көпчүлүктүн шылдыңына кабылган. Кээ бир тамашакөй теңтуштары атайы жолдун ортосуна туруп алып, кантип өтүп кетер экен деп тамашага сала турган.

Ошондой күндөрдүн биринде ал дүкөндөн эки чоң дарбыз алып, кабинадагы жүргүнчүнүн орундугуна коюп айдап баратып, ылдыйышка туш болгонунда дарбыздар бут алды жакка кулаганы калат. Мындан улам дарбыздар жарылат деп коркуп кеткен досубуз, аларды кармай калам деп, рулду да, тормозду да унутканда машина жолдон чыгып кетип чоң теректи сүзүп токтогон кырсыгы да “өзүн же машинаны аябай, жарылат деп дарбыздарды аяган” деп элге кыйлага чейин күлкү болгон.

Өзгөчө тоого малчыларды көчүрүп барып, Он-Сегиз Оюрма деген кыядан ашкан окуясы элдин эсинен эмдигиче кете элек. Ошол он сегиз чукул бурулуштуу чоң кыянын алдына бир чабандын жүгүн тартып келген досум ага чыгуудан баш тартат. Анткени бул кыядан жаз келгени бир да машина ашпаганы аз келгенсип, тазалана да элек экен. Ошентип жүктү кыянын түбүнө түшүрүп коюп, качмай болгонунда жүктүн ээси – теңтуш чабан: “Мен мындан ары конушума кантип жетмек элем?” деп каршы чыгып, алдын тороп кетирбейт. Шофер досум: “Чыга албайм, башым экөө эмес, көрүп турасың, жол жаман, кыя абдан бийик, машина кайрыла турган жолдор өтө чукул, быйылкы жылдын эсебинен бир да транспорт өтпөптүр”, – деп көгөрүп, экөө бир далай талашып-тартышкан соң, кырс айдоочу айтканын жасамакчы болгонунда анын сырын билген теңтуш чабан эс алып отура туруусун өтүнүп, “Узатып койоюн” деген шылтоону айтып, дүкөнгө чаап жетип, бат эле бир бөтөш өңөрүп келет. Ошентип экөө көк чөпкө отуруп, арактан аз-аздан алып жатып кызып калышат. Бир кезде ич ысыганына жараша сөз да кызыганда чабан досумдун намысын козгогуча андан конушуна жеткирүүсүн талап кыла баштайт:

–Сен эмне, мени ушул жерге таштап кеткен жатасыңбы? Эркек эмес экенсиң!

–Эркек элемин!

–Анда коркок экенсиң!

–Коркок эмесмин!

Коркок болбосоң, анда жетчү жерге жеткирип кой, – деп досумдун ичкенде оолукмасы кармарын жакшы билген чабан аны ого бетер көкүтүп жатып айдатып, тобокелдик менен аман-эсен кыядан ашып өтүп, жетчү жерге жетип келишет. “Азамат. Эркек экенсиң!” – деп эми чабан досумду мактап, ал өзүнчө дердеңдегиче жүктү түшүрүшүп, “ураа, ураа” боло жатып калышат. Эртеси таң атпай турган ал өзү машина айдап чыгып келген жолун көрүп жүрөгү түшүп калат, машина айдамак тургай рулга отура албай коёт. Досунун ичкенде шерденип кетерин ойлогон чабан арак алып келет, бирок, анын кекиртегинен арак эмес кымыз да өтпөй калган болот. Чыгынып эптеп түшүп кетмекчи болуп жөө басып жолдорду бир сыйра байкап да көрөт, бирок, буга эрки жетпейт. Ошентип, арактын күчү менен кыянын жонуна чыгарын чыкканы менен түшө албай ал жерге эки күн конот. Үчүнчү күн дегенде кудай жалгап, трактор келип калып, машинасын этиеттей сүйрөтүп түшүрүп берет.

Бул окуя биздин совхоздун малчылары жайлоого көчкөндө, Он-Сегиз-Оюрма кыясынын опурталдуулугу тууралуу кеп болгон сайын эстелбей койчу эмес.