Кыял Тажиева: Жашагыла бирөөлөр тааныбаган, Жаманыма, жакшыма наалыбаган

Эй адамым

Эй адамым, билдим эмне башкысын,
Аяп калдым сендейлердин бактысын.
Кудуретиң кудайды да сүйдүргөн
Сен жакшысың, сен чын эле жакшысың!!!

Момунум ай, ыйлаганды билбейсиң,
Сени ыйлатат, ооба сени башкалар,
Бир жакшысы өзүң деле жыргайсың
Ооба жырга, а калганы башта бар…

Пейилиңчи, миң азапты той кылган,
Ыйманыңчы, ыпыласты зор кылган,
Жүрөгүңчү, жүрөгүңдөн ок учкан
Дүйнө жашайт эки бети албырган.

Адамым эй, адамым эй, адамым,
Менин, сенин, анын дагы алардын,
Тулкусунда көзүм көргүс жарык бар
Бир жарк этип карашындай аялдын.

Таң калдырбайт мени көптү билгениң,
Таң калдырбайт улут үчүн күйгөнүң.
Айран кылат акылымды жөн эле
Сүйдүргөндү, сүйгөндү да билгениң.

Ушунуңа кандай сыйлык ыйгарам,
Эрким жетпей, эргийм эч ким туйбаган,
Сезим менен серпилем да, тим болом
Сенсиң адам акылыма сыйбаган.

Бир сен үчүн ай жаркылдап, күн күлөт,
Асман жерге, жер асманга күңгүрөп…
Сен ааламга келбей эле чынында
Аалам сага келет окшойт дүңгүрөп.

06.05.2020.

Адам керемети

Адамды жек көргөнүң кандай азап,
Жаңылыш бир иши үчүн жамандашса.
Кантип эле адам тар, тайыз болсун
Муштумдай бир жеринде кудай жатса.

Адам эй, аны бекер жемеледиң,
Аттиң ай, мүмкүндүгү чексиз эле.
Бир күнү сен билгенден, сен көргөндөн
Жүз эсе бийик болмок, сенсиз эле.

Жакшылык болуп кайтат болуш керек,
А сенин ага болгон арамдыгың.
Жиндеген, ич күптүңдү кайдан билмек
Ичинен тилеп жүрсө амандыгың.

Аралай билсек адам көкүрөгүн,
Бейиш да бекер кыял боло түшмөк.
Ааламдын сырын ачып алар белек
Адамды дал өзүндөй билип өтсөк.

Жүрөгүн жая салып адамзатка,
Анда эле адам кандай толукталмак.
Күнөөгө батпайын деп жөн жай эле
А балким ажал дагы коркуп калмак.

23.04.2020.

Кайда шашат бул заман?

Алка-жака жетелеп тиригилик,

Дөнгөлөгү ааламдын чимирилип,

Кайда шашат бул аалам кайда шашат?

Узун түнү мүнөткө сиңирилип.

 

Суроосуна жооп албай шашып барат,

Багелегин балтаңдап басып барат,

Мурун суусун шуу тартып оо бу заман

Кимден кайда, каякка качып барат?

 

Токтоо мүнөз күткөндөр тебеленип,

Акыл тунук адамдар чебеленип,

Тетиринче, бардыгы тетиринче

Жер жатабы тетири тегеренип?

 

Уяң мүнөз күткөндөр уят болуп,

Уялбаган тастаңдар класс! болуп,

Өзүн өзү мактаган тете өлүмгө,

Деген макал баратат жылас болуп.

 

Алдагандар акылдуу адам болуп,

Алданышкан шордуулар жаман болуп,

Жаман менен жакшынын айырмасы

Бар экени баратат тамам болуп.

 

Алданганын билсе да жылмайышып,

Бир-бирине калп эле ыржайышып,

Ичи толгон арамдар, кадам сайын,

Кайда жүрөт адамдар ыйманы ысык?

 

Шашпагыла адамдар шашпагыла,

Буйруп койгон тагдырдан качпагыла,

Чимирилбей, шашылбай шылдыр эткен,

Илинүүбүз дүйнөнүн чачпагына.

 

Өзгөргөн жок ааламдын түсү деле,

Апам шашпайт жашоодо ушул эле,

Күүгө салып ийигин, жерди айтат,

Тез айлана турган бир күчү беле?

 

Жип созулат мезгилдей катарлана,

Чимирилет ийиги качан кара,

Тутуп алса токтотуп, жыргай түштүм.

Жерди кармап тургансып апам гана.

 

Сен өзүңдү керексиз сезе көрбө

Жанга шыпаа ар оору күчөгөндө,
Аттиң бирок көктөгөн көчөлөрдө,
Баткак баскан кир бака жалбырактай
Сен өзүңдү керексиз сезе көрбө.

Талаа жерде, бул жерде, тигил жайда,
Жайы-кышы мөмөлөөр түрүң барда,
Ашы таттуу а бирок, шагы тикен,
Чычырканак экенин билип алба.

Бир бактылуу жан жоктой дүйнөлөрдө,
Сирень сүрөт дооранын гүлдөгөндө,
Күбүлгөнүн баригин байкай көрбө,
Сен үйрөнгөн учурда сүйбөгөнгө.

Таман жолдо өссөң да чарчабагын,
Ар жаз сайын дооранын кайталагын
Жарык таңдын атышын күтө билип,
Күндүн батып кеткенин байкабагын.

 

Бирөөлөрдү сагындым тааныбаган

Бирөөлөрдү сагындым тааныбаган,
Жаманымдан, жакшымдан кабары жок,
Көйнөгүмө ичи да тарыбаган,
Туулган күндө берээри, алаары жок.

Бирөөлөрдү сагындым актай барак,
Чийилбеген, сүрөтү тартыла элек,
Кадырымды сындырып, тетир карап,
Көңүлүмдү көк таштай калтыра элек.

Бирөөлөрдү сагындым көп көңүлдүү.
Сырыма да чыныма кызыкпаган.
Өткөнүмдү эстетип өткөнүмдү
Бүгүнкүмө куйкасы курушпаган.

Жашагыла бирөөлөр күнү кызык
Аянбастан ал жайым биле берген.
Жаңы алган кийимдей сүйүнтүшүп,
Кайра-кайра карагым келе берген.

Жашагыла бирөөлөр тааныбаган.
Жаманыма, жакшыма наалыбаган.

 

Ата-энеме

Мээлүүн желдин жыргалындай кенен-жайкын төрүңөр,
Бүтүн өмүр, бүтпөс жашоо, тирүүлүктөй кебиңер,
Турмуш баасын кармап көрүп, жибий түшөт жүрөгүм
Дүйнөм түгөл кармап турат тирүү турган көзүңөр.

Күнүмдүк көр тирлигимдин кымбатын же арзанын,
Кейип-кепчип айтпай калам, ойлобой да ар жагын,
Баарлашуунун баасы артып, токтой турат мүнөтүм
Алка-жака алып турган мезгил тартып канжарын.

Эске түшүп эселек кез, бал дүйнөгө жетелеп,
-Кышта келдим, мени карма! – деп азгырат көпөлөк.
Кыял менен кыйырдагы кыргыздарды жыйнаган
Сары бучук саксайган кыз мени табат эркелеп.

Канча адамдан көңүл калып чийип койгом эченин,
Бүгүнүмө мүдөө болбой шамалга учкан кечээгим.
Силердеги сездирген күч келет мени жашатып
Биз жашаган дүйнө али тарый элек экенин.

Силерсиңер тарый албас, кенен-жайкын мекеним!

 

Кечирээр бекен анда келечегиң?

Тамагым буулуп турат ыйым чыкпай,
Мен качан кыйкыра алам үнүм кыспай.
Кайсы арым, кайсы арыма кыйкырамын,
Болбой турса кышың кыш, кызың кыздай.

Көтөрө албай койдук эркиндикти,
Көккө эмес көр тирликке серпилдикпи.
Мекенден мээрим көрбөй, жашоо издеп,
Өзгө элде темселеген эркиндикпи?!

Көзүңдө караңгылык орноп турган,
Көрө албай келечегин болжоп турган.
Куу заман эми кайда карайлайсың,
Мурасын коргой албай кордоп турган.

Чындыктын жолун бууп, жойлоп турган,
Чыр башында соймоңдоп сойлоп турган.
Кантесиң бийлик кумар уулдарыңды
Чыркыраган эл менен ойноп турган.

Мээлеген бутаң барбы жок дегенде,
Багыттан кабар барбы көр-кереңге.
Максатсыз кадам таштап, телмиришет,
Каякта көөдөн жарган зор көрөңгө.

Атаңдын жүрөгү оору, жүзү башка,
Карачы, энекеңди көзү жашта.
Манчыркап, кантип мансап күтүүдөсүң
Эл ырысы кыркылып турган чакта.

Көзүңдү ач, ойло улут жарды экенин,
Уул-кызың талаа-түздө, сайда экенин.
Келээрсиң эске бирок, кеч келээрсиң
Кечирээр бекен анда келечегиң?…
Кечирээр бекен анда келечегиң?…

2013-ж.

Өмүрлөшүмө

Басып жүргөн жүрөгүм, өмүрлөшүм,
Мага гана арналган өмүрдөсүң.
Түбөлүккө бир келген коногумдай,
Ар бир күнү кадырлуу төрүмдөсүң.

Бата кылсам жүз сылаар алаканым,
Кыбыладай баш ийип каратаарым.
Бала сүйгөн энедей ыйманымды
Жайнамаздай жайылып жаратаарым.

Илбериңки илебим илип алган,
Сезим сындуу бир күчсүң дили балбан,
Жайы-кышы түшүрбөй ак жонуна
Сүннөт кылып сүйүүмдү кийип алган.

Азабымды алпештеп моюндаган,
Азаматым азапка моюбаган.
Жылаажындуу үн салган тээ бийикте
Жыргалыңды бир өмүр коюндаган.

Басып жүргөн жүрөгүм, өмүрлөшүм,
Мага гана арналган өмүрдөсүң.
Түбөлүккө бир келген коногумдай,
Ар бир күнү кадырлуу төрүмдөсүң.

 

Телефон

Табышмактуу дүйнө бизде калдыбы?
Кайда азыр тээ замандын калдыгы?
Сыры күчтүү, касиеттүү туюмду
Техно дүйнө бизден тартып алдыбы?

Үндөн баштап, үндөр менен кеч кирди.
Көрбөй калдык кебетени, кешпирди.
Телефондор бизге келип калганы
Жан дүйнөбүз сагына элек эч кимди.

Көрө элекпиз, сен карааның үзгөнү.
Беш жыл болду сагынбадык биз сени,
Эртең, анан, азыр деле таап алам
Телефондо номериң бар анткени.

Телефондуу техадамдар билгенге
Күтүлбөгөн күндөн алыс көрпенде,
Үйдө жүрсөм жорук баштап башкача
Күтүүсүздөн курбум кирип келсе эмне.

Көздөрүнөн кусалыктын жашы агып.
Сырын төгүп, кайра баштан жашарып
Сүйлөп берсе дей беремин көзүмө
Телефондон уккам баарын кашайып.

Бир көргөнгө, сыр бөлгөнгө шашылбай,
Санга айланып кетти азыр жакындар
Кээде келип адам сымак жашагым
Телефонсуз, сагынгым бар асылдар.

Көз сүйлөбөй. Көп сүйлөгөн кеп өлүк,
Кел курбулар айласын таап чечелик.
Сагынам мен качан кантип кимиңди
Баарыңарды жүрсөм колго көтөрүп.

 

Адам – асман

– Асман таза

-Койчу, асман кээде кетет түнөрүп,

-Асман күчтүү,

-Калп айтпачы, кээде ыйлап басылбайт го, күүлөнүп.

-Асман көпкөк,

-Көргөм кээде бозоргонун дүйнөсүн.

-Кызык, анда же сеники чындык болуп жүрбөсүн?

-Ооба, чындык, көргөнүмдү айтам да.

-Көргөнүңө таянсаң сен, анда айтканың калп болот.

көргөн көзүң жүрөгүңө ишенгин деп шарт коет.

-Андай эмес,

-Ошондой.

-Кайда анда сен жашырган чындыгың?

-Чындык болот, адам деген туйганына ишенсе.

Эгер сенин көргөн көзүң чындык бул деп түшүнсө,

Не көрбөйсүң,

Асман эмес булут ыйлап жатканын?

Таза, күчтүү, тунук жайды

Сурагы жок мекендешип, көк дүйнөсүн чачканын.

Адамдын да көк асмандай таза, күчтүү дүйнөсү.

Түркүн ойлор, түркүн сөздөр,

Булут сыңар келип, кетип турушат.

Булут сөздөр түнөртүшүп, булут ойлор урушат.

Тышын гана көрө алсаң

дүйнөнүн,

Ал жөнүндө чындыгыңды кыйратат.

 

Кудайдын чөнтөгүндө

Боекко тил бүтүргөн,

Болбоско дил бүтүргөн

Жөн эле ак кепиндей

Чүпүрөк дүнүйөгө сүр бүтүргөн,

Сүрөтчү мен сенин турушундан жашоо алам,

Сен бар үчүн суктануу эмне экенин туюп-билип,

Бу дүйнө сулуу үчүн жашай алам.

Тулку бойду ээлеген обондорчу,?

Турмуштун татаалдыгын

Жепжеңил, жеңил эле көтөрүп ай-асманга

Учурат, күлө карайт

Керемет да.

Сезимдер тааныш анан келе элек да,

Бардыгы кошул ташыл

Бир сени ыйыктыкка алып жөнөйт,

Дегдендеп, делбелектеп

Чуркап бара жаткандай

бийлейсин,

Өз эркинди өзүң түзүк башкара албай.

Чөнтөгүндө өмүр бою жеткидей

Акча бардай.

Жөн жерден кубантасың.

Жөн жерден ыргалтасың

Эх кандай кереметсиң

Музыкантым!

Адамга кандай бакыт жасап бердиң

Жөн эле колго жукпас,

Көз да көргүс

Абадан.

Сен көрөгөч

Муза көрдүң.

Сендей скульптор,

Сендей улуу архитектор

Сендей улуу сүрөтчүлөр

Акындар адам үчүн сүкүт чалган

Жылдыздар – кудайдын чөнтөгүнөн түшүп калган.

 

Бурулуш

Колум кагып, күбүлүп тура калып,

Күнгө тостум денемди суудан алып.

Алдын кайрып, пардасын ачып салдым

Өтүп жаткан күндөрдү будаланып.

 

Кайрылгансып, кайрадан кайдагы элес,

Арууланды бүт дүйнөм жалган эмес.

Көмкөрүлүп көрөңгөм көр тирликке,

Бир дагы бир соо жери калган эмес.

 

Оо сезимим суранам өчө көрбө,

Кечтегимди сөз кылып безе көрбө,

Чечимимдин туурасын тастыктаган

Иле албасмын жарнама көчөлөргө.

 

Бул чечимим сезилээр кусурумдай,

Дилим сезбей тагдырдын бузугун ай,

Өтмүшүмө көз жумдум ишенимдүү

Кучагыңа куланган учурумдай.

 

Качан жүрөк бөлүндү эле денемден

Жарыгым ай, жаш баладай умсунган,

Күлкүң бүгүн төгүлбөстүр ууртуңдан.

Өзөгүмдү өрт каптаган күндө да,

Өзгө жандай муздай тоңмун сыртымдан.

 

Жарык нуруң таап алган күүгүмдө,

Жашоо бербей жалп өчүрдү сүйүү де?

Отко түртүп кеткениме кейирсиң

А мен эбак күлгө айлангам сүйүүмдө.

 

Капа болбо, кайда качмак элем мен,

Качан жүрөк бөлүндү эле денемден.

 

Сен барсың

Мени сенче эч ким чексиз кубантып,

Эч ким дагы кайгырта албай калыптыр.

Кайгыруу да кубануу да сен үчүн

Кол тийбеген, жөн тийбеген жарыктыр.

 

Күтүлбөгөн күндү издеп жок жерден,

Алдыңдан бир чыккым келди кокустан.

Качаарсың ээ, от көзүмдө жайнаган

Арманы күч ак дилимди окуштан.

 

Күтүп жатам, ушул күндүн чыйралган

Эшме жиби кай жак көздөй айланып,

Кай тарапка чимирилет болду экен.

Чыйралтабы, жандырабы белгисиз.

 

Жараткандын жазганына баш иймей

Кайсы жерге кантип колун койду экен…

Кай күн болсун эч бирөөнө бергисиз.

Ал анткени ал күндөрдө сен барсың.

 

Жообу жок түш

Түшүмө кирдиң билбейм,
Түш эмне экөөбүз кездешүүчү жай болдубу.
Бул аалам кенен бирок,
Түштөн башка жер калбай калгансыган.
Бир келсең түш жакка келмек элең.
Бир көрсөм, таттуу түштө көрмөк элем.
Башкача болушу да мүмкүн эмес.

Эх, менин байкуш түшүм өзүмө окшош,
Сени издеп, башканы сүйгөнсүгөн көзүмө окшош.

Өзүм сүйүп, кайра эле өзүм сүйгөн,
Жообу жок сөзүмө окшош.

2014-ж.

 

Коркуп турам

Жүрөктү өрттөп барат сырларыңыз,

А кудай, бул эмине кылганыңыз.

Кочуштап корккон бойдон кармап турам

Төгүлүп кетүүчүдөй жыргалыңыз.

 

Кут болду бир мен үчүн кезигүүбүз,

Бир кылымдык байлыкпыз ээ деги биз.

Аянбай сүйгөндөн да коркуп турам,

Азайып калуучудай сезимибиз.

 

Келбейт ээ миздүү жолдон тайыгыбыз,

Оту улуу махабатта айыбыбыз.

Бул отту козгогондон коркуп турам

Азайып калуучудай жалыныбыз.

 

Эсте мени

Эсте мени, жок дегенде жаман көр,

Кечире албас таарынычтын артында

Кандай гана түбөлүктүү сый жатат.

Ээлик кылып бүтүн акыл-эсиңди

Жалгыз ошол жүрөгүңдү туйлатат.

Билбейм сени, сен эмнеден ыйлайсың?

А мени бир сүйүү эле ыйлатат.

2019-ж.

 

Күүгүмүм

Шорум менин,

Шооласынан күн өлгөн,

Шоокумуңан миң төрөлүп, миң өлгөм.

Кайда катам, кайда сени жашырам?

Кантем мени көмөлөнүп жашыган?

Кайда барам? Кайда, кайда? Басынам…

Билбестирсиң, айрый билип көп элден,

Арманымды, артка кайтпай көгөргөн.

Анткени мен, өтмүшүмдө сени менен бир өлгөм…

 

Күүгүмүм ай, күүгүмүм ай, күүгүмүм,

Кантип гана жетет болдук экенбиз

Кадырына акыреттик сүйүүнүн.

Балким азыр, менден кымбат сага азыр,

Колуңдагы, жаныңдагы буюмуң.

А сен мага,

Айтпай келген улуу муң.

Сени таануу, сени билип асыроо,

Мага кыйын

Жетпейт окшойт билимим.

Ал үчүн мен керек кайра тирилүүм.

Үчүнчү ирет кездешкенде таанырмын,

Кайра келсем катарына тирүүнүн.