Курсан Пакыр Чандеки: Жетилүүнүн белгиси

Жетилүүнүн белгиси

Таланттуу акын Бектуруш Салгаманинин “Сагынып жашайм” аталыштагы китебинин алгачкы бетиндеги ыр “Таяк” деп аталат экен.

“… Жыл бою не келбедим? – деп кадалып,

карайм көздөн жаш, жүрөктөн кан агып.

Былтыр эле өзү басчу шартылдап,

калган экен апам таяк таянып.

 

Көзү нурсуз – карай берчү жолума,

бели ийилип, чөгө түшкөн бою да.

Басса-турса таяк – өбөк, жөлөгү,

минтерлиги келбептир эч оюма.

 

–Мени төрөп, жууп, чоңойткон адамга,

жарым кулач келген ушул таякча

өбөк, жөлөк боло албаймбы? – деп сыздап,

өзүмдү өзүм турам сөгүп, аяп да”.

Ыр – троптун түрлөрү менен шөкөттөлбөгөн. Салттуу формада, салттуу ой жүгүртүүдө өтө кыска жана элестүү окурманды ой тереңине салып, өзүн өзү дил тозогуна түшүрүп, өзүн өзү дил азабынан тазарткан ыр. Ырдагы өзгөчө элестүүлүк, таасирдүү маани биз анчалык көңүл оодара бербеген таякча аркылуу берилет. Бул жерде ырдагы идеялык, тематикалык көркөмдүктүн вертикалдык да, горизонталдык жактан да төп келип, анан чоң философиялык ойдун жаралышына түрткү болуп берген таяк аркылуу элестүү картина жарата алышы – акындын, албетте, талант-шыгы күчтүүлүгүн айгинелейт.

Акындын чыгармачылык арсеналындагы башка темалардын бири катары, керек болсо эң негизгиси – табият, жаратылыш темасын айтар элем. Мисал иретинде белгилүү сынчы Советбек Байгазиев кепке алган “Августтун аягы” деген ырын келтирейин:

 

“Булуттар – оор. Күн бүркөк.

Ширеден кол жууп түркүн чөп,

Шакектей түйүп пырларды,

Куюндар ойнойт сүлкүлдөп.

 

Көлөкө түшкөн кыялар –

Соргучка тамган сыялар.

Торолткон кушун сагынат

Топудай бопбош уялар.

 

Негрдей кара, капкара

Асылган булут аскага.

Ак жаан болуп кетишке

Жеталбай турат аз гана.

 

Адыр, түз, аңыз – сапсары,

Сапсары – барик, бак дагы.

…Жансоога сурайт жашыл түс,

Жакалай чуркап дайраны”.

Акындын табышкөй интуициясы, күчтүү фантазиясы аркылуу жаралган, табияттын кармалбас учурларын өтө мыкты чагылдырган бул ыры туурасында С.Байгазиев: “Кыргыз поэзиясында жаратылышка арналган далай эле ырлар бар. Бектуруштун бул ыры алардан аттын кашкасындай айырмаланып турат. Караңыздарчы, Бектуруш кандай сонун пейзажды тартып таштаган. Көз алдыбызга тирүү элестер келип турат. Ырдын тулкусу жакшынакай уйкаштар, образдуу салыштыруулар, жугумдуу метафоралар, таасирдүү боёктор, туюнтмалар менен шөкөттөлгөн. Ушундай ийкемдүү, көркөм каражаттардын күчү менен күз босогосунун жандуу сүрөтү жаралып чыга келген…

Кыскасын айтканда, Бектуруш Салгаманинин бул пейзаждык ыры ар кандай поэтикалык хрестоматиялардын жана антологиялардын беттерин кооздой турган поэзия табылгасы дээр элем…” – деп, өтө ачык, адилеттүү пикирин айткан.

Акындын пейзаждык лирикаларында табият, мезгил, алардын өң-түстөрү сезимталдык менен чагылдырылат. Мындагы сезимталдуулук – табияттын, курчап турган айлананын көрүнүштөрүн, кайталангыс ирмемдерин көрө алуу, алардын кубулуусундагы купуя күчтөрдү, сыр, шоораттарды адам баласынын жашоо-турмушуна үндөш, маанайлаш, тагдырлаш мүнөздө берүү менен биздин психологиялык абалыбызга тереңдеп киргендиги катары каралышы керек.

Эгерде сөз менен табияттын кайсы бир көрүнүшү дал өзүндөй сүрөттөлсө, анда ал картина ар кандай адамга суктануу сезимин жаратат. Пейзаждык картинаны жаратууда акын метафоралык табылгаларга өзгөчө бай экендиги таасын көрүнөт жана ал табылгалар сезимталдуулук менен чеберчиликтин ийкемдүү айкашуусунан улам нукура поэтикалык абалга көтөрүлөт. “Күүгүм” аттуу ырын мисалга тарткым келет:

“Сүйөнө албай бирөөнө сөксөөлдөрдүн,

селтеңдейт жел бетинде бөксө дөңдүн.

Жалбаң канат жарганат ойкуп-кайкыйт,

Жай келатат төшөктү көксөгөн түн.

 

Ак көйнөк ай жашынып алып зоого,

ак маңдайы жаркырап шыкалоодо.

Ай нурунда агарат ичке чыйыр,

артып койгон бакандай бирөө тоого.

 

Мечитине баратат намазга чал.

Мечит жандап үңкүйөт бүкүрү тал.

Кай жаккадыр ашыккан машиналар,

каректерин чакчайтат үкү сымал.

 

Ат туягын боёгон гүлдүү айдың,

арууланат астында үнсүз айдын.

Үзбөйт көңүл обонун мезгил – кербен,

үлпүлдөтүп жарыгын жылдыздардын”.

 

Ырдагы “селтеңдеген жел” – күтүлбөгөн, ойдо жок жандуулук, окурманды катмарлуу ойлорго жетелөөчү күчтүү метафора, сезимге али аян бололек табияттын ички бир элеси, обону, ички сыры, бар дүйнөсү. Зоолордон “ак маңдайы жаркырап шыкаалаган ак көйнөк ай, кайталайм, жөнөкөй ай эмес, ак көйнөк ай, мечитке бараткан чал, мечит жанындагы картайган бүкүрү тал” мезгил менен турмуштун ажырагыс, бир бүтүн көркөм панорамасы. Ошондой эле “ат туягын боёгон гүлдүү айдың” метафорасы – акындын жаратмандык, өзгөчө интуативдик көрөгөчтүгүн, сезгичтигин тастыктай алат. “Үлпүлдөтүп жылдыздардын жарыгын” – бул сулуулук, улуулук. Акындын пейзаждык лирикаларындагы метафоралар кыялыңды улам алга жетелеген ойчул, күтүлбөгөн жаңырыктарга бай, ошол эле учурда ал метафоралар табияттын чеги жок сулуулугунун миң бир түркүн көрүнүштөрүн жаңылап көз алдыга тартып, ачып келүү менен бирге философиялык ойлорду жаратат.

“…Поэзия менен философия бири-биринен четтебестен, бирин бири күчтөнтүү, кубаттоо үчүн тынымсыз кол сунушат, ал түгүл кээ бир учурларда алар бири-бири менен өтө тыгыз аралашып кетишкендиктен, философиялык айрым чыгармаларды эң оболу поэтикалык, ал эми поэзияга эгедер чыгармаларды философиялык деп айтабыз” – деп В.Белинский белгилегендей, Бектуруш Салгаманинин пейзаждык ырларында тирүүчүлүккө, жашоого, улам алдыга умтулууга эриш-аркак байланышта чакырган философиялык ойлор айтылат.

Сөзгө алынып жаткан “Сагынып жашайм” (2014-жыл) жыйнагында акындын көп жылдардан бери жазып келаткан, окурман журтуна жакшы таанылып калган “Алтын арман” аттуу поэмасынан үзүндүлөр да киргизилген, тагыраагы, 61 ыр кирген экен. Теориялык аныктамага ылайык, поэма деген белгилүү бир сюжеттик тутуму бар эпикалык чыгарма. Бирдиктүү бир линиядагы окуялардын, баяндардын, сезим-туйгулардын тизмегинен куралат.

Акындын Алтын аттуу кызга багышталып жазылып келаткан, айтылып жүргөндөй саны 1000ден ашык ырдан турган бул поэмасында сүйүү, махабатты даңктоо, даңазалоо башкы тилкеге чыгат. Дүйнөлүк поэзиядагы классикалык үлгүлөрдү улоо, алдыга жылдыруу башкы максаты экендиги байкалып турат. Айталы, Дантенин Биатриччесин, Хатуллдун Лесбиясын, Махмуддун Мариямын, Петрарканын Лаурасын даңазалагандай, Бектуруш дагы тун сүйүүсүн чоң эргүү менен ырга айландырган. Азыр ошол “Алтын арман” поэмасынан бир мисал келтирели:

“Үстүн муз баскан дайра – аппак.

Үңкүйгөн аска, жарлар да ак.

Жылдыздай агат бир түлкү,

жылганы бойлоп капталдап.

 

Өзүндөй кара күйүттүн,

өйүздөгү үйдөн түтүндүн

чыкканын тиктеп, суук эмес,

жигит чакты эстеп үшүймүн.

 

Калтырып далай чакырым,

көк бойлойт булут акырын.

Бул булут мендей болбостон,

барабы издеп асылын?

 

Барбадым. Барсам кайрылбайт.

Бал даамдуу сөздөр айтылбайт…

…Карышкыр көргөн кой өңдүү,

калчылдайт аяз, калчылдайт.

 

Оюма жүрөм көп салып,

отуз жыл селдей өттү агып.

Отурат азыр сүйгөнүм,

өңгө бир үйдө от жагып…”

Көрүнүп, сезилип тургандай, демек, поэмада бири-бири менен кошулбай калган эки ашыктын арзуу, сүйүүлөрү элегиялык маанайда ырга салынат да, жер бетинде күн кечирип жүрүп, сүйүү деген дартка кабылгандардын кимисине болбосун жагып, өткөн өмүрлөрүн эстерине түшүрөт экен.

Айта кетүү керек, акын бул поэмасында көптөгөн ийгиликтерге жетишкени менен арзуу лирикасын жазууда ал өзүн өзү кайталоолорго, поэтикалык ойлордун бошоң тартышына жол берген учурлары бар.

Бектуруш Салгамани жөн эле жаза бергендердин тобуна кирбейт. Анын аталган китебин поэтикалык ойлорду түшүнүү үчүн, аларды ой элегинен өткөрүп талдай билиш үчүн окуш керек. Анткендиги “Сагынып жашайм” жыйнагы соңку учурлардагы кыргыз поэзиясынын бийиктигин көрсөтө алуу менен бирге, кыргыз адабиятында азыркы кезде мыкты китептердин, ырлардын жаралып жаткандыгын, өсүш жолунда бараткан акындардын арабызда бар экендигин далилдей алат деп ишеним артууга толук негиз бар.

Иштеген адам арийне, жаңылат. Ийгилик бар жерде сөзсүз кемчилик-кенемтелер кетпей койбойт. Бектуруш Салгаманинин бул китебинде да баары бир чала, чийки иштелип калган же карандай акылга, эмоцияга алдырып ийип жазган ыр, куплет, саптар албетте бар. Бирок алар “Сагынып жашаймдын” беделин түшүрө албайт. Ошондой болгон чакта да акын кийинки китептеринде, чыгармачылыгында андай кемчиликтерди кетирбешке, жоюшка аракет кылышы жөндүү.

Жакшылыкты, сулуулукту, улуулукту, бакытты, өмүрдү, жеңишти жерден изде, алардын бардыгы жерде. Бизди дилгирленткен, калем алдырып, оюбузду билдиргенге ашыктырган Бектуруш Салгаманинин ырлары өлбөстүккө жетелейт, окуган сайын окугуңду келтирет. Ошондой ырлардын бири “Кыш” деп аталат. Окуп көрөлү:

“Тү” деген түкүрүктү кылып түймө,

кылчылдап жүрөт кызыл мурун чилде.

Жылмаят он сегизге толгон кыздай,

жалтырак, кир, чаңы жок тунук дүйнө”.

Ыр ушинтип жай жана поэзияын керемет күчү аркылуу мезгил сүрөтүн көз алдыга келтирүү аркылуу башталат да, анан ал реалдуу турмуш менен эриш-аркак сүрөттөлөт:

“Жымжырттык “тарс” жарылып кетчү өңдөнөт,

Жылгада – сарай, зат жок андан бөлөк.

Какшыган жөтөлүндөй абышканын,

күрсүлдөйт короодо бир картаң дөбөт.

 

Балдар. Дөң. Чана бирден улам “зуу” дейт,

жашоонун баркын али булар билбейт.

Кырчын кез кыярганын мазак кылып,

кыраңда кызыл көйнөк кыял бийлейт.

 

…Канаты капилеттен сынган куштай,

аппак куш – апакай кыш сыздайт учпай.

Жалтырак, кир, чаңы жок таза дүйнө

жылмаят он сегизге толгон кыздай!”

Байкаган чыгарсыз, адам турмушу менен табият кубулушунун эриш-аркак берилиши кышкы дүйнөнүн өзүнчө жана өзгөчө көрүнүшүн көз алдыга так жана элестүү алып келет. Айтор, Бектуруш Салгаманинин “Сагынып жашайм” жыйнагы акындын өз алдынчалыгын, чеберчилик жактан жетилгендигин ар тараптан ачык айкындап турган ырлардан тургандыгына толук ишеним артууга болот.