Жазуучу Бекбай Алыкулов каза болду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Жазуучу Бекбай Алыкулов 84 жаш курагында каза болду.

Жазуучу жана журналист Бекбай Алыкулов – Жайыл районунун Сары-Булак айылында 1937-жылдын 15-сентябрында туулган. 1955-жылы Сары-Булак орто мектебин бүтүргөндөн кийин үч жыл Ленин атындагы колхоздо чабан болуп иштеген. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын «Билим» коомунда методист болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң 1965–1967-жж. Кыргызстан керек-жарак союзунда китеп-соодалоо бөлүмүнүн товар боюнча улук адиси, 1967–1983-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде атайын кабарчы, «Кыргызстан» басмасынын көркөм котормо бөлүмүнүн башчысы, 1988-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор, «Кыргызкабар» агенттигинде редактор, 1990-жылы «Кыргызстан» басмасынын көркөм котормо бөлүмүндө улук редактор, Чүй облустук «Чүй баяны» гезитинин маданият бөлүмүнүн башчысы, республикалык «Кыргыз Туусу» гезитинин маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Алгачкы «Фонарь» деген аңгемеси 1957-жылы «Жаш ленинчи» журналына жарыяланган. Ошондон баштап аңгеме-очерктери мезгилдүү басма сөз беттеринде жарыялана баштаган. “Турмуш жолу” документалдуу повесть (1972), “Ак куулар кайтып келатат” аңгеме, повесть (1981), “Балалык менен кездешүү” повесть (1984) ж.б. китептердин автору.

1970-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер жана 2006-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

1974-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам алган.

Жазуучу Бекбай Алыкуловдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КРУЖС Башкармалыгы