Түмөнбай Колдошов: 1980-90-жылдардагы Айгүл Узакованын поэтикалык изденүүлөрү

1980-90-жылдардагы Айгүл Узакованын поэтикалык изденүүлөрү

Искусствонун бардык тармагында өз мезгилинде “көзгө урунбай”, далдоо жерде же кайсы бир чоң таланттын көлөкөсүндө калып кеткен жаратмандар көп кездешет. Андай талант ээлери “өз учурун”, “мезгилин” күтүп жашайт, алардын “заманы” келгенде өздөрү жок болушат… Атак-даңкка жетип, бирок ырлары элге жетпеген канчалар жүрөт… Публикага чыкпай, мен дебей эле ырлары менен элдин жүрөгүн багындырган акындар бар. Айгүл Узакова экинчи топко кирген акындардын өкүлү, ал көлдөй терең, Ала-Тоодой бийик сезимдери менен жашап өттү. Жазганын милдет кылбай, ашкерелебей, жупуну жашоосу, акындык кыялы менен жашады. Ар ким өз тагдырынын королу! Өзү кандай кааласа ошондой жашайт, билгениндей жазат.

Кыргыз поэзиясынын горизонтун кеңейтип, сезимдерин лирика аркылуу ачыкка чыгарган кыздар поэзиясында акын Айгүл Узакованын ысымы сыймыктуу аталат. Ал поэзияга баш баккан күндөн тартып, көзү өткөнгө чейин анча-мынча интервью бергени, азыраак макалалардын жазылганы болбосо, акындын жан дүйнөсүн оодарып, поэзиясындагы табылгаларына, изденүүлөрүнө адабий баа берилбеген. Акындын калтырып кеткен руханий мурасын изилдөө, ага илимий көз карашта системалуу изилдөө жасоо мезгили келди деп ойлойм. А.Узакова башкалар сыяктуу үйрөнчүк мезгилди башынан өткөрүп, акындык үнүн, өздүк стилин тапкан акын. Аз жазып, аз жашап, поэзия күйөрмандарынын сезимине жылуулук тартуулаган керемет ырларды калтырып кетти.

Биз анын 1980-жылы жарык көргөн “Жылдыздуу күз” аттуу лирикалык китебине кирген сүйүү элегиялары жөнүндө сөз кылалы. Чакан жыйнак “Эңсөө”, “Сен жана жаз”, “Сиз жана күз” аттуу циклдерден туруп, бир нече элегиялар орун алган. Циклдердин аталышынын өзү окурманга чакырык жасап, ырлардын ички мазмунунан кабар берип турат. Ырлардын ар бир сабынан автордун дээриндеги сөзүн, тунук кыялын, дирилдеген назик сезимин, уяң, тартынчаак мүнөзүн көрүүгө болот. Рудаки: “Мен жүрөгүмдү ыр казынасына айландырып таштадым” – деп айткандай, Айгүл Узакованын да өмүрү ырга айланып кеткендей таасир калтырат. Анда сөз “Сен жана жаз” деген циклдагы “Мен эми кыял баскан күздү күтөм” аттуу элегия жөнүндө болсун.

Таштап коюп намыстын улуулугун,

Таштап коюп үйүмдүн жылуулугун.

Безип жаткан сен жакка санаа менен,

Безилдетип ырдаткан улуу бу күн.

 

Жакынсынып досторум тилдесе да,

Шагым сынып көңүлүм кирдесе да.

Сага деген сезим бар мен таналбас,

Аны чындап жүрөгүң сезбесе да.

Лирикалык каарман уят деп басып кетпей, бүтпөс санаага салган сүйүктүүсүнө “намыстын улуулугун”, “үйүнүн жылуулугун” таштап, досторунун тилдегенине, көңүлүнүн кирдегенине карабай “тана албаган бир сезим” үчүн жашап калганын айтат. Ырдын кийинки куплетинде өзү тараптан кеткен каталыкты эстеп, тагдырга болгон таарынычын билдирип, жактырган адамын унуталбай жатканы байкалат. Кайсы бир күндөрдө чеги жок жыргаганын, эртеси кызганычтан ыйлаганын, сүйүктүүсү үчүн “Мен сага кыянаттык кылбас үчүн, кезинде баарын таштап күйүп кеткем”, – дейт. Акындын бул саптарынан бирөөнү алдабаган, түз жүргөн, жүрөгүндө кири жок адам экени көрүнөт.

Жолуңдан жолукпаска экинчи ирет,

Мен бүгүн баарын сага айтып бүткөм.

Жаркыган шаңдуу жазды сага таштап,

Мен эми кыял баскан күздү күтөм.

Сүйгөн адамга болгон сагыныч, үмүткө жетеленген өмүр саргайган күзгө окшойт. Күбүлгөн жалбырактарды, мостойгон дарактардын абалын өзү менен салыштырып, муңайым улутунуп, жалгыздыктан буулугуп, өпкөсү көөп шолоктойт. Ар бир жолуккан адамды сүйгөнүнө окшоткусу келет, бакытты, жыргал жашоону күткөн адамы алып келчүдөй сезиле берет. Анын кайрылбашын билет, бирок куру үмүткө жетеленип, күтүү менен кеч кирет да, таң атат. Супсуну сууп, күтүүдөн чарчаганда өксүп ыйлайт, зарлайт, жек көрүп, экинчи ирет аны менен жолукпаска өзүнө-өзү убада берет, көңүлү жалгыздыкты көксөйт. Кыялында күз жадыраган жаш кызга айланса, өзү тескерисинче күтүүдөн саргайып, бутак-шагы жылаңачтанган, кеч күздүн кейпин киет.

Акын Айгүл Узакованын “Сиз жана күз” аттуу циклындагы “Жаз жөнүндө көбүрөөк жаз дейсиз да” аттуу элегиясы жогорудагы “кыял баскан күздү күткөн” лирикалык каармандын муңдуу ырынын уландысы, дагы бир махабат сезимдеринен жаралган муңдуу кайрыгы десек болот.

Жаз жөнүндө көбүрөөк жаз дейсиз да,

Көзүңүзгө күз түнөп муңайымсыз.

Сизден сергек өңдөнүп турсам керек,

Жаз мүнөздүү жан окшоп убайымсыз.

 

Көңүл күзгө таяры шексиз десем,

Сиздин ойлуу көзүңүз себеп эмес.

Жаз алдында түшкө көп кирчү болду,

Мен качандыр жактырчу күздөгү элес.

Акын арзыган адамынын “жаз жөнүндө көбүрөөк жаз” деген сунушуна макул болуп жазайын дейт, бирок анын көздөрүндөгү үмүтсүздүктү көрүп, көңүлү чөгөт. Өзүн канчалык сергек алып жүрөйүн деген менен анын сумсайганы күз сыяктанып убайымдуу. Ал реалдуу картинаны тартуу үчүн күздөгү саргайган жалбырак, буулуккан сезим, муңайымдуу көздөр, сагыныч, эңсөө жөнүндө жазууга мажбур. Акындар сезим туюмундагы чындыкты көркөм образдар аркылуу гана чагылдырат, поэзиянын күчү ошондо жатат.

Ал жөнүндө сизге көп баяндармын,

Таң эртеңден жөнөтчү каттарымда.

Өрүкзарга көзүңүз көп чачырап,

Жаз келишин каалапсыз кабагыма.

Жашоодо ар дайым ойлогон нерсе боло бербестиги, жашоонун да күңгөй-тескейи болору ыр саптарында айтылат. Бир мезгилдеги күйүп-жануудан соолуккандай, токтоо тартып, эртеңи жок сүйүүбүзгө чекит коелу, мага жакын сезилген кубанычтар, сагыныч сезимдери эми өзгөлөргө буйруган окшойт деген тыянака келет. Бул айласыздан чыгарылган жыйынтык болчу, канткен менен жылуу сезимдин оту өчө элек, аруу сүйүүнү мезгил өтсө унутармын деген бүдөмүк ой көкүрөктө турат. Жоготуудан коркуп, коштошууга кол сунууга батынбай, жакын адамынын чечкиндүү сөзүн күтөт, анын көзүн кароодон айбыгат.

Мен кандайдыр укчу элем жумшак күүнү,

Мезгил менен жетилип аздыр-көптүр.

Көп кечигип, бирок да сезип калдым

Жалаң жаздан турбасын асыл өмүр.

 

Гүлдүү жерден узатып чыксам дагы,

Жолуңузга гүлдесте үзө албаймын.

Мага жакын сезилген кубанычтан

Көп айбыгып… негедир ушундаймын.

Айгул Узакованын ырларынан назиктикти, пакизалыкты, сүйүүгө болгон ыйык мамилени, боёолукту көрөбүз. Ырларга баштан аяк көз жүгүрткөн окурман сүйүүгө кабылган адамдын тагдырын, анын сезиминдеги толгонууларына ортоктош болот. Акындын ырларында өпкө-жүрөгүн чапкан оолуккан сезимдер жокко эсе, бой салып, акыл токтоткон токтоолук бар. Сезимге бийлетип, бейжай кыйкырып, обу-жок чалчаңдоонун ордуна турмушту олуттуу карап, ак-карасын калчап жазган. Бир көрүп сүйүп калган, келди-кетти сезимдерге азгырылбай, өз тагдырына кирип, жашоосунун маңызына айланган адамына арналган арзуу ырын ырдайт. Жетпей калган сүйүү ушундай элегияларды жазууга себеп болуп, унутууга таптакыр мүмкүн эмес экенин ырастап отурат. Сүйүү лаззатын татып көрбөгөн адам махабатты түшүнбөйт, ал жөн эле көңүл сыртындагы сезим деп кабылдашы мүмкүн, а чынында сүйүү деген түбөлүк таркабас сагынычка ороп, идеалдуу сүйүү султанына айландыруусу мүмкүн.

Акындын “Жылдыздуу күз” аттуу ырлар жыйнагындагы “Эңсөө”, “Сен жана жаз”, “Сиз жана күз” деген циклдарындагы элегиялар баш-аяктуу бир бүтүн чыгарма экени көрүнүп турат. Ошондуктан биз чакан китептеги ырларга жалпы обзор жасабай, конкреттүү эки ыры жөнүндө сөз кылууну туура көрдүк. Ушул сөз болгон эки ыр менен Айгүл Узакованын акындык дараметин, талантынын күчүн көрүүгө аракеттендик. В.Белинский “Поэзияны түшүндүрүүгө болбос, аны окуп гана ырахаттануу керек!” деген, аның сыңары, акындын сүйүү ырлары окурмандарына ырахат тартуулап, өз тагдырына эгедер болуп, жашай берет.

Айгүл Узакова токтоо мүнөз элегиялары менен сүйүүнү булбулдай тил безеп сайрап, махабаттын улуулугуна баш ийип, өмүрдүн ширин учурларын эске салат. Жакын адамын сагынганда, кусалык жүрөгүн эзгенде “Узатпайм каркыраны сапарына, сени издеп бара жаткан мага окшотуп”, “Ыр жазбайм сен жөнүндө” деп ачууланат. Көп өтпөй кайра кечирип, уктап калса айрылчудай кабатырланып, “уктатпачы мени жазгы жаан” деп жалбарат. Акын ойго салган элегиялары менен кыргыз поэзиясындагы сапарын, экинчи өмүрүн дагы узак жылдар улантарына ишенебиз. Анын терең сезимдүү ырлары мезгил сынынан өтүп, өз аудиториясын кеңейтип, жыл өткөн сайын жашарып, өң-түсү өзгөрбөй, улуттук адабиятыбызга өз үлүшүн кошо берет.

 

Түмөнбай Колдошов,

ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору,

ф.и.к., доцент