Табылды Муканов: Акындын бош болгону – жок болгону!

Таланттуу акын, маркум Табылды Мукановдун “Автограф” китеби окурмандардын китеп текчелеринен орун алууда. Китептин редактору жана баш сөзүн жазган жазуучу, журналист Данияр Исанов жазуучулар союзуна келип биздин китеп текчебизди дагы бир мыкты китеп менен толуктап кетти. Жаңы китептеги ырлардан окурмандарга сунуштайбыз.

Ок

(Баллада)

– Ооба, баары эсимде…

– Нелер, аба? – суроо бердим

капыстан.

Ал шинелдин чөнтөгүнө кол салып,

Алып чыкты жалгыз окту көгөргөн:

– Уккун анда!

Өрт чыккан кез Батыштан…

… Ажал бүрккөн чоочун танктар

бырыш салып жер бетине,

терден бүткөн буудайларды,

моло таштай былчыратып келатты.

Октор улуп, кыркып жатты даракты –

жерге бүткөн канатты.

Ак мамадан сүт шopгoлоп,

От жүрөктөн кан акты…

Ыргыта тээп кан такалуу өтүктөр…

о, не деген ак жолдорду булгады…

Сүйүү онтоп…

Үркүп кетти кыялдар…

Бирок жаштык курч көздөрүн

жумбады

Мен ошондо…

Кайраттандым качырап ак камыштай,

Уялады залкар намыс сезимди.

(Жүзүмдөй кош каректерди ый

жарып…)

Ок чарпыган тарамыштар чыйралып!

жарылган снаряддар бет алдыга

пайда кылып кырчын талдар элесин…

Кулак тунат…

Канча жоокер жан берди?

Бек кучактап туулган жердин денесин.

Ошончо танк күйүп жатат бачырап!

Мен ыргыттым гранатты бирине

Көздөрүмдөн жек көрүүнүн

учкундары чачырап.

Дүрт дей түштү… кочкул түтүн…

Гусеница чимирилип ордунда,

Анан анын люктары ачылат…

Зоболомо түшүрчүдөй түндөрдү,

Суук каскалар ичиркентип күн нурун,

Кош аяктар каптап келет.

Коргошундар чалгыдай чаап гүлдөрдү.

Бетке кармап, беш атарды бел тутуп,

Мен унуткам күлгөндү.

Бирок азыр чагылгандай чартылдап,

Коштоп барам “Ураалаган” үндөрдү:

“Алга, достор!…”

Капысынан оң мүрүм

сыздай түшүп,

Аба жетпей каректи

туман каптап:

“Күн тутулуп чыктыбы?”

Бир нерсеге…

мүдүрүлүп жыгылдым.

Ташка тийип беш атардын штыгы.

О! Көзүмдө келе жатат жаш кечип,

Ыйык апам канаттары шалдайган.

Сагынычтын ызгаарына умтулуп

Мээрман жүзү жалбырактай

саргайган.

Ал күбүрөйт: “Тургун, уулум. Душман

көп,

Ок атпасаң жеңилмекчи ал кайдан!”

О! көзүмдө келе жатат гүл терип

Сүйгөн жарым өңү оңгон жоолуктай.

“Сактап жүрөм,– кулагыма

шыбырайт –

Сага деген гүлдестемди соолутпай”.

Маңдай сылап анын сүйкүм элеси,

Таңып жатты жаратымды оорутпай…

Көзүмдү ачтым: коркунучтуу

жымжырттык…

Калыптыр сөлөкөтү айылдардын,

Канкордун канатымды

кайрыганды

Танктары түтүн кулгуп…

Күн чыйкандай…

Самсаалап бариктери кайыңдардын.

Шылынып жоош Күндүн күлкүлөрү.

Капыстан снаряддар күркүрөдү…

Узанып токтоо жүрөк “барскандай”

Обдулуп тура калдым…

Тээ алыста

Бир караан кумурскадай

чымын-куюн,

Көзүмдү өйкөп келет, өйкөп келет.

Негедир муздай түштү…

Мындай кезде

Мылтыкты октой коюп көнсөк керек,

Аңтарсам дары жыттуу шинелимди,

Калыптыр жалгыз огум чөнтөгүмдө.

Заматта көздөрүмө толо түштү

Ал караан –

Жаш немец… Өрт өңүндө!

Койгулап өзүн башка боздоп келет,

Ачуу жаштын тагы калып

Улуу жердин көк чөбүндө.

“Токтогун!” –

Мээлеп турдум… Аталбадым – адам да!

Же ал зоонун кийигиби?

Түкүрдүм жамалына, жанган барып.

Жаш жууган кирпиктерин ирмеп алып,

Сүрүмдөн кол көтөрүп тура калды.

Акмак да! Ал адамдын бийигиби?

Ыргытып спирт толгон флягасын,

Ал жулуп погондорун таштап жатты.

Каскасын баштан алып жапшыра

тээп,

Керилип автоматын ташка чапты.

“Атты экен айыбы жок канча

жашты?”

Адамдык ар-намысым алоолоно,

Аны мен чапкым келип эки жаакка…

Ал шордуу сендиректеп жан соогалайт,

Атпадым.

Кечир, Мекен!

Кечир, aпa!

Чөгөлөп, карт ингендей боздогонун?

Батышка чыгыш жели коштоп кетти.

Оолактап, кручокту басарымда,

Көздөрү көк асманга окшоп кетти…

Тыпылдап жең учунан ысык каным,

Кыпкызыл шурулардай.

Коргошун күйүп турду алаканда…

О, Күндүн нуру кандай!

Мени тартып тургузду

Ак жашоого жүткүнтүп.

Күн жоодурайт табигатка, адамга

түгөнбөгөн күч бүркүп.

Ошондон бери сакталып.

Бул ок чөнтөктө жүрөт так салып.

Жоокерлердин сүрөттөрүн саргайтып,

Канча күндөр өттү кирпик ирмемде.

Ошондо мен атпай койгон ал адам?

Ушул октой жүрсө керек бир жерде…

 

Эне

Келет ал кенен жолдо учу-кыйырсыз,

жемиштей салмактанып

чандаят курсагы анын.

Не деген сепкил баскан нур жамалын?!

Уулу ыйлайт: “Алма жейм”,– деп,

тамандан чаңы чыккан,

Кызы ыйлайт: “Сүт ичем”,– деп,

эмчектен жаңы чыккан.

 

Баары сага эле жол бошотот,

Кылышып колун желек,

баары аны чакырышат… орун берет,

калдыркан кармап берет баласы анан,

гүл үзүп берет кызы седептердей.

Курсакта тыбырчылайт да бир өмүр,

уул, кызын бир жыттоого кезек бербей.

 

Эне жүзү

(Жамый эжеге арналган)

Энемдин жүзүндө бар

тоолордун сүрөттөрү ойку-кайкы

жана да ойдологон чагылгандар…

Көлдөрдүн толкундары санат жеткис,

жылгалар салаа-салаа,

айдоолор тарам-тарам,

миң-сан жол кыйма-чийме кесилишкен

энемдин жүзүндө бар.

Мен анын жүзүн сүйөм туулган жердей!

 

Чач тарач кыздын аңгемеси

“Болсоң болчу директору заводдун,

Же сот болгун”, – дечү энем,

Элестетип чоң шаарды

жайнап турчу бешенем.

 

Сот болбодум. Директор да болбодум,

“Чач тарач бол!” – деп турмуш

сунду ийкемдүү колдорун.

Билбейм кантип алганымды машинкасын,

устарасын, тарагын

атырларын, халатын

өңүнө окшош санаанын.

Келет соттор сеңселтишип чачтарын,

Сакалдарын түктөйтүп.

Манжаларым, боржоктогон ак самын

кытыгылайт сезимдерин,

көздөрүңдө күлкү ойноп

элестеткен куду кыргыз асманын.

Кээ бирөөнүн жаш туруп

окшоп калган чачы карга, булутка,

оңой бекен адамдын оор тагдырын

айландыруу ырыска!

Шарт токтотуп машинасын

директорлор чуркап келет күшүлдөп:

– Бети-башты чычырканак өңдөнтпөй,

кызым, бол, тез бүтүр! – деп.

Мен аларды койкойтуп

чогулушка узатам.

Айлыбызда бир чач тарач жок эле –

улам эске кылт дей түшөт өз атам.

Кээде чачын алдырчу эле энеме,

көргөндөр бүт күлүшчү.

– Кантип чыдайм, – дечү энем

түгөнгүрдүн төбөсү

окшоп турса шыбалбаган үй үстү?!

 

… Биздин кыздар кызык ай,

бардыгы эле чоң болуп

жерге түшпөй, көктө учуп жүргүлөрү келишет,

чач тарачтык, ашпозчулук кесипке

кол шилтешет, билдиришпей деги шек.

Уялгандан миңге бөлүп өзүмдү

миң чач тарач болуп кетким келет. Эх!

“Эртең, эртең” дей беребиз качанга?

Керек болсо бүгүнкү күн – келечек!

Чач тарачтан, ашканадан көрө албай

кетет мейман ала-тоолук бийкечтердин колдорун.

Ашпозчусуз, чач тарачсыз курусун

академик, профессор болгонуң!..

 

Атчан кыз

Капталдай чуркап баратам

каректи сага топчулап.

Жалындай чөпкө жел тийсе

жалт берип атың кошкурат.

 

Кызыл кан качып жүзүмдөн,

кыйла күн жүрөк буулуккан.

Карагер атың кант берсем

карматар бекен суулуктан?

 

Этегиң желде. Илинүү.

Жыланбоор камчың салааңда.

Кекилик болуп ким чуркап

келатат экен санааңда…

 

Күтүү

Отурамын бул ааламды

көздөрүмө чеңгелдетип:

дүйнө жымжырт, дүйнө кымгуут

эрлер келип, эрлер кетип.

Алар мага ыр ыргытат,

тосуп алам, ыр ыргытат,

купул толбой улутунуп

өткүр көзүн кылым кысат.

Досум, сени күтүүдөмүн,

Көз жардыңбы? Эр жеттиңби?

Же буйдалып… орто жолдон

арча бешик терметтиңби?

Же дуулдап досум али

жүрбөс жерде жүрөсүңбү?

Болуп өзүң чоочун дүйнө

алсам ээ деп бир өзүмдү?

Досум, сени күтүүдөмүн,

билгин өмүр – чылым чегим,

мейлиң, бир аз кечигип кел,

жазсаң болду кылым черин!

Отурамын бул турмушту

жүрөгүмө чеңгелдетип:

дүйнө тымтырс, дүйнө кымгуут

эрлер келип, эрлер кетип.

 

Сүйүү метафоралары

I

Бир туруп мен көз жарган тоонун карын –

бурганакты,

бир туруп “сүйөм” делген

бир сөз келген

апакай бир баракты,

бир туруп ак шейшепти

түнөгөн оронушуп ууз сүйүүлөр алгач ирет,

бир туруп алоо отту

жалтанбас эр көкүрөк,

Бир туруп ээ-жаа бербей аткан таңды

элестетет ак халатың, дарыгер кыз,

дүргүтүп тамырларда

момурап жаткан канды.

Делбиреп, ак калдыркан сыяктанып

тургансыйт халатың бүт пейли кара

жандарды уяткарып.

Халатың көз тайгылтып акак мисал,

кант мисал,

каймак мисал тамшандырып…

Аны мен жашап келем дарыгер кыз,

ажалдын огу өтпөгөн калкан кылып!

 

II

Сен мага күркүрөтүп

багыңдын мөмөлөрүн төгүп салдың.

– Базарга сатпайм,– дедиң –

ансыз да качты көркү өрүкзардын,

алмазардын,

жүзүмзардын.

– Билесиңби? – дедиң сен анан дагы

буруп мага

жаш толгон көздөрүндү шамалдагы,

– Күбүлдүм так эле ошол өрүкзардай,

алмазардай,

жүзүмзардай,

мобереги алмуруттардай

мөлтүрөгөн ойлорум дүйүм калбай.

 

Колумду калтаарыган

ийиниңе койдум дагы

көрдүм мен мончокторду,

күбүлгөн жүзүмдөрдү,

көрдүм мен көөдөнүңдөн

топ эткен алмаларды,

эриниңди – өрүктү элжиреген… –

Бакчаңдын көркү бүтүн

өзүңө күбүлгөнүн!

 

III

Аны сен сүйгөн чакта эң курч эле,

тимеле Хан-Теңири, Эльбурс эле,

дарыя эле эни кенен,

деңиз эле –

күркүрөп жерге сыйбай,

күн менен эгиз эле,

кен эле абдан сейрек… эл издеген

сен аны сүйгөн чакта.

Эмичи? Дүйнөң башка…

Дөбөдөй басырылып, басырылып,

жыбылжыган булакка, чөөткө айланды

турбастан сапырылып.

 

IV

Өрт коюп делебеге

төрт кызыл гүл –

төрт чагылган

турчу эле терезеде.

А бүгүн калды алардын жалп-жалп өчүп

чок мисал жанып турчу таажылары.

Болбоду суу да шыпаа, кант да шыпаа…

Каякта калды экен тамырлары?

Каякта калды экен байкуштардын

абасы, күнү, суусу

топосу кара көңдүү.

…А сүйүү тургай эле

соолубай алар өңдүү…

 

Сизди мен сүйөр элем…

Сизди мен сүйөр элем көктөн кулап

жалыны жүзүңүздүн

үлүңдөп өчкөн турат,

шалбырап төштөрүңүз көчкөн турат,

апарык буттарыңыз…

Сизди мен сүйөр элем көктөн кулап,

жыдыган кирпигиңиз

ачуу жаш көп тамчылап,

шалдырап отурасыз…

өмүрүңүз

качандыр бир кылымда өткөн сымак!

…Сизди мен сүйө албадым көктөн кулап

А сыртта көктөм-бурак

“өкүртө” кысып мени от төшүнө

өпкөн турат…

 

Реплика

– Акын бош болуш керек!

Күндө бир сулуу менен конуш керек! –

дешет мага.

Жүрөгүм добуш берет:

– Акындын бош болгону

оштонгону.

Шыйпаңдап жаш балдарга,

тийишип картаңдарга.

Акындын бош болгону –

кызылдай калп болгону,

мезгилге нук сала албай бүт соолгону…

Ар жерге чачып өзүн жез тыйындай

Мекенге, ата-энеге жүк болгону…

Акындын бош болгону – жок болгону!

 

Эл жашайт кыргыз деген

Кыргыз деген эл жашайт, кыргыз деген,

күндүзү күндү эмген,

түндөсү жылдыз эмген тоолордун

толтосунда.

Ортосунда Жер шарынын!

Өтө кооз кийинишет,

Далдайып чоң келишет.

Кызыл от – туяктары аттарынын,

муздарды быт-чыт кылып тоңду эритет,

Төрөлсө – “көк бөрүлөр”, ат чабыштар,–

кайран эл ат үстүндө той беришет!

 

Алар азыр дүңгүрөтүп дүйнөнү,

алп тоолорун трибуна

кылып алып сүйлөдү.

Кыргыздын горизонту – боз үй эмес,

шаарлар, улуу заводдор!

Ойноктоп күмүш түтүн,

ойсоңдоп алтын жалын,

не деген үндөр жарат,

кулактын тарсылдагын.

Кыргыздын горизонту – өмүрлөр көз жара элек,

улуу өсүш, улуу тынчтык,

генийлер сөзгө ала элек!

…кыргыз деген эл жашайт, кыргыз деген,

киндиги калган бүтүп,

тоо менен, жылдыз менен!

 

Сагыныч кайрыктары

I

Арчадай жашыл элем,

Саргайдым кара талдай күзүндөгү,

булбулдар конбой калды бутагыма.

Күн мээрин салбай калды кучагыма –

Элестеп көздөрүңдүн жүзүмдөрү,

Мен өңдүү жалгыз меңиң жүзүңдөгү!

 

Сагыныч желесинде тыбырчылайт,

Жүрөгүм өмүр сүрүп жөргөмүштөй.

Неликтен жерлер туташ болсо дагы,

Тагдырлар айрык бойдон?

Өң көрүшпөй…

Алгамын жаздык кылып каттарыңды,

Төшөгүм жупжукабы, капкалыңбы –

Билбеймин! Көңүлгө ороп таң атырам

Кыялдар жылтылдаган асманыңды.

 

II

Арчадай жашыл элем.

Эмичи? Көлөкөмдө эч адам жок.

Сен келип олтурсаңчы чачыңды өрүп!

Ууз күлкүң жазга чайкап көңүл күзүн,

Кайрадан шуудурайын барик төгүп…

Капыстан тийген албуут шамалдарда,

Карс этип сынып кетсем эмне болду?

Гүлдөргө төкпө анда жаштарыңды,

Сууй түшкөн Күнгө чачпа аптабыңды!

Жыйып кой жүрөгүңдүн бир бурчуна

Саргайган жалбырактай каттарымды…

 

III

Арчадай жашыл элем.

Саргайдым саясында сагынычтын.

Мен тосуп бүркөө кечтин чагылганын,

Бурк этип көккө атылса жалындарым.

Ал отту көрөр белең коюу түндө!

О, анда… тростордой үзүлмөкчү

Таш кезеп саа бараткан тамырларым!

 

IV

Арчадай жашыл элем,

Кагырадым…

Сен качан жаз күнүндөй жадырадың?

Көрсөм, ээ, курагыңды талдан кырчын,

А балким, мөмө байлап калгандырсың…

 

V

Айланам, сенден эмес алтын жерден,

Айланам, сенден эмес салкын желден.

Айланам, мөңкүп аккан булактардан,

Айланам, сагынычтан уяткарган! –

Сапсары жалбырагым

түшүп бүттү,

Ичкерген манжаларым бүчүр бүрктү.

Күз булбул күүлөрүнө эрип кетти!

Бир ирет көлөкөмө келип кетчи?

Кайрадан бүтүп сынган бутактарым,

Күндү мен өмүрлүккө кучактадым!

 

Элегия

Күттүм сени эшикти ачып коюп,

арашан кан боло жаздап шыргалаң.

Өпкөмдөн өтүп жатты кара шамал,

ыркырап чоочун иттей

талашып мен жамынган ак шейшепти…

бир үмүт алдайт мени шыйпалактап,

алдаймын ал үмүттү өлгөндө араң.

 

Бир жансыз тымтырс турат көчө, көңүл,

өмүрдү көксөп жатып өчөбү өмүр?

… Эшигимден шар дей түшүп таң далай,

эшигимди мөндүр чертет манжадай,

эшигимди шамал ачат жашыруун,

эшигимди шамал жабат сенден сыпаа, акырын…

Түн мактанат, ай-жылдызын алып чыгып койнунан.

Чымыратып бойду кан –

сен жашаган,

сен дуулаган,

сен өлгөн;

Канча кайгы мени көздөй жаа тартып,

шар жандырат ой-санаамды эми өргөн.

Тургансыйсың каалганы ача албай,

тургансыйсың күтүп мени балкондо…

Ойлор келет, ойлор келет шарактап,

карасы жок, сарысы жок – баары аппак.

Сен эмессиң, сен эмессиң, а сыртта,

мени күткөн кара шамал…

жаан…

аптап…

Жаан сенин чачыңдай!

Шамал сенин ачууңдай!

Аптап сенин денеңдей…

 

Күтүү

Таңдар атып жалгыздыкта,

жалгыздыкта кеч кирип,

күттүм сени үстүмдөгү көйнөгүм

дал-далынан бөлүнгүчө эскирип.

Күттүм сени, өтүгүмдүн таманы

он жыртылып жез мыктарга толгуча.

Күттүм сени, чымкый кара плащым

бопбоз болуп оңгуча.

 

Күттүм, күттүм калгычакты кылдарсыз

боор комузум – эрмегим,

тоодой-тоодой таш көмүрлөр, отундар

түгөнгүчө келбедиң.

 

… Мен үчүн сен – дүйнөдөн жаш өткөндөй

жыйылбай эч чачпагы…

Аттиң, сени так ушунтип күткүчө

так ушинтип сүйсөм эмне башканы!

 

*****

Жалаңкат көйнөк менен

бир тыйынсыз

кеттиң сен жаз мисалы күкүк үндүү.

Жөө кантип жеттиң экен?..

Үшүдүңбү?..

Баратат эки-экиден аба жарып,

бейтааныш замандаштар.

А шаарга дале тынбай жаап жатат

Сезимдин курчун алып жалаң ак кар.

Жолуңдан бир мээримдүү аял чыгып,

Кемселин чечип берер…

“Төрөлүп кереги не

чын болсо бул дүйнөдөн

сүйүүнүн кетиши эгер!” –

дедиң эле…

Болдум мен Аяз ата,

карга көөмп, ызгаар бүркүп чалкар асман.

Чоюндан бүткөнсүгөн бул көктүгүң,

сени эми кай тарапка алпарат?

Таң…

 

Таарыныч

Кетемин мен, кеткенде да келгис болуп,

Жаш чайган көздөрүмдү жакама катып алып –

көргөзбөй адамдарга, маңыроо Айга…

Бир гана мени жоктойт акын-арык

соолууга күчү жетпей,

ташууга алы келбей.

Эх, андан бир стакан басып алып

кетем мен, кеткенде да келгис болуп,

Жаш чайган көздөрүмдү жакама катып алып.

Ал кезде сен уйкунун кулу болуп,

дүйнөгө тынчтык бербей коңуругуң.

түшүңө сүйгөнүң чал болуп кирет

жакындап…

чечип бүтпөй колу курун…

Саа калат:

бөлмө-бөлмө аба калат,

түтүнү, күлү жатат чылымымдын,

бир тамчы жашым калат от жүзүңдө,

айрылып теңи калат ысык ырдын.

Ый калат,

күлкү калат…

баары калат!

Аларды сен байлык деп баалабастан,

издейсиң жумшап мага кыйкырыгың

күз тоноп, кыш онтоткон кара бактан.

(Мен тургай бактар алек өзү менен,

каап, силкип таштай албай кышкы чакты…)

Туу кылып жүрөм, жаным, таарынычты,

Жер шарын бир чарк айланып чыккычакты,

Жер шарын чарк айланып чыккычакты…

 

Баары келет

(Кларага)

Ыргытып алда-кайдан каректерин,

Шартылдап мени көздөй дайра келет.

Арча, тал кол созушуп жүрөгүмө,

Белестен, кылт деп кызыл түлкү сымак

ай да келет,

Жел келет, шыбырга жык

музыка да…

 

Удургуп түтүн келет шаар тараптан,

Жылдыздай мени көздөй шукшурулуп

Чалкыйт ай эки мүрүмдө,

Бакыттай бакырайып асман-асман,

Колума конот кушум

кыйкыртып кыргоол алган

көк, кең ойдон…

Бир гана сен келбейсиң,

сүйгөн эркем,

Бир келип кеткен бойдон!..

в/ч 73809 ж, Т.Муканов, 69-ж.

(Бир шилтем менен жазылган, оңдоло элек,

мурда жарыкка чыкпаган ыр)

 

Көл үстүндө

(Кларага)

Сен жоксуң,

Ошол түнү улуу көлгө

не деген жылдыз жаады… жылдыз жаады…

Ууртасам толкун сузуп кочушума

башкача суунун даамы… туздун даамы…

Көңүлүм сахнадай жаңы ачылды,

сен анда бийлеп жүрдүң ырдап коюп

Ак куулар менден үркүп таң атырды.

Жанымды күн нуруна чырмап коюп,

термелип күтө бердим көл үстүндө…

Сен жоксуң.

Ошол күнү сулуу көлгө

не деген жамгыр жаады… жамгыр жаады…

Ууртасам миллион көз көбүктөрүн,

акетай, балдын даамы… балдын даамы…

А жүрөк – жаңы ачылган планета,

сен анда аяр басып, кумар болуп,

Кеч кирди – көлгө кара куулар конуп.

Өзүмдү ай нуруна чырмап таштап,

жээк карап күтө бердим көл үстүндө…

Сен барсың. Келбегениң жаман жорук.

Сырларым кайнап турат жанар болуп,

Көрүнчү, толкундардын арасында

калбайын өзүм жалгыз арал болуп!

1968-ж.

 

Сүйүү деңизи

Сен – сүйүүнүн чексиз деңизи,

а мен кайык толкундарың жиреген,

алтын ойдун,

түйшүктүн

баары мага жүктөлгөн.

Мээрим тепкен көөдөнүңө термеле

мен мемиреп түш көргөн

түндөр, түндөр…

Жылдыздары эсимде:

кусалыктын оту ойноп кээсинде,

экөөбүзгө саалып бүтпөй ууздары,

шыбырыбыз өмүр сүрүп

шамал менен эфирде…

… толкундай

алаканың кайра сылап чачымды.

… толкундай

эриндериң чопулдатып жүзүмдү,

көбүктөрдөй шилекейиң бал татып,

сага сиңди канча кубат,

канча шык!

Кыялдарың чардактардай чаалыкпай,

өрмөк согуп күн нурунан,

төшөп берет перзенттерге

бизден чыкчу бөлүнүп…

О, менин кыялдарым жөө күлүк,

чуркап келет кыйыры жок мээриңде

алп дарактай ааламдын

жылдыздарын күбүп берип кээ бирде;

издеймин ал жемиштерди

көздөрүңдөн булуту жок асмандай.

Көрүп күлөм карегиңден

күндөрүмдү эртеңки.

Ойлоруңдун түбү жок…

Сенсиз – менин тилектерим канатсыз.

Сенсиз менин жүрөктө өскөн гүлүм жок.

… Сен – ышкынын толкунга бай деңизи,

Мен – кемеңмин…

кептерлердей ойлоруна аралаш

учуп жүрөт үмүттөрүм куш болуп.

Мертинбесин сүйүү толгон кош жүрөк

күндү үшүткөн муздарыңа туш болуп!..

1968-ж.

 

*****

Сүйгөнүм, сүрөтүңдү карга тарттым,

кар эрип – агып кеттиң.

Мен сенин сүрөтүңдү жарга тарттым,

жар көчүп – жексенделдиң.

Мен сенин сүрөтүңдү ташка тарттым,

таш сынып – талкаландың.

Мен сенин сүрөтүңдү көзгө тарттым,

көз ооруп – учуп кеттиң.

Тарттым мен сүрөтүңдү лайнер канатына

ааламды айлансын деп.

Тарттым мен сүрөтүңдү кеменин капталына

дүйнөлүк толкундарга аймалсын деп.

Тарттым мен сүрөтүңдү кеменин капталына

дүйнөлүк шамалдарга кайралсын деп…

Сени эми тартар жерим калбай барат,

Колумда кардай барак.

Жардай тик полотно

Колумда таштай боёк.

Колумда көздөй боёк.

Билбеймин, кандай болот…

Билбеймин, кандай болот…

1968-ж.

 

Биздин сүйүү

Швейцарка эшик ачпай

сыртта калдык экөөбүз,

(шаардан чыгып кеттик эле кечээ биз)

Тосуп алды чекирейген жылдыздар,

кекирейген дарактар.

Төө көзүндөй саатты карап

сен чыйрыга баштадың,

Жүрөгүмө кыса тартып өзүңдү,

ачып салдым “шарап толгон вазадай”

сырга мелт-калт жүрөгүмдүн капкагын,

ачып салдым…

Бара жаттык ширелип,

жылдыздардын бири элжиреп, бири эрип.

Эриндерим жүзүңө

учуп-конгон калдыркан.

Көздөрүңдө жаш айланып. Билерик

ай кесилген алтын баштай

салып бизди мүшкүлгө

сыйгаланып бара жатты

көк жалтаң “муз” үстүндө…

Самап майдын жаш таңын,

сен кайрадан кылч-кылч эте баштадың.

Жүрөгүңдү кыса тартып аймалап,

жалынымды алоолонттум толтодон…

Четте жатты ак шалың.

Шыбырады сендеги

эжигейдей эки эрин:

– Үйүбүз жок үстүдө,

мүлкүбүз жок ортодо…

билесиңби, биз жашаган

үй да, жылуу төшөк да,

кооз кийим да, китеп да

башканыкы экенин?..

Шыбыр какты сендеги

эжигейдей эки эрин:

– Билесиңби, ушул шартта баш кошуу

кандай орой экенин!..

Билесиңби, ушул саатта,

ушул кирпик ирмемде

ажырашуу кандай оңой экенин?

Ай култ этти батышта,

Чоң Жетиген окшоп “чоюн кашыкка”.

Ак төшүңдө мен сүзүлүп бараттым.

– Сүйүү болсо жүрөгүңдө.

Ошол үй да!

Ошол мүлк.

абийир болсо жүрөгүңдө

Ошол кийим!

Ошол Күн!..

Сүйүү аркылуу көз жардыңбы баркырап

бул дүйнөгө,

Сүйрөңдөбөй мени менен кошо өлгүн!

Сүйүүң өлүп, жашап жүрбө дүйнөдө!

… Швейцарка эшик ачпай

тышта калдык экөөбүз,

шаардан бекер чыкканбыз го

кечээ биз!

  1. 05. 1968-ж.

 

Сүйүү элегиясы

Сен сезбестен тагдырымды бир менин

сезгин Жердин тагдырын да,

жылдыздардын тагдырын,

бир шимирип келебиз

ууз нурлардын жамгырын.

Ыйлабагын куурады деп арчаны,

өкүнбөгүн соолуду деп гүлдү, чөптү… Өмүрдү!

Боздобогун какшыды деп дарыяны,

көлдү… Өңдү.

Кубанбагын айланды деп гүлзарга

жалбырттаган, чөлдү, дөңдү…

Сезбей туруп айкөл Күндүн балдарынын жашоосун,

күлүү мага артыкбаштык, керексиз.

бул дүйнөдөн көлөкөдөй

секин жылып өтүү бар

муштумдарды ажалдарга

жашасак да кезеп биз.

Сүйөм сени кан тамырлар

калганчакты сокпостон,

сиңем сага нурдай, ширин булактай,

мен канбаймын махабатка эч качан,

биздин жашоо –

так түйүлүп…

зоодон учкан улактай!

1967-ж.

 

Алмадайым

(Кларага)

Сен менин сезимимден бүчүр жарып

Гүлдөдүң! Көңүлүмдү гүлзар кылдың.

Жепжеңил дабыштарың элестетип,

Таштарды чопулдаткан түн жамгырын…

Бүткөнсүң көңүлүмдүн бир шагына

О, менин нур жыттанган алмадайым.

Далайдын чубуртасың шилекейин,

Чөмүлүп сүйүү атырган, таңга дайым.

Ширинсиң. Жүрөгүмдүн эгизисиң,

Окшошсуң күндүн алоо маанайына.

Көңүлдүн гүлзарына кар жаадырып,

Башканын түшө көрбө таалайына!

1967-ж.

 

*****

Саламатсызбы? Атыңызды билбегендиктен бул ырды “Бейтаанышка” деп койдум, кечирип коюңуз?

Мен сизге көздөрүмдү жолуктурам

көчөдөн, почтамптан, кээде бактан.

Мен сизди ичтен сызып ооруп турам,

көркүмдү, көңүлүмдү желе баскан!

 

Сезбейсиз. Көптөн бери мага тааныш

чачыңыз, эриниңиз, иймегиңиз.

Мен – желге шуудураган кара камыш,

сиз мага от ыргытып… бийледиңиз!..

 

Жалбырттап күйүп турам. Бирок сулуу,

суранам, жалган сезип суу сеппеңиз?

Ал тургай көккө бүркүп күбөк, шуру,

акактайт бир нерсеге… суусап деңиз!!

 

Көрүңүз карегимден өзүңүздү…

көрүңүз менден күзгү чөптүн өңүн…

Түн менен таңдан бүткөн көзүңүздү

ийигип… келет сүйгүм! Өпкүлөгүм!

 

Чаңкаган көңүлүмдүн кушун салып

жалбарам… Унуттурбайт жылдыз сизди…

Үзүлүп сүйсөм дагы ушунчалык,

эмне үчүн тааныштырбайт турмуш бизди?

 

Бараткан кыял сермеп түнөгүнө

биз али тайгак кечүү, тар жолдобуз…

Сиз, балким, тоңуп турган жүрөгүмө

түбөлүк келе жаткан ЖАЗ болбоңуз!?

Ысык саламым менен колуңузду кысып-кысып Табылды.

  1. 10. 67. Жолуккум келет сизге мен…

(Мурда жарыкка чыкпаган ыр.)

 

Өтпөгөн соң жерди көзөп

Өтпөгөн соң жерди көзөп

экчеп гүлдүн жаш уругун,

кереги эмне ашып-ташып

төгүлүүнүн, чачылуунун!

Болбогон соң салар нугуң,

чуу түшүрүп теребелге,

асман-айдан ээ-жаа бербей

шаркыроонун кереги эмне?

Болбогон соң бузар чебиң,

көркүн мойсоп кең конуштун,

кереги эмне шаа майтарган

кыян менен сел болуштун?..

Таппай туруп, жеңбей туруп

тоскоолдукту, каршылыкты,

түк жашагым келбейт менин

калкка салып айкырык-чуу.

 

Дүйнөнү чарк айланып

Самсаалаган салкын булут–

айкөл булут,

көл булут,

кез-кез ыйлап, унутпачы

кеткенде биз көз жумуп.

Булуттарды өчү бардай

тыткан бороон мыш кылып,

кез-кез бизди эстей жүрчү

бир аз муңдуу ышкырып.

Биз топурак болуп калсак

жолугабыз кайра анан:

Силер менен учуп-конуп

Дүйнөнү чарк айланып!

 

Топчу

Сен кадап берген топчу

жаркырайт атар таңдын чолпонундай

карыга-жашка күлө

Ылайым үзүлбөсүн такыр аның,

ылайым кадабасын башка бирөө!