Айгүл Узакова: Өкүнүчтү өзүм тандап алгансып, Мынча шайыр көздөр менен карадың

Акын Айгүл Узакова Ысык-Көл районундагы Бостери айылында 1951-жылы 26-апрелде туулган. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1977–1980-жж. Кыргыз совет энциклопедиясында, 1981-жылдан «Мектеп» басмасында редактор болуп иштеген. Чыгармачылыгы студенттик жылдардан башталып, ырлары «Учкун», «Темир канат» альманахтарына, республикалык гезит-журналдарда жарыяланган. 1977-жылы жаш акындардын «Ала-Too поэзиясы» фестивалынын лауреаты, 1978-жылы Бүткүл союздук жаш акындардын Полтавада өткөн X фестивалынын катышуучусу болгон. А.Узакованын бир топ ырларына музыка жазылган. Айрым ырлары орус, украин, тажик тилдерине которулган. 1990-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Чыгармачылыгы 70-жылдарга туура келген акын ошол мезгилдеги акын кыздардын жоон тобунун арасында толугу менен…..

Түмөнбай Колдошов: 1980-90-жылдардагы Айгүл Узакованын поэтикалык изденүүлөрү

1980-90-жылдардагы Айгүл Узакованын поэтикалык изденүүлөрү Искусствонун бардык тармагында өз мезгилинде “көзгө урунбай”, далдоо жерде же кайсы бир чоң таланттын көлөкөсүндө калып кеткен жаратмандар көп кездешет. Андай талант ээлери “өз учурун”, “мезгилин” күтүп жашайт, алардын “заманы” келгенде өздөрү жок болушат… Атак-даңкка жетип, бирок ырлары элге жетпеген канчалар жүрөт… Публикага чыкпай, мен дебей эле ырлары менен элдин жүрөгүн багындырган акындар бар. Айгүл Узакова экинчи топко кирген акындардын өкүлү, ал көлдөй терең, Ала-Тоодой бийик сезимдери менен жашап өттү. Жазганын милдет кылбай, ашкерелебей, жупуну жашоосу, акындык кыялы менен жашады. Ар ким өз тагдырынын королу! толугу менен…..