Шабданбай Абдыраманов: Самар (аңгеме)

Самар

(аңгеме)

Коңшубуздун кызы Самар чыбыктай шыңга, кымча белдүү арык чырай кыз болучу. Анын жаз күнүндөй жаркылдаган ачык мүнөзү менин эсимден кетпейт. Түтөгөн кыйгач каштарынын астындагы кичирээк карагаттай мөлтүрөгөн көздөрү ойноп турчу. Өзбек кыздары түспөл кырдач мурундуу, жүзү кагаздай жука. Дайыма атлас көйнөк, тар камзир кийип, шайдоот басып жүрөр эле. Кош көкүрөгү бөдөнө тумшуктанып, кыздын сымбаттуу боюн ого бетер көзгө жакын кылып турат. Сазга чыккан чымындыктай майда өрүлгөн чачы далысын тегиз жаап, үстүнөн бастыра кийген зар топу куп жарашып калганычы.

Кыздын атасы ичкилик кыргыздардан боло турган. Ошондон улам Самардын тили да «чалып» сүйлөгөн тилдерден эле. Чоңго, кичинеге болсун, эч качан «сен» дегенин уккан эмесмин. Эң эле жаман айтты дегенде «коюң-а», «кызык экенсиз-а» деп калчу.

Анын «келдим эде, бовойт, кевейт экен» деп сүйлөгөнүнө өтө куштар элем. Эмне үчүндүр уккулуктуу да, майин да учуроочу.

Мен гана эмес айылдагылардын жаш-карысы дебей «Самаржан», «Самаш» дешип жакшы көрүшө турган. Анткени, бирөөгө суук сөзү жок эле. Пахта чабык же пахта терим маалында анын алдына түшөр кыздар аз. Узун чачын бурап келип маңдайына түрүп, кош колдоп терип киргенде, алдына тартылган ак этеги бат эле барсайып толуп чыгат. Самар менин көзүмө эликтей шамдагай, жылаажын-шыңгыр күлкүлүү шайыр кыз көрүнчү. Анын күүлөнгөн комуз кылындай назик ички сезими ар кандай кишиге байкалып турат. Тызылдаган ысык күндөрүндө козо ичинде дасоромолун башына жаза салып, үстүнөн зар допусун бастыра киет да, курч кетменди шарт-шарт шилтейт. Айланасын жалт каранып, жака-белде эч ким болбосо кыңылдап жагымдуу үнүн созот.

«Сиз жүргөн кандуу чоң сапар,

Бүтсө эле деймин ынак жар.

Жыл өтүп кабар бир кевей,

Жүрөгүм болду дардисар.

Катарлаш басып сыр чечкен

Түнүмдү эстеп савылам.

Шо күндөр кайра келсе экен,

Эзилип жигар сагынам».

Мен анда али жаш элем. Он эки же он үчтө болсом керек. Бир күнү демейдегидей гана жүгүрүп алардын үйүнө кирип бардым. Күтүлбөгөн жорук!..

Самардын ак бетинен ылдый жошулган тунук көз жаш мончоктоно жамырап этегине тамчылайт. А дээрге алы калбай мөгдөсө аянычтуу үнү жүрөктү титиретет. Тал-тал болуп өрүлгөн олоң чачы саксайып жазылып кеткен. Кайнаган муң-зардын жалыны оозунан түтөп чыгып жаткандай. Кыздын башын жөлөгөн шишимек көздүү жеңеси Каныш өз көзүнүн жамыраган жашын жоолугунун учу менен сүртүп, кыздын маңдайынан сүйөйт.

–Кагылайын кыз, муунуңду бошотпой өйдө болчу. Кандай кылабыз, айла жок. О жараткан, кичине боор ачысаң болбойбу?..

Мен эч нерсени түшүнбөй дал болуп туруп калдым. Көрүнбөс канжар бышып алгандай жүрөгүм тызылдайт. Кыздын бул абалына такат кылалбайм. Аны аяйм…

Эшиктен кирип келген аял менин колумдан тартып:

–Кагылайын Сапарбек, кой, таңыркабай эшикке чык, – деди.

Мен сыртка чыгып, көчөнүн тиги өйүзүндөгү Кулуш чалдын эшигинде бир топ киши турганын көрдүм. Чуручуу түшкөн ый. Бирин-экин кишилер ары-бери калдастап жүрүшөт. Селдее барып токтой калдым. Жыгачка көчүгүн коюп отурган Мажит абам:

–Кайран жигит… кайран жигит… – деп башын чайкайт. Мен анын жанына жакындап:

–Мажит аба эмне кеп? Эмне болуп кетти? – деп сурадым.

–Э балам, Кулуш чалдын уулу Кыпчак согушта каза болултур! – Мен «каза» деген сөздү түшүнө бербедим.

–Жарадар болуптурбу? – дедим.

–Жок! Окко учуптур. Кайран гана жигит… – Мажит абам зээни кейип жер чукулап тиштенди. Жаак эттери түйүлүп, сакалы бириндейт.

Жүрөгүм «зырп» этип, алда качанкы бир окуя көз алдымдан жылт этип өтүп кетти.

 

*****

Жаз. Бак-дарактар тегиз бүрдөп, айлана күндөн-күнгө көрктөнүүдө. Күн тоо артына далдаланып, бийик чокулардагы акыркы нурлар үлбүрөп өчүп баратат.

Кыштак ичинде сан-түркүн кыймыл. Бочка жүктөлгөн арабаны кең көчөнү как жарып, калдырата төмөн карай айдап кирип кетти. Иштен кайткан чарчаңкы адамдар каалгый басып үйлөрүнө бурулушат. Чаңдуу жолдо ойногон бөбөктөрдүн кулундун үнүндөй назик үндөрү иретсиз угулса да кандай жагымдуу! Коңур жел леп-леп жортуп, бети-башыңды жалмалайт. Дүгдүрүм калың бактын көк-жашыл жалбырактары кечки жел менен түртүшүп шуудураган сырдуу үн чыгарат. Чымчыктар түнөө тандап чырылдап, кулактын курчун алгандай. Кечки салкын абага коруш болгонсуп, тезек түтүнүнүн болор-болбос жыты сезилет. Кеңирсиген кыштак жай жылып, кечки иңирдин кучагына матырылып баратат.

Мен кемелегимди колума алып, түнөөгө конгон чымчыктарды атуу үчүн мышыкча аңдып жүрөм. Эки көзүм дарактын башында болуп баратып эч нерсени байкабай калыпмын. Шыбыр эткен добушту угуп селт бурулуп карасам, коргондун бурчундагы өрүктүн түбүндө кыналыша эки киши турат. Мен шырп чыгарбай токтоп калдым. Алиги экөө Самар менен Кыпчак экенин жазбай тааныдым. Самар тике карабай Кыпчактын колдорун ары түртүп назданат. Кыпчак жалооруган түр менен кыздын ичке белинен имерип, ажарданган бетинен өбүүгө кумарланат.

Мен унчукпай тура бердим. Бир кыйла убакыт өттү. Жигит таарынгандай терс бурулат. Самар анын колун бошотпой, кашкая күлүп эркелегенсийт. Жигит кызды эми көкүрөгүнө кысып, кош эрдинен өбүүгө умсунуп келатты. Кыз да бүткүл денесин жигиттин кучагына эркин таштап, көздөрү коймолжун тартып сүзүлүп бараткан. Эх, кандай учур!.. Бирок мен анда бул учурдун күчүн кайдан билем?

–Эй – дедим мен чаңырып.

Кыпчак селт чочуп кетип, артына шарт бурулду. Алты пакса коргондун урап кеткен жеринен ашып өтүп, дубалды айлана берди. Көздөрү алактай түшкөн Самар мени көрө коюп, кызарып уялып кетти. Бир азга сөз айта албай тарткынчыктап мукактанды. Анан батына албай жакын келип:

–Кагылайын Сапаш, эч кимге айтпай эле коюң. Эл укса жакшы бовойт, эсиңиз бар го? – деп мага жалынып-жалбарып калды.

Эми өзүм уялып кетип, башымды көтөрбөй, жүгүргөн бойдон бактан чыга качтым.

Самар өзү айткандай «шо» күндөн «шу» күнгө оозумдан чыгарганым жок эле. Эсиме эми түшүп отурат. Көз алдымдан мына ушулар өтүп кеткен соң ичим элжирей түштү. Жүрөктө такаатым калбай, тула боюм чымырап, денем оорлонуп баратат. «Ах, мен! – дедим дөңгөчтө шылкыя жер карап отурган Мажит абамдын жанында таштай болуп катып калып… Ах, мен неге сүйүшкөн эки жарга жолтоо болуп бардым экен?… Кайран жигит Кыпчак, Самардын ажарданган нурдуу ак бетинен кайрылып кумар кана өптүң бекен? Же ошол бойдон кездешпей, арманың түбөлүк жер астында калды бекен? Ай армандуу дүйнө! Сенин… сенин ак сүйүүгө калыстыгың ушул беле?» Өзүмдү тилдеп өкүнөм…

Андан бери көп жылдар өттү. Бирок байкуш Самардын кайгыга чөмүлгөн аянычтуу көрүнүшү, кайнаган ич күйүткө аралаш чыккан муңдуу үнү менин оюмдан эч качан кетпес болду. Каргыш тийген кандуу согуштун салган тагы жаш кыздын кирсиз жүрөгүндө түбөлүккө калып калганын мен ар убак кан жуткандай оор үшкүрүк менен эске түшүрөм.

 

*****

Мына, арадан айбаттуу он беш жыл учуп өттү. Менин эсимде: ошондон көп узабай шар аккан суунун боюнда Самарды акыркы жолу көргөмүн. Көбүктөнө мөңкүгөн тунук суунун бетине жалдыр тигилип мончоктой мөлт этип жаш кулаган назик жүзүн чайкап коюп, колун суудан албай кайгылуу отурган экен. Кыз мени көрө сала жооткотуп жылмайып күлүүгө аракет кылып:

–Сапаш,– деди, бирок анын жүзүнөн баягыдай жылдыздуу сүйкүмдүүлүк төгүлө чыгып, муңайым күлкүсү демейдегидей көңүл тартар жарашыгын берген жок.

–Сапаш, биз эртең көчүп кетебиз.

–Каякка эже?

–Тээ алыс жакка, атамын туугандарына…

Ал менин маңдайыман сылап, өскүлөң чачымды уйпалай кармап сөзүн улады. Мен өз бир тууган эжеме эркелегендей ишенич менен анын этегине ыгып турдум. Самардын үнү буулуңкураак, каргыл чыгып жаткан. Көрсө, байкуш кыз жүрөктөш Кыпчагы экөө бир өткөргөн учурларын эскерип, жанаша отуруп сыр чечишкен жерлери менен акыркы жолу жүрөгү кыйбай коштошуп жаткан экен го!.. Ошондо өпкөсү толуп араң турган кызга бирөө «Самаржан, кетип бараткан экенсиң да» – деп эле бир гана үн койсо, өксүп-өксүп ыйлап жиберер беле, ким билет.

Чын эле көп өтпөй Самарлар көчүп кетишти. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Самардын тагдыры жөнүндө бир ооз сөз уга алганым жок эле.

Өткөн жылы күтүрөгөн күздө бир иш боюнча Н. районунун К. колхозунда болдум. Күркүрөгөн чоң дарыянын оң жагына жайланышкан дүгдүрүм бактуу чоң кыштак мага аябай жагып калды. Күкүрттүн кабыгындай окшош салынып, боз шифер менен жабылган аппак үйлөр, түз чийилген көчөлөр, жаш жемиш бактары кыштактын келечегинин жарык өрүшүн көрсөтөт.

Кечки конокко трактордук бригаданын механиги Жапардыкында калдым. Жапар тез-тез сүйлөгөн, кыймыл-аракети да чапчаң, тепилдеген киши экен. Анын бир кызы, эки уулу бар экенин билдим. Кызы кол арага жарап, үй тиричилигин былкылдатпай кармап калыптыр.

–Эң кенжеси мынабу тентек, аты Тынчтык,– деди Жапар жанында улам эркелеп отурган сары баланын маңдайынан сылап. Жапардын аялы пахта теримден кеч кайтты. Ал биз отурган бөлмөгө кирип:

–Келгиле, меймандар,– деди башын ийкеп. Мен чочуп кеттим. Анан өзүмдү араң токтотуп, аялды астыртан карай бердим. Ооба, чын эле Самардын өзү… Самар болсо мени тааныган жок. Баягы чыбыктай деңеси эткел тартып балкайып, ойноктогон кара көздөрү токтоо да, акылдуу да. Мен үн катпай отуруп Самардын кыз кезиндеги учурларын даана эске түшүрүүгө аракеттенем.

Жапар «Самаржан» деп бир айтканда беш айтып, алды үстүнө түшкөндөй болот. Анын аялына көрсөткөн урматтуу мамилелерин көрүп туруп ичим жылыды.

Чайдан кийин телевизордун кулагын бурап, Ташкенттен концерт уктук. Бирок менин көңүлүмдү концерт бөлө алган жок. Өз ичимден тунжурайм: «Байкуш Самар, кайгылуу учурларың менин көкүрөгүмдөн кетпейт. Мен үчүн сенин ошол көз жашың алиге чейин тыйылбагандай көрүнүүчү. Сенин бактың Кыпчак менен кошо өлгөндөй сезилер эле мага. Жок, мен жаңылган экемин… Сен бактыңды таапсың. Кыпчактын аты гана эсиңде калбаса аны түк унуткандырсың… Ооба, унуттуң… Көрчү, адам деген ушул экен да…»

Мен түнү бою негедир түйшөлүп уктай албай чыктым. Эртең менен мен турганда Жапар алда качан ишине кетип калган экен. Нанүштөдө чай узатып жаткан Самарга карап:

–Самар эже,– дедим. Самар чочуп кеткендей селтең этип менин жүзүмө тике тигилди.

–Самар эже, сиз мени тааныбай турасызбы? Мен Сапарбек эмесминби?

–Сапарбек! – Ал чайын жерге коё коюп,– Сапаш… деп бир түрдүү сезим менен кайталап жиберди.

Биз көпкө сүйлөштүк. Кыпчакты эске алганыбызда Самар оор үшкүрүп, көздөрү каканактап аянычтуу абалга келе түшкөнсүдү.

–Тагдыр ушундай экен. Кайран жигит – деп өңү заматта кубула түшүп, шыбырап гана сүйлөгөн болду. Үнүнүн ыргагы да жанагыдан башкача угулгансыды мага. Анын сөзүнүн аягы бүтпөсө да эми мага баары түшүнүктүү…

Мен өзүмдүн дагы бир жолу аябай жаңылгандыгымды мойнума алдым.

Жолдо келе жатып түрдүү ойлорго чарпылам. Бирок, ал ойлордун артына чыга албай, бир кезде өзүм эптеп кураштырган бир шиңгил ырымы эске түшүрөм. Бул ыр ушу Самарга арналган эле.

Ах, неге жолтоо болуп өттүм экен,

Кайрылып жигит кызды өптү бекен?

Болбосо арман оту жүрөктөгү

Ай кантип жер астында өчтүң экен?

Элестеп боорумду эзет бүгүн дагы,

Зар ыйлап байкуш кыздын жаткан чагы.

Түбөлүк жүрөгүндө калып калды,

Кечеки кан согуштун салган тагы.