Нурлан Абдрахманов: Сынак

Сынак

(Бир актылуу моно пьеса)

Каарман – Жаркынбек. Акын, гезитте кабарчы. 30 жашта.

(Түн. Жаркынбек кирет. Көздөрү киртийип, кебетеси жүдөңкү. Чарчаган. Асынган сумкасынын четтери сыйрылып кубарып калган. Тепкичтен көтөрүлүп, чөнтөгүн аңтарып таппай, сумкасынан ачкычын алып чыкты. Эшикти ачып бир бөлмөлүү батирине кирди. Светти жандырды. Айланасын сыдыра карады. Китеп салгыч. Анда тизилген китептер. Кагаз, барак, блокноттор. Вазада гүл. Рамкага салынган сүрөт.

Шыбы жапыз, кууш, узун бөлмөгө лампанын күчү жетпей күңүрт. Дубалдагы эски сааттын чыкылдаганы угулат. А болбосо жымжырттык.

Жаркынбек сумкасын жерге таштап керебетке жата кетти.

Керебетинде тынч жата албай ары бир, бери бир туйлап, кайра ордунан турду. Сумкасын аңтарып диктофонду алып чыгып, баскычтарын басып текшерип койду. Сумкасынан гезит алып чыкты. Гезитти кунт коюп окуйт. Ошол бетти айрып, бырыштыра тоголоктоп чөнтөгүнө салат. Ары-бери басат. Кайра алып чыгып бырышын жазып, эриндерин кыбыратып ичинен окуйт. Ачууланып гезитти ыргытып жиберет. Тамеки күйгүзөт. Чегет. Гезитти кайра алат. Окуйт.

Жаркынбек: –“Чыгаан журналист Азамат Дүйшөбаевдин көзү өткөндөн кийин анын жубайына, боюнда калган баласына үй берилди”.

Аха… жакшы… абдан жакшы…

Көзү өткөндөн кийин… Көзү өткөндөн кийин… А тирүүсүндөчү? Тирүүсүндө бааланды беле?

Жок… Мен билгенден анчалык деле бааланган жок… Ооба ошондой…

Аа… Бааланыш үчүн сөзсүз өлүш керек го? Хмм…

(Күлүп. Өзүнчө сүйлөнүп).

Жаркынбек: – Эми минтип элдин баары ал тууралуу айтып жатышат…Мыкты адам эле, өз ишинин адиси эле деп арман кылып атышат. Учурунда кырын салып, ушактап жүргөндөр да ошентип жатышат. Адам тирүүсүндө баркталбайт окшобойбу?!

(Кыжынып гезитти тоголоктойт. Акырын, алсыз)

-Мага жардам керек болуп жатат. Жардам бергилечи мага… Жардам… Жардам…

Баары бүткөндөн кийин эмес!... Баары бүткөндөн кийин эмес… (пауза)

Ким менен кимдин иши бар?… Эч ким укпайт.

(Ширенке менен гезитти өрттөйт. Күйүп бүткөнчө телмире карап туруп анан китептердин бирин алып ачат. Барактап издеп, окуйт.)

-Кимсиң өзү,

кайдан келдиң, баратасың каякка?

Сен үчүн бүт, баары эски,

керектөөдөн чыгып калган кудайлар,

жок сенде түк идеал.

Бутуң бокто жүргөн менен

Ойлоносуң көк менен,

Асман менен жашайсың,

Жашагандар жер менен

Ырыскыңды жеп жатышат чокулап.

Деги кимсиң?…

(Китепти жаап)

Менин оюмду жазып койгон. Деги киммин?

(Эки жагын карап.)

-Жашаган үйүм болсо бул. Тыңгылыктуу тирилик кыла албадым… Бул менин күнөөмбү?

(өзү менен өзү сүйлөшүп)

-Албетте сенин күнөөң да. Анан кимдики болмок эле?

-Алган айлыгымдын алы ушуга эле жетип атса эмне кылайын?

-Мамлекеттин айлыгын аңдыбай, көп акча тапчу жумушта иште да?!

Жазганды жактырам. Ыр жазганды сүйөт экенмин. Колумдан келгени ушул болуп атпайбы. Азыр эми ыр жазып гонорарга үй алыш кайдаан? Чыгармачылык деп жүрүп ушундай болду окшойт… Ушул жолду тандап алганым туура болгонбу же ката болгонбу?

(Пауза. Күлүп)

-Бир жолу колдон суурулган таанышым мага боору ооруп, менин жашоо шартымды өзгөртмөй болгон. Ушинтип эч нерсеге жетпей жүрө бересиңби? Мамлекеттик бир ишканага жумушка киргизем, ал жерден болсо бат эле буттан турасың дейт.

Айлыгы ошончо көппү деп сүйүнүп сурадым. Анан ал мага түшүндүрдү, кеңешин берди.

Ала турган айлыгым жөн гана түштөнүүмө кете турчу каражат экен. Байлыктын булагы башка жактан агат дейт.

Ишканага деп келген каражаттардын бир бөлүгүн өзүмө которгонду үйрөнүшүм керек экен. Менчигимдей тоноп, бирок эч кимге билгизбешим керек экен. Андай жолдор арбын тура. Сагызгандай сак, түлкүдөй айлакер болгонду үйрөтмөй болду. Тың бол дейт. Мен болсо.

-Жоок, кудай бар кудай алдында кантем?- дедим. Уят бар уят алдында кантем дедим?

-Деги ушундай “Тың” адамдар эмне үчүн кудайды эстешпейт? Адамкерчиликти уруп ойношпойт? Эмнеге?

Ошентип, акча түшчү жолдун сырларын айтканда мен так секиргем.

Уятымды жеп алып жүрө бере албайм. Силердей мамлекетти тоногон адам эмесмин дегем. Кыйкырып урушуп кеткем. Ал болсо мени шылдыңдагандай мыйыгынан күлүп койгон… Ошондой бир учур болгон.

Эми азыр өзүм… ушундай акыбалыма карап олтуруп, балким мен чындап эле жаңылып жүргөн жокмунбу деген күдүк ойго кептелдим.

Менин адамкерчиликтүү болуу керек деген принциптерим катабы? Түз жүрүү, так болуу деген түшүнүгүм жанылыштыкпы?

Ай билбейм…. билбейм.

Чыгармачылыкты сүйөмүн… Акынмын… ыр жазам деп коём… Ырлар көөдөндү толтурса да курсагыңды тойгузбайт турбайбы. Чыгармачылык башка, чыныгы турмуш башка болуп турган убагы…

Ай билбейм… билбейм… Башым катып турат…

(Шатырап жааган жамгырдын үнү. Жаандын үнүн тыңшап)

-Жаан… Чакалап төккөндөй катуу жаан башталды… Түн… Бүгүнкү түн?.. Кандай түн?

(Керебетке келип шалдырап олтурат. Бир үндү тыңшагандай. Эки жагын карайт. Анан көзү керебеттин башында илинүү турган тумарчага илинет. Аны аярлап. (Белек.)

-Сенин белегиң!.. Тунук элең… Назик болчусуң. Наристедей ишенчээк, таза болчусуң… Ал мүнөзүң турган турпатыңдан, баскан турганыңдан, көз карашыңдан эле көрүнүп турчу. Чанда бир адамдарда кездешчү касиет бар эле да сенде… Бактылуулуктун деми чачырап турчу. Сен дал ошондой элең…

(ыр айтат)

Көрүп сени… сезим жанып “дүрт” этти,

Күтүүсүздүк чоочутту анан сестентти…

Же бакытка же азапка салчудай,

Жүрөк кургур жаш кулундай “селт”этти.

 

Тиктей бердим, тарта албадым көзүмдү,

Каттым, калдым, аңдабадым өзүмдү.

Баш айланткан сулуулукка магдырап,

Сезбей турдум өңүмбү же түшүмбү?

 

Туйдуң да аны, жалт бурулуп карадың,

Жылдыз жанган келбетиңен байкадым,

Чагылышкан көзүң айтты балбылдап,

“Кайда жүрдүң, издегенмин ардагым?!”

 

Менде мындай болгон эмес баштатан,

Мен мынчалык эргибегем байкасам,

Сен деп жашап, сен деп гана ойлонуп,

Сенсиз күндү элес албай баштагам!

 

Музам менин – ашыктыктын ээси сен,

Жүрөгүмө сүйүү берген сезим сен!

Туманданган өмүрүмдү жаркыткан,

Ырларымда жаза турчу музам сен!

Музам менин… музам менин… музам менин!

-Жылдызың жанып турчу. Бой жеткенсиң, сулуу элең. Айрымдар сага суктанып карап калса кызганыч дүрт этип жанып кетчү. Андайлар менен кызаңдап уруша кетчүмүн, же аны байкап калсаң сен мага карап жылмайып, кай жакка баралы деп сурачусуң.

-Ошол суроо. Ошол көз караш… жылмаюу менин бакытым болчу. Башка эч нерсенин кереги жок эле. Бул ирмем, эч нерсеге алмашкыс ирмем болчу… Менин “Музам”… Тез сагынчумун сени… өтө тез… жанымдан чыксаң эле…

-Биз ошондо поэзия кечесинен чыгып… анан барганбыз… Бүгүнкүдөй жаан жаап жаткан. Түн кирип Бишкектин көчөлөрү жаркырап укмуш көрүнгөн анда… Сүйлөшүп баштаганыбыздын бир жылдыгы деп чакыргам да… Кечеден чыгып эле ошол жакка бардык…

(Китеп койгучтун үстүндөгү рамкадагы сүрөттү карады.)

-Экөөбүздүн сүрөтүбүз… Жарыгым. Жаркылдагым…

-Атырыңдын жыты сакталып калыптыр… Ал учур менин бактым экенин билгем! Бул менин жүрөгүмдө сакталып калчу ирмем болгон. Унутулгус күн болгон… Болду.

(Жанданып.)

Сонун олтурдук… Музыка… бийледик…

(Музыка жаңырат. Бийлейт.)

-Кучактадым… Мен шарапка эмес махабатка мас болдум…

(Өзгөрүлүп)

-Ошол учур күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турат… “Тарс”- деген гана үн чыкты… Чуркадым…

(Авто унаанын катуу тормоз басканы)

-Токто… Токто… Абайла…

(Пауза)

-Перизат тур, эсиңе кел… ойгон… Перизат… Перизат ойгон… ойгонушуң керек… Перизат…

(Колуна көтөрүп алгандай ары бери чуркайт)

Тез жардам… Тез жардам чакыргылачы… тезирээк… Чакыргылачы… Перизатты сактап калалы… Чакыргылачы айланайындар…

(Тыным)

-Кеч… бардыгы кеч болуп калды…

Кыйкырдым… бакырдым… кучактадым жансыз… жансыз… жансыз болдуң… Түшүм болсо экен деп ишене албай турбадымбы. Капысынан чыккан машина сүзбөдүбү сени…

Ошол, ошол болду… Мен музамдан айрылдым…

(тыным)

Ошондон бери мээмди жеген бир гана ой…

Эмнеге мен да сенин артыңдан кетип калган жокмун?… Эмнеге сени менен чогуу кете берген жокмун? Эмнеге? эмнеге? Эмнеге?

(Өзгөрүлүп)

-Сени менен бактылуу элем. Келечегим, максатым бар болчу. А азырчы? Азыр мага бардыгы кызыксыз. Жан үрөп, максат коюп, берилип жасаган иштерим бир тыйынга татыбай калды. Жан дүйнөмдө боштук… боштук… боштук…

(Тумарчага барат, аны этият алып бекем кучактап ортого коёт. Басып барып сүрөттү алып келип тумарчага жанаштырып коёт)

-Тез сагынчумун сени.. өтө тез.. Жанымдан чыксаң эле.. Бүгүн да сени сагынып… Сага барып келдим.

(Вазадагы гүлдү алып.)

Экөөбүздүн ортобузду үйүлгөн топурак бөлүп турду. Ыйладым… Гүл сундум…

(Адегенде гүлдү сунат, анан гүлдү тумарчанын үстүнө коёт)

Гүл койдум… Бир жыл болду сен мени таштап кеткениңе. Туура бүгүн… Мына бир жыл толду…

(Жанданып)

-Эмне үчүн мен жашашым керек? Мындан көрөкчө… Тирүүлөй кыйналып жүргөнчө…

(Ордунан туруп барак ручка алып, жазмак болду.)

-Мен жалгызмын. Бул чексиз кең ааламда мен жалгыз экенмин.

Апам бар эле… Ал узакка созулган айыкпас оорудан улам каза болгон… ал да өтүп кеткен. Мага күйгөн жалгыз апам болчу. Апамды аябай жакшы көрчүмүн. Алтыным апам…

Менин кыйбастарымдын бардыгы аркы дүйнөдө… Менин кыйбастарымдын бардыгы аркы дүйнөдө… Мен силерге барайын. Көп күттүрбөй артыңардан барайын…..

(Кагаз ручканы таштап, бетин эки колу менен жаап, күңгүрөнүп ырдап баштады.)

Өмүр, жетерде бийиктикке кулап калсам да,

Өмүр, өйдөлөп кайра турар кубат алсам да.

Өмүр, алдыңа далай сынып ыйлап барсам да,

(кайталап)

Өмүр, жетерде бийиктикке кулап калсам да,

Өмүр, өйдөлөп кайра турар кубат алсам да.

Өмүр, алдыңа далай сынып ыйлап барсам да,

Мен сени… Мен сени жек көрөм өмүр… Мен сенден тажадым өмүр… Мен сени жек көрөм өмүр…

(Тез-тез басып жип таап келди. Шыпта кагылган бекем темирди тапты да, үстөлдү ошол жакка сүйрөп барып, үстөлдүн үстүнө чыкты. Жипти мойнуна салып боюна түздөп ченеп, экинчи учун темирге бекем байлады. Көзүн жумуп столду тээп жиберди. Колдору, буттары титиреп атты.

Бир маалда жип үзүлдү. Жаркынбек кулап түштү. Мойнундагы жипти чечип жиберди. Дем жетпей, какап-чакады. Бир топто барып өзүнө келди. Анан терезени ачты. Сыртта чымчыктардын сайраганы.)

-Таң атайын деп калыптыр Жаан токтогон… Э жаратканым!!!

(Пауза)

-Ичер суум түгөнбөптүр… О кудайым, кечир мени!.. Кечирип кой адашкан пендеңди…

Дагы бир жолу өмүр бердиң… Мен көйнөкчөн кайра туулдум…

Ушул таңды мага ыраа көрдүң жаратканым.

(Ишенимдүү)

-Өмүр, багытым таппай издеп күйүп-жансам да,

Өмүр, тагдырда жан үрөп мен өңдөн азсам да.

Өмүр, бакытты азап жандап түйшүк тартсам да.

Мен сени сүйөм, өмүр,

Мен сени сүйөм, өмүр!

Алдымдан азгырып чакырдың, ай,

Алдың го жаштыктын жазын далай.

Антсең да сыйлоого акым бар, ай,

Мен сени сүйөм, өмүр…

Берерин билбеймин али эртеңдин,

Тирүүлүк белегин араң тердим

Тар жолдо миң аксап, жүз күйсөм да,

Мен сени сүйөм, өмүр…

Мен сени сүйөм,өмүр…

Эми мен бардыгын жаңыча баштайм!

(Сүрөттү карап. Ордуна коюп жатып. )

-Жарыгым, жаркылдагым! Музам менин!

Көшөгө

Колдонулган чыгармалар:

Н.Калыбековдун “Автопортрет” ыры.

Казак элинин “Мен сени сүйөм өмүр” ыры. Ырдын сөзүн жазган Жадыра Байбуланова, кыргызчага которгон Жылдызбек Турсунбаев.

18.11.2021-жыл.