Мукагали Макатаев: Сыйын маган, Эй, өмүр, сыйын маган, Сыйыңды алам мен сенин буюрбаган!

Музага Отурганын карачы эргүүм келбей, Кайда кеттиң? О, Муза! Куюн желдей. Оозумду ачсам өпкөмдөн жел үңүлдөп, Каңгыраган ээсиз тегирмендей. Муздатат жанымды ээ-жаа бербей. Жел үңүлдөйт, желпинип, керип көөдөн, Эргүүм келбей отурам эмнеге мен?! О, Муза! Кайдасың сен ээликтирген? Жалын менен отко гана эрк берген, Шеригим, кайдасың сен, мен ишенген? Дептер жатат барагы ачыла албай, Ачылбастан чын эле калганыбы-ай! Ойлор жатат эңсемди бир көтөртпөй, Тонна-тонна коргошун салмагындай. О, Муза! Убарага мынчалык салганың-ай! Үмүттөнүп күтөмүн сенден жигер, Берээр болсоң, бийиктик, тереңдик бер! О, Муза! Маган узак жолуңду бер! Кайыптан кел да, мени толугу менен…..

Казак акыны Маржан Ершу кыргыз акындары менен жолукту

Казакстан жазуучулар союзунун жана Евразия жазучулар союзунун мүчөсү, Казакстан Республикасынын Президентинин стипендианты Таранжы атындагы сыйлыктын ээси, акын, драматург, котормочу, филология илимдеринин кандидаты Маржан Ершу Аманкоскызы (Айек) Кыргызстанга келди. Акын Түрксой эл аралык уюму уюштурган түрк тилдүү элдердин поэзия кечесине катышуу менен кыргыз жерине алгачкы ирет келиши. Бүгүн Кыргыз улуттук жазуучулар союзунда төрага Нурлан Калыбеков, Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова баштаган акын-жазуучулар, жаш калемгерлер менен атайын жолугушуу уюштурулуп, кенен баарлашып, ырлардан окуп, кыргыз акындары менен казак акыны жакындан таанышты. Бул жолугушуу эки элдин ортосундагы чыгармачылык байланышты андан ары улап кетет деген толугу менен…..