Фатима Абдалова: Каала бийле, каала ырда, каала күл, Ууртуңа гүл кыстаруу – тилегим”

Сүйүнүч деген сүйүнүч

“Эми сен, бир аз эле дурус нерсеге

катуу сүйүнгөн адамсың да…” деген эле бир досум

Ооба, ошондой, жазда жашыл үлүлдүн,

Жайбаракат жылганына сүйүндүм.

Көйнөгүмө же бутума илээшсе,

Мертинтпейин деп, этияттап түшүрдүм.

 

Куштар таштап учуп кеткен уянын,

Бузулбастан турганына кубандымм.

Кансапардан куштар аман кайрылса, –

Ойлоп багып, – балапандар чыгарын.

 

Ооба, ошондой, азга деле сүйүндүм,

Азга деле көөнүм ооруп күйүндүм.

Санаа тарттым куштар жазда келбесе,

Капаландым өлгөнүнө үлүлдүн.

 

Сүйүнүч деген сүйүнүч да, сүйүнткөн,

Күлдүрүп сени, күлкү атылган күңүрттөн.

Сүйүнүчтөр аз же көп деп айтылбайт,

Сүйүнүчтү аз дешиңе түшүнбөйм.

 

Бир аз эле дурус нерсе – бул жакшы,

Кантип анан күлүп тоспойм жакшыны.

Бир аз эле жакшыга көп кубансак,

Көтөрмөкпүз, көбөйтмөкпүз жакшыны.

 

Ырың бүгүн кимге керек

“Ырың бүгүн кимге керек”… дедим кейип,

“Ырың мага, мага керек” деди сезим.

“Мага керек, мага керек ырдагы ыклас,

Табиятым, кубанычым ырда менин”.

 

“Ырың бүгүн кимге керек”… дедим сыздап,

“Ырың мага, мага керек” деди чырак.

“Мага керек, мага керек ырдын оту,

Башатым да балбылдаган отто турат”.

 

“Ырың бүгүн кимге керек”… дедим сызып,

“Ырың мага, мага керек” деди чындык.

“Мага керек ырыңдагы чымчым чындык,

Чындыктарды жатышканда калптар “жыртып”.

 

Көрсө ырларым, көп асылга керек экен,

Ырың бүгүн керек эмес деген элем.

Керек экен ырларым асылдарга,

Керек экен… ыр издеп кезе берем.

 

Момун жандар

Момун жандар, жер-дүйнөгө келгени,

Камоодогу кайберендей экен бир.

Көңүлгө да, өмүргө да тиш салып,

Кан ичкичтер, карышкырлар эсепсиз.

 

Момун жандар, жашайт дайым утулуп,

Ак жеринен азап тартат тутулуп.

Унчукса да – угулбаса эч кимге,

А куйтулар ашынышат кутуруп.

 

Момун жандар, момундукка жаралган,

Балким сый бул, ыйгарылган Алладан.

Утушудур, жеңишидир а балким,

Жерде өмүрүн жеңилүүгө арнаган.

 

Эски күзгү

Бирөөдөн эски күзгү алдым,

Жасанып ага карандым.

А бирок тагдыр болбойле,

Мостойто берди жамалым.

 

Тагдырга келип карангым,

Күлүңдөп болбой карандым.

… Күлкүмдү уурдап бул күзгү,

Өзүмдү ыйлап карадым.

 

Алдында турсам санаа жеп,

Өзүнөн өзү сынды айнек.

Жүз бөлүнүп жатыптыр,

Жүзүмдө жүргөн санаа көп.

 

Өмүр гүлдөрү

Жаштыктын адырлары кандай көркөм,

Аларды басып өтпөй, чуркап өткөм.

Ызгаардуу кышы деле көктөм экен,

Элүүнчү адырдан карап көрсөм.

 

Бир адыр – карды уялткан байчечекей,

Да бири олоң чачтуу коңгуроо гүл.

Да бири шыңга бойлуу сыя гүл да,

А бири – килем түшкөн канча бир гүл.

 

Элүүнчү адырдын да гүлдөрү бар,

Алар, ооба, апакай гүлкайырлар.

Гүлдөрүндөй жаштыктын сеңселишпейт,

Ийилишпейт, түз гана ойлуу турар.

 

Эски каттар

Эски каттар, качанкы эски каттар,

Сандыгымда катылып жатасыңар.

Атам менен апамдын колу жазган,

Баёо кезден эстелик-баянсыңар.

 

Көргөн сайын жүрөгүм “зырп” дей берет,

Атам келет эсиме, апам келет.

Атакемди жоготком жер үстүнөн,

Бактар гүлүн төккөндө шамал элеп.

 

Айыл барсам өткөн күз, жалгызсырап,

Атам салган эски там ээн турат.

Колу тийген теректер кыйылыптыр,

Короо толгон теректер жатат кулап.

 

Багбан болчу атакем, колу эмдүү,

Ташка деле гүл эксе өнө берчү.

Гүлгө оронуп турчеле эшик алды,

Балдар-кыздар гүл сурап келе берчү.

 

Неберелер үй салып чыгып кеткен,

Атам салган эски там чыкпайт эстен.

Ошол үйдө жазылган эски каттар,

Ошол үйдөн бу каттар учуп келген.

 

О, Алла

Көлөкөсү түшүп турду шайтандын,

Желкесине туруп алып адамдын.

Сезген менен, кайдан аны көралсын,

Желкесинде күлүп турган тажаалды.

 

Көлөкөсүн көрүп, өзүн көралбай,

Адам коркуп “Алла” деди Кудайлай.

Так ошондо житти иблис кайдадыр,

Ал чынында коркот жалгыз Кудайдан.

 

Тагдырдын белеги

Тагдыр сени ыргытты да ызгаарга,

Кыйналсын деп таштап койду кыйлага.

Бирок миллиарддаган жылдар наржактан,

Бир жылуусун берип турду Күн сага.

 

Үшүгөндөн, үшүгөнгө үйрөндүң,

Кыйналгандан, такаат бердиң кыйынга.

Баасын билдиң жылуу жайкын күндөрдүн,

Бул Тагдырдын белеги эле чынында.

 

Эйфория

Кагуу жедим… карегимен от тамды

Жүрөгүмөн кара-кочкул от жанды.

… Сен келдиң да… отургуздуң кемеге

А жээкте аксай келген жол калды.

 

Айдоочусу Тагдыр экен кеменин,

Кеме жылды желбиретип желегин.

Колдон алып коңур үнүң унчукту:

“Бул Ак кеме, сага берген белегим.

 

Таштак жолдо ташыркадың… билемин,

Бут алдыңа жайдым тагдыр килемин.

Каала бийле, каала ырда, каала күл,

Ууртуңа гүл кыстаруу – тилегим”.

 

Кеме сызып кетип барат деңизде

Кечээ күнүм түштү болбой эсиме.

“Түшүм эмес бекен”… десем бүшүркөй,

… Сен турасың ойлуу карап деңизге.

 

“Кайдан мында келип калдың ойдо жок?”

“А мен сени көргөн күндөн ойлоном

Эсиңдеби… акак чөккөн ак деңиз,

Эсиңдеби, буурул толкун ойногон”.

 

“Ооба, эсимде… сени алыстан карагам

А жаныңа жакын басып барбагам”.

“А мен сени бир жыл мурда түшүмдө,

Шол деңизден көргөн элем садагам.

Сени ошондо учуратып өңүмдө

Чочуп кеткем… таң калгандан таң калгам”.

 

“Кайда кетип баратабыз деңизде?”

“Деңизде биз баратабыз деңизге.

Түбөлүккө сызып кете беребиз

Түбөлүккө чыгып кеттик жээктен”.

 

Карыянын саламы

Маршруттук таксиге чыгып калдым.

-Жакшысыңбы, кызым ай, – деди кары.

Жакшы-жакшы, атаке, амансызбы?

-Шүгүр, шүгүр, ырахмат, – деди кары.

 

-Ушу сени угар го дедим, кызым,

Кулагыңда жок экен кулакчының.

Киргендерге эринбей карап атам,

Кулагында бирдеме, бардыгынын.

 

Көздөрү да бош эмес айнек тиктеп,

Колдору да айнекти чиймелешет.

Канчасына киргендин салам айттым,

Кулагында кулакчын, айнек тиктейт.

 

Карсылдады “чымчылап” кары киши,

“Кулакчындын” уккан жок бир да бири.

Баратса да өздөрү жол жүрүшүп,

Интернетте отурат ар кимиси.

 

Шашып-бушуп жаш жигит кирип келди,

Кулагында кулакчын, күлкүм келди.

-Ассалоому алейкум, – деди кары,

Жигит болсо арт жакка өтүп кетти.

 

-Мына, – деди карыя, муздак күлүп,

-Бу жаштарың, кызым ай, өтө кызык.

Салам айтса болбойбу алар мага,

Саламымды албады эркек-кызы.

 

-Ооба, атаке, ошондой азыр заман,

Жаштарыбыз алдыга кетип калган.

-Бирөөсүнө саламым жеткени жок,

Бирөөсү алик албады, атаны арман…

 

Маанилүү тренинг

“Өмүрүңдөгү маанилүү тренинг,

Колуңдан чыгарба, келгин”

Мына ушундай чоң жарнак илиниптир,

Четинде табышмактуу телефон номери.

Андан башка бир маалымат жок,

Жашыруун уюм го кейпи.

Антпесе ачык эле жазышмак да,

Окутушарын нени.

Албетте чалганым жок,

Жаратышпасын жакшы билем, мени.