Эрлан Жумагазиев: Тээ бир кезде тажап качсам… Азыр мен, тентек, жинди кыялыңды сагынам!

Атама

Бар чачыӊдын агарган ар талында,

Балдарым деп тарткан түйшүк, камылга.

Атаганат, өксүтөт ээ дүйнөӊдү,

Апабыздын болбогону жаныӊда!

 

Сырттан күлүп, а ичиӊден кайрып муӊ,

Сыр бербейсиӊ кылса дагы кайгы үстүм.

Жети балаӊ бир апамча болалбай,

Жемиргендир канча жылдык жалгыздык!

 

Качат мезгил кумдай чууруп салааӊдан,

Кайтпас күндөр кайкып учкан жагалмай.

Арып барат барган сайын кубатыӊ,

А мен дале жүрөм ордум табалбай!

 

Жан дүйнөм менен баарлашуу

(монолог)

– Адамсыӊбы?

Ийнимди куушурамын,

– Адалсыӊбы?

Аны да “билбейм” дедим.

– Арамзалык, куулук туу кыларым,

Азыр менин турмуштан үйрөнгөнүм!

 

– Адилсиӊби?

Жообу жок баш чайкадым,

– Абийриӊчи?

– Аны эчак булгап алгам.

Ак жолумдун чыгаргам таш-талканын,

Аруулугум арттагы жылда калган!

 

– Жададыӊбы?

– Чарчадым куу турмуштан!

– Жаратканыӊ тартсынбы аманатын?

– Эх, канакей, Ажалдын уусун жутсам,

Түртө бербей түйшүктүн арабасын!

 

Периштедей ак жашайм деген элем,

Пенделиктен ат чабым алыс туруп.

Кантем эми, кыялды тебелеген,

Карөзгөйлүк байкатпай чалып жыгып!

 

– Максатыӊ не?

– Кайрып бер оболумду!

– Башкасынчы?

– Токтотчу соболуӊду!

 

* * *

Бугуп-букпай күндөрүмө,

Буулугууда эсил жан.

Булут мезгил түрмөгүндө,

Бушайман бир сезим бар.

 

Эӊсегенден түӊүлүп тур,

Эрксиз өмүр бүт арман.

Алдастадым тирүүлүктүн,

Агымында сүзө албай.

 

Карбаластайм, далбас урам,

Касыреттен кутулбай.

Көрксүз күндөр далдаасында,

Көксөөм жүрөт утулган.

 

Кабыр ыр

Билем бүгүн менден качкан досторум,

Билем эртеӊ бейитимде жаш төгөт.

Бизди бөлгөн күндөр акыр топтолуп,

Бизди көмгөн күнгө чейин апкелет!

 

Эки көздөн төгүлөр жаш… Ысык жаш,

Ээх, ал кезде же жасалма, же чындап!

Муздак денди ошол көз жаш ысытпас,

Муӊга айланып кеткен үчүн эсил жан!

 

Жомоктошор кабырымдын башында,

Жоругумду көзүм тирүү кездеги.

Эстебестир (эске алышпайт азыр да),

Эсил күндөн эчен зардап чеккеним!

 

“Кандай адам болчу?” – деген суроого,

“Жакшы болчу!” – дешер анда көптөрү.

Айталбастыр оо ошондо, бирөө да,

Көз тирүүмдө далы салып кеткенин!

 

Мүӊкүрөө

Арманым кайыштырып кабырганы,

Азаптан, муӊдан башым арылбады!

Ырахат дүйнөм узак болбой, аттиӊ,

Ызадан турам азыр жарылганы!

 

Шоогуна коштото албай курган жанды,

Шооласыз күндөр кайра ырга айланды!

Жалп өчтү күйүп-күйбөй от кыялым,

Жазмышка жалаӊ өксүк ыйгарганбы?

 

Касырет каккан сайын добулбасын,

Калтаарып, мүӊкүрөдүм шорум катып!

Жараткан, аманатыӊ тартчы а көрө,

Жатайын кара жерге коюндашып!

 

Эштерим

Түнөргөн түн. Түмөн санаа.

Түбү чексиз кусалык.

Убакыт да илеӊ-салаӊ

улам сайын узарып.

 

Жалгыздыгыӊ түк укпаган

жан кумардын көксөөсү.

Жалганышын туюктаган

жазмыштагы көп чекит.

 

Чылым. Түтүн түрмөктөлгөн.

Чыйрыктырган кыш түнү.

Артта калган күндү эскерген

армандуу бир үшкүрүк.

 

Үрөй учуу. Үмүтсүздүк.

Үнсүз-тилсиз төрт дубал:

Эриксизден бириктик биз

эшим болуп тек булар!

 

Ысык-Көлгө кайрылуу

Тоготпостон Балыкчынын шамалын,

Толкунуӊду жиреп кетип барамын.

Жолум катып, муунуп келдим ызага,

Жок дегенде сен түшүнчү абалым!

 

Таштандыны серпкен сымал кылааӊа,

Тазарт көөндү, касыретти кубала!

От сезимди кайра баштан кайрып бер,

Ошол болсун сенден арткан шыбага!

 

Көӊүл калып тил эмизме жакындан,

Өмүр – карып, Ажал күтүп акыйган!

Шаӊ курайын бир өмүрлүк, Ысык-Көл,

Шапатаӊдан мукам кайрык жашырган!

 

Тойдо

Бий. Музыка. Шарактаган кыз-жигит.

Бийлеп жаттыӊ сен аларга кошулуп.

Карегиӊден эрийт мөӊгү, муз күйүп,

Карашыӊдан аптап уруп, от уруп.

 

Кайткан сымал качанкы бир кумарым,

Кан ыйладым көкүрөгүм солуктай.

Бул дүйнөмдү арман кылдыӊ, чырагым,

Булгана элек таза кезде жолукпай.

 

Чыдай албай сенден урган ысыкка,

Чыркырайт жан куурдак болуп ансайын…

Каптал жакта даӊкылдаган музыка,

Качып кеттим карегиӊден жалтанып…

 

Кусалык

Эсил багыт: баскан изим арбыбай,

Кезим карып: күлкү сунар, шаң кураар!

Туйбай аттиң, жалгыздыгым!.. Туттугуп

тулку-боюм өрттөп барат жан кумар!

 

Сүйүүм карып: өмүр шерик буюрбай,

Күнүм карып: Айсыз түндөй туюлган!

Көкүрөктөн өчпөйт окшойт бул куса,

Көргө кирип кеткичекти чымын жан!

 

Мүргүп жаным багытынан адашкан,

Мүңкүрөймүн курагыма жарашпай.

Талпынайын келечекке кайрадан,

Тагдырыма сүйүү жазчы, Жараткан!

 

Сагыныч

Күндөр кайда тумсак денге эргиген?

Күндөр кайда ырахатка көөлгүгөн?

Мезгилимден эрте катып арман, ай,

Мен кайрадан айланамбы мөӊгүгө?

 

Маӊдайымда болуп турсаӊ жарык нур,

Махабатыӊ баалай албай чаныпмын.

Алоо жүрөк акырындап табы өчүп,

Аяз түндө жалгыздыктан кайыктым!

 

Шамын жакпай турса тагдыр эликтеп,

Шаӊы качкан үйүм сенсиз көрүстөн.

Сагындырат эсил күндөр андагы,

Самап келип сары майдай эришкен.

 

* * *

Мен сени чанган күндөн арман дүйнөм,

Мээримсиз каткан жүрөк, калган сүлдөр.

Мезгилсиз муунтуп салган ошол сүйүүм,

Мерчемин эңсээр бекен?.. Кайдаан?.. Билбейм!..

 

Чыдайм деп бүт эркиңди көндүрүп бир,

Чынында кыялымды сен билипсиң.

Туюнбай эсирипмин ээх, ошондо!

Турганың карегиңе төндүрүп Күн!

 

Кусалуу жүрөгүмө төнгөн өксүк,

Кунары качкан жашоом өңдөнөт Күз!

Кеч билдим кадырыңды, кечир эми!..

Кийинкиң болбосо экен мендей эссиз!

 

* * *

Ууз сезимдин куруп акыр жинкини,

Урап түштү бекем болбой түркүгү.

Ээсин жоктоп боздоп турат мына эми,

Экөөбүздү табыштырган бир сүйүү.

 

Эсил күндөр… Бакыт сунса ченебей!

Эсирипмин… Кадырыңды тебелей!

Аттиң, анда билбегем ээ, кыйраарым?

Албуут толкун аласалткан кемедей!

 

Өмүр бою өзүңдү издеп калдастай!

Өтөр жаштык шамал кууган камгактай!

Сен экенсиң, аныгында кеч билдим,

Сезимиме алоо жалын карматкан!

 

* * *

Өксүктөргө такаат кылбай бет келген,

Өчкөн үмүт… өчкөн кыял… өчкөн дем…

От сезим да күлгө айланып баратат,

Ошондогу сен өрттөгөн дептердей!

 

Армандуу күн айрып кеткен шаңыман,

Аяз түндө жалгыздыктан кайыгам.

Тээ бир кезде тажап качсам… Азыр мен

тентек, жинди кыялыңды сагынам!

 

Өчүп аттиң, көкүрөктөн ышкы тап!

Өкүт, ыза, арман – уусун жуткузат!

Качкым келет сенин ысык койнуңа,

Кайран күндөн кар тулкулуу, муз кучак!