АЯЛДАН ГЕНИЙ ЧЫГАТ ЭКЕН…

Айтылуу алтымышынчы-жетимишинчи жылдардын адабияты жөнүндө сөз кылуу кызык да, жооптуу дагы. “Кызыгы бул – жашоосун бүтүндөй ырга арнаган адабий муун өмүр тагдырында ырдан башка дагы үй, түйшүк, кызмат, үй-бүлө, мүлк, байлык, оокат деген нерселердин бар экенин анча аңдоос албай, ачкабы-токпу, карандай жанып, өздөрүнүн чакан мейкиндигин аалам менен айкалыштыра карап, батыш менен чыгышка бой созо, жарыкка тойбой, кооздук десе дүйнөнү чылк кызыл-тазыл элестеткен фанат болушкан. Көп окуп, көп изденип, көп жазып, которуп, талдап, эң активдүү аталгандар, бир курдай топ, “маңыздар” тобу Т.Муканов, К.Бейшебаев, М.Төлөмүшов, К.Ботояров, Р.Карагулова өңдүүлөр жетимишинчи жылдары университетти бүтүп, Женпедден Ш.Келдибекова, Политехтен Р.Мукашева кошулуп, жаңы окулган китептен тартып, илимдин ачылыштарына чейин “жиликтеп”, жаңы эле окулган китепти кайра-кайра кайталап окуп, эмне издегенин өздөрү аңдабай, адабияттын казанында чындап кайнаган кези. “Жашасын поэзия жиндилери!” деп элбиреп-делбиреп Т.Муканов ыр окуп турса, “Делбе өңдөнүп келет чуркагым, Достук, сүйүү өткөн жол менен” (5.44-б.) деп Р.Карагулова көңүл көйүндөгүнү төккөн. Бул саптар аларды чындап Ыр Кудайы даарып, батыш менен чыгыштын ортосунда шамалдай ызгып, асман менен жердин ортосунан орун таппай, алып-учуп турган алардын жаштык демин, албуут кыялын байкатат… Ооба, кызыл-тазылдар жаштыктын оорусу го. А бирок ушул адабий муун кызыл гүлгө ыраазы болбой, гүлдөрдүн шоолаланып кетишин каалаган максималист, жердик нерселерден жогорку абстракцияны жактаган кыялкечтер болгону да чын…” (менин мурдагы макаламдан. – А.Э.).

“… Уурданып жүрөгүңө кирейинби,

Удургуп кыялыңда жүрөйүнбү.

Сел болуп, толкун болуп, ташкын болуп

Тынчыбай сени гана,

Жапжалгыз сени гана сүйөйүнбү…” – деп бир жактан Ш.Келдибекова удургуп, агынан төгүлгөн. Удургуп деген менен, акындын поэзиясына көбүнесе басмырттык, оор басырыктык мүнөздүү. Эң алгачкы ырларынан тартып эле ал жеңил учма сезимдердин эмес, ойдун акыны экендигин байкаткан. Өзүндөгү сезимталдык, сергектик, кыраакылык поэзиясынын миң кырдуу, миң сырдуу болушун шарттап, алгачкы жыйнагындагы ырларынан эле кыргыз адабиятына өзүнчө сөз айта алган, өзүнчө жолу бар акын келгендигин таасын байкатат. Адаттагы уйкаштыктардан жаа бою качкан акын өзүндөгү кармалгыс терең ойлорду тереңге катып, ырлары бир окуганда эле окурманга ачыла койбой, табышмактуулугун, сырдуулугун арттырган.

… Жаштык оту жаркыратып каректи,

Канча жолу жалын толгон, наз толгон.

Кең дүйнөгө калкып чыгып кайыкча,

Көп күүлөрү сыйып жалгыз башыма,

Көздөрүмө кубанч толгон, жаш толгон.

Жүрүптүрмүн жүрөгүңдө дагы эле,

Үлбүрөгөн дили чоочун жаз бойдон…

Тунуп отуруп ал айткан поэзияны замандаштары назик поэзия катары мүнөздөшөт. А бирок ошол назиктикти ичтен бышырып, сырчыл кылып жарыкка чыгарып аткан ичтеги күчтүн кубаты зор экен. Болбосо, оргуп-ташыган күчү болбогондо, жан дүйнөсүндө бунтарь болбогондо андагы жапжаш кыз жакшы ырга тартылып, ырдын ээсин издеп абакка барат беле? Өмүрүн тобокелчиликке салып, этникалык менталитет менен адеп-ахлактын таасири эң чектөөчү фактор болгон кыргыз коомунда ата-эне, ага-тууганды таразанын бир жагына коюп, “эл эмне дейт?” деген чийиндин чегинен чыгып, темир тордун артындагы акын жигитке кол берет беле? А көрсө поэзиясын табышмактантып турган акындын өзү табиятынан табышмактуу экен. Анын акындык тагдырынын чындап башталган кези ошо кез.

Ырас, адабиятты “эркектер поэзиясы”, “аялдар поэзиясы” деп бөлүп кароо туура эмес. Кеп ал чыгармаларды ким жаратып атканында эмес, кандай чыгарма жаралгандыгында. А бирок 70-жылдардын поэзиясын кыргыз адабиятынын мисалында дал ушундай бөлүп кароо зарылдыгы бар. Анткени профессионалдык адабият башталган күндөн ушундай картина орун алган болчу: айталы, аялдар теңдиги, эмгек темасы ж.б. бир топ темалар төл башы акындарыбыз тарабынан 20-30-жылдардын чегинде эбак айтылып, жазылып бүткөн. Согуш-тынчтык темасы 40-50-жылдары дээрлик жазылып бүткөн. Эми акын жигиттердин алдында такыр башка темалар, такыр башка горизонт турган 50-60-жылдары колуна жаңы калем кармаган акын кыздар эбаккы “бүткөн” темалардын обонун жаңы созуп:

“Алыскы Көл-Төр жүргөнүң,

Сагынды сени жүрөгүм,

Жайлоодон түшүп жакага

Келесиң качан сүйгөнүм.

 

… Баккан коюң сан жеткис

Жүргөнүң тоонун арасы,

Эртели-кеч жол карап,

Өңүмдөн аздым, карачы.

 

Арнаган сага белегим –

Ак буудай арбын эгемин

Колхоздо жүргөн курбуңду

Кайратсыз адам дебегин” (З.Сооронбаева) деп эмгек темасына эми басым коюп, эмгек менен сүйүүнүн өңүн али ажырата албай, акын жигиттер басып өктөн жолду артынан жаңы басып келатышкан шартта, б.а. 70-жылдардын башында кыргыз поэзиясында “Эсиңдеби сен экөөбүз чуркап өткөн мүрзөлөр…” (С.Акматбекова) деп такыр башка үн угулган.

70-жылдардын, айрыкча ушул акын кыздарынын аркасында социалисттик реализмдин шартындагы буга чейинки Нуркамал эжеден тартып Сатин Абдыкеримова, Мариям Буларкиева, Субайылда Абдыкадырова, Нинакан Жүндүбаева, Зуура Сооронбаева, Тенти Адышева, Жумакан Тынымсеитова, Майрамкан Абылкасымова сыяктуу акындар баштаган поэзиядагы жалган расмий феминизм – үстүрт түшүнүлгөн теңчилик ураанчылык (идеялык жактан алганда), одоно, тайыз плакаттуулук (көркөмдүк жагынан) 70-жылдардын башында сырчыл поэзияга орун бошотуп, буга чейинки уланып келаткан адабий салтты башка нукка бурду.

«Тыңшап турам, селейип үн катпастан

Кусалык дирилдеткен добушуңду.

Ким бул?.. Кимсиң сагынган? Ушул түнү

Күткөндөр келген жокпу кеткен жактан?

Чертким келди менин да ушул күүнү

Бирок корком, албаймын комузумду… (94.37-38-бб.).

“Чырагдандан” кийинки экинчи китеби «Ата-журтум сыймыгыма» кирген бул ыр акындын жалпы чыгармачылыгынын мүнөзүн кабарлайт. Эмнегедир Шербет эже дайыма ачылып-ачылбай, сөзүн айтып-айтпай турган сырдуулугунан өмүрүнүн акырына чейин жазган жок. Көбүрүп-жабырып ыр окуп элге деле анчейин чыга бербеди. Болгону фантаст жазуучу, таланттуу акын Беганас Сартов жетектеген “Тоо жылдызы” аттуу ийримдегилер чогулган жерде гана үнүн акырын чыгарып, ырын басмырт окуганын айтышат. Өзүндөгү төгүлүп-ташып турган акындык кудуреттин аркасында биринин артынан экинчисин кылып көп китеп деле чыгарса жарашмак. Болгону «Чырагдан» (1976), «Ата-журтум сыймыгым» (1979), «Терезелер» (1983), «Сен, жарыгым» (1988), «Сокур кыякчы» (2005) аттуу жупкадай китептерин чыгарды, кийин анан 2005-жылы «Кербен» аттуу ыр китебин анын поэзиясын урматтаган белгилүү инсандар чыгарып берип атат. Бул бир жагы акындын жеке табиятына байланыштуу:

“…Сыныңа ырас, койгонум жок ырымды,

Окурманга билем жагуу кыйынын.

Учкан куштун баары шумкар эместей

Ырдын баары ыр болалбас чыныгы.

 

Жаздым ырас окуса деп ырларды,

Ансыз ырчы жамгырсыз жаз турбайбы.

Өрөпкүтмөк сүрөөн сөздөр: “өнөрдүн

Өмүрү эки”, деп чыккандай бир даары.

 

Күүгө салып күүгүм, жарык дилимди

Өткөргөн соң жарыктан көп күнүмдү

Өмүр наркы билингендей өр таяп,

Сенин да өтө кымбаттыгың билинди… – деп жазып атат. “Жаш таяп калганымда, эми сенин кымбаттыгың билинди” дейт окурманга. А бирок эже колуна алгач калем кармаган күндөн эле өзүнүн окурмандын алдындагы жоопкерчилигин эң мыкты билген. Анын акындык позициясы кийин анан “Кербендин” эң алгачкы ушул ырында даана берилип атат. Экинчи жагынан Эркаалы байке (Өскөналиев) “Эки дене, бир жүрөк” аттуу макаласында эң таамай бергендей, Шербет эженин акындык позициясын ого бетер бекемдетип турган нерсе – экинчи бир залкар акындын – эженин өмүрлүк түгөйү Алым Токтомушевдин түз дагы, кыйыр да таасири экен. Аны кенедей эле бир эпизоддор аркылуу автор макаласында эң элестүү сүрөттөгөн. Куштун эки канатындай эки акын кыргыз поэзиясынын асманында билген кишиге башка эч бир адам кайрый алгыс обонун кайрып кетиптир. Алардын ырларынан кыргыз тилинин кооздугу, көркөмдүгү, ажары ого бетер ачылып, кадимки эле биз сүйлөп жүргөн тил, ыр жазып, сөз жазып жүргөн тил такыр башка өңүн көргөзөт. Алым байкенин поэзиясы, көркөм дүйнөсү өзүнчө сөз. А бирок Шербет эженин тили анын айланасында такыр башка аураны жаратып, окурмандарын өзүнө байлап турат, ырларынын тартуу күчү зор!!

Акын ырды атайлап жазбаганы, жасабаганы бардык ырынан көрүнөт. Буга андагы уйкашып-уйкашпаган саптар күбө. Ой артынан ойго чөмүлгөн акындагы ушул маанай, ушул настроение эмнеден пайда болгон, анын сыры али белгисиз. Ымыркай кезинен жүрөгү оорукчан болгонун, ата-энеси көзүн карап, кастарлап өстүргөн кыз экенин айтышат. Андагы ойчулдук ден соолугуна санааркообу, тагдырга суроо салуубу? Андагы түнттүк, муңайымдык эмнеден башталган, кайсы мезгилден күчөгөн? Бул бизге тургай акындын өзүнө да суроо, табышмак болгону “Сырт немедей, түс да бербей, а балким Түнөрүүнү качан, кайдан үйрөндүм” – деген өзүнүн саптарынан көрүнүп турат. “Термелгемин толкунунда ойлордун, Каарылгамын өрттү жутуп канча ирет, А кездешсек үнсүз басып кетчүмүн, Өң-түс бербей таш сыяктуу мелтиреп” (156-б.) дейт акын.

Өзүн ушундайча ачып берген акын а көрсө өзүнүн дирилдеген мүнөзү менен дүйнөнүн ар бир кыймылына, добушуна эле санааркай бериптир. “Көк тиреген аска боорундагы гүлдү кара бороон желбиретсе” (158-б.) – ага деле, “кайрылбоочу каркыраларга” (159-б.) деле, Улуу согушта курман болгон жоокерлерге (163-б.) деле, көзү өткөн акын замандаштарына деле, палаталаш оорулууларга деле, “А неге алар туш-тушта турбаш керек? Тим термелбей көңүлгө ыргап келет, Түркүн-түркүн үмүттү, күйүттү да… Теректердин шуудурун ырдаш керек! А неге алар шуулап турбаш керек, Аны кыйып ким бирөө жыргаш керек?// Шуудурунан жылт этип кымбаттуу элес, Терек неге термелип турбаш керек?… А эмнеге күнүмдүк мүлккө айланып, Аруулуктун элеси кыйраш керек?!” (212-213-бб.) деп республикадагы кыйылыш керек деген теректерге дагы кейип, санаага батыптыр.

“Бу жарыкта куш аттуунун баарысы

Бүркүт болсун десең дагы шаңшыган,

Таранчылуу, тотукуштуу, торгойлуу

Дүйнөнүн да өз билгени бар тура.

 

Жер үстүндө бак аттуунун баарысы

Саябандуу чынар болсун! Капырай…

Арааны зор акыл-эске ээ бербей,

Алма гүлү анча неге чатырайт?!” (169-б.). Акындын бу жарыкчылык тууралуу бүтүмдөрү ушундай мүнөздөгү көп ырларда берилет.

“Тиктеп турдук бүркөлгөнүн асмандын,

Тиктеп турдук, үнсүз келген ак жаанды,

Тиктедик да, боолголодук алыста

Бизди тосуп не тагдырлар жатканын.

 

Боолголодук, бозомук сыр көп ирет

Тогошкон соң келе жатты берилеп,

Көзү көзгө урунганда селт эттик,

Аттигиниң, түсү башка көрүнөт” (174-б.) – деп дүйнөнүн чындыгына моюн сунган акын … жашында дүйнөдөн узады. А бирок акындын өзү өтсө да, сөзү өтпөй, артындагы ырлары, аттиң, өкүнүчтүү, өзүн жараткан акындын ким экендигин бизге эми таанытып отурат.

Кыргыз  акындар поэзиясынын өкүлдөрүнөн Шербет Келдибекованы эмне айырмалайт? 60-жылдары, айрыкча 70-жылдары адабиятка кыздар сүрмө топ болуп кирди. Айрымдары аз жазып отуруп, айрымдары жазбай калып топтон сүрүлдү. Буга жөнөкөй себеп – поэзиянын зор толкунуна туруштук бере албай калышты. Чыгыш менталитетинде ыр жазгандарга көбүнесе айланадагылар акын катары эмес, ургаачы катары карайт, айрымдары андан ары бирдеме жазуудан жазганышты. Жазбай калуу, же аз жазуунун да бир себебин аялдын өзүндөгү жүзөгө ашпай калган поэтикалык жаратман потенциалды энелик табиятын ачуу (бала төрөө) аркылуу компенсациялаганы менен түшүндүрсө болот. Мунун тескерисинче, психоаналитиктер (Фрейд, Юнг) чыгармачылыктын өзүн адамдагы баштапкы, табигый муктаждыктар, мүдөөлөр канааттандырылбай, жасалма жолго бурулушу (сублимацияланышы) деп түшүндүрүшөт.

Ал эми Шербет Келдибекованы бараткан жолунда эч бир тоскоолдук, эч бир социалдык себептер “солк” эттире алган жок. Анын ысымы аталганда “акын” деген ыйык наам кошо жанашат. 2003-жылы “Кыргызстан маданияты” гезитине “Аялдан гений чыкпайт” деп макал чыгарып, мен өзүмчө удургугам. А көрсө чыгат экен!!

Айтылуу алтымышынчы-жетимишинчи жылдардын адабияты жөнүндө сөз кылуунун жооптуу жагы – анын өкүлүн канчалык ачып бере алдым деген арсар ойго байланыштуу. Эмнеси болсо дагы акынды толук тааный турган учур али алдыда деген жаркын үмүт менен сөзүбүздү аяктайлы.

Аида Эгембердиева,

акын, филология илимдеринин доктору