Догдурбек Юсупов: Пародиялар парады

Багымды ачты

Эзелтен акындардын баары ырдашты,

Сүйдүк деп айдай сулуу карындашты.

Ай да эмес, Күн да эмес, Жылдыз да эмес,

Колума бирөө тийип – багымды ачты.

(Омор Султанов)

 

Сулуулар болуп дайым ырдаганы,

Эзелтен акындардын кызып каны.

Мен дагы кем калбастан ошолордон,

Баштадым “Сен жөнүндө поэманы”.

 

Сүйөм деп сулууларды күйүп-жандым,

Жете албай бирөөнө да өлүп талдым.

Жүзүнчү ырды жаңы чыгарганда,

Акактап кадимкидей чарчап калдым.

 

Отурсам аарчып коюп көздөн жашты,

Сооротуп, күлүмсүрөп серпип кашты

Колума бирөө тийип эптеп эле,

Жар болуп өмүрлүккө багымды ачты.

 

Кышалсыз коркок

Кыш жүрөт малчылардын сарайында,

Ал быйыл баатыр эмес, коркок дешет.

(Сүйүнтбек Дүйшөналиев)

 

Кыш жүрөт малчылардын сарайында,

Эгерде болсо анын ою арам,

Ал быйыл баатыр эмес, коркок дешет,

Шондуктан муштум менен мурдун жарам.

 

Эгерде кууп чыкпасам каардуу кышты,

Музоолор сарайдагы тоңушат да.

Кетпейм деп кыш өзүмө айбат кылса,

Байланган уйлар мага болушат да.

 

Кыш жүрөт малчылардын сарайында,

Иш кылып эч бир деле жарытпаптыр.

Ал быйыл баатыр эмес, коркок болуп,

Бечара кадимкидей арыктаптыр.

 

Баары болом

Чечен менен сүйлөшсөм,

Чечен болуп аламын.

Бечел менен сүйлөшсөм,

Бечел болуп каламын.

(Биримкул Алыбаев)

 

Ырчы менен ырдашсам,

Ырчы болуп аламын.

Чырчы менен чырдашсам,

Чырчы болуп каламын.

 

Күлүк менен жарышсам,

Күлүк болуп аламын.

Сүлүккө бир жабышсам,

Сүлүк болуп каламын.

 

Чоркокко бир жолуксам,

Чоркок болуп аламын.

Коркок менен отурсам,

Коркок болуп каламын.

 

Сулуу кызга жолуксам,

Жары болуп аламын.

Таң каламын өзүмө,

Баары болуп каламын.

 

Ырсыз мен

Ырсыз мен моло ташмын катып калган,

Ырсыз мен оорулуумун жатып калган.

Ырсыз мен эңгиреген ээндикмин,

Каңгыган кара туман басып калган.

(Ташполот Маматжанов)

 

Ырсыз мен дайрамын соолуп калган,

Ырсыз мен жандыкмын ооруп калган.

Ырсыз мен адамдай алдастаймын,

Караңгыда бандиттер тооруп калган.

 

Ырсыз мен даракмын үшүп калган,

Ырсыз мен жалбырак түшүп калган.

Ырсыз мен машинадай майышамын,

Караңгыда столбаны сүзүп калган.

 

Ырсыз мен калеммин жазбай калган,

Ырсыз мен ашуумун ашпай калган.

Ырсыз мен кайырчыдай бир байкушмун,

Чолок болуп, калтырап баспай калган.

 

Эгер ыр

Эгер ыр суу болсо,

Чакалап сузмакмын.

Эгер ыр тоо болсо,

Ага эптеп чыкмакмын.

(Тенти Орокчиев)

 

Эгер ыр үй болсо,

Ичине кирмекмин.

Эгер ыр ат болсо,

Секирип минмекмин.

 

Эгер ыр бал болсо,

Тойгончо жемекмин.

Эгер ыр гүл болсо,

Калтырбай термекмин.

 

Эгер ыр ит болсо,

Алмакмын үйрөтүп,

Эгер ыр куш болсо,

Алмакмын сүйлөтүп.

 

Эгер ыр бий болсо,

Алмакмын үйрөнүп.

Эгер ыр кыз болсо,

Алмакмын үйлөнүп.

 

Эгерде сен болбосоң

Мыктымын деп теңелбейм башкаларга,

Чыгармам жок анчалык мактанарга.

Окуучулар мынчалык алат беле,

Китебимди эгер сен сатпаганда.

(Токтосун Самудинов)

 

Анчалык чоң чыгарма жаратпадым,

Тамшандырып элди да каратпадым.

Сатуучу кыз мага абдан жагып калды,

Китебимди элдерге таратканың.

 

Башкаларга эч качан теңелбеймин,

Жакшы, жаман жаздым деп кебелбеймин.

Жазганымды элдерге өткөрөт деп,

Китебимди сен үчүн белендеймин.

 

Тердеп кетем дүкөнгө барганымда,

Китептерим үйүлүп калганында.

Китебимди чаң басып жатмак экен,

Дүйнөгө сен жаралбай калганыңда.

 

Кызгануу

Капыр ий, күйүп кеткир түшүмдө сен,

Колтуктап башка кызды өпкүлөдүң!..

(Асанбек Иманбаев)

 

Бирин-бири жүрөктөн сүйөм дешип,

Бир-бирине эң кымбат сезилишип.

Шумдугуң кур аялым бирөө менен,

Кучакташып өбүшөт эзилишип.

 

Бири-бирин колтуктап ызаатташып,

Мени болсо аябай ушакташып.

Көкүрөгүн жүн баскан эркек менен,

Отуруптур аялым кучакташып.

 

-Кыйын болсоң дагы бир өптүр, – дедим,

Эмне үчүн бөлөктү өпкүлөдүң?..

Уяты жок, чээнден чыккан намыссыздар,

Экөөңдү тең болду эми өлтүрөмүн!..

 

Калч-калч этип калтырайт бүткүл денем,

Кызганчаактык өзүнчө тузак белем.

Далдайган эркегинен чочудум да,

Аялымды уруп калдым бычак менен.

 

Калчылдайм калган сымал суукка тоңуп,

Аялым уйкусурап сүйлөйт чолуп:

-Эмнеге тынч уктабай койгулайсың,

Калдыңбы сен заматта жинди болуп.

 

Адамдай өңүм бопбоз качкан суру,

(Жеменин буйрубасын, ону туру).

Аялым оодарылды ары карап,

Уланып паровозчо коңуругу…