А.С.Пушкин: Сараң рыцарь

Сараң рыцарь

Катышуучулар:

Альбер

Иван (Альбердин кызматчысы)

Барон (Альбердин атасы)

Герцог

 

1-көрүнүш

Мунарада Альбер жана Иван

Альбер: – Сөзсүз барам мелдеш болчу жерге мен.

Туулгамы апкелчи, Иван, көрөйүн.

(Иван туулганы берет)

Тешик туулга, жараксыз.

Жаңысын эптеп таппасам,

Кантип кием башыма.

Граф Делорж наалаты!

Туулгамы туштаганын карачы!

Бир какканда ээринен кулатып,

Оңой тийген жоксуз ага сиз деле.

Бир күн, бир түн тилсиз жатты,

али да эсин жыя электир.

Антсе да ал анча зыян тарткан жок.

Альбер: – Көөдөн деген өзүнүкү

Жаңысын сатып алам – деп,

Бир тыйынын коротпойт.

Ай, аттиң ай, туулгасын сыйрып албай башынан!

Сыйрыйт элем, бирок мен

Уялдым да кыз-келинден, Герцогдон.

О, наалаты!

Мындан көрө башыма жара сайсачы!

Керек эми жаңы кийим да.

Соңку жолу герцог конок кылганда,

Жигиттер бүт жаркылдап,

Жалаң жибек, баркыт кийип барышты,

Бир гана мен шүмүрөйүп,

Соотуму чечпей отурдум.

“Бул мелдешке кокус келдим эле…” – деп,

Шылтоолодум аргасыз.

Эми эмне дейм?

О, жокчулук, кордугу күч жокчулук,

Нарктуу баштын баасын басып кордоду!

Граф Делорж көк найзасын сүңгүтүп,

Туулгамы теше кагып өткөндө,

Мен жылаңбаш, бир теминип Эмирди,

Жетип барып куюндай,

Ээринен графты

Жыга сайып кеткенде;

Кыз-келиндер чуулдап,

Эрдигими даңазалап,

Жар салганда ырчылар,

Ким түшүндү?..Мени кандай күч колдоп,

Эрдигиме эмне себеп болгонун,

Ким түшүндү ошондо?

Туталандым туулгамын айынан,

Баатырдыктын себеби эмне? – Сараңдык!

Ооба, ооба, атам сараң, мен сараң,

Бул дүйнөдө жугуштуу да бардыгы.

Кандай деги байкуш Эмир күлүгүм?

Иван: – Аксап жүрөт, азыр мине албайсыз…

Альбер: – Айла канча, сатып алам торуну,

Ээси деле арзан эле бергидей.

Иван: – Арзаны го арзан, бирок

Тыйыныбыз жок азыр.

Альбер: – Соломон куйту эмне дейт?

Иван: – Эми,күрөөсүнө бермейинче бир нерсе,

Карыз бере албайм дейт?

Альбер: – Күрөөгөбү! Желмогуз! Жерден чукуп алайынбы күрөөнү!

Иван: – Баарын айттым…

Альбер: – И-и, эмне дейт?

Иван: – Титирейт да битирейт.

Альбер: – Айтпайсыңбы, атасы бай деп өзүңдөй.

Азап күн ай!

Иван: – Келип калмак өзү да.

Альбер: – Анда кудай бериптир,

Акчасын албай кетирбейм.

(Каалга кагылат.)

Бул ким?

(Жөөт кирет.)

Жөөт: – Арзыбаган кулуңузмун.

Альбер: – А-а, достум,

Оңбогон жөөт, кадыры артык Соломон,

Кел, жогору өт,

Карыз акча берүүгө

Ишене албай калыптырсыз деп уктум.

Жөөт: – Эх, ырайымдуу баатырым,

Жан дилимден жардам берер элем… бирок бере албайм.

Кайдан табам акчаны?

Баатырлардын баарына

Жанталашып жардам берем деп жүрүп,

Журтта калдым.

Баары менден алышат, бирок мага беришпейт.

Карыз алган акчасынан азыраак

Береби деп сизге келдим, баатырым.

Альбер: – О, каракчы!

Акчам болсо сендей немеге

Илээшемби ушинтип?

Кой, акетай, Соломон,

Кыйыктанбай оңдуктардан сунуп кой.

Чөңтөгүңдү аңтартпай,

Бере сал эми жүз сомду.

Жөөт: – Жүз сом!

Андай акчам болгондо!..

Альбер: – Койчу эми,

Уялбай,

Досторуңа жардам бербейм дейсиңби?

Жөөт: – Кудай урсун!..

Альбер: – Болду,болду

Күрөөсүн бер дейсиңби?

Беймаани кеп! Жон терими берейинби күрөөгө!

Берер нерсем болгондо, алары да табылмак.

Эр жигиттик сөзүм сага

Татыбайбы, арам ит?

Жөөт: – Эр жигиттик сөзүңүз

Татыйт далай нерсеге

Эсен турса көзүңүз.

Ал тургай ал ачкычы да

Далай алтын сандыктын.

Бирок менде байкуш жөөттүн колуна

Берип коюп куру сөздүн ачкычын

Көз жумсаңыз (андан кудай сактасын) өзүңүз,

Сөзүңүз – жел, кантип карайм желди мен?

Альбер: – Койчу, кантип, атаман мурда кетемби?

Жөөт: – Кайдан билдик?

Бир кудайдын колундагы пендебиз;

Тигинекей, төрт абышка бүгүлүп,

Бир табытты бейитке алып баратат.

Кечээ күлгүн жигит эле бүгүн жок…

Барон демдүү.

Он – он беш жыл болбосо,

Жыйырма-отуз жыл ойноп жашайт,

Кудай өзү колдосо.

Альбер: – Жаныңы жебе, жөөт, мен

Отуз жылда толом элүүгө.

Карыганда эмне кылам акчаны?

Жөөт: – Акчаныбы? Акча деген курагыңы ылгабайт.

Акча, жигит, дайым зарыл, дайым аз…

Жаштар гана баалабай, билбейт кандай чачканын.

А карылар, досторундай күтүшүп,

Эркелетип баласындай, кадырлашат акчаны.

Альбер: – О, атакемин пулуна,

Татый албайт ак досунун, баласынын куну да!

Пулу – жаңы, пулу – анын кудайы,

Өзү пулдун байлоодогу ити дагы, кулу да!

Акчасынын айынан

Үйү үңкүр, ичкени суу, каткан токоч жегени,

Сандыктарын кайтарып,

Таң аткыча үрүп чыгат уктабай.

Алтындары жансыз жатат унчукпай,

Атам менен иши да жок алардын…

Кези келет, алтындарга жан кирет да,

Кызматыма жарап берет, карап тур!

Жөөт: – Ооба, ооба, атаңыздын кара ашында

Ачуу жаштын ордуна, кызыл алтын төгүлөт.

Кудай ошол мурасты

Колуңузга тийгизсе экен батыраак.

Альбер: – Оомийин!

Жөөт: – Кааласаңыз…

Альбер: – Эмнени?

Жөөт: – Э-э, жөн эле… бир айла бар…

Альбер: – Кандай айла?

Жөөт: – Жөн эле бир абышка бар кембагал –

Тааныш жөөт дарыкана кармаган…

Альбер: – Өзүңдөйбү же тазараак немеби?..

Жөөт: – Жок, баатырым, соодасы башка Товийдин

Жан жыргатар тамчылары бар анын.

Альбер: – Таңсыгым жок, эмне кылам тамчысын?

Жөөт: – Чыны сууга үч гана тамчы тамызып,

Ууртап койсо, өңү, даамы сезилбей,

Жанын жаннат кыла коёт адамдын…

Альбер: – Уу сатабы абышкаң?

Жөөт: – Ооба. Уу да сатат.

Альбер: – Анан эмне? Акча ордуна карызга

Ар даанасы он сом,

Эки жүздөй уу куюлган шише алгын дейсиңби?

Жөөт: – Шылдыңдаңыз, мейлиңиз,

Бирок, балким… Барондун…

Атаңыздын ажалы

Жеттиби деп ойлогом.

Альбер: – Кантип? Өз атама уу бериппи?

Жүзүң кургур, өз уулуңа кантип айттың ушуну?

Карма, Иван, жүзү кара жөөттү!

Сага окшогон айбанды

Тирсегинен асып коём, билдиңби?!

Жөөт: – Айыптуумун. Кечириңиз тамаша, мына пул,

Пулду алып коюңуз.

Альбер: – Жогол, ит!

(Жөөт кетет.)

Өз атамын сараңдыгы өзүмү

Кандай гага күнгө салды, карачы!

Жанагы жөөт, оозу-мурду кыйшайбай

Акыл айтып… Шарап берчи,

Тула-боюм калтырап… Бирок Иван,

акча керек. Жүгүр тиги жөөт иттин артынан, акчасын ал.

Калем, кагаз берчи, мен ал айбанга тил кат жазып берейин.

Жанкечтини босогомо жолотпо…

Же токточу, акчасы ал жөөттүн,

Өткөн ата-бабасынын пулундай,

Уу жыттанып жүрбөсүн…

Шарап дебедим беле!

Иван: – Тамчы шарап калган жок.

Альбер: – Ремондун белегичи,

Испаниядан мага берип жиберген?

Иван: – Акыркысын сыркоо темир устага

Бербедикпи кечээ кечинде.

Альбер: – Ооба, ооба, эсимде…

Жок дегенде суу берчи.

Э,ушинтип көргөн күнүм курусун!

Болду жетет, бүгүн барам герцогго

Баарын айтам –

Атам мени көр чычкандай кордобой,

Баласымын – баласындай тутунсун.

 

2-көрүнүш

Барон: – Кылыктанган амалы күч сойкуга

Же өзүнө алданган

Акылы тайкы бийкечке,

Жолуксам деп делбээленген бойдоктой,

Жан шеригим сандыктарды

Жашырган жерге жетсем – деп,

Кечке күттүм ушул ирмемди.

Бактылуу күн! Мына бүгүн

(али бөксөө) алтынчы сандыгыма

Азыр салам бир ууч гана алтынды.

Бир ууч гана… Бирок да

Бир тыйындан куралат го дүйнө чиркиниң.

Бир китептен окуганым эсимде:

Илгери бир падыша –

Бир уучтан топурак алып баарыңар,

Бир дөбөгө үйгүлө – деп,

Аскерине буйруптур.

Топурактан заңгыраган

Тоо жаралып ошондо тал чокуга чыгып алып падыша,

Көк мейкинди ак чатырлар жайкалган,

Көк деңизде ак кемелер чайпалган,

Көрүп көңүл аччу экен.

Дал ошондой өзүм да

Өз сеңирим жаралгыча жадабай,

Бир тиштемден, бир үзүмдөн

Тапканымы күнүгө

Ушул жерге ташыдым.

Тилегиме жеттим, эми

Чарк айлантам төгөрөктүн төрт бурчун!

Айткылачы, кана ким,

Танат менин бийлигиме? Эми мен

ибилисмин, колуман ийге келет бул дүйнө!

Каалап койсом калаа салынып,

Перизаттар гүлзарымда ойношот,

Мага гана жалынып,

Акындардын пири келет жүгүнүп

Эркин жүргөн даанышманда

Кулум болот бүгүлүп.

Изгилик да, ийгиликтин дыйканы да

Жардыгымы күтүп, менин

Көзүмү гана карашат,

“Ойт!” – деп койсом болгону:

Бычагынан кан тамган

бузукулар, жан кечтилер

колуму өөп, отум менен киришип,

күлүм менен чыгышып,

босогому жалашат.

Кол карабайм, дүйнө менин колумда!

Мен турганда арзуу – арзан, үмүт – пас!

Жаным – жаннат, сездим кудуретимди –

Болду, мага ушул гана жетишет.

(Алтындарын карап)

Аз көрүнөт,

Бирок канча адамдын

Көз жашы бар, каргыш, каны,

Алдануусу, муң-зары бар бир аз ушул алтында…

Мына дублон – эски испан теңгеси…

Жесир аял апкелди.

Бүгүн муну мага бергиче,

Үч баласын жетелеп,

Түшкө чейин улуп турду тереземин алдында.

Жамгыр жаап басылып, кайра жаады,

Бирок жесир былк эткен жок оңбогур!

Кууп ийсем болмок, бирок

Түшкүсү келбей түрмөгө

Күйөөсүнүн карызын

Апкелгени сезип турду көңүлүм.

Мунусучу? Муну Тибо апкелди –

Жалкоо, шумпай кайдан ала койду экен?

Уурдады да, балким, тиги чоң жолдон

Караңгыда карактады бирөөнү…

Чиркин десең! Ушул жаткан алтындардын айынан

Төгүлгөн жаш, кан жана тер кайра чыкса кара жерден атылып,

Анда Жерди кайра каптап топон суу,

Мен тумчугуп өлөт элем,

Ушул асыл үңкүрүмөн чыгалбай…

Убакыт-саат жетти эми

(сандыктарын алмак болот)

Качан болсо сандыктарды ачаарда,

Кара терге түшүп кетем,

тула боюм калчылдап

Коркунуч эмес. (Жок, жок! Коркпойм,

коркмок элем кимден жана эмнеден?

Алтынымы алдырбас

Албарс миздүү жарагым бар жанымда.)

Бирок да жаныма жай бербеген

Бир балээ бар кантсе да…

Дарыгерлер айтышат: кээ кишилер

канын төгүп бирөөнүн кандырат деп моокумун.

Ошол сымак, кулпуга

Ачкыч салган кезимде,

Муздак канжар малынгандай денеге,

Менин дагы кана түшүп моокумум.

Коркунуч менен рахат

Жуурулуша калышат

(сандыгын ачат).

Мына менин жыргалым!

(акчасын салып жатып)

Жай жаткыла,

Канчалардын кем-каржысын толтуруп,

Кумарына жарайбыз деп жойлодуңар жакшы эле.

Көшүлгүлө ээндиктей, эрдиктей,

Уктагыла көктөгү кудайлардын өзүндөй…

Үлпөт курам өзүм үчүн бүгүн мен:

Ачып коюп алты сандыкты,

Шам жандырып ар биринин алдына,

Жалтылдаган алтын, асыл таштарды

Карай берем көзүм тойгуча.

(Шам жандырып сандыктарды ача баштайт.)

Падышамын!.. Кандай гана жаркыраган керемет!

Бийлигимде, түптүү мамлекетим;

Ушул менин атак-даңкым, ар-намысым, бакытым!

Падышамын… Бирок эртең

Ким ээлейт бул бийликти?

Менин мураскорумбу?

Зөөкүр, бузук айбандарды жандаган,

Бир кем акыл, дүнүйө безер боз балабы?

Жаным чыгып, денем муздай электе

Жетип келет, келет ошол жел өпкө,

Арам тамак жөкөрлөрүн чубатып,

Жан кирбеген, куш конбогон чатырымын астына!

Арбагымы жазгырып,

Ачкычымы алып, жыргап

Ачат сандыктарымы.

Анан бүттү, агып кирип жыртык шайы чөнтөктөргө

Санда жоктун сабасы болот алтыным.

Ырысымы ыпыластап,

Ушул ыйык мүлкүмү чачат…

Бирок чачууга

Кайсы акысы бар деги?

Бул дүнүйө мага же

Көктөн түшө калдыбы,

Кумарчыдай “Дарттикемдеп” жанымы жеп

Же буларды бекер утуп алдымбы?

Ушуларды жыям деп,

Жан убалын ойлобой,

Канча жолу кумардан чыга ойнобой,

Уйку көрбөй, дем албай,

Таза кийинип, таттуу жебей,

Өмүрүмүн куну болду бул байлык,

Ким түшүндү ошону?

Же өзүмү: көңүлү – көр, жаңы – таш,

Жан лаззатын унутуп абийирин алтынга

Алмаштырып алганмын – деп,

Айыптайбы уулум?

Абийирден… Абийир – жырткыч,

Жүрөгүңү мыжыган,

Абийир – конок, абийир – маңыз жадатма

Аласасын доолай берген докчул ал,

Ал жез кемпир көрүнө калса көзүнө,

Ай тутулуп, бейит уялып,

Арбактарды айдаган,

Шол абийирден атам куру калган дейби, уулум?

Жок, балакай, кыйын болсоң өзүңчө

дүнүйө жейт, азабын тартып, анан айт

Тырмагын тешип, жанын жеп

жүрүп, жыйган малын кимдер чачарын

Дал ошондо көрөбүз.

Атаганат! Ушул жаман үңкүрдү

Көргөзбөй бир да кишиге

Жашырып кала алсамчы!

Өлгөндө да кайра келип көрүмөн,

Сандыктарды жан адамга алдырбас

Мен көлөкө кароолчу болуп калсамчы!..

 

3-көрүнүш

Ак сарайда. Альбер, Герцог.

Альбер: – Ишениңиз, таксырым, өмүр бою

Жокчулуктун ызасынан басынып, жигит атым кор болду.

Антпегенде, алдыңызга келбейт элем даттанып.

Герцог: – Ишендим, жигит, ишендим,

Сиздей бекзат тегин жерден

Айыптабайт атасын.

Андай тексиз арабыздан аз чыгат…

Атаңыз менен ээнирээк сүйлөшүп уяткарам,

Камыкпаңыз анчалык.

Бүгүн келмек, күтүп турам. Көп болду

Ал экөөбүз жолугуша элекпиз.

Чоң атамын досу болчу. Эсимде,

Мен кичине кезимде,

Башындагы туулгасын кийгизип,

Ойнотчу эле мени өңөрүп.

(Терезени карап)

Келаткан ким?

Караңызчы, бул атаңыз эмеспи?

Альбер: – Ооба, ошол таксырым.

Герцог: Анда, бара туруңуз тигил бөлмөгө,

Анан өзүм чакыртам.

(Альбер чыгат. Барон кирет.)

Барон

Сизди эсен – соо

Көргөнүмө кубанам.

Барон: – Сөзүңүздү эки кылбай,

Эптеп жетип келгениме

Бактылуумун таксырым.

Герцог: – Кайырлашып, кайра көрүшпөй,

Көп жыл өттү, Барон, деги

Унутуп калган жоксузбу мени?

Барон: – Менби таксыр?

Көз алдымда азыр да.

О, сиз анда

Ойноок бала элеңиз.

Бейиши болгур Герцог айтчу дайыма:

Ээ, Филип (Филип дечү ал мени),

Кандай дейсиң?

Жыйырма чакты жыл өтүп,

Ушу бала бойго жетсе, экөөбүз

Ал жигиттин көзүнө

Алжыган бир чал көрүнүп каларбыз…

Сизге, демек,арийне…

Герцог: – Далай болду, ак сарайга келбейбиз,

Катташалы кайрадан.

Барон: – Карып калдым, эмне кылмак элем сарайда?

Силер болсо жашсыңар,

Оюн-зоок, мелдештерди каалаган,

Мен аларга жарай албайм. Кокустан,

Согуш болуп кетсе эгер, колума

Кылыч алып, эптеп-септеп ат жалына жабышып

Салгылашсам, бир бороондук алым бар го сиз үчүн.

Герцог: – Ниетиңиз бизге белгилүү:

Чоң атама дос элеңиз.

Атам сизди кадырлачу. Өзүм да

Тайманбаган баатыр адам деп жүрөм.

Кана, анда отуралы жайыраак,

Балдарыңыз барбы, Барон?

Барон: – Бир уулум бар.

Герцог: – Эмнегедир көрбөптүрмүн эмгиче?

Сиз го жадап калыптырсыз сарайдан,

Бирок жигит болгондо да эр жигит,

Арабызда болгону оң.

Барон: – Мүнөзү түнт, жапайыраак уулум бар,

Ага жакпайт

Ак сарайдын шаңдуу, сыпаа турмушу.

Рабаттан окчунураак токойдо

Жүрө берет, эликтердей ээндеп.

Герцог: – Жапайылык

Жакшылыкка жеткирбейт.

Ата-теги, наамына

Тете болор үлүш берип, жигитти

Жибериңиз оюн-зоок, мелдешке,

Зыяпатка катышууга үйрөтөбүз тез эле.

О, негедир кабагыңыз кирдей түштү,

Чарчап калган жоксузбу?

Барон: – Жок, таксырым, чарчаганым жок, бирок

Уулумун кылык-жоругун

Сизге айтпай, жашырайын десем да,

Айттырганы турасыз.

Ошону ойлоп, тарткынчыктай калганым.

Шорум курусун! Сиз ага

Көңүл буруп, сөз салбаңыз – арзыбайт.

Бузуктарга шерик болуп,

Жаш өмүрүн барктабады ал урган…

Герцог: – Барон,

Ал кылыгы жалгыздыктын айынан.

Бекерчилик, жалгыздык,

Жаш адамды жолдон бузат дайыма.

Аны бизге жөнөтүңүз: ээн жерде эсирген

Кылыктарын дароо унутат.

Барон: – Таксыр, мени кечириңиз, бул сөзгө

Макул боло албаймын…

Герцог: – Эмнеликтен, эмне үчүн?

Барон: – Такыбаңыз, таксырым…

Герцог: – Талап кылам: сөздүн чынын айтыңыз.

Барон: – Мен уулума капамын.

Герцог: – Себебичи? Себеби?

Барон: – Кечирилгис кылмышы бар, таксырым.

Герцог: – Кандай кылмыш, ачык айтыңыз?

Барон: – Кечириңиз, айта албайм.

Герцог: – Кызык экен,

Же ошончо уяларлык иш беле?

Барон: – Ооба…Уят…

Герцог: – Деги кандай кылмыш кылды уулуңуз?

Барон: – Мына мени… Өз атасын

Өлтүрмөкчү болгон ал.

Герцог: – Өлтүрмөкпү? Анда аны каракчыдай соттотуп,

Тарттырайын жазага.

Барон: – Далилдейм деп далбас кылбайм,

Бирок билем, өлсө экен деп тилеп жүргөнүн.

Жана дагы билем, ниет кылганын…

Герцог: – Кандай ниет?

Барон: – Байлыгымы тономок.

(Альбер жулунган бойдон кирип келет.)

Альбер: – Барон, жаныңызды жебеңиз.

Герцог (Альберге): – Бейжооп кантип кирдиңиз?..

Барон: – Мында белең! Сен, сен атаңа ушинтип!..

Өз атаңа жалганчы деп…

Кантип айттың ушуну?

Таксырымдын алдында жалган сүйлөр мен белем!..

Мен, Менби… Же

Баатыр деген атым өчүп калганбы?

Альбер: – Сиз – жалганчысыз.

Барон: – О, Жараткан, көк жарылып кетпейби!

Кана, көтөр, сөзүбүздү кылыч мизи тактасын!

Мээлейин ыргытат (Уулу леп эте ала коёт.)

Альбер: – Ыраазымын. Өз атамын эң биринчи белеги.

Герцог: – Шумдугуң кур! Эмне деген шумдук бул!

Эрөөлдөшүп атасы менен баласы!

Кандай шумдук заманда тийген мага,

Герцогдордун тизгини!

Эсиңе кел, карыя, токтоткула,

Бала жолборс, тизгинди тарт сен дагы!

(Альберге)

Келе бери, сабыр кыл.

(Мээлейди алып коёт.)

Альбер (четке): – Ай, аттиң ай!

Герцог: – Жарыбагыр. Тырмышканын карасаң!

Жогол эми, чакырттырбай

Көрүнчү болбо көзүмө.

(Альбер чыгат.)

Шору каткан абышка,

Уялсаңыз болбойбу…

Барон: – Тизелерим титиреп…

Шайым кетип баратат…

Эки көзүм тунарып… Аба жетишпей…

Ачкычтарым?.. Ачкычтарым?

Герцог: – О, Жараткан! Өлдү!

Шумдук замана!

Адамдары ыймансыз,

Адамдары таш боор замана!

Которгон: Алымкан Дегенбаева