Данияр Исанов: Санаа мени саргайтса – сагыныч мени жашартат

Санаа мени саргайтса – сагыныч мени жашартат

(Эссе)

Санаа мени саргайтса, сагыныч мени жашартат…

Санаасын да, сагынычын да жерибейм. Балким, мени ушул эки нерсе эсиме келтирип, ар таңда Улуу Жолго – Улуу Милдет жүктөп туруп, анан адам бол деп алыска узатып турганындадыр!?

***

Санаа – чабыттап учкан кыялым… Кай жерге беттеп учат, кайдан токтойт – муну элестетүүнүн өзү коркунучтуу. Санаа токтогон күнү өмүр бүтчүдөй туюлат.

Убайым жеген адам өзү үчүн да, өзгөлөр үчүн да кам көрөт!

***

Санаа тарткандардын дили карайганын көрбөдүм. Санаа – жашоодон тыянак чыгарчу бүтүмдөй. Андыктан сабалап уч, Улуу Санаа – Улуу Милдет!

***

Сагыныч – бул өткөн чак. А өткөн чак, баёолуктан калган балалыктын издериндей. Артта калган аруулуктан, сулуулуктан, улуу максат, ыйык мүдөөдөн канагат алып жашап, андан жашаргандын эмнеси жаман!?

Сагыныч – көөдөнгө үйүлгөн аялуу дүйнө. Өтмүштөн алган таберик… Мына ушулар бизди коштоп, эриш-аркак ээрчип келгени үчүн аларга таазим эткенден башка арга жок.

***

Бир топ жылдар өттү. Киндик кан тамган жерден балалыктын изин издеп барбай калганыма. Кайсы бир жылы айылымды аралап жүрүп көчө бош аңгырап калганын көрүп, ичим эңшерилген. Көчөнү көрккө бөлөчү сынынан жазбаган апалар да, кадырлуу аталар да, шаңга толтурчу балдар да жок – көңүл кирдеп көпкө турдум жол боюнда.

Биздин убакта көчө чуру-чуу түшчү. Дөбөдө сөз баккан карыялардын бири үн катпай тунжураса, бирлери сөз тыңшап, а бирлери өтмүштөн кеп ташташчу. Керелден-кеч оюн менен анан айылдагы эч качан арбыбаган иш менен улам бир күндү курмандыкка чалчубуз. Тоо этектей жайгашкан курбалдаштарымдан көчөбүздө жалгыз гана Жекиш апасын каралап, айылды шаарга айырбаштагандан айбыгып үйүндө калыптыр…

***

Айылымдагы мен билген адамдардын бири жок. Алардын орду жаңы муун менен толукталган. Бирин таанысам, бирин тааныбай буйдалам. Келбес жайга кетишкен аксакалдардан бир гана туулган жеримдин топурагы аманат болуп көөдөндө.

***

Бир топ жыл райборбор болуп турган айылыбызда түрдүү адамдар орун-очок алышкан. Айылдын көчөлөрүн аралай чаап баратып, бир тууган агам Таластан, алдымдан чыккан кишини көрүп:

-Бул ким? – дээр элем.

-Бул киши улуту венгр!

-Венгр??? А бул ким?

-Аа, болгар!

-Тигилчи?

-Кытай!

Айтор, бет келген кишиге көз чаптырып, алардын улутун уккан соң ошончо жерден биздин айылга кайсыл шамал айдап келген деп таңыркачумун. Менин Ата Журтум өз койнуна венгрин да, чеченин да, түркүн да, орусун да, полягын да, корейин да, немисин да, татарын да батырып кучагын кенен ачкан, тагдырдын жазмышы менен өз Ата Журтунан азап менен кош айтышып келишкен бир топ кишилерди калкалаган.

Алардын ар биринин табышмакка оролгон тагдыр жолу менин огобетер кызыгуумду арттырып турса да, жакын барып кебин уксам деген менен тартынчаак жаным батынып сурай албагам. Үйгө кайтаарым менен Ата Журтунан айдалып, башынан эчен азапты кечирип, бизге камыр-жумур аралашып жашаган адамдар тууралуу ойго батып атып уктап кетчүмүн…

***

Айрыкча, айыл мончосун жаккан Мох менен Кытайдан келген Кулу аксакалдын элестери алигүнчө эсимде. Экөө тең эл көрбөгөн азаптарды баштан кечирип, анан биздин айылды байыр алып, биздин топуракты жазданышты. Кулу аксакал өткөн кылымдын кыркынчы жылдарынын соңку ченинде ата-энеси акырет кеткен соң карындашы менен туугандарын Кытайга калтырып, үч жашар инисин жонуна көтөрүп алып ашуу ашып, бел басып отуруп акыры биздин айылды байыр алган. Ошол бойдон Кулу аксакал бүткүл өмүрүн биздин айылда өткөрдү. Анын айткан кептерине кулак төшөп, балалык баёо дүйнөм менен тоо боорунда көктү тиктеп жатып, каалгыган булуттарга көз чаптырчумун…

***

Айылымдагы кан жолдун боюнда анда-санда өткөн машинелерге да, атчанына да, жөө өткөнүнө да – эстеликке орноткон сүрөтү менен күлүмсүрөй тиктеп – энемдин бейити турат…

Энем Эрке – так ушул азыркы мендей куракта, 42ге толгон күнү жанын кыйнаган кеселден улам мага күйүттү үйүп туруп, өзү күлүмсүрөгөн сүрөтүн калтырды да, жаны көккө учуп кетти.

Чейрек кылым өттү… Энем кетсе да, элесин жонума көтөрүп келатам. Энемдин элеси менен таңды атырмай, кечти батырмай – мага буйруптур. Жазмышпы же жазабы, алиге чейин түшүнө албай келем!?

***

Мен чуркаган көчөлөр…

Тоолор… Талаалар… Таштар…

Мөлтүр кашка булак…

Үн салган күкүк… Безеленген торгой…. Каркылдаган карга… Чардаган бака…

Атчан бирөө… Айылдык мугалим Сагынбек… Арабакеч Ысабек… Эшекчен Керней… Мончочу Мох…

Өмүр бою коңшу туруп, анан кызы менен Орусияга ээрчишип кетип, кечээ жакында айылдагы Муса агама телефон чалып алып, Чат-Базарга калтырган жаштыгына арман кылып сагынычтан токтоно албай бир топко ыйлаган Валя…

Анан да… айылымда мен үчүн баарынан ыйык энем Эркенин жарыкка келген күнү менен кош айтышкан күнүн дааналап көрсөткөн:

“1952-жыл. 15-февраль – 1994-жыл. 15-февраль” – деген бейиттеги жазуу…

***

Тоону өрдөп барам…

Ушул тоого бир кезде жалгыз кой жайган күндөр болду. Ошондогу айлананы күүгө келтирип, кулактын кужурун алган саратандын, күүгүмдө чардаган бакалардын добушун, азыр күрүлдөгөн машине менен күүлдөгөн, ыш баскан, тынымы жок шаар турмушуна алмаштыргам.

Чардаган бакалар… Сайраган булбул…

Күкүк деп үн салган сүтак менен кишенеген аттарды калаага айырбаштаган, Айыптуумун, –  Ата Журт!

2018-жыл. Март.