Максуда Ормонова: Көрсө, алган экем…

Көрсө, алган экем…

Көп эле белектерди алдым. Мүмкүн кээ бирлерин унутуп да калгандырмын. Кызык… Ушундай да болот экен. Бир белектен баш тарткан болчум. Аны албай койгон элем. Көрсө, алган экем… Жупуну жашоо-тиричилигибизге карабай, апам биздин ар бирибиздин туулган күнүбүзгө бир өзгөчө көңүл бурчу. Ошол жылы кар оор түшкөн. Азыр эстесем, ал жылдагыдай калың карды көрө электеймин.

-Менин кызымдын туулган күнүнө күн да кубанып турат. Кар түнү жаап баштаган эле. Дале басылбай жаап жатат. Садага болоюнум! Башкачам менин! Бөлөкчөм менин!-деп, апам маңдайыман өөп, мектепке тургузду.

-Кана, көрөйүнчү!-быйылкы кыштын биринчи кары болбосо да, шашып, терезеге чуркадым. Чын эле, укмуш… -Көрдүңбү? Мындай кар эч кимдин туулган күнүнө жаай элек!

-Чын элеби?-артыма бурулганымда апам мени кучагына бекем кысып, кучактап алды. Биз, апам экөөбүз кучакташып көпкө турдук.

-Жытыңа садага болоюн! Жыттуум менин!-апам чачтарымды да өпкүлөп жатты. Эркелигим ушунча… Бассам да түз баспайм. Кыйшалаңдап, секирип, ордумда айланып… Апама, албетте, апама эркелеп… Апам дайымкыдай чачымды тарап, өрүп берди. Менин ошондогудай чачымды эч кимден кездештире элекмин. Эсимде, атам алдына олтургузуп, башыма кесени коюп туруп, кесенин четиндеги чачтарымды устара менен алып салган. Ошол чачым өсө берди, өсө берди, өсө берди. Узун болуп өстү. Четин болсо өстүрө койбой улам алып турушат. Азыр да апам ошол узун, ничке чачымды өрүп, эң учуна ак лентамды гүл кылып бекем тагып койду. Окууга жөнөдүм. Биринчи классмын. Апам бүгүн тандыр нандын жарымын сумкама салып берди.

-Досторуңа да бергин, макулбу? Бөлүшүп жегиле,-мен башымды тиземе жеткире ийдим. Апам менин ар бир эркелигимди сүйчү… Кошуна досторума кошулуп мектепке баратам. Бүгүн туулган күнүм экенин жолуккандын баарына айттым. Досторум менден өтүп кубанышты. Менин чакан мектебим тиги дөңдө, алма бактын так ортосунда жайгашкан. Ошол дөңдөн муз тепкенибиз айтып бүткүс кубаныч!

-Эжеке, бүгүн Айнаштын туулган күнү!-досторум, биринен бири озуп эжекеме айтышты.

-Аа, абдан сонун! Анда биздин Айнаш чоңойгон турбайбы!-эжекемдин акыркы сөзүнө түздөнө калдым. Чоң танаписте, баарыбыз бакка сыйгылчакка чыктык. Кар жаап жатат. Бирок, сырт жылуу. Алаканыбызга конгон кар чоң эле, кооз эле!Мен мурда көрбөгөн гүл! Гүл кар, гүл, гүл… гүл эле. Биз паровоз болуп, ылдыйга жөнөдүк. Эч канча жылбай эле балдар жолубузду тосуп, паровозубузду үзүп салышты. Койнубузга кар тыгып, айлабызды кетиришти.

-Силердиби, мына, эжекеге айтабыз!-кыздар ыз-мыз болдук.

-Айткыла! -Баргыла,айтпайсыңарбы! -Эмне турасыңар! Кеткиле!-балдар бизди түртүп киришти.

-Шашпай тургула! Силердиби! Эжекеден көргүлүктү көрөсүңөр!-кыздар тобубуз менен эжекеге арызданганы кеттик.

-Эжеке!.. -Эжеке-е!.. Эжеке-ее-ее!… Эжекебиз бизди ээрчитип сыртка чыкты. Туура бакка, сыйгылчакка келдик.

-Ай, балдар! Бул эмне кылганыңар! Кыздарды сыйлаганыңар ушубу! Бүгүн болсо Айнаштын туулган күнү! Уят эмеспи!

-Калың, күрөң күрмөчөн Салима эжеке жүн оромолун бекемдеп байлап жатып, баарыбызды кыдырата карап алды.

-Биз эч нерсе кылган жокпуз!- балдардын актанганын айт. Биздин көзүбүздү кызартып, тим эле чимирилип, дөңдөн сыйгаланып түшүп баратышат. Аскар тээ ылдыйда, тосмого жете барыптыр. Томолонуп карда жатат. Кана, айткылачы, кимдин өтүгү жакшы таят?-эжекебиздин жүзү бир албырып турду дейсиң!

-Максаттын өтүгү! -Жок, Аскардын өтүгү! -Аскардын өтүгү! -Аскардын өтүгү, жакшы таят, эжеке!-кыздар жабалактап, эжекенин күрмөсүн да тарткылап жибердик.

-Кана Аскар?! -Аска-а-р! -Аска-а-р! -Кел бери! -Чык, чык ылдам!-балдар-кыздар, ылдыйдан Аскарды чакырып жаттык. Бети-башы кар, мурду кызарып Аскар да чыгып келди. Баарыбыз Салима эжекенин эле оозун тиктейбиз. Эми эмне буйрук дегенсип.

-Ии,чыктыңбы, азамат! Эми отур алдыга! Дагы кимдин өтүгү жакшы таят? Максат кана? Максат эжекенин сол капталынан чыга калды.

-Мына мен, эжеке!

-Аскардын артына сен олтур! Кыздар, кана эми силер чиркешкилечи!-биз ушуну эле күтүп турган элек. Мына, узундан узун паровоз болдук!

-Кеттик!.. -Гү-ү-ү-п!.. -Гү-үп!.. -Гү-ү-ү-п!..-ким бирөөнүн өтүгү тоңгон музду кырып баратты. Кырынды бетибизге чымырата чачылып, гүүлдөп, ылдый түшүп бараттык. Зуулдап, каткыра күлүп бараттык.

Абдан бактылуу бараттык эле… Анан эле, билбейм, дарак оонагандай болдубу, айтор, бизди басып калды. Ушул оордук менен да бир топ жерге чейин, сүйрөлүп бардык. Оң-тескери, бирибиз өйдөнү карасак, бирибиз сайды карап, мен болсо оң бутумду тарталбай көмкөрүлүп жатам. Өтүгүм калып, бутум чыкты. Бирөө колумдан тартты. Гүлүмкан экен. Ал болсо күлөт да күлөт. Өтүгүм ыргып жаныма түштү, ичи карга толуп калыптыр. Көргөн көзүмө ишенбейм, эжекем да томолонуп, тигине оонап жатат. Кыраан каткы күлүп, эжекени тартып, тургузалбай жатышат. Паровозубуздун эң аягына эжекебиз чиркешкен турбайбы! Карга буланган эжекебизди сүйүп турдук, сүйүп турдук дейсиң… Мындай майрам болгон эмес. Ушундай кубандым, жаным ичиме батпайт.

Бир топ күндөн бери шаарга түшпөй, этибиз жок. Сабиз да аз экен. Апам пиязды кызарта кууруп, себеленген сабиз менен эти жок болсо да аш демдеди. Чоң агамды үйлөгөнбүз. Калың берип, той өткөрүп, карыз да болгонбуз. Мунун баарын апам менен атамдын кээде айтып калышканынан билем. Короодогу койлорубуздун баары калыңга кеткен. Агам карачу. Кара кашканын козусун бербейм деп кучактап ыйлаганын мен да көрүп тургам.

Атам:-Кой, балам. Энесинен ажыратпай эле коёлу деп агамдын кучагынан алып, машинага ыргыткан. Ошол жаңы жеңем бар. Эти жок сен жасай албайсың деп, апам казан кармап жүрдү. Жеңем өз бөлмөсүндө. Улам чыгат, кирет. Мына-мына дастарконго олтурабыз. Мен ушуну күттүм, анткени, башкалардын туулган күнүндөгүдөй мага да каалоо-тилек айтылат. Бир туугандарым айтышат. Эң аягында апам анан атам алакан жайып бата беришет. Окуудан келгенден бери дикилдеп басам эле басам. Чачымды селкилдете басам. Гүл лента байланган чачым алдыма да өтө түшөт. Бакытым чексиз болду дейсиң.

-Кыздар, дастаркон салгыла. Аш дем жеп калды. Жеңеңди да чакыр,-апам терезенин түбүндө документ кагаздар салынчу сары папкеден кагаз издеп жатты. Апамдын жанына барып олтура калдым. Ал папкеде жанагы кичинекей таштай каткан, бүркүттүн өтү бар эмеспи. Апам папкени ачкан сайын ошол өттөн ичирип коёт.

Азыр да: -Пияла апкел, суусу менен-деди. Зыпылдап пияланын түбүнө аз суу апкеле калдым. Апам жанагы бүркүттүн таштай кургаган өтүн пияладагы сууга эзип-эзип, анан мага ичирип койду. Ачуу даамга ичим кызып кетти. Ичирип жатып:-бүркүттөй курч болосун,-деди. Апам муну ар ичиргенде айтат. Ачуу болсо да апамдын ушул сөзүн угуу үчүн гым этпей ичип коём. Каалга ачылып жеңем кирип келди. Колунда каробка. Кечээ жакында жеңеме алынган бут кийим менен келген болчу. Дароо тааныдым. Жеңем киребериште туруп калды. Тартынбаган, жайдары жан. Туруп калганынан баарыбыз тиктедик. Телевизордон комузчуларды бериле көрүп олтурган атам да башын бурду.

-Бүгүн кичине кыздын туулган күнү турбайбы. Кармаң, сизге белек,-менин көзүм пар ачылбадыбы.

-Ай-иий, чурка!- апам мени башкача кубаныч менен карады. Ордуман туруп араң бараттым. Каалоо-тилек, демделген палоо, мына ушуну гана билчүмүн. Анан минтип… мындай белекти алып көрбөгөнмүн. Жеңемдин жанына жетиш узактан узак жол болду дейсиң… Жетип бардым.

-Кармаң! Акырын кармаң!-жеңем шаңкылдап күлөт да күлөт. Колума алып акырын дегенинен ичинен суу төгүлүп кетчүдөй түптүз кармап апамдын жанына келип калдым. Койгонумда эки эжем да жанымда болуп калды. Башыбыз биригип каробкадан эмне чыгарына кызыгып турабыз.

-Ачпайсыңбы! Ач!-дешти. Ачкым келбейт. Ушул сырдуу кубаныч менен көпкө тура берсем. Жеңем ордунда. Баары мени эле күтүп тургандай. Мына,ачтым. Мындай белекти көрбөгөндүгүм үчүн түшүнбөй калдым. Бул эмне экенин билбейм. Каробканын ичи толо. Менимче апам деле түшүнбөгөндөй. Эжелеримде үн жок, дале карап турушат. Чыдабай, ушул оододон бир буюм тапчудай чукуп кирдим. Түбүнө чейин чукуп үлгүрдүм. Эч нерсе таппадым. Мында болгону шыпырынды эле бар экен. Чачка аралашкан, кагаз-кугаз, чачка тагылчу сынган темир-тезектер, анан… анан, бир топ жыртык байпактар эле. Мен ызаланып, бетимди бекитип ыйлап жибердим.

-Тамашаладым, тамашаладым эле…-жеңем өзү да ыңгайсыз боло түштү. Чыгып кетти. Кана басылсам… Ичим бир күйдү дейсиң… Бүгүнкү кубанычым сыртта жаап жаткан кардай үбүлүп, жерге сиңип кеткендей болду. Баары көнүлүмдү улаганга аракет жасашты. Тамаша экенин бир мен түшүнбөй жаткандаймын.

Апам жасаган аш ушундай даамдуу болгон экен. Ашта апамдын сүйүүсү мээрими бар эле да. Бирок, бир алым аштан башка жей албай койдум. Тамагымдан уу чыгып жаткандай. Бул жылдагы туулган күнүм ушинтип өттү. Айтылган каалоо-тилектер да кулагыма кирбеди. Менден башка эч ким муну эстебегендей. Менимче бул күндүн унутулуп кетишин баары каалады. Ооба, унутулуп кетти. Жеңем да жаш болчу. Ошондо ыйлаганым үчүн жеңемден көпкө уялып жүрдүм. Бул окуя мага бир өмүр сабак болду. Бардык майрамдарга караганда адамдын жарык дүйнөгө жаралышын бийик көрөм. Тирүүлүктө көңүлдөн назик эч нерсе көрбөдүм. Канча жыл өтсө да жүрөгүмө орногон белек болду. Көрсө, алган экем…