Токтосун Самудинов: Уяң жаным, араң бердим катымды, Элет жерде эч ким сунбайт гүлдесте

Жоопсуз каттар Капилеттен алоолонуп бүт дүйнөң, Кандай учур биринчи ирет кыз сүйгөн?! Күлмүң этсе — көңүл куштай көкөлөп, Мулжуң этсе — ыза кысып, ич күйгөн.   Сүйүү эмне? Сезбей жүрсөм бир кезде, Чалдыгыпмын мен да ошондой илдетке. Уяң жаным, араң бердим катымды, Элет жерде эч ким сунбайт гүлдесте.   Алабарман-ай, балалык! Ай, жаштык! Андай катты канчаларга карматтык. Жооп күтүп… Күндөй жарык тилекти Бир жылт эткен сезимдерге алмаштык.   Кайран каттар! Жок силердин айбыңар, Тытылдыңар, мүмкүн отко жандыңар… Өз милдетин курман болуп аткарган Чалгынчыдай кайра кайтпай калдыңар.   Айылдаш чал Бала толугу менен…..

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Токтосун Самудинов менен маек

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Токтосун Самудинов менен пародиялары, 40 жылдан бери үзгүлтүксүз чыгып келе жаткан балдардын сүйүктүү “Байчечекей” журналы, замандаштары жөнүндөгү маектин биринчи бөлүгүн сунуштайбыз. КР Улуттук жазуучулар союзунун ютуб каналына катталып, пикир калтырып, колдоо көрсөтүп туруңуздар.

Токтосун Самудинов: Пародиялар

Кереметтүү керебет Жатса бала ыйлабайт, Жамбаш талып кыйнабайт. Ойдогудай таптаза, Ороо-чулгоо булгабайт. Муса Жангазиев   Көргөн сайын күлчүмүн, Кимдики? – деп жүрчүмүн. Карап алып таңгалам, Үч литрлик күлтүгүн.   Азыркылар көрө элек, Бул да өзүнчө керемет. Бешик эмес тим эле, Варшавский керебет.   Мейли жайда, кышында, Эч нерсе жок тышында. Шимеги бар шишедей, Маселеси ушунда.   Таңып салсаң туйлабайт, Караманча кыйнабайт. Көрсөтүп кой муштумду, Коркконунан ыйлабайт.   Кара жанын жебесин, Жалган айтат дебесин. Бул бешикке анткени, Жатыптырмын мен өзүм.   Массалык мас Көл да мас, деңиз да мас, талаа да толугу менен…..

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Т.Самудинов 80 жашта

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Токтосун Самудинов 5-сентябрь күнү 80 жашка толду. Урматтуу Токтосун Самудинович, туулган күнүңүз, 80 жаш кутман курагыңыз кут болсун! Сиз мезгилдин оор шартына карабай жеткинчектердин сүймөнчүгү болгон “Байчечекей” журналын үзгүлтүксүз чыгарып, жылдан-жылга журналдын маани-маңызын, сапатын, усулдук багытын жакшыртуунун  үстүндө көп жыл үзүрлүү эмгектендиңиз, учурда да талыкпай  журналдын ишин жетектеп, улуттук балдар адабиятындагы дөөлөттөрүбүзгө зор салым кошуп келе жатасыз. Сиздин жыйырмадан ашык көп жанрлуу китептериңиздеги ырлар, уламыштар, пародиялар, юморлор, афоризмдер, макал-лакаптар маданиятыбызды, салтыбызды, үрп-адатыбызды окурмандарга кеңири таанытууда чоң салым кошкондугун баса белгилесек болот. Сиздин адабиятка, маданиятка кошкон эмгегиңиз толугу менен…..