Айтыңыздар маарек болсун!

Урматтуу мусулмандар, Урматтуу калемдештер, Жалпыңыздарды бүгүнкү Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Курман айт – мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири. Курман айт майрамында Азирети Ибрахим пайгамбардын, (алайхис салам) өзүнүн канынан жаралган сүйүктүү уулу Азирети Исмаил пайгамбарды (алайхис салам) курмандыкка чалууга камдануусун жана Исмаил пайгамбардын да өз атасынын мындай амалына чын жүрөктөн ыраазы боло моюн сунуп бергендигин, анан да Аллага чын жүрөктөн берилүүнү туюнтуу ниетинде малдарды курмандыкка чалуунун жана ошондой эле жогоруда аты аталган эки пайгамбардын Алланын бу дүйнөдөгү чоң сыноосунан өтүшкөндүктөрүнүн сүйүнүчтөрүн майрамдашат. Бул күнү мүмкүнчүлүгү бар адамдар курмандык чалып, мусулмандар толугу менен…..

Акын, журналист Гүлжамила Шакирова акка моюн сунду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Гүлжамила Шакирова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Акын Гүлжамила Шакирова Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында 1955-жылы 28-декабрда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Токтогул атындагы адабият музейинде улук илимий кызматкер, республикалык Кыргыз тили коомунун “Эне тил” гезитинде кабарчы, 1993-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын Кыргыз радиосундагы “Казына” чыгармачылык бирикмесинде “Нуска” аттуу автордук программасын, “Дил жаңырыгы”, “Нуска”, “Бейпил түн”, “Кыраакы кыргыз дүйнөсү”, “Илгеркиден икая”, “Мен кыргызмын”, “Бейне” программаларын даярдап, эфирге алып чыккан. 1987-жылы “Сапардагы каркыра” деген алгачкы ыр китепчеси жарык көргөн. Кыргызстан Жазуучулар союзунун жана Кыргызстан кол өнөрчүлөр союзунун мүчөсү. толугу менен…..

КР Эл акыны Э.Ибраевдин өзбек тилине которулган “Бийчи көпөлөктөр” китебинин бет ачары өттү

Кыргыз Республикасынын эл акыны Эсенгул Ибраевдин өзбек тилине которулган “Бийчи көпөлөктөр” аталышындагы ырлар жыйнагынын бет ачары өттү 21-июнда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын эл акыны Эсенгул Ибраевдин 90 жылдыгына арналган “Күндөр менин канатым” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция жана акындын өзбек тилине которулган “Бийчи көпөлөктөр” аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Хуршиду Мирзахидов, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор толугу менен…..

Жазуучу, журналист Кочкорбаева Жамийла 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу, журналист Кочкорбаева Жамийла 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Кочкорбаева Жамийла 1937-жылы 27-августта Чүй облусунун Кемин районундагы Бейшеке колхозунда туулган. 7 жылдык мектептен кийин Фрунзе шаарындагы №5 кыргыз орто мектебинен билим алып, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (1955-1960) 1960-жылы бүтүргөн. Ошол эле жылы республикалык “Ленинчил жаш” жаштар гезитине адабий кызматкер болуп орношкон. 1962-жылдан 1965-жылга чейин “Советтик Кыргызстан” гезитинде адабий кызматкер болуп иштеп, кайрадан “Ленинчил жаш” гезитине бөлүм башчы болуп которулган. 1970-жылы Кыргыз Республикасынын радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетине которулуп, радиодо 2 жыл эмгектенген. Телекөрсөтүүдө “Эл чыгармачылыгы” аттуу редакция ачылып, толугу менен…..

Меңди Мамазаированын “Жазуучу жана театр” аттуу чыгармачылык кечеси өттү

Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында Кыргыз Республикасынын Эл акыны, жазуучу, драматург М.Мамазаированын 80 жылдыгына арналган “Жазуучу жана театр” аттуу чыгармачылык кечеси болуп өттү. Кечеге КР Мамлекеттик катчысы С.Касманбетов, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары К.Иманалиев, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, театр ишмерлери, маданият өкүлдөрү катышты. Келген меймандар авторго куттуктоолорун айтышып, М.Мамазаированын чыгармаларынын негизинде театралдаштырылган поэзия кечеси тартууланды.

Дүйнөлүк акындар кыймылы (WPM) Кыргызстанда

Дүйнөлүк акындар кыймылы (WPM)  Дүйнөнүн беш континентиндеги акындар менен поэзия сүйүүчүлөрүн бириктирген эл аралык уюм – англис тилинде “WORLD POETRY MOVEMEND”, кыскача – (WPM) деп аталат. Өзөгүнө гуманисттик идеяларды камтыган бул Глобалдык кыймыл биздин кыргыз поэзиясы менен акындарынын турмушуна да келип жетти. Дүйнөлүк акындар кыймылынын (WPM) түзүлүш тарыхына кайрылсак: 2011-жылы Колумбиянын Медельин шаарында өткөн кезектеги чоң Эл аралык Поэзия фестивалына дүйнөдөгү башка да чоң фестивалдардын уюштуруучулары менен акындары чогулуп келип, биригип, бирге иш жүргүзүүнү чечишет. Дүйнөлүк масштабды камтыган бул кыймыл, дүйнөдөгү бардык өлкөлөр менен элдерди кучагына алууда жана алардагы поэтикалык толугу менен…..

“Ата-Бейитте” Ч.Айтматов эскерилди

Бүгүн Ата – Бейит мемориалдык комплексинде залкар жазуучу, журт атасы Чыңгыз Айтматовду эскерүу иш-чарасы өттү. Ал мындан 15 жыл мурда, тактап айтканда 2018-жылдын 10-июнунда дүйнө салган. Эскерүүгө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, Кыргызстан Мусулмандар Башкармалыгынын башчысы, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев, КР Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, эл акындары Надырбек Алымбеков, Сагын Акматбекова, Тазагүл Закирова, ж.б. көрүнүктүү маданият ишмерлери, интеллигенция өкүлдөрү, бир тууганы Роза толугу менен…..

Жаш таланттын жылдызын жандырган “Жылдыздуу жээк”

Чыныбай Турсунбеков атындагы фонду уюштурган “Жылдыздуу жээк” фестивалынын финалисттери аныкталды. Калыстардын чечими менен Нуриза Өмүрбаева, Бектурсун Адиев, Айзат Кудайберди кызы, Махабат Касеинова жана Чыңгыз Рыскелдиевдер жеңүүчү болду. Бул жылы 3-ирет жарыяланган сынакка жалпы 113 автордон чыгармалар келип түшкөн. Поэтикалык форманы билүүсү, тили жана техникалык чеберчилиги (рифманын, калыптын, стилистиканын оригиналдуулугу); кыргыз тилинин нормаларын сактоосу; таасирдүүлүгү, образдардын айкындыгы, маңызы, жаңычылдыгы (ой-толгоону чагылдыра билүүсү) боюнча негизги 3 критерий менен карап 10 баллга чейинки баа коюп, калыстар тобу өз иштерин так аткарып беришти. Финалга чыккан 5 автор фестивалдын 2-этабында көгүлтүр көл жээгинде ыр окушуп, толугу менен…..

“Кечки лира” аттуу поэзия кечесине чакырабыз

Урматтуу поэзия күйөрмандары! “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду кайрадан салттуу иш-чарасын улантып баштады. 2-июнь күнү саат 19:00дө “Ынтымак” паркында “Кечки лира” аттуу поэзия кечесин тартуулайт. Поэзия кечеде А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, акын, котормочу Алтынбек Исмаилов, Маданияттын мыкты кызматкери Нуркыз Рыскул кызы, А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, акын Улукбек Омокеев ырларынан окуп берип, обондуу ырлар ырдалат. Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Исаковна Отунбаеванын жеке демилгеси менен аталган фонд 2016-2020-жылдары Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы белгилүү акын жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын эл-журтка кеңири тартуулап келген. Бул жылдар толугу менен…..

КР ЖК Төрагасы Н.Шакиев Улуттук жазуучулар союзуна материалдык колдоо көрсөттү

Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө, кыргыз интеллигенциясынын калыптанышына жана улуттук адабиятты дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга зор салым кошкон, токсон жылдык тарыхы бар КР Улуттук жазуучулар союзуна моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын фондунан 200 000 (эки жүз миң) сом бергендиги үчүн Нурлан Шакиевге Башкармалыктын атынан ыраазычылык билдиребиз. Нурлан Тургунбекович, ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө бекем  ден-соолук каалайбыз!  Эске салсак, буга чейин КР ЖК мурдагы төрагасы Т.Мамытов да КР Улуттук жазуучулар союзуна 200 000 сом каржылык жардам берген.