“Алтын калем” улуттук сыйлыгы тапшырылды

12-декабрь Улуттук адабият күнүндө КР Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын калем” улуттук сыйлыгы тапшырылды. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен жарыяланган адабий сынакта 7 номинация боюнча жүздөн ашуун калемгер ат салышып, калыстар тобунун чечими менен 7 киши жеңүүчү деп табылды. Аты жөнү жашыруун берилген чыгармаларды 9 кишиден турган комиссия тобу 10 баллдык система менен баалап, жыйынтык чыгарды. Калыстар тобунун чечими менен проза жанрында Абдиламит Матисаков, поэзия багытында Молдоакмат Бапаков, драма боюнча Кыял Тажиева, балдар адабияты боюнча Байтемир Асаналиев, котормо жаатында Таштанбек Чакиев, адабий сын боюнча Үмүт Култаева, толугу менен…..