Акын Н.Гургубаева КУУнун студенттери менен жолукту

Бүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин студенттери менен акын Нарсулуу Гургубаеванын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга студенттер менен катар адабиятчылар Курманбек Абакиров, Сайра Исаева, Гүлзада Станалиевалар катышты. Филология илимдеринин доктору, профессор, КР Улуттук жазуучулар союзунун адабий сын секциясынын башчысы Садык Алахан модераторлук кылып, суроо жооп иретинде жандуу баарлашуу болду. Адабиятчылар автордун чыгармачылыгы боюнча сөз кылышты. “Алыстагы ак жарык” поэтикалык жыйнагынын жана “Кат турмуш” китебинин автору Н.Гургубаева студенттерге ырларынан окуп берүү менен бирге алардын суроолорун жоопсуз калтырган жок.

Жолугушуунун толук вариантын жазуучулар союзунун ютуб каналынан жана adabiyat.kg сайтынан жакында көрө аласыздар.