Айгүл Узакова: Өкүнүчтү өзүм тандап алгансып, Мынча шайыр көздөр менен карадың

Акын Айгүл Узакова Ысык-Көл районундагы Бостери айылында 1951-жылы 26-апрелде туулган. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1977–1980-жж. Кыргыз совет энциклопедиясында, 1981-жылдан «Мектеп» басмасында редактор болуп иштеген. Чыгармачылыгы студенттик жылдардан башталып, ырлары «Учкун», «Темир канат» альманахтарына, республикалык гезит-журналдарда жарыяланган. 1977-жылы жаш акындардын «Ала-Too поэзиясы» фестивалынын лауреаты, 1978-жылы Бүткүл союздук жаш акындардын Полтавада өткөн X фестивалынын катышуучусу болгон. А.Узакованын бир топ ырларына музыка жазылган. Айрым ырлары орус, украин, тажик тилдерине которулган. 1990-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Чыгармачылыгы 70-жылдарга туура келген акын ошол мезгилдеги акын кыздардын жоон тобунун арасында болгон. Айгүл Узакованын поэзиясына негизинен ачыктык, көңүл чөкпөгөн маанай, жакшы көрүү сезими максат кылгандай болбосо да жетпеген сүйүүгө болгон аздек мамиле, аны ызаат менен эскерүү, поэтикалык жөнөкөйлүк, табигыйлык, назиктик, лирикалуулук жана элегиялуулук сапаттар таандык. Сүйүү жайы акындын ырларында жаштык курактын тагдыры катары көрүнөт жана ал махабат арманы, көз жаш агызган бактысыздык катары эмес, анын реалдуу тагдыр-турмушу ирээтинде ырдалат.

Жалгыздыкты жаза айлантар ырым бар

Көп жыл өткөн көңүл кушун эстетип,

Көздөрүбүз кайрадан бир жолукту.

Мезгил изи өчү бардай келди эзип,

Мен эч кимге болгон жокмун колукту.

 

Бул жолугуу – тагдырдын бир ызасы,

Көңүлүмө бүлүк салар кез күткөн.

Болсо дагы жүрөктүн бир кусасы,

Мага эми сергек көңүл көз бүткөн.

 

Чамам келбес сага баарын айтууга,

Сагынычтан үмүт тамар учур жок.

Жол дагы жок эми артыма кайтууга,

Өмүр экен – өчсө жанбас кызыл чок.

 

Жаштык калып, жашыл кыраң ыраакта,

Жалгыздыкты эчак танган түрүң бар.

Сен кайдыгер боло бергин бирок да

Жалгыздыкты жазга айлантар ырым бар.

 

Өзүмдөгү бир утуш

Өмүр бою өзүңдү ырдап келатсам,

Өктөм тагдыр өз жолунан тайган жок.

Сары оорудай саргайганым сезбестен,

Кимдер гана кеп кылышпай калган жок.

 

Сени мага ыраа көрбөс буйруктун,

Табышмагын жандыра албай калышты.

Карегиме өзүң турсаң тартылып,

Башка менен алмаштырып алышты.

 

Мейли тагдыр өз жолунан тайбасын,

Мезгил иргейт мендеги чын-жалганды.

Өзүмдөгү бир утуш бар деп билемин,

Сен жөнүндө бир ыр жазып алганды.

 

Көзүңдө бир токтоолук бар

Эмнесин айтмак элем эми сага,

Эрдимди кесе тиштеп, узатайын.

Жаз беле, жаштык беле дейин десем,

Көзүңдө бир токтоолук турат дайым.

 

Кез келген күндөр менен тагдырыңды,

Күлкүгө басып берүү кыйын дебе…

Өмүргө өкүнүчтүү из калтырып,

Өттү го, сүйүү деген кызыл жебе.

 

Муңайып көздөр менен жазды кароо,

Өмүрдү сумсайтарын жакшы билем.

Сен көргөн бул турмуштун гүлдүү жагы,

Көрө элек күндөрүңө болбойт ченем.

 

Ишенбе менин жумшак жылмаюума,

Соңунан башбактаган арманым бар.

Кыялкеч күнгө берип бул кезимди,

Сен тургай өзүмдү да алдагым бар.

 

Сага жагат, мага болсо үйүр алган,

Бул сезим жамгыр төккөн түндөн эмес.

Булуттуу көчтүн алдын кайрый албас,

Чайыттай күнгө куштар күзгү белес.

 

Эмнесин айтмак элем эми сага,

Эрдимди кесе тиштеп, узатайын.

Талыган үмүттөрдүн канатында,

Көзүңдө бир токтоолук турат дайым.

 

Күлөр кезде күлкүм калып жарашпай

Күлөр кезде күлкүм калып жарашпай,

Күндөн-күнгө түндөр узак, таң атпай.

Сан ойлордон санаам калкып тигилсем,

Эч капарсыз кең асманда жанат – Ай.

 

Мени такыр сезбей, туйбай тургансып,

Мезгилим да сыртын салган өңдөнөт.

Быйыл тоскон курагымды жалтантып,

Бүгүнкү жаз көрктөнөт да көрктөнөт.

 

Калган көңүл, калган кайран жылдарым,

Карааныңа эми көңүл бурбаймын.

Кайсы бир күн: – Сени эстеди, – дешсе эгер,

Сага корогон ал бир – менин кур кайгым.

 

Сары санаам сан жылдыздай чачылат.

Таң шооласын күтсөм көзүм чачырап.

Текке кеткен менин жарым жашымды,

Теңине албай Ай мелтиреп агылат…

 

Эси жок күндөрүмө өксөйм бүгүн

Өмүргө өйдө-төмөн түшкөн жолдун

Мен эми кайсы бирин айтып тынам…

Жаз күтүп, жашыл кийип чыгам десем,

Жашыган көңүлүмдү кайда алпарам?

 

Ал сезим экөөбүздө жүрүп-жүрүп,

Акыры алыстарын сезген элем.

Анткени менин эрке тентегимдин,

Багына теңсингендей сен ким элең?

 

Мен сени тоспоюн да, узатпайын,

Бизге эми анын кандай мааниси бар.

Өзөктү өрткө айлантып өчпөй калган

Өзүңдү бир ыр дайым таанып турар.

 

Качандыр сен жөнүндө сүйлөп калсам,

Дарактар зыңкыйышып сыр катышар.

Мезгилдин мээ кайнаткан табы менен,

Мен өңдүү жашыл сынын уурдатышар.

 

Мен балким жалгыз-жарым атка конуп,

Жашаармын сен көргөндөн башка болуп.

Өмүрдөн өгөй болуп өтпөс үчүн,

Өзгөнүн бакчасына өспөйт гүлүм.

 

Эртеңки келер жаздын асманы ачык,

Эси жок күндөрүмө өксөйм бүгүн.

 

Түн катып келсем, терезең чертип бороондо

Түн катып келсем, терезең чертип бороондо,

Куйбагын, досум, алагды кылар шарапты.

Күз түнөп кеткен көңүлдүн жайын айтайын,

Куйбагын, досум, алагды кылар шарапты.

 

Эмне дейт элең, бушайман болбо, сооротпо,

Мен эчак кайткам санаанын сары көлүнөн.

Сагынып келдим, сендеги сергек мүнөздү,

Мен эчак кайткам санаанын сары көлүнөн.

 

Чырагың менен отуңду бүгүн өчүрбө.

Эстейли баарын. Уйкуну калтыр бүгүнчө.

Узун түн менен түш көрүү чындап жадатты

Эстейли баарын. Уйкуну калтыр бүгүнчө.

 

Аз өмүр үчүн көп койдум окшойт жаңылып,

Кечигип сезип, бул күндүн баркын бир келген.

Кар жааган сайын эстечү болдум мен аны

Кечигип сезип, бул күндүн баркын бир келген.

 

Көзүмдөн учкан караанын кайра тартуулап,

Кайкыган куштай кайрылса мага ошол кыш.

А балким жазга алмашпай тосуп алмакмын,

Кайкыган куштай кайрылса мага ошол кыш.

 

Түн катып келсем, терезең чертип бороондо,

Узун түн менен түш көрүү чындап жадаткан.

Куйбагын, досум, күз түнөп калган көңүлгө

Аз өмүр үчүн көбүрөөк ичкен шараптан.

 

Сага

Жоодураган көздөрүңдө арман бар,

Аны ар кандай кабыл алып алган бар.

Сенин мөлтүр көз жашыңа татыбайт,

Жага жетпей, өзү арманда калгандар.

 

Өзөгүңдө өкүнчүңдү басылтар,

Өмүр үчүн жайнай турган чагың бар.

Мезгил деген мерес жолду багынтар,

Маңдайыңда жанып турган шамың бар.

 

Бир жакшыда бир өкүнүч бир жүрөт.

Тагдырдын бул табышмагын ким билет?

Эч көөнөрбөй жашайт сендик өмүрдө,

Эр жигиттин багын ачар кудурет!

 

Ыр келиптир бүгүн менин үйүмө

Ыр келиптир бүгүн менин үйүмө,

Калем кармап, тосуп чыктым жүгүнө.

Көптөн бери көкүрөгүм бош эле,

Күбүрөнүп, жыргап калдым сүйүнө.

 

Жазылбаса жанга тынчтык бербеген,

Жазга ынак айдарым жел дем менен.

Ырларымды алпечтегим келет эй,

Кыйындарга кээде мени теңдеген.

*****

Күздө кеттиң… Күздөй токтоо кабагың,

Же сен жакта күз ушундай сырдуубу?

Көп бүшүркөп неге кылчак карайсың,

Же көңүлдө өткөн күндөр нурдуубу?

 

Автобуста жөнөп кеткен азыркы,

алып кеттиң өзүң менен шаттыкты.

А мен сага көп сүйлөгүм келди эле,

мисал кылып биз өрттөнгөн жаштыкты.

 

Күз сөөлөтү бийлеп биздин асманды,

байкадыңбы, жыш булуттар басканын.

Жалбырактар дирилдете сабалап,

дарактар да мендей өңдөн азганын…

 

Кеттиң жөнөп үмүтүмдөй акыркы,

Ичтен сызып, дагы бир жол бөксөрдүм.

Караан үзүп алып кетер бул жолду,

Карегимден өткөргүм жок, өткөргүм…

 

*****

Ишен мага, мейли ишенбе, өзүң бил,

Сен тарапка учпай калдым мен бүгүн.

А самолет менден башкалар менен,

Ээлеп кетти көк асмандын кеңдигин.

 

Күттүң, билем, күзгү кечти кулпуртуп,

Көңүл менен көздөрүңдөй жайнаган.

Ошол сезим, ошол жакшы ниетти,

Ошол бойдон эми кантип кайра алам?

 

Кечигүүнүн түйшүгүнө көп түткөн,

Мен күтүүнүн баркын билер жан элем.

Анан кандай болуп кетти бул тагдыр,

Кантип айтып берер экем сага мен…

 

Калгам жалгыз, канча жолу кабарсыз,

Келгин куштар эчак кайтып кетишкен.

Менде болгон бардык чыдамкайлыкты,

Күн менен түн эчак сынап көрүшкөн.

 

Жолугушсак болмок, сүртүп көңүлдөн,

Көр турмуштун бизге маалим жактарын.

Мен буюгуп турган жолдо эки анжы,

Балким шаңк деп бир ачылмак асманым.

 

*****

Өкүнүчтү өзүм тандап алгансып,

Мынча шайыр көздөр менен карадың

Ызалагың келсе эгер көөнүмдү,

Ишенип кой, бул ишиңде жарадың.

 

Өзөгүмдү үзө тарткан сагыныч,

Бир шооласын издээр эле жүзүңөн.

Көңүл эргип турган чакта жолукпай,

Жүдөп турам ушул жолку күлкүңөн.

 

Сен жөнүндө башка бирөө ой жоруп,

Кыялданбас деп ойлопмун менчелик.

Билбептирмин каларымды өкүнүп,

Ал кыялдан баш тартууга кез келип.

 

Не демекмин, мейли эми кайыр кош.

Күн келбесин күлкүң өчүп жашыган.

А мен болсо, кыял менен байыган

Бар сырымды алдырганга басынам…

 

Кеч жарык

Тагдырга деле тамаша болмок эмесмин,

Койбогон күндө оң маани берип сөзүңө.

Бардыгын таштап, кайрадан жанар шам болуп,

Каларсың дегем, канатташ болуп өмүргө.

 

Мендеги ошол сезимди багып, күталбай,

Мезгилдин катуу шарына элпек акканың.

Тагдырым экен деп, өксүп кабыл алалбай,

Жаштыкка салып, таналбай турган арманым.

 

Үйүнө жалгыз жөө кетти депсиң, кейипсиң

Үзүлсүн үмүт, үлпүлдөп эми жана албайм.

Кайрадан шоокум салгыча таңдын шооласы,

Сендеги шойком обондун күүсүн чалалбайм.

 

Эси жок күндүн эсебин табар – кеч жарык,

Эстебей кетсем эзилген жүрөк жаратын.

Эркиме койбос көз жашка берип эркиндик,

Экөөбүз делбей, эстелбей өчүп барасың.

 

Өзүмө

Тагдыр сага табышмактуу жол чийип,

Татаал мүнөз тартуулаган экен э!

Жакшылардын жанган оту жылытпай,

Жамандардын ысмын жазып чекеңе.

 

Ойдо санаа олтургузбай тынчыраак,

Жүрөктү өйүп, көңүлүңдө дарт турат.

Карегиңде булбул жанган эскерүүң,

Дагы далай, далай санаа тарттырмак.

 

Бул ичке жол узун жана үмүттүү,

Жүктөп алып сен көтөргөн күйүттү.

Ай нурунда чуудаланган мажүрүм,

талдын ыры үмүттүү да, күйүттүү.

 

Ал ырларды уккуң келбей, алыстап,

Бир аралжы болот дедиң гүлбурак.

Шаттыгыңа шапар теппес кыялың,

Кимге батып, кайдан гана кулпурмак.

 

Анан баары алмашылып жаз, күзгө,

Өттү мезгил кайра конбос куш болуп,

–Кечир, – дедиң, – менин баёо кезимди,

Калсам эгер эскерүүңө туш болуп…

 

Бир күнү

Бир күнү мен сүйүүмдөн айрылдым да,

Моло таштай муздап калдым бозоруп.

Анан мага аз келгенсип ал күнү

Булуттар да үстөмдүгүн көрсөтүп,

айланамды каптап алды бозомук.

Безилдеп үмүт кушу

Күн-түнү сайрап турчу

Көөдөнүм тымып калды.

Арманым тиреп чыккан жүрөгүмө

чыңырып,

–Бул чындык! – деп угузалбай,

Карайлап өрткө түшкөн сезимиме

Кадимки акыл-эсти жугузалбай

Кулагым тунуп калды.

Же нөшөрлөп төгүп ийбей күн дагы

Же шолоктоп ыйлап ийбей мен дагы

Шамал да шамалдыгын көрсөталбай,

Бир бүркүп талкалабай үнсүздүктү

Булуттар туруп алды.

Билбеймин өттү түнбү, өттү күнбү,

Каршымда турмуш турду өктөм үндүү.

 

*****

Эски мештин жанында жалгыз калдым,

Эски ойлордой табы жок көңүл менен.

Жүрөк муздап турганда дүйнөң тарып,

Отуң дагы жарытып күйбөйт белем…

 

Ал каттарды өрттөгөм жаз алдында,

Эстебейм дел, экинчи анын баарын.

А көңүлүм тымызын жаттап алып,

Кайдан билдим, жан койбой шыбырарын.

 

Ошол сөздөр жылуу да, сырдуу эле,

Мен жаш төккөм эреркеп, жалгыз үйдө.

Түнү бою эски там сыр бөлүшүп,

деп ырдаган: «Чырагым, жалгыз күйбө…»

 

Анан келген жаз чындап шайдоот эле,

Жашыл кырга чакырган ыры менен.

Мен да жүргөм ичинде көп достордун,

Ошол жаздай көрүнгөн дүйнө кенен.

 

Күндөргө эмне, күйүккөн күлүктөрдөй,

Күтүү менен чыдамга сүйгүнчүктүү.

Мен таналбай калганда ал сезимди,

Күйүп-бышьш, өмүргө күздү түрттү.

 

Эски мештин жанында жалгыз калдым,

Эски ойлордой табы жок көңүл менен.

Эскерүүдөн оорутуп жүрөгүмдү,

Эзип жүргөн өзүмдү өзүм белем.

 

Жолукпа мага, жолукпа

Кирдеген көңүл тазарбас эми кайрадан,

Мен минтип тажап турган соң чындап өткөндөн.

Бул тагдыр менен аркалай албайм сени мен,

Канча жыл мага кымбатка түшкөн, бөксөргөн.

 

Жаз менен чыдап, күз менен күткөн күндөрдү,

Ак жайдын күнү алмашып кара жоолукка.

Баратам жалгыз кайчылаш түшкөн бул жолдо,

Жолукпа мага, жолукпа мага, жолукпа.

 

Таң калба мага, жылдызым түшкөн чагымда,

Жалгыздык эми бакыттай ысык көрүнөт.

Көчөдөн өтсөм сөөмөйү менен көрсөтөр,

Достор да чыгып, атыма айың бөлүнөт.

 

Ишенчээк жылдар изиме салып дүрбөлөң,

Кыялкеч күндөр күбүлдү дарак бүрүндөй.

Кыярып бүттү жүрөккө таштап сары оору,

Мен кыйбас сезим, кымбатым сага билинбей.

 

Айдарым желге ак таңын тоскон гүлбурак,

Алыстап калбай, азаптуу түштөй азгырат.

Тагдырым баштап кеч калган ушул тар жолдо,

Акылга эмес, санаага көңүл алдырат.

 

Күлкүмө бүгүн тамчылап агар жаш болуп,

Таалайым эмес, жолуктуң бир кез шорума.

Мен жакшы билген санаанын жайын сары оору

Ар кандай элпек ойлорго эми жоруба.

 

Бүк түшүп күткөн күндөргө берип эркиндик,

Жаңылгам катуу жандырып түгөл сырымды

Айдады шамал касыма, доско карабай,

Түтөсөм ичтен бактыма салып сыртымды.

 

Өлөмүн дебейм, акыры турар бир кезек,

Жаркылдап, бакыт курам деп бербейм убада.

Кайда да болсо таналбай сени бул жүрөк,

Тарттырар мага, тарттырар далай убара.

 

Мен эми кайра жанбаймын көңүл отуна,

Күйгүзүп тынды жүрөктү эзген бул санаа.

Мизилдеп дагы миң түркүн өмүр батырар,

Мен көчүп кетип, сен көчүп келген чоң калаа.

 

Күз менен кеттиң күкүгү болуп көңүлдүн,

Күйгүзүп албай… чырагым турат бозоруп.

Караңгы бөлмөм, кабагым болбой бүркөлгөн,

Кел эми, тышкы жамгырдын ырын созолук.