Адабий сындын арышы кенен болсун

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун “Адабий сын” секциясы жаңырган жылдагы алгачкы жыйынын өткөрдү. Жыйынга адабиятчылар А.Медетов, Г.Станалиева, Ж.Турдубаев, Н.Казакова, Б.Таштаналиев, секция башчысы С.Алахан, төрага Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, акын-журналист Э.Ажыкановалар катышты. Жыйынды төрага ачып берип, буга чейин жазуучулар союзунун ички-тышкы иштери, техникалык, финансылык маселелери менен алек болуп, чыгармачылык багытта максаттуу иштер аткарылбай келгенин айтып, иш эми алдыга жылып, мамлекет тарабынан көңүл бурулуп жатканына токтолду. Бул жылы адабий сынды колго алып, чыгармачылык жаатта жигердүү иштер аткарыларын убада кылды.

Н.Калыбеков: Эгемендүүлүк алган жылдары демократиянын шарапаты менен акын-жазуучуларыбыздын саны көбөйдү. Учурда адабий процесс жакшы эле жүрүп жаткандай, өсүп-өнүгүп жаткандай сезилет. Биздин адабиятчылар алардын ичинен иргеп, кайсы автор мыкты, кандай чыгармалар окулушу керек экендигин аныктап бере турган учур келди. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу адабиятчыларды топтоп, чогулуш өткөрүп, адабий сынды жандандырууну максат кылууда. Бүгүндөн баштап сынчылар активдүү иштеп, акын-жазуучулардын чыгармаларын талдап, сын жазып туруусу үчүн аларга атайын гонорар төлөп берүүнү макулдаштык.

С.Алахан: Кезинде адабий сын гезит-журналдарга жарыяланып, окурмандар ошол жактан окуп турчу эле. Азыр ал басылмалардын бардыгы саясатташып кетип, адабий сындын окурмандары дагы жоголду, жаза турган адамдар дагы жок болду. Адабиятчылар өз тиричилиги менен алек болуп, башка багытка бурулду. Адабий сындын ахыбалы аябагандай начарлап кетти. Сын жазып жүргөн бирин-экин адабиятчыларыбыз айрым учурда акын-жазуучулардын талоонунда калууда. Бүгүн биз сынчыларды чогултуп, ушул маселелерди талкуулап, мындан ары бирдиктүү иш алып барууну сүйлөштүк. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун жетекчилиги сынчыларга ар бир макаласы үчүн гонорар төлөп берип туруу сунушун киргизди. Адабиятчы-сынчыларга чоң жоопкерчилик жүктөлдү.

А.Медетов: Учурда поэзияда дагы, прозада дагы профессионалдык деңгээл төмөн түшүп кетти. Массалык адабият деген пайда болду. Окурмандардын табити бузулду. Биздин максат – учурдагы адабий чыгармалардын жакшысы кайсы, жаманы кайсы ажыратып берүү. Сын – жазуучу менен окурмандын ортосундагы көпүрө. Адабиятчы, сынчыларга көңүл буруп, шыктандырып койду, бул биз үчүн жакшы мотивация болуп берет деп ишенем. Адабий сын жанданса биздин окурмандардын да табити оңолуп, адабияттын өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизет.

Адабиятчылардын бул жолугушуусу кызуу талкуу менен коштолуп, акырында ар бир жазылган сын үчүн 3000 сомдон гонорар төлөнүп турсун деген чечим кабыл алынды. Ал эми жазылган сындын көлөмү 7 барактан ашпоого тийиш.

Бул жолугушууга адабиятта абройлуу орду бар А.Эркебаев, О.Ибраимов, Л.Үкүбаева, Б.Усубалиев сыяктуу адабиятчылар жүйөөлүү себептер менен катыша албай калса дагы, кабыл алынган чечим, аткарыла турган иштер алкоого арзый тургандыгын билдиришти.